АҢГЕМЕ

«Буюмуңду алып коюшса, өлбөйсүң, жашап кетесиң. Ал эми рухуңду тебелеп салышса, аны эч нерсе менен тегиздеп, оңдой албайсың».
Ч.Айтматов

Бул жылкы жаңы жылды куттуктап келген куттуктоо каттардын ичинен бирөөсү мени өзгөчө кубандырды. Бул Зарина аттуу кыздын куттуктоосу. «Жашоомду сүйгөнгө, өзүмдү сүйгөнгө, баардыгын кечиргенге, Жаратканга ыраазы болгонго үйрөнүп келатам. Сизге ырахмат жана таазим. Кандай жакшы, Кудайдын мени сизге жолуктурганы…».

Бул кыз бир жыл мурда кабыл алуума келген болчу. 25 жаштагы, кара торунун сулуусу экен. Жаш, татынакай болгону менен өзүн кармоосу, сүйлөө манерасы чоң адамдай токтоо. Жүзү күлүмсүрөп турса да көздөрүнүн түпкүрүндө кайгы-муң катып калгандай.

— Кел, кызым. Кандай көйгөй менен келип калдың?

Кыз эмне айтаарын билбей, бир азга мукактанып отуруп калды. Анан терең улутунуп алды да:

— Чынын айтсам, неге келгенимди өзүм деле түшүнбөй турам,- деди.

— Эчтеке эмес, бул жерге келгенде баары эле ушундай акыбалга кабылат. Негизгиси, өзүңдү, сени кыйнаган ойлорду токтот бир саамга, — дедим.

Анын сөздү эмнеден баштаарын билбей жатканын байкап, ага сөз баштоого түрткү бердим.

— Зарина, мен көзү ачык же болбосо экстрасенс эмесмин. Өзүм эле сага карап, сенин көйгөйүңдү билип ала койбойм. Өзүң сени кыйнаган нерселердин баардыгын айтып берсең, анан экөөбүз жан дүйнөңдү ээлеген «таштандылардан» тазалайбыз.

Зарина:

— Эже, мен жашоодон тажап кеттим.

Он гүлүнөн бири ачыла элек бул жаш селкинин азыр ойноп оюнга, күлүп күлкүгө тойбогон мезгили болуш керек эле го. А бул байкушум болсо азыр эле жашоодон тоюп отурат. О, турмуштун оор мушу, бул ийнеликтей назик жанды эмне үчүн жанчып салдың экен?

Аны карап жүрөгүм ооруп турду.

— Ооба, кызым. Мындай көрүнүш баарыбызда маал-маалы менен болуп турат. Бир жолу бул жашоодон тажап кетесиң. А бирок, миң жолу бул жашоону жоготкуң келбейт,- дедим.

Зарина көз жашын аарчып, мага таң калып суроо узатты:

— Сиздин да өз жашооңуздан тажап, бул дүйнөдөн кетип калгыңыз келген учурлар болгонбу?

— Болгон. Бирок, болгону менен, мен ал учурлардан Жараткандын жардамы менен жеңүүчү болуп чыктым окшойт. Ошол учурлар себеп болуп, мына минтип психолог болуп калдым, — дедим жылмайып.

Ал дагы сурады:

— Кантип жеңип чыктыңыз?

— Зарина, эң оболу сенин көйгөйүңдү сүйлөшөлү. Анан мен сага кантип жеңүүчү болгонду үйрөтөйүн, мейлиби?

— Он үч жашымда апамдан ажырадым, эже…

— Эмне болуп?

Зарина:

— Апам жаңы эле кенже сиңдимди төрөгөн болчу. Эмнегедир дайыма маанайы суз болуп, кабагы ачылчу эмес. Байкашымча, бөбөктү деле эмизгиси келбегендей. Бир жолу мен ага кыйкырып, урушуп да кеткем ымыркайды эмизгиси келбей, ыйласа да кенебей, томсоруп отура бергенинен. Уф-ф… — Зарина дагы ыйлап жиберди. Башын диванга жөлөп, көзүн жумуп алып ыйлап, бир топко отурду. Мен ага тоскоолдук кылбадым, кыздын болушунча ыйлап, сүйлөп, жабыркап турган жан дүйнөсүн бошотуп алышына шарт түзүшүм керек болчу.

— Оо, Кудай, мен анда апамдан айрылып калаарымды билгенде, эч качан, эч качан аны капа кылмак эмесмин!

Бир күнү сабактан келсем, бөбөгүм дагы ыйлап жатыптыр. Үйдө эч ким жок. Апамды чакырып, издедим. Бөлмөлөрдүн бардыгына кирип чыктым. Апам жок. Кабатыр болуп кайра-кайра «апалап» кыйкырдым, жок. Ыйлап жаткан бөбөктү көтөрүп, упчусун берип, сооротуп, жаткызып коюп, дагы апамды издеп жөнөдүм. Сарай жакка бардым. Эже-ее, мен ал тозок күндү эч качан унута албайм!..

Кыз өксүп-өксүп ыйлап жатты. Аны кучактап, башын боорума басып, саамайынан сылап отурдум. Бул жашоодо адам баласына берилген кандай гана сыноолор жөнүндө укпадым! Өз башымдан канча оор жоготууларды өткөрдүм. Бирок, жаш баланын көз жашын көргөнгө жүрөгүм такыр үйрөнө албай койду. Азыр менин көкүрөгүмө башын жөлөгөн 25 жаштагы бой жеткен кыз эмес, апасын эми эле жоготкон, бирок түбөлүк жоготкон 13 жаштагы секелектин жан дүйнөсү эзилип, көзүнөн жаш болуп агып жатты. Анын көз жаштары менин жан дүйнөмө сиңип, тамырларынын сыздаганын мен да ар бир кан тамырым менен сезип, жүрөгүм жанчылып турду.

Зарина өзүн колго алып, сөзүн улантты:

— Апам асынып туруптур…

Ал бул сөздөрдү көздөрүн чоң ачып, мен көрбөй жаткан бир нерсени көргөнсүп, шашылбай, басыңкы добуш менен айтканда, бүт тулку боюмдан ток тээп өткөндөй болуп этим жагымсыз жымырап кетти.

— Мен эмне болгонун акылым менен түшүнсөм да, жүрөгүм менен аңдагым келбей катып калдым. «Апа-а-а» деп катуу кыйкыргым келип жатты, балким ичимден кыйкырып жаттым, бирок добушум чыкпай койду. Акылынан айныган немедей селейип сарайдан чыктым.

Ошол учурда бизден өйдө жакта жашаган абамдын менден эки жаш улуу кызы келип калды. Мага карап бир нерселерди сүйлөп жатты, мен эч нерсе укпадым. Бир убакта колум менен сарайды көрсөттүм окшойт. Ал сарайга кирип ачуу чыңырып жиберди. Ошондо менин кулагым ачылып, уга баштадым, бирок сүйлөй албайм.

Абамдын кызы чыңырган бойдон чуркап өзүлөрүнүн үйүнө кетти. Туугандар топтолушту, өкүрүк-ый, ызы-чуу. Мен болсо бөбөгүмдү кучактаган бойдон бир бурчтан чыкпай отура бердим. Бир да ыйлаган жокмун. Эртеси күнү апамды жайга алып кетип жатышканда деле ыйлай албай койдум. Эже-е-е, ыйлабаганым менен, мен ошондо аябай апам менен чогуу кетким келди. Тилим менен айта албасам да, ичимде, дилимде «апаке-е-е, бул эмне кылганыңыз! Бизди кимге таштадыңыз, мени да ала кетиңиз!» деп чыңырып жаттым. Уф-ф, эже, суу ичейинчи, ичим күйүп жатат…

…Атам менден чоң байкемди чоң атамдыкына жөнөтүп жиберди. Бизди — эки кызды өзү менен алып калды. Анан таенем бөбөктү алып кетти. Апамдын жылдыгы өткөн соң, атам үйлөндү. Өгөй апабыз аябай тажаал аял экен, бир нерсе болсо эле «өлөм» деп коркута берет атамды. Ал аял менен такыр келише албадым. Анан мени атамдын эжеси алып кетти. Эжем аябай жакшы инсан, күйөөсү да абдан жакшы адам. Мага колдорунан келгенче жакшы мамиле кылып, өз кыздарындай көргөнгө аракет кылышты. Деген менен билесиз да, көр көзүнө алат, өксүк өзүнө алат. Туура эмес иш жасап койсом, урушса, дароо эле жетим экенимди эстейм. Кыскасы, ошентип мына 12 жыл өтүп кетиптир. Жогорку окуу жайды да бүттүм. Азыр банкта иштеп жатам. Ортодо бир жолу бир тоок сүйүүгө ишенип, турмушка да чыгып, ажырашканга да үлгүрдүм.

— Мага эмне максат менен келдиң?

Зарина ойлонуп отуруп:

— Эже, мен максатсыз калдым. Жашоомдун маңызы жок. Дегеле, өзүм бармынбы, же жокмунбу, билбейм! Эч нерсе жакпайт, өзүм өзүмө жакпайм.

Кийинки учурларда апамды көп эстейм. Эстесем эле сарайдагы көрүнүш менен бүтөт элесим. Эң жаманы, эже, мен мурда апамды сагынып эзилчүмүн. Ал эми азыр, апама таарынып, ал таарыныч жек көрүүгө айланып бараткансыйт. Мен апамдын эмне үчүн андай жаман ишке барганын так билбеймин. Бирок, менин балалык талдоом менен караганда биздин турмушубузда жан кыйганга чейин жеткирчү окуялар деле жок болчу. Атам деле кээ бир аталардай көп ичип, тополоң кылчу эмес… Айтор, апамдын өлүмү табышмак бойдон калды…

Арадан бир топ мезгил өтсө да мен үчүн мезгил токтоп калгандай. Анткени мен өткөн күн менен жашап, ошол элестер менен жашап келем. Көңүлүм эч нерсеге чаппай, бактысыз сезем өзүмдү. Ал эми бактысыздыгымдын себеби — апам деп эсептейм. Бирок, бул ой мени кыйнайт. Апамды жек көрүүнү, ага таарынууну каалабайм! Мага жардам бериңизчи, эже? Мага жашоону үйрөтүңүзчү!..

Кыз дагы жүрөгү эзилип ыйлап жатты. Мен аны боорума бастым. Ал мени кучактап өксүп-өксүп ыйлап алды. Мен болсо, ушундай сонун перзентин бул дүйнөнүн тозогуна таштап, өзү ал дүйнөнүн тозогуна кеткен эне жөнүндө ойлоп жаттым.

Эмне себеп болду экен? Кызды кантип апасынын жолунан алып чыгам? Жөн койсо, кыз да ошол тозоктун жолунда баратат…

— Эже, мени кечириңиз. Сиз менин саамайымдан сылап, башымды көкүрөгүңүздө жөлөгөнүңүздө эреркеп кеттим окшойт,- ал мени күнөөлүүдөй карады. — Анан дагы бир нерсе айтайынчы, эже. Билесизби, менин жүрөгүм жүрөк эмес эле, чо-оң капкара үңкүргө айланып калгандай.

Эң жаманы, ошол оозу капкараңгы, ичи бош үңкүрдүн ооруганы. Мен бул жагымсыз сезимди сөз менен түшүндүрүп бере албайм сизге. Кийинки учурларда ошол өз ичимдеги кара үңкүр өзүмдү жутуп, жок кылып жибере тургандай корко баштадым. Мен акылдан азып жаткан жокмунбу? Мына ушул нерселерден мени куткарганга жардам сурап келдим сизден.

— Жардам бергенге аракет кыламын, кызым. Бирок, сен да мага жардам беришиң керек!

— Кантип? — таң кала сурады кыз.

— Мындай бир сөз бар: «Силерге жардам бере турган, Кудайдын силердин өзүңөрдөн башка колу жок». Ушул сөздү кандай түшүндүң, мага айтып берчи?

— Өзүм көбүрөөк аракет кылышым керектир да, Кудайдан келген жардамды алуу үчүн.

— Ооба, мен сага болгону жол көрсөтөм. А сен, башында түшүнүксүз болсо да, кыйналсаң да, мага ишенип, айткандарыма ынанып, ошол жолдон өзүңдү тапканга аракет кылышың керек.

Өзүң туура байкаган көөдөнүңдөгү «кара үңкүр» — сен үчүн эң эле коркунучтуу сезим. Эгер тезинен аракет кылбасаң, чындан эле ал жагымсыз боштондук сени соруп жок кылат.

— Андан кантип кутулам?

— Зарина, айтчы мага, азыркы, ушул акыбалыңда сени жашаганга эмне мажбурлап жатат?

— Үмүт. Жакшылыкка, турмушум жакшы жагына өзгөрөт деген үмүт. Акыркы күндөрү ал үмүтүм деле жоголуп бараткансыйт.

— Туура, кызым. «Шайтан гана үмүтсүз» деген сөз бар. Бирок, бул туңгуюктан чыгуу үчүн бир гана үмүт кылуу аздык кылат. Максат керек! Максатта энергия көп. Максаттын энергиясы күчтүү болсо гана сен алдагы «кара үңкүрдөн» чыгасың. Демек, жөн гана үмүт кылып эле калбай, алдыңа анык максат кой. «Мен сөзсүз бактылуу боломун» деген максат кой. Ушул максатың ишке ашаарына бөркүңдөй ишен.

Бакыттын пайдубалын эмне негиздейт?

Сен кандай ойлойсуң, Зарина?

Кыз бир аз ойлонуп:

— Сүйүү да, эже, — деди.

— Азаматсың, кызым. Албетте, сүйүү! Эми, сүйүү дегенде кандай сүйүү жөнүндө айттың?

— Адамдардын бири-бирине болгон сүйүүсү. Эгер мен бир адамды сүйсөм, ал да мени сүйсө, аздектесе, түшүнсө, ошондо мен бактылуу болмокмун.

— Ооба, бул биз айткан сүйүүнүн бир көрүнүшү. Бирок, бул адамды чыныгы бактылуу кыла албайт. Адамды чыныгы бактылуу кыла ала турган — эң оболу ӨЗҮНҮН АДАМ ЭКЕНИН сүйүү! Жашоонун ар кандай сыноолорунда да өзүнө өзү ишенүү, Жараткандын жардамынан эч качан үмүт үзбөө. Бирок, сенин жүрөгүңдө азыр мындай сезимдерге орун жок. Ал ызага, жек көрүүгө толуп калган. Болгондо да жашооңдогу эң ыйык адам — апаңа болгон капалыкка толгон. Жүрөгүңдү, жан дүйнөңдү ошол жагымсыз сезимдерден тазаламайынча, сен эч качан бактылуу боло албайсың.

Кыз бир оор үшкүрүп алды.

— Тазалоонун аргасы барбы?

— Албетте, бар. Тазалануунун биринчи шарты – кечирүү! Кимден капа болсоң, баардыгын кечирүү. Бул кечиримдин ал адамдарга кереги деле жок болушу мүмкүн, бул негизинен сен үчүн. Сенин жан дүйнөңдү тазалап, сүйүүгө орун бошотуу үчүн керек. Ал эми сен биринчи кезекте кимди кечиришиң керек?

Заринанын көзү дагы жашка толду:

— Апамды…

— Азаматсың, акылдуусуң! Ооба, апаңды. Мен түшүнүп турам, апаңа берчү суроолоруң көп. Апаңдан болсо жооп ала албайбыз. Өзүң билесиң да, «бул жашоодо себепсиз эч бир окуя болбойт». Азыр биз ал себептер жөнүндөгү «эмнеге?» деген суроону убактылуу токтотуп турабыз. Себеби, ал суроо биздин көйгөйдү дагы чиелештирип жиберет. «Эмнеге» деген суроону биз «кантип» деген суроого алмаштырабыз. Кантип ушул акыбалдан чыгууга болот?..

Экинчи шарт — ыраазы болуу.

Психологиянын алтын мыйзамы бар: «Ушул жерде, ушул учурда жашоо» деген. Өткөн күндөр — тарых, алар кайра келбейт. Эртеңки күн — жомок. Ал келеби, келбейби, билбейбиз. Бүгүнкү күн гана чындык. Көп адамдар өткөн күн менен жашап, бүгүнкү күнүн да өтмүшкө уурдатып коюшат. Мисалга, сен. Мен сага өткөн күнүңдү унут деп жаткан жерим жок. Ал күндөрдөн сабак алуу керек. А бирок, бүгүнкү күнүңдү уурдатпай, тарыхты «архивге» тапшырганды билүү керек. Эми, айтчы, сен бүгүнкү күндө бул жашооңдун эмнесине ыраазы боло аласың?

Зарина эки далысын куушуруп, сумсайыңкы түрдө:

— Азырынча ыраазы боло турган эч нерсем деле жок окшойт,- деди.

— Сени азыркы мүшкүлгө түшүргөн нерсе — өз жашооңдон жакшылык таба албаганың. Жан дүйнөң жанчылып, кең дүйнөң тарып турганын аябай жакшы сезип турам. Бирок, ошондой болсо да бул депрессия деген башы туңгуюк  көчөдөн чыгуу үчүн, жашооң сен ойлогондой болбой турса деле, ушул учурдун да жакшы жактарын издеп табуу керек. Колуңда бар нерседен бакыт жасаганды үйрөнүү керек!

Анда эмесе, мен азыр сенин жашооңдогу жакшы нерселерди эсептеп берейинби?

Зарина ишенбегенсип күлүмсүрөдү:

— Эгер таба алсаңыз, эсептеңиз.

-Анда ук, кызым: алты саның аман, жашсың. Эгер туура нукка түшүп алсаң, бактылуу болгонго үлгүрөсүң. Ооба, апаңдын кылганы өтө оор сокку болду. Бирок, көчөдө калган жоксуң. Жакшы туугандарың колунан келгенче сени жакшы инсан кылып тарбиялоого аракет кылышты. Жогорку билимиң бар. Жада калса жакшы ишиң бар. Ушу да болсо, жашоонун сага берген белектери эмеспи? Энесинен эрте ажыраган кыздардын арасында акыбалы сеникинен жүз эсе оорлору бар. Өгөй энеси же болбосо өз туугандары кордогон байкуштар канча? Ооба, түшүнүп турам, сен айлана-чөйрөңдөгү бактылууларды көргөндө эзилип кетип жатасың. Кайталап айтам, бактыга жетишүү үчүн колуңда бар нерседен бакыт жасоону үйрөн. Тагдырыңа таарынганды токтотуп, аны сыйлаганды үйрөн. Себеби, адам баласынын акылы жетпеген тагдырдын кээ бир оюндары бар. «Апасы асынып алган кызмын» деген жүрөгүңө, мээңе басып алган мөөрдү өчүрүп; «мен апамды кечирдим, мындан ары өз жашоомду таза барактан, сүйүп баштайм» деген максатты коюшуң керек. Ошондо анан жашоо да сага жагымдуу жүзүн бурат, ал да сени сүйүп, колдоп баштайт, — дедим.

— Сен бул дүйнөдө коколой жалгыз эмессиң го. Атаң, бир туугандарың, сени өз кызындай сүйгөн эжең-жездең бар экен. Аларды неге эсепке албайсың? Зарина, бул жашоодо мээрим алган сонун, бирок, мээрим берген андан да сонун. Өзүң ойло, эгер сага өз баласындай мээримин төккөн эжең менен жездең болбосо, азыр сен ушундай даражага жетет белең? Ошондуктан, кызым, мээрим берүүчүлөрдөн болгонго аракет кыл. Ал эми мээрим берүүнү өзүңдөн башта. Өзүңдү өзүң сүй, сыйла. Бирок, бул өзүмчүл — эгоисттик сүйүү эмес. Бул, Жаратканга ыраазы болуп, өзүңдө жана көөдөнүңдү сүйүүгө, мээримге толтуруп, бул ыйык сезимдерди башкаларга да бөлүшө билүү. Сүйүү алуу үчүн эмес, берүү үчүн жаралган. Аны канча берсең, ал кайра ошончо көбөйөт. Өзүн ушундай таза, берешен  сүйүү менен сүйгөн адам гана өзгөлөрдү да өз сүйүүсү, мээрими менен бактылуу кыла алат. Жүрөгүңө ушундай сүйүү киргенде, баягы мен айткан, сени жутуп — жок кылып бараткан кара туңгуюк жоголот.

Мунун баары бир күндө жасалчу иш эмес. Оңой да иш эмес. Сен өзүңдү өзүң башкадан жаратышың керек. Бул өтө көп мээнет талап кылат сенден. Ал эми жемиши түбөлүктүү болот. Себеби, тарбиялардын ичинде эң күчтүү тарбия — бул адамдын өзүн-өзү тарбиялоосу. Анан дагы ар кандай тарбиянын пайдубалы сүйүү жана мээрим болушу керек.

Зарина менин сөздөрүмдү аябай кунт коюп, муюп укту. Бул сөздөр анын жаралуу жан дүйнөсүнө шыпаа болоруна ынанып турдум.

— Бул биздин биринчи жолугушуубуз. Сага кичине болсо да бир нерсе түшүндүрө алдымбы?

— Эже, кичине эмес, кө-өп эле нерсе түшүндүрдүңүз. Жүрөгүмө аз болсо да күн тийгендей, жарык болуп, жылый түштү. Рахмат. Айткандарыңызды дагы ойлонуп, тереңирээк түшүнүүгө аракет кылам.

Көз жан дүйнөнүн күзгүсү эмеспи. Коштошуп жатып, Заринанын көздөрүндө кайгынын караңгы көлөкөсү азайып, үмүттүн, жашоого болгон сүйүүнүн нурлары үлпүлдөп жанганын байкап турдум. Эми, ушул нурду сактап калганга жардам берсе экен деп, ичимден Жаратканга жалындым.

Кызга болсо:

— Бул акылың сени бактылуу кылганга кызмат кылуусу керек, кызым,- деп коштоштум.

«Бул жашоодо деңизден да улуу көрүнүш бар – бул асман; асмандан да улуу көрүнүш бар — бул адамдын жан дүйнөсү».

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

3 Replies to “Конкурска: «Жашоону сүйгөндү үйрөтүңүзчү!» №23”

  1. Турмуштун оор сыноосу ар бир адамда болору чындык. Оз тагдырым коз алдыма элестеди. Ата-энемди бир кундо жоготуп, асманым антарылганда мен да менден оор тагдырга кабылгандарды эстеп, Кудайга шугур келтирип озумду соороткон элем. Кийин куйутту ыраазычылык менен алмаштырганда гана женилдедим. Аба жетип, кенен дем алгандай болдум. Кара жандын кайгысынан ашып, башка адамдарга жарык чачып, жол коргозгонунузго Алла ыраазы болсун

  2. Бул ангемени окуп баштаганда ,журогум ушуп,коз жашым куюлду,негизи бул жашоо ар бир адамды ар кандай сыноолорго туш кылат тура,бирок окуп отуруп ,жашоонун сыноосуна сынбай ,тегирмендин ташындай майдаласа да,урулуп кагылган сайын жашоону суйуп,кечирип,ага ыраазы болуп,кичинекей нур таап ошого жылынып ,андан нары ошол турду чонойтуп бактылуу болууга аракет кылып жашоо керек экенин тушундум…

    Авторго терен ыраазычылык!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.