Жолдо келаткан үйүр жылкынын артындагы аксак кулунду көргөн карышкыр жемей болуп аңдып жөнөйт. Бирок энеси байкап калып алдын торойт. Иш татаалдашканда карышкыр кууланып мындай дейт:

— Мен чоң табыпмын. Кулунуңду бир азга мага берсең аксак бутун заматта айыктырам.

— Ырас болбодубу. Айыгаар оорунун дарысы өзү табылат деген ушу да. Менин да арткы туягым ооруп жүрдү эле, карай салып анан кулунума өтүңүз, — дейт бээ кубанган шекилде.

— Менин шилекейим дары. Туягыңды бир жалап эле экинчи ооругус кылам, — деген бөрү артын сала калган бээге жакындайт. Бээге ушул эле керек болчу: катуу тепти эле карышкырдын болгон тиши күбүлүп түшүптүр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.