Лев Толстой: Бөрү менен бээ (жомок)

Жолдо келаткан үйүр жылкынын артындагы аксак кулунду көргөн карышкыр жемей болуп аңдып жөнөйт. Бирок энеси байкап калып алдын торойт. Иш татаалдашканда карышкыр кууланып мындай дейт: — Мен чоң табыпмын. Кулунуңду бир азга мага берсең аксак бутун заматта айыктырам. — Ырас болбодубу. Айыгаар оорунун дарысы өзү табылат деген ушу да. Менин да арткы туягым ооруп жүрдү эле, карай салып анан кулунума өтүңүз, — дейт бээ кубанган шекилде. — Менин шилекейим дары. Туягыңды бир жалап эле экинчи ооругус кылам, — деген бөрү […]

Талантбеков Улан: Кадийча жана Үкүбала

“Айтматовдон алган сабагым” сынагына Чыңгыз Айтматов – кыргыз көркөм адабиятына чоң салым кошкон улуу жазуучу. Анын чыгармалары көптөгөн тилдерге которулуп, массалык сандагы окурмандардын көңүлүн ээлеген. Өзүнүн дүйнө жүзүнө таралган чыгармалары менен улуу жазуучу кыргыз көркөм адабиятын дүйнө жүзүнө тааныткан. Албетте, Ч. Айтматовдун өтө таанымал жана белгилүү болгону үчүн жазуучунун жазууга болгон шыгын жана өнөрүн мактаса болот. Бирок ар бир чыгарма өзүнүн сюжети же болбосо окуянын өнүгүүсү менен белгилүү эмес. Ч.Айтматовдун ар бир чыгармасында өзүнүн каармандарынын образдары менен окурманга жеткизип бергиси […]

Роза Отунбаева: Кыргызстан үчүн туруктуу өнүгүү максаттары

Алдыга милдет коюу Экинчи миң жылдыкта жалпы адамзат биригип, келечекке карай биргелешип кадам таштоонун жолдорун издөөгө белсенди. 2000-жылы бардык өлкөлөр жана калктар үчүн:  ачарчылык менен жакырчылыкты жоюу, универсалдуу баштапкы билим алууга жетишүү, гендердик теңчиликти илгерилетүү, аялдардын ролун күчөтүү, балдар өлүмүнүн санын азайтуу, эненин саламаттыгын чыңдоо, безгек, ЖИКС жана башка дарттар менен күрөшүү, табигый туруктуулукту камсыздоо жана акыркысы, өнүгүү үчүн бүткүл дүйнөлүк өнөктөштүк сыяктуу негизги сегиз миң жылдыктын максаттары кабыл алынды. Өлкөбүздөгү ошол тажрыйба уюштуруу жагынан анча таасирленте алган жок жана […]

Назарова Алия: Толгонай Жанболот үчүн жашады

“Айтматовдон алган сабагым” сынагына Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуйм, кызыгам. Чыгармадагы каармандар мен көрүп жүргөн эле адамдар, мен дем алчу кыргыз үйү, жери, мен жасаган талаа жумушу, айыл турмушу. Ошентсе да анын жазганында ошол айыл турмушу, айыл адамдары башкача сүрөттөлөт, мени таң калтырат, суктантат. Айрыкча, аялдардын турмушу, кайгы-кубанычы, сүйүүсү, коомдогу орду, көз карашы кызыктырат. Ошолордун ордуна өзүмдү коюп, “мен ушуну жасай алат белем?”, “мен кандай аракет кылмакмын?”, “мен чыдай алат белем?” деген суроолорго жооп издегем. Сейде, Жээнгүл, Алтынай, Жамийла, Асел, Найман […]

Ууру ууруну карма деген заман

Жакында “Азаттыктын” Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупциялык схемаларынын бетин ачып, жемкорлук менен күрөш жүргүзүү багытында көзөмөлсүз чыгып жаткан акча каражаттарына байланыштуу далилдүү фактыларды ачыкка чыгаруусу коомчулуктун бүйрүн козгогон резонанстуу окуя болуп калды. Анда коррупцияга аралашкан аткаминерлердин, мамлекеттик кызматта иштеген чиновниктердин ысымдары аталды. Бирок бийлик, күч органдары айтылган фактылардын негизинде иликтөө иштерин жүргүзбөй, аларды ачыкка чыгарунун ордуна жаап-жашыруу аракетинде болуп жаткандай түр калтырат. Ал тургай алардын изин жашырып, башка окуялар менен алаксытуу жагдайлары уланууда. “Дежур” журналисттер аркылуу “Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакуновго негизсиз […]

Сексенинчи жылдардын хит ырлары кыргыз тилинде

Сексенинчи жылдардын дискотекасынын ырлары менен биздин балалык байланышкан. Тез ыргактуу, жагымдуу музыкалуу, таттуу үндүү бул чыгармалардын коштоосунда отуруштарда, дискотекаларда же жөн гана көңүл ачууларда далай бийге түшкөнбүз. Алардын сөздөрүнө түшүнбөсөк да жакшы нерселерди айтып жатканына ишенчүбүз. Азыр да аларды уксак колу-бутубуз кыймылдап кетет, алыскы балалыгыбызды эстейбиз. Анткен менен азыркы жаштар деле бул музыкаларды сүйүп угушууда. Көрсө алар чындап эле мыкты ырлар экен,  жакшы чыгармалар түбөлүктүү болот тура… Азыр эми бул хиттердин сөзүн түшүнүүгө мүмкүнчүлүк жаралып, орусча тексти колубузга тийгенде “деги […]