Конкурска: Каар огу №24

Аңгеме-притча О Улугум, Жараткан! Өзүң сүйгөн Адам-султан. Көрпенделик пейил күтүп, өз ырысын өзү куруткан. Көрнаамек болуп жүрбөсүн бардыгын унуткан? (Аскадагы жазуу) Жүздүк көзүндөй кипкичине айыл. Асман тешкен тоолордун этегинде, толкуп аккан үлкөн суунун жээгинде. Ие, жомоктогудай күн-түндөрдү кечирген бул айылдын төтөнчө сыры, бөтөнчө ырдадаар ыры бар. Сыры: кыш чилдеде кырк күн Күн күлмүңүнө, жаз чилдеде кырк түн Ай жамалына зар. Ананчы, айлап Күн жарыгын, Ай нурун көрбөгөн пенденин кусалыктан «тарс!» айрылып кетпейби курсагы! А, ырдалаар ыры: Жашоо Күнсүз курусун, көңүлдөр […]

Василий Сухомлинский: Айнек Киши (жомок)

Бир кичинекей баланын Айнек Киши аттуу оюнчугу бар эле. Бала аны абдан жакшы көргөндүктөн дайыма жууп-сүрүп, мөлтүрөтө таза кармаганга аракеттенчү. Ал айнектен жасалса да абдан акылдуу жана сезимтал болчу. Айнек Кишинин мындай бир өзгөчө касиети бар эле — баланын эмне ойлогонун дароо сезип, ошол сезимдерге жараша кубулуп турчу. Мисалы, бала жакшы ойлорду ойлосо туптунук жана таптаза болуп калчу. Ал эми жаман ойдо болсо кирдегенсип карарып кетчү. Ал эмес “Эртең эжей сурабас, бүгүн сабак окубай эле коёюн, андан көрө көчөгө чыгып […]

Жаныш уулу Каныбек: Үйдөгү карынын Балага айткан жомогу

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Жашоо өз нугу менен алга жылган сайын адам пейили тарып, анын жан дүйнөсү бөксөрүп бараткансыйт. Барга шүгүр кылуу, жокко каниет бардык эле адамдын колунан келе бербегендей. Бу турмуш Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги Орозкул үчүн, анын тар дүйнөсү, кыска ой-сезими үчүн атайлап жаралгандай туюлат. Дегеле, адам уулунда эч качан боорукердик, кайрымдуулук, бирөөнү бирөө сыйлоо, бирөөнү бирөө аёо болбогондой сезилет. Карылар жаштарга “биз силердей кезибизде мындай эмес элек” дешсе, тигилер акырая тиктешип, балбал сындуу үн катышпайт. Кары […]

Кыргыз адабиятынын күнүндө конкурс жеңүүчүлөрү сыйланат

Жогорку Кеңештин депутаты, акын жана журналист Каныбек Иманалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулган “Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аталышындагы конкурс жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылат. Аталган иш-чара борбор калаабыздагы алп акын Аалы Токомбаев атындагы мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көчөсү, 109) 12-декабрь, саат 12-00дө башталат. Жаш акын-жазуучулар арасында уюшулган конкурс жеңүүчүлөрүнө акчалай байгелер менен бирге “РухЭш” сайтынын атайы дипломдору тапшырылат жана аталган музейдин экспонанттары менен жаш калемгерлерди тааныштыруу уюшулат. Эскертсек, бул музей 1990-жылы ачылып, 3 көргөзмө, 3 мемориалдык залдан турат. Музей Социалисттик эмгектин баатыры, акын, […]

Тэцуо Миура: Кызыл юбка

АҢГЕМЕ Ресаку карындашы Хидэ анын чакыруусуна олуттуу карап, ошол замат Наориге жетип келет деп эч ойлогон эмес эле. Ал болгону тээ кулак угуп, көз көрбөгөн айылдагы оорукчан апасын карап, айылда калган бойго жеткен карындашынын жүрөгүнө үмүттүн шамын жандырып коёюн деп гана жазган эле. “Бир күнү бошоп калсаң, айылдагы түйшүктөн бир аз эс алып, мен жакка шаарга келип, жүрүп кетсең да болот эле” – деп жазган катта. Муну окуса өмүрүндө жакшы күндү көрбөй жашап жаткан курган карындашы аз да болсо  кайраттанып […]

Людмила Молдалиева: Феминнале, перформанс — «мырки», «манкурты»…

Уже вторую неделю обсуждают в соцсетях увольнение директора ИЗО им. Г.Айтиева М.Джангарачевой, которое связано с проведением в музее международной выставки под названием «Кормилицы. Экономическая свобода. Женщины». Увольнение стало резонансным благодаря заявлениям и размещениям в интернет пространстве, а также с трибуны ЖК гневных выступлений как экс-лидеров страны, депутатов, а также обращения Союза художников Кыргызстана к Президенту с просьбой восстановить на работе экс-директора. Во всех выступлениях звучало незнакомое многим слово «перформанс», которое стало ассоциироваться у читателей с понятием «голая женщина из Швеции». […]

Амирбек Азам уулу: Эстетикалык табитти ким тарбиялайт?

“Феминнале” көргөзмөсүнө байланыштуу чатак 1917-жылы Нью-Йорктогу көргөзмөгө коюлбай калган писсуардын тарыхын эсиме салды. Ал тарыхта “Дюшандын фонтаны” деген ат менен белгилүү. Ошондо Нью-Йорктун көз карандысыз сүрөткерлер коому писсуарды көркөм чыгарма катары көргөзмөгө койсо болбойт, анткени көркөм чыгарма үчүн писсуар өтө эле опсуз, опсолоң деп чечкен. Бирок сүрөткерлердин эстетикалык табити өзгөрүп, киши колунан жаралган ар кандай затты чыгарма катары кароо концепциясы коомдо кеңири жайылгандан кийин жанагы писсуарларга кудай берди! Марсель Дюшан көргөзмөгө сунуш кылган писсуардын ондон ашык көчүрмөсү жасалып, абройлуу музейлерде […]