Редакциядан эскертүү: Бул аңгеменин автору Кундузбү Маматова конкурстун Жобосунда «Мурда эч жерде жарыяланбаган чыгармалар гана кабыл алынат» деген шартты аткарбагандыгы үчүн анын «Үмүт» аталышындагы эмгеги конкурстан четтетилди.

АҢГЕМЕ

«Биздин үй алыскы райондордун биринде, чоң айылда. “Чоң айыл – чоң үй-бүлө” дегендей, биздин үй-бүлө да ошол чоң үй-бүлөнүн бир бутагы. Чоң ата, чоң эне, чоң коргон – баары менен биз бактылуу элек. Чоң атам көп балалуу, уулдарынын баарын үйлөп-жайлап, кыздарын берип тындырышкан. Менин атам – уулдун экинчиси. Баарын бөлсө да… бизди негедир бөлгөн жок.

Апам менен атам төрт кыз, бир уулдуу болсо да, өздөрүнчө бөлүнөм дебей, чоң ата, энемдин ыктыярынан чыкпай, мал багып, кетмен чаап, дыйканчылык менен тирилик өткөрүшчү.

Малдын баары чоң атамдыкы эле. Жайы жайлоодо, кышы кыштоодо атам менен апам бешөөбүздү жетелеп мал артында, кетмен көтөрүп талаада эле. Үйгө келгенде деле апамда кайдагы тыным болсун: кир жуумай, короо шыпырмай, нан жапмай.

Чоң атамдын башка уул-кыздарынын кокочо кирлери да апамдын мойнундагы мүшкүл. Биз кол араага жарап калган мезгилде, ошол үйдүн түйшүгү бизге жүктөлдү. Жылаңайлак тызылдап, барын кылабыз. Бирок жакшы сөз укпадык. Чоң атамдын кыздары келген мезгилде чоң энебиз өзгөрүп кулжуңдап калчу. Атам жоош, ак-караны ажырата албаган, чечкинсиз, жалтак мүнөз болгонун мына эми сезип отурам.

Эжелерим келгенде атам да өзгөрүп калчу. Апамды эч себепсиз чыркыратып сабап, тепкилейт эле. Бир ичсе айлап ичип, апамды кубалап уруп кордосо, апам байкуш койканага түнөп, тизеден ылай кечип куурап, жүгөрүнүн арасына бекинип таң атырчу. Баралы десек жөнөтүшчү эмес.

Атам уктаган соң апам бечара бут учу менен дабышсыз келчү да, бүжүрөп биздин арабызга жатып алчу. Улам бирибизди жыттап, ыйлаганын билдирбей сызылып таң атырчу. Эрте мененки тиргилик апамдын мойнунда эле. Таң атпай нан жаап, мал саап, кир жууп, чоң атамдын сулкуйган кыздарын, балдарынын тамагын даярдачу. Байкуш апам, ошончо түйшүктү кабагым-кашым дебестен аткарчу. Атамдын мээнет менен тапкан акчасын да энем алып коюп, анысын күйөөдөгү кыздарына кымырып берип, ошолордукунда айылчылап он күндөп, жыйырма күндөп жүрүп келчү. Кийими эскирип бозоруп, жылдызы өчүп, жайнаган көзүнүн күлгөнүн эч бир элестете албайм апамдын. Сызылып баарына чыдаган экен байкушум.

Чоң атамдын кыздары белек-бечкек алып келсе да апамдан башка келиндерине алып келишчү. Апам белек албаганын капарына да алчу эмес, бирок сулуу көздөрү муңайып калчу. Апам сурап алаар жакыны жок, үй кызматчыдан айырмасыз жан эле. Кээде атамдын токмогуна чыдабаса, таенемкине качып барат элек. Бирок бизге ал жакта да орун жок эле. Байкуш апам ыйлап-ыйлап жолго түшчүбүз кайра. Көрсө, таенебиз өгөй экен. Болбосо упураган кызына кантип жаны ачыбайт.

Биздин бала чагыбыз – апамдын муңга баткан сулуу көзү, сумсайган элеси менен өттү. Барар жери жогунан, балдарым деп адам чыдагыс азапка кайыл эле.

Мына, андан бери бир топ убакыт өттү. Мен эле отуз бешке чыгып калдым. Бешөөбүз тең окуп, турмуштан орун таптык, бирок… бирок. Апам мындан беш жыл мурун инсульт алды. Бөбөктөрүм акыл-эстүү жетилип, апамды колубуздан келишинче карадык. Беш жылдан бери төшөктө. Сүйлөй да албайт, акылы даана. Апамдын үнүнө, күлкүсүнө зар болуп келебиз. Ой жүгүртүп апамдын качан бактылуу болуп сүйүнгөнүн, көзү күлгөнүн, же жакасы агарып жаңы көйнөк кийгенин эстей албайм.

Азыр ага баарын алып келсек да, кийгенге чамасы жок. Көзү менен гана сүйлөшөт. Атама катуу нааразы окшойт, кабагы бүркөлө түшөт. Мен өзүмдү жектеп келем. Он, он беш жыл мурда айылдаш абысындары апамды чакырып, туулган күндөрдө отуруп калышчу. Ырдап, бийлеп – көңүлдөрүн көтөрүшчү. Үйдөгү чырдан тажаппы, айтор, апамдын теңтуштары менен күлүп-жайнап отурганына тыюу салат элек. Апам ошондо 35-40 эле жашта болгон экен.

Апамдын күлкүсүнө, үнүнө зар болорумду ошондо билсем эмне. “Турмушка чыктым: кайын журтума, күйөө балаңа уят» — деп дагы, дагы эркин байладык. Алардын апам менен не жумушу бар эле дейм азыр. Курулай намыс тура бул. Эми кийимдин түрүн, тамактын түрүн алып барсак, дарманы жок көзү менен ымдап, жалдырап гана карап жатат, алтыным! Бул анын ыраазы болгондогусу.

Ойносо оюнга тойбогон гүлгүн курагын, толуп-ташкан жаштыгын, өмүрүн бизге арнап, азапка чыдап жайнап күлбөптүр деле. Күйөөнүн запкысы, кайын журттун басмырлоосунан чыгалбаган апамды «уят, эл эмне дейт, туулган күнгө барбаңыз, абысындарыңа кошулбаңыз», — деп эркиндигине, күлкүсүнө чек коюп, аябай упуратыппыз.

Байкуш апам, көрсө кичине болсо да көйгөйдөн алаксыйын дечү тура. Абысындары да апамдын жакшы адам экенин билип, атайы чакырып, жакшы айтып көңүлүн көтөрүшчү экен.

Чоң апаларыбыз бири катуу кейиди бир курдай мага: «Ай кыз, апаңды мынчале кыйнайсыңар, балдары силер көрбөсөңөр ким көрөт апаңардын акыбалын. Кичине болсо да көңүлүн көтөрүп алсын. Кыз апасына тартат дечү эле. Түшүн апаңды, артынан сая түшкөндү токтоткула. Кудай урбадыбы эми? Апаң эмне үй кызматчыбы силерге? Апаңдан башка канча келин, канча аял жүрөт, өз тамактарын кылып жей албайбы? Силер аябасаңар ким аяйт апаңарды, силерден башка эч кимиси жок!” – деди тилдеп.

Ал кезде сегизинчи класста окуйт элем, бул сөздөн улам башыма чапкандай ойгондум. Бала болсом да намысыма келдим. «Чын эле эй, апамсыз ошол чоң коргондун тирчилиги кантет?» — деп үйгө кеттим.

Апам жокто идиш жуубай, нан бышпай, кир үйүлүп, короо шыпырылбай калчу. Мен кол кабыш кылчумун. Мына эми ойноп-күлөөр мезгилде беш жылдан бери кыймылсыз, тил оозу жок, көзүн жалдыратып жатат. Атам эркек киши да, кээде күнөөлүүдөй апамдын колу-бутун укалап, чачын тарап, бети-колун жууп калат. Мындайда кыраакы жаным апамдын маанайын байкаймын. Атамды тик карабай мустайып, көзүн ала качып жата берет. Сулуу көзүнөн ызалыктын эпкини көрүнүп, төгүлгөн кирпиги жерден көтөрүлбөйт.

Көңүлү калса керек байкушумдун. Кээде атам ичип алса, апама сүйлөнүп калат. «Же өлбөдүң, же калбадың, катын алам башка, өлсөң эртерээк өл, болбосо сакай тез!». Мындайда апам жаш төгүп гана жата берет. Жек көрүп кетем өз атамды. Атам убагында коргоп алса, апам жыгылбаса керек эле. Эми төшөккө жатып калса, айтканын көр. Апакем а-ай, неберелери келсе көзү жайнай түшөт, кучакташса, көзүнө жаш чая шуу-шуу жыттап алат.

Эң кичине келинибиз чыйрак чыкты. Апамды баладай бакты. Биздин тирлигибиз бөлөк, ошентсе да бир бутубуз, оюбуз ошол үйдө. Келиним апамдын чачын боёп, макияж жасап, тырмагына чейин ар түрдүү сүрөт тартып турат.Сулуу апам сүрөтүн көрүп жылмайып алат. Күндөн күнгө жылыш болгонун байкайбыз. Караган доктуру да жакшы кабар айтты.

*     *     *

Апакем күндөн күнгө сакайып барат. Кубанычымда чек жок. Кудайдын боору ачыган окшойт, көз жашыңызды көрдү бейм жаратканым.

Келинимдин жакшы кароосу – апама үмүт берди. Ал апам менен сүйлөшүп, музыка коюп, бийлеп, ырдап берет. Тамакты өз колу менен берип, жанына коляскага баласын отургузуп алып:

— Апаке, караңызчы Нурчигиңизди. Жазда там-туң басат буюрса, ага чейин сиз да тез айыгышыңыз керек. Небереңизди жетелеп паркка барасыз ээ…

Апамдын көздөрү жайнаптыр муну укканда. Ошондон бери жакшы жылыш бар. Кол-буттарына жан кирип, атургай кыска сөздөрдү сүйлөп калды.

*     *     *

Аял алам деп оолуккан атамдын баягы күүсү басайып калган. «Атаңар оорукчан аялды карап отурмак беле, аял алса алсын…» — деген бир туугандарынын дымы өчтү. Отуз жылга жакын оту менен кирип, күлү менен чыкты эле апам. Жакшылап алын сурап коюшкан жок чоң атамдын кыз-уулдары. Апамды көргөнү келишсе да таңыркап, сыртка чыгып: «Доктур не дейт, жакшы боло бекен?»- деп сурашат.

*     *     *

Апамдан азыр үмүтүбүз чоң, тогуз айлык Нурчиги менен тең кадам шилтеп, басып кетерин тиленебиз күнүгө…

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.