“Айтматовдон алган сабагым” сынагына

Айтматов Чыңгыз – кыргыз элин дүйнөгө тааныткан, адам баласына жашоодо адамзаттын тиешелүү милдеттерин таза өтөп жашоонун жолун көрсөткөн жазуучу.

Анын  көп чыгармаларын окудук. Ата, эне, эл, жер, мекен жөнүндө, мугалим, коммунист, советтик коомдун адамдарынын ар кандай үлгүлөрүн жазды.

Каармандары ар түрдүү: адамдар, карысы, жашы, жаныбарлар, төө, ат, балык, бугу, карышкыр жана башкалар.

Кыргыз элинин башынан өткөргөн ар кандай коомдук өзгөрүүлөрү жөнүндө жазган. Темалары да – өзүнчө керемет.

Чыгармалары киного тартылган, бирок, китептен айырмалары бар экен. Мен чыгармаларынан үй-бүлөдөгү ата-эненин өзгөчө ордун сездим. Аталарынан ажырап, аны зарыгып күткөн балдар образы, алардын кусалыгы жүрөгүмдү оорутат. Атамды, апамды кубанып карап, ой жүгүртөм: “Биз бактылуубуз”. Алардын амандыгын тилейм, сыйлайм.

Согуш күндөрүндөгү Толгонайдын, Алимандын, Сейденин турмушу, тагдыры мени ойго салат. Таң калам… Аялдар назик дешет, бирок кыйынчылык келгенде алар аны менен күрөшүүгө өздөрүнө күч таба алышат экен. Толгонай айткандай, мындан ары мындай каргаша болбосун! Майсалбек айткандай:  Дүйнөдө көзү жайнаган бактылуу кыздар көп болсун, мугалим “А” тамгасын үзгүлтүксүз үйрөтүп турсун, жаш балдар жарык дүйнөгө келип турсун! Ылайым согуш болбой, дайыма тынчтык болсун.

Үй-бүлө бузулбасын, бала өз атасын билбей калбасын! Бир жүрөктү экинчи жүрөк оорутпасын. Бакыт үчүн күрөшкөн жаштар болсун. Элине, элинин тилегине каршы жолго түшкөндөр болбосо… Адашкандар болбосо. Мекен үчүн кызмат кылуу, сүйүү баарыбызга улуу милдет болсо деймин.

Адамзаттын адамдыгын далилдеп,

Айтматов Чынгыз тартуулаган эмгек көп.

Үлгү алдым, бардыгынан турмушка,

Үйрөнөмүн, пайдаланам али көп…

Айдың талаа – кыргыз жери берметим

Айтматовдун жазганында элесиң,

Ар кандай тилде, динде, жерде таркатып,

Ааламдагы адабиятка келбетин.

Даңктайм, сени, улуу сөздүн устаты

Ал дүйнөдө таттуу уйкуда уктачы

Колдон  келсе атың жазып алтындан,

Лента кылсам, экваторду курчачу.

Анын жазганы мен үчүн улуу сабак, турмушумда, тарбиямда, келечегимде жол көрсөтүүчү. Качандыр бир убакта мен дагы өз бактым, үй-бүлөм үчүн, коом үчүн аракеттенген коомдун үлгүлүү адамы боло аламын. Турмушумда мен сүйгөн каармандар жөнүндө чыгармаларды колума алуудан жадабайм го дейм.

Айтматовдун чыгармаларынын улуу сабагынын мен үчүн өзгөчө орду бар.

Мектеби: № 5 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектеп-гимназиясынын 10-“б” классы

Үй дареги: Исанова 8

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.