Абылова Айзирек: “Биринчи мугалим” жашоомду өзгөрттү

“Айтматовдон алган сабагым” сынагына Ар бир адам жаш кезинен тартып бала бакчага же болбосо мектепке окуганы барат. Мектептен деңиздей көп болгон сөздөрдү, окуганды, жазууну, көптөгөн эрежелерди үйрөнөт. Мисалы, жаш балдар ата-энесинен алгачкы сөздөрдү, айлана-чөйрөдөгү ар кандай кубулуштардын аттарын үйрөнүшөт. Бирок, мындан да терең маалыматтарды мектептен гана ала алышат. Чоңойгон сайын, алар адамдар менен пикир алмашып, коомго аралаша башташат. Билимдүүгө дүйнө жарык, билимсизге дүйнө караңгы демекчи, биз билим менен булуттардын арасында бүркүт сымал ээн-эркин учсак болот. Ал эми, булутка жетчү жолду […]

Үмбетей Түлө уулу: Кергиштеп турса – келин жоо

Үмбетей Түлө уулу (1706-1806) Ал жаш кезинен Букар ырчы менен дос, курдаш болгон деген дарек бар. Үмбетей жаш чагында кедейликтин азабын көп тарткан. Акындык даңкы чыкканда Абылай хан аны өз жанына алат. Ал Бөгөмбай баатырга шерик, анын ырчысы болгон. Хандын көңүлүнө карабай түз, адил өлөңдөрдү ырдаган. Ал жүз жашка чыгып каза болгон экен. Казактын ханы Абылай Абылай ханым бул кандай? Ак шумкарды асманга Учпас кылып тордоду. Кулагандай болду окшойт, Казактын бекем коргону. Кайгырбаңыз ханыбыз, Айтпаска чара болбоду. Баатырың өттү Бөгөмбай. […]

Дайырбек Стантегин: Бир үн менен эки башка боздойбуз

*     *     * Апаң сенин ажаан эле бир укмуш, Аты чыккан албуут, бейжай жагынан. Көп көргөнмүн – ызгаар учуп тилинен Түгү чыгып тургандыгын жаагынан. Дайым сени жеткиргенде бир оокум, Дале эсимде айнектүү көк веренда. “Кайда жүрдүң арам катын, бейбак” деп, Каргап-шилеп тосуп алчу сени анда. Сен мелтиреп, мен да сырттан мелтиреп, деп турчумун “кагылайын, кайненем”. Эч бир нерсе болбогондой кой маарек, Эртесинде жолукчусуң кайра сен. Апаң мейли, каргап-шилеп тилдесин, Ал ансайын бекемделип шертибиз, Коркунучка кайыл болуп тик карап, Корооз алгач […]

Френсис Бэкон: Убакыттын көбүн досторуң уурдайт

Байлык – жакшы кызматчы, бирок жаман кожоюн. * * * Кесиптик суроо менен сизди жарга такаган адам, демек, кесибиңизди ийне-жибине чейин билет. * * * Сүткор бирөөнүн адал теринен нан табат. * * * Адамдын маймылга эң окшош жери – өргө тырмышкан сайын көчүгү көрүнөт. * * * Басса-турса кантип кек алууну ойлонгон адамдын жарасы айыкпайт. * * * Жаратылышка баш ийсең, ал сага дайыма баш ийет. * * * Билим мага жан сактоо үчүн эмес, билимге билим кошуу үчүн […]

Ахадова Фатима: “Эрте келген турналар” таасири

“Айтматовдон алган сабагым” сынагына Адам баласы бул төрт күндүк өмүрдө төрөлөт, жашайт, өлөт… А бирок ошол бир гана чымчым туздай болгон өмүрүн кантип өткөрдү? Сөздүн баары ушул жерге келип такалат. Чындыгында бул жашоодо баарыбызга Алла Таала тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөр берилет тура. Мына ошол мүмкүнчүлүктөрдү өз убагында кармап, туура жолдо пайдалана алуу ар бир адамдын өзүнүн колунда экендигине ынанып отурам. Себеби, замандын оош-кыйыш мезгилине карабай, кыргыз элинин сыймыгы болгон улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов не деген укмуш чыгармаларды жаратпады. Жазуучубуздун чыгармаларын окуган […]

Конкурска: «Жашоону сүйгөндү үйрөтүңүзчү!» №23

АҢГЕМЕ «Буюмуңду алып коюшса, өлбөйсүң, жашап кетесиң. Ал эми рухуңду тебелеп салышса, аны эч нерсе менен тегиздеп, оңдой албайсың». Ч.Айтматов Бул жылкы жаңы жылды куттуктап келген куттуктоо каттардын ичинен бирөөсү мени өзгөчө кубандырды. Бул Зарина аттуу кыздын куттуктоосу. «Жашоомду сүйгөнгө, өзүмдү сүйгөнгө, баардыгын кечиргенге, Жаратканга ыраазы болгонго үйрөнүп келатам. Сизге ырахмат жана таазим. Кандай жакшы, Кудайдын мени сизге жолуктурганы…». Бул кыз бир жыл мурда кабыл алуума келген болчу. 25 жаштагы, кара торунун сулуусу экен. Жаш, татынакай болгону менен өзүн кармоосу, […]