Аңгеме-притча

О Улугум, Жараткан!
Өзүң сүйгөн Адам-султан.
Көрпенделик пейил күтүп,
өз ырысын өзү куруткан.
Көрнаамек болуп жүрбөсүн
бардыгын унуткан?

(Аскадагы жазуу)

Жүздүк көзүндөй кипкичине айыл. Асман тешкен тоолордун этегинде, толкуп аккан үлкөн суунун жээгинде. Ие, жомоктогудай күн-түндөрдү кечирген бул айылдын төтөнчө сыры, бөтөнчө ырдадаар ыры бар.

Сыры: кыш чилдеде кырк күн Күн күлмүңүнө, жаз чилдеде кырк түн Ай жамалына зар. Ананчы, айлап Күн жарыгын, Ай нурун көрбөгөн пенденин кусалыктан «тарс!» айрылып кетпейби курсагы!

А, ырдалаар ыры:

Жашоо Күнсүз курусун, көңүлдөр суз,

өң саргайды. Кайыктык-ов, зарыктык.

Чыдам жетпей күтөбүз Күн-Чокудан

«кылак!» этип чыкса экен Күн-жарыктык.

Цыган кыздын көзүндөй коймолжун түн,

жылдыз толо, Айы жок обо-көктүн

Айыл күтөт сагына Ай-Чокудан,

«серең!» этип чыгышын Ай-чырактын.

Ушу бүгүн быйылкы жаздын соңку, кыркынчы айсыз кечи. Акшам өтүп, жыла кирип келди куптан. Айдидарын жедеп дегдеген чоң-кичик, кечки чайын ичип-ичпей агылды, чок ортодогу Айлуу-Дөбөгө. Ушерде жакшчылык күн-түндөрдү өткөрүү көөнөдөн ырасым.

Улуулата алоо от жагылды, окчун-окчун үч жерге. Соймоңдогон кызыл жалындын тили жалагылайт коюу түндү. Аюу кейиптене үңкүйгөн чокулар айылды ана-мына баса жыгылчудай сүрдүү. Дүрүлдөк чымчыктардай көктөн «дуу» түшө келип, чокуларга конуп алган жылдыздар «жылт-жулт…» Өрүкзар тарапта сүтак куштун муңканган сайраны… Төмөн, сайда Көксуунун бир ыргактагы шау-шуусу…

Алоо оттордун бирин тегерене бака-шака түшкөн жаштар кечтин көрк-шаани. Аккордеон кайрыгы коштогон ыр-бий, азил-шакаба, шаң-тамаша. Алаңгыча топту жара алдыга суурулуп чыккан кыз шаңкылдап коё берди:

Мына-мына, аздан соң,

кырк кеч күткөн Ай-чырак,

Ай-Чокудан баш багат.

Арзып жүргөн жигитим,

башка кызга каш кагат?!

Кыраан каткырык:

– Ха-ха-ха-а-а!

– О-хо-хо-о!

Ага жооп катты, жигиттердин бири:

Учурунда шол жигит,

даричаңдан ышкырып,

чакырса чыкпай койгонсуң.

Сүйүүнүн тал-шагына

менменсип жалгыз конгонсуң!

— Ох-хо-о!

– У-ху-у!

Эми кыз-жигиттер чогуу шаңшый, түн жаңыртты аваздары:

Ай-Чокудан «серең» деп,

Ай көрүнсө көрүнсүн!

Ак нурга жүздөр чайынып,

сагынышкан ашыктар

бал сырларын бөлүшсүн!

Ай-күнү жеткен келиндер,

Айдың кечте төрөшсүн.

Айдай аппак балдарын,

ак бешикке бөлөшсүн!

Дөбөнүн нары, от шаңы жетпеген караңгысында, көңүл табыша ыкташкан кыз-жигиттердин күбүр-шыбыры…

Экинчи алоо отту бойлой мандаш токуна чөккөн карыялар үңкүйө уюп, тым. Чүкөдөй карыя өзү менен жашташ комузунун боорун тырмай, өтмүш күндөрдү эске салган кайсыл бир күүнү кыңылдата чертип отурат. Башкалары күүгө элире-эзиле, те илгери өтүп кеткен күлгүн чактарын эңсеп-эстеп, өз-өз ой-санаалары менен алек. Ойго тунуй, шыбак шагын «кырс-кырс» сындырып отурган сөөктүү, муруну коңкойгон карыя мындай үшкүрүк өкүм сүргөн тейге ичи түтпөй кеттиби, бурк этти:

– Эй, мойсопуттар! Не, шундай алоомат кечте, ыштанына чыркатып койгон баладай, башыңарды жерге салып отурасыңар!

Элең этишти беркилер. Үшкүрүнө унчукту өмүр бою талаа бригадири болуп карыган, эткээлинен келген абышка:

– Э-э бурадар, нени сүйлөйбүз. Кары кишинин эрмеги эле, өткөн-кеткен кызык да оттуу күндөрүн маашырлана эстеш экен. А, оюн-зоок, күлкү-тамаша,– Жаштар тарапты жаңсай,– Тигилердин энчиси-и.

Адебени эки бала күйүп-быша чуркап келише, колдорундагы жаачаларынын камыш жебелерин Ай-Чокуну көздөй мээлеше, аптыга бак этти бири:

– Көрөсүң го, Айды мен атып алам!

Экинчиси:

– Жок, сенден мен түз атам! Менин жебем биринчи сайылат Айга!

Түртүшө кетишти экөө.

– Мен атып алам!

– Мен!..

Селейе карап калышты карылар. Комузчу карыя опузаламыш болуп:

– Ой, не дейт булар, жаман жорукту баштап! Анетпейт!

Балдар жаачаларын колтуктарына кыса, чуркап кетишти ары.

Алардын «Айды атып алам!» дегендерине тынчсызданган мойсопуттар, кылчак-кылчак карай беришти Ай-Чокуну.

Үчүнчү от боюнда сыйдам байбичелер. Алар делебаякы-баякы кыздык, келиндик кызык чактарын эскерүү менен убара. Отко жакын отурган, алиге сүлүктөй чырайы өчө элек, жүзүнө жылмаюунун майда толкуну чайыла берген байбиче:

– Эсиңердеби, Бахмал келин болуп келгендеги окуя?

Медайым байбиче:

– Эсибизде эмей. Шол кечте да баарыбыз Айды тосуп алмакчы болуп, ушерге келгенбиз.– Наркы от бойлорунда отургандар угуп калбасын дегенчелик кыла, оозун алаканы менен калкалай секин сүйлөп,– Шол күнү тою түшүп, ак никелери кыйылган келин айым Бахмал менен күйөө мырза Ормон төшөк лазатын унутуша, элден жашырына сайга түшүшүп, Көксууга чөмүлүшкөн!

Саанчы эне:

– Ы-ы, шондо бирөө-жарымдын көзү түшүп калган экен, дуу сөз болуп кетпедиби айылга.

Айылдык уз атыккан келишимдүү байбиче:

– Бүгүн ойлосом, экөөнүн жоруктары деле туура экен. Кана энди, кайтып келсе, кыздык күндөрүбүздүн көркү болгон шол айлуу кечтер!

Саанчы эне:

– Баса, Бахмал көрүнбөйбү?

– Небересин көтөрүп келип калаар, ана-мына.

*  *  *

Бахмал эненин короосу бир танабын Көксуунун толкундары жалаган кашаттта. Эненин чачындай суйдаң шактары сербейген карт өрүк. Түбүндө эски сөрү. Шакка илинген ташпанар үкүнүн көзүндөй балбылдап күйүп турат. Байбиче куйсалана уктай албай аткан небереси менен суй жыгыла убара. Бешик термелген сайын сөрүнүн эски тактайлары «кыйч-куйч…»

Баланын курсагы ач. Наар ала элек акшамдан бери. Кыйыктана ыйлап, оозуна албайт коюкту да, суюкту да. Жоошутам деп бешик термете берип, денеси талыкшый, көзү бозорду кары кишинин. Айласы куруганда алда качан какшып калган бырыштуу эмчегин оозуна салды кайсар неменин. Балаң түшкүр десе, ыйы тып басыла, демиге-аптыга соруп кирди, бошогон сүзмө калтадай салаңдаган эмчекти. Бир култум сүт сызып койсо кана! Чыдамы түгөнгөн тентек «кырч» тиштеп алды мамак үрпүн. От чагыла түштү эненин көздөрүнөн. Мунусуна да кайыл. Тек жоошуй уктап, жаны тынч алса болгону бөбөгүнүн.

Бала көөшүлө уктап кетти акыры. Эне уюган денесин жаза, колу-буттарын созо жата кетти чалкасынан.

– Ух-х, жаным!

Ал түнөргөн айсыз көккө кадады каректерин. Өрүктүн суйдаң шактары сойлоп жүргөн жылаандай суук көрүндү. Ичиркене жыйырды денесин. Ызгырык аралап өттү ичин. Көздөрүн жумду, ачты кайра. Сойлоп жүрөт шак-жыландар. Бурк этти ызырына:

– Жетишет, не жакшылык көрдүм бул өрүктөн. Таң атсын, кыйдырып салам түбүнөн!

Нак ушу көз ирмемде маңдайдагы Ай-Чокудан, «серең!» эте чыга келди Ай-жарык! «Жарк!» эте ачылды түнөргөн түн кабагы. Жер кара көйнөгүн шашыла сыйыра, апапак шайы көйнөгүн кийип алды «лып». Айдын ак нуру төшөк жылчыгынан эненин койнуна кире, өптү муздак денесин. Назик сылагылады суйдаң күмүш чачтарын. Ал ак нурлардан карыккан көздөрүн ката койду бешик далдасына. Анан отура калып, алакандарын жая:

– Ай көрдүм, аман көрдүм. Дил жарыткан нур жамал көрдүм. Тирүүлөрдүн бактысы айдыңдуу түн аалам көрдүм. Жана да куш пейил маанай көрдүм. Жана да неберем Ай нурундай журтка жарыгы тегиз тийген эр жигит болуп жетилсин. Оомиин!

Эми жайнамазын жаза, жүзүн кыбылага бура, куптан намазын окуду да, Жараткадан муну тиледи:

– О, Эгем, Ай-чырагыңдын шооласы түн көгүнүн көркү болсун төбөлүк. Ак нуру пенделердин, алардын бири болгон неберемдин маңдайын, дилин жарытсын!

Аягында манжаларын бырыштуу жүзүнө чая, жыйды жайнамазын. Ордунан тура бере, көкүрөгү эргүүгө «лык» толо, көңүлдөнө карады туш тарабын. Кучакка сыйаар кипкичине айылы, төрт тарабынан кысмакка алган эгиз-эгиз тоолор, Көксуунун «шау-шуусу..» ак деңиз боло гүл ачкан өрүкзар, бешик уулу небереси, түн көгүндө жамыраган жылдыздар, баары-баары – тирүүлүктүн авазы… Жазыла түштү кийинки кездерде бырышы жазылбаган маңдайы.

А, айыл жаш келиндей,

ак нурларга жүзүн тосо,

каранат Ай-күзгүгө.

Төгүлгөн сүмбүл чачын

таранат түнкү желге.

А, чокулар моюн созот,

талашыша Ай таажысын…

Жээгинен ашып-ташып кетти эненин көңүл океаны. Ал эрдин тийгизе шилекейлей өөп койду бөбөгүнүн ууртунан. Дүйнө бейкапар «пыш– пыш» тиги. Анын уйкулуу жүзүн энеден талаша өпкүлөп атты ак жаандай жааган ак нурлар.

Анан эле, анан эле!

желпине жүрүп берди,

кадимки кырдын жели.

Каакым сымал каалгый,

жаап кирди өрүк гүлү.

Бешик да гүл, төшөк да гүл.

Эненин туюмунда бүт ааламды, каптап кетти гүлдөр.

Мына:

бир талы секин конду,

уйкудагы бөбөктүн ууртуна.

Жымыйып койду бала,

айдың кечтей нурдана аппак жүзү.

Тобо! Каалгый жаап аткан өрүк гүлдөрү көз алдында чатырап күйгөн кызыл жалынга айланды. Бир саамга нес баса, жумуп-ачты көздөрүн. Ана! Кызыл жалындын арасынан алоо отту тегеренип аткан кыпкызыл жоолукчан келидин элес-караанын көрдү… Келин өзүн жардап тургандарга ийиле жүгүнүп жүрөт…

Эне эсин жыйып алды тез. Сумсая жылмайды. Көз огундагы элес-караан те элүү жыл мурдагы, өзүнүн жаңы келин болуп келген күлгүн кези болчу….

Күнү бүгүнкүдөй эсинде. Бахмалды үстү ачык жүк машинеде көчүрүп келишкен ушул айылга. Өз үйүнөн чыкканда куптан маалы болчу. Шол кечте толгон Ай машинени узата ээрчип алган. Бахмал кыздын денеси кызый, жүрөгү «лак-лак». Алда не болуп кетет деп кыжаалат болуу менен кошо көңүлүн дегдеткен сезим бийлеп алгадай тулку боюн. Күлкү-тамаша токтобой, кыз-келин, жеңелер түн жара ырдап барат:

Жар-жа-ар, жар-жа-ар,

Эрке кыздын тою түштү!

ата үйүнөн кызы кетти.

Келин болуп кайын журтка– өлөң төшөк, өз үйүнө, өпкөлөбөй өзү кетти.

Күйөө-келин дене майрам,

жыл айланып бөбөк көрөт..

Келин айым өз үйүндө,

Бактап-шактап, өсүп өнөт

Жар-жар, жар-жа-ар!

Жар-жа-ар!..

Кайын атанын үйүнө жакындай бергенде, огеле шаңкылдашты келин-кыздар:

Күйөө мырза, уктап калбаң,

үйүңүзгө келин келди.

Дилгир болуп тосуп алың.

Келин айым сиз дегенде,

аянбастан берет жанын!

Жар-жар, жар-жа-ар!

Жар-жар! Жар-жа-ар!

Күйөө жанды жандаган жигиттер аккордеондун коштоосунда шаңкылдай ырдап-бийлеше тосуп алышкан. Жеңе-келиндер, кыз-кыркындар көшөгө менен жүзү далдаланган Бахахмалды жетелеше, тегерене башташты, чатырап күйүп аткан кыпкызыл алоо отту. Шондо күйпөлөктөп жүгүрүп жүргөн кайын жеңе арча түтөтө аластап, куюлуштура саймедиреген:

О, журтум!

Үйүбүздү жылытаар

оттон ысык жан келди!

Дилибизди жарытаар,

Айдан жарык ай келди!

Очок отун өчүрбөс,

очок башы Каныша келди!

Алас-адас!

Суук көздөн, суук сөздөн,

сакта келинибизди!

Эми Бахмалга жүзүн бура:

Кана, келинайым,

алоого табын!

Ал кайын жеңенин айткандарын эки кылбай, эңиле ак дилинен табынган кыпкызыл отко. Оттун жанын жибиткен ысык табын, дене-боюн көлкүткөн не бир касиетин шондо бир сезген. Жүзү тамылжый эреркеген. Жашоонун оттой ысык демин туюп, шербет даамын татыган. Кабына сыйбай булкунган көкүрөк астында кулундай туйлаган жүрөгү.

«Алоолонгон отту көрсөм,

Алоолонуп кетет жүрөгүм.

Канча оттуу өмүр өткөрсөм,

Ошончолук отту сүйөмүн.

Жолугат деп Күндү жолуман

Өзүм деле билбей себебин.

Алоолонуп күйүп келемин»

(Ж.Мамытов)

Бахмал отту үч жолу айланып, үй маңдайына жеткенде, кайра саймедиреген жанагы кайын жеңе:

Энди-и, келин айым,

бүлөө башы, кадырлуу

кайын атаңа салам!

Үй туткасы, үй куту,

кайын энеңе салам!

Түбөлүктүү эл болор,

кайын журтуңа салам сал !

Ырыс-кешик дөөлөтүң,

очок башына салам!

Маңгиликке өмүр кечирээр,

Айыл элине с алам!

Бахмал ысык ыкласы, жан каалоосу, терең ызаат, ширин арзуу менен ийиле жүгүнгөн баарына. Босогону аттаарында кайын жеңелеринин бири «тиричилигиң майлуу-сүттүү болсун» деген тилекте, сары май сугунткан оозуна. Бут астына төшөлгөн кызыл баркытты аярлай басып өтүп, каныша-келин болуп баш баккан бакыт көшөгөсүнө. Келин шаани чоң жибек жоолук салынган башына. Кайын журтунун кыз-келиндери көшөгөгө толуп, жаалардын бири «шак!» эткен суктана:

– Ай-и-ий, келинибиз айдай сулуу экен!

Анда кайын эне:

– Тек! Түф-түф! Сугуң Көксуу менен агып кетсин!!

Жарым кечеге барып, кыз тойдун ырым-жырымы, куда-кудагыйлардын алды-берди каадасы соңуна чыгып, тынчый түшкөн короо. Бахмалдын кичик жеңеси гана жанында калып, апасы баш болуп аны көчүрүп келишкен кыз-кыркын, жеңе-желпилери кайтып кетишкен өз айылдарына. Шонтүп, ага киндик каны тамып, секелектик, селкилик күлгүн чагы өткөн өз журту төркүн, кайын журту өз болуп калган ушул кечтен баштап. Кан-жаны жибий баш ийген «Жараткандын кыз балага буюрган насиби ушул» деген кадимий адат-салтка.

Элдин опур-топур кызыгы менен сезген эмес экен эч нерсени. Эми гана ичи «кымылдап», тынчы кете, недендир денеси үркө, чочуй баштаганын туйган. Жүрөгү адаттагыдан тыш «лак-лак!» Манжалары майда калтырак… Көшөгөнү кыңай ача, күймөнүп жүргөн өз жеңесине, үнүн пас чыгара унчукту:

– Жеңе-е, коркуп атам!

Көшөгөгө кирип келген жеңеси түшкүр, анын ийинин мыткый, мыйыгынан күлө шыбырап:

– И-и, өлүң десе! Неден коркупатасыз? Энди көрөсүз, келиндиктин кызыгын да, жыргалын!

Кайын жеңе, өз жеңе көшөгөнүн тышында кобураша төшөк сала башташты кыз-күйөөгө.

Өз жеңеси кайын жеңеге:

– Сеп төшөктүн баарын салабызбы?

– Ананчы!

Төшөк салынып бүткөн окшойт, тышка чыгып кеткендей болду кайын жеңе. Өз жеңе көшөгөнү кыйгач ача: «Бери чыгың!» деген ишарат берген. Ал ээгине жете салынган калың төшөктү көрүп, бир чети таңдана, бир чети чочулай суроолу карады тигини.

Анысы табышмактуу да куулана жылмая:

– Күйөөңүз менен дене майрам ысык-ымала ушу төшөктөн башталат, кайын сиңди-им!!.– Кыздын ийинине колун коё,– Э, өлүң десе, неге калтырайсыз? Чечиниңиз! Ич кийимиңиз менен жатыңыз!

Көнбөскө айла жок жеңенин талабына. Чоң, чарчы баркыт көрпөнү чүмкөнө, тизесин кучактай бүрүшүп жатып алган Бахмал, азыр-азыр койнума денеси бакадай мупмуздак, копол, чоочун эркек «сойлоп» кирип келет деп. Койнуна сойлоп кире турган эркек жадаса бир жолу да колун кармап көргөн эмес. Болгону бир ирет кичик жеңеси аны айыл четинедеги өрүкзарга жетелеп келип, аны менен жүздөштүргөнү бар. Мынча өтүшү кыйын убакыттын, көз ирмем кылымга созулуп! Мына, акыры эшик жанын көзөй «кый-ыч!» ачылды, жабылды «кый-ыч!» Ар бир кадамынын табышы кыздын жүрөгүн үшүтө-чочуткан күйөө бут учу менен басып келип, саамга туруп калды төшөк четинде. Даабай, сүрдөп турат шекилди. Тартынчаак, эзилген немеби же жумшак пейил жанбы?

Угулуп турду дем алганы. Анан төшөктү секи-ин ача, кынтая жатты, Бахмал кыздын чоктой ысык денесине жабыша. Жок, муздак эмес, алоо от «лап!» кирип келди Бахмал кыздын койнуна! Жигит аны шашпай, аярлай, ыкласы менен тартты кучагына. Кыз бир аз каршылык көрсөтүмүш болуп, «суюлуп» кетти тез эле. Эки жүрөк оту айланып кетти бир алоо отко! Шөнтүп, кыз-жигит эки жарты – бир бүтүн…

Олбурлуу да, кубаттуу, куш пейил да жароокер жигиттин койнунда эки түн эрип-көлкүп жаткан Бахмал келиндин өңү өрүк гүлүндөй ачыла, жукара түшкөн сорулуп-шимилген эриндери.

О-о, шондо Бахмал келиндин басыгы куштай жеңил, көңүлү гүл. Ырдагысы, бийлегиси эле келет. Уялат үйдөгүлөрдөн. Кыңылдап коёт ичинен. Кайын атасы жумушка кетет эртелеп. Кайын энеси үйдө эртели-кеч. Күйөөсү да апасынан уялып койбой, бош убактысы боло калса эле, «жылт коёт» көшөгөгө. Кандай халва күндөр, бал түндөр, ов!

Үчүнчү кечте сөрүдө жаткыла деген кайын энеси. Дал ошол кеч кыркынчы, акыркы айсыз кеч эле. Үйдөгүлөр бири калбай Айды тосуп алганы, Айлуу-Дөңгө кетишкен. А, жаш аялметтер ысык төшөктөрүн кыйып-кыйбай, Айды көрүү азгырыгы жеңип, уурдана түшүшкөн дарыя жээгине Жертөлөдөй капкараңгы сай ичи. Сөөлжан сымал чубала, карарып агып атат Көксуу. Көңүл кытыгылайт майда толкундуу «шыр-шыбырты»… Экөө жарыша бойлорун ташташты белдерине жете, секин аккан шакапчага (Дарыянын бир бөлүгү, шагы) Түнкү суу салкын.. Жаштыктын алоо оту тоотмок беле мындайда суу салкынын! Анын аппак ич көйнөгү суу бетине жайыла каалгый, ак куу канат. Ак куу канат жубун тегерене суу чапчый, чабак ата сүзүп жүрөт, аккуу канатөмүр шериги.

Нак ушу чакта күнгөй бет тоонун адегенде чокусу жарып, кудум прожекор жарыгы сымал ылдыйлай берди апапак шаң. Көп өтпөй Ай-Чокудан «сыраң!» эте чыга келди аалам чырагы толгон Ай. Түнөрүп жаткан Жер кара көйнөгүн «лып» чече коюп, ак жибек көйнөгүн «лып» кийип ала койду. Ай. Кудум Бахмал келиндин жүзүндөй апапак, көздөрүндөй жоодур, шооласы кирпиктериндей, маңдайындай жарык жүзү!

Алаңгыча жымжырт түндү «үркүтө» кыйкырык, шаң жаңырды Айлуу-Дөбө тараптан:

– Ура-а-а!

– Ай көрүндү-ү!

– А-ай! Ай-чыра-ак!!

Алакандар «карс-карс, дуу-дуу» Аккордеон созолоно жаңыра, уктап аткан куштарды чоочутту жаштардын шок ыр-бийлери. Карылар Ай нуруна алакандарын тосо, эриндерине тийгизишти.

 Эми Көксуунун карамжыл тарткан майда толкундуу бети ак жибектей кубула түшүп, ак түлкүнүн белиндей бурала, куйругундай булаң-булаң чубала агып атты, агып атты. Толкун-толкун ак жарык, толкун-толкун суу шары жаш аялметтердин толкуган көңүл-сезимдери менен жуурулуша, жомоктуу түн кечиришкен шол кечте. Үйгө кайтышкан анан. Желпине жүрүп берген, таңкы маин шапада. Жамырап жааган өрүк гүлдөрүн төшөнө, ширин-ширин түш көрө укташкан шол керемет кечте.

*      *      *

Бахмал эскерүү лазатына бата, дили бир күлүп, бир сыздай ойдолоктоп жатты төшөк кырында… Кызык, карт өрүктүн арбайган шактары эми оттой ыпысык көрүнүп кетти көзүнө. Ананчы, жаманбы, жакшыбы өткөн күндөрүнүн таржымалы болчу ушу кары өрүк. Ушул кары өрүктүн көчөтүн те элүү жыл илгери, өзү жаңы келин кезинде өмүр шериги экөө отургузушкан.

Көчөт тез кирди мөмөгө. Не ширин эле кызара-саргара эзилип бышкан мөмөлөрү. А, Бахмал келин кеч, о кыйла кеч бөбөктүү болду. Кайран кишиси тиричиликке камбыл, адам сүйөр эркек болучу. Экөө баш кошкондон бир жылдан соң, Ормону айыл аксакалдарын чакырып, сый күрсөтө, үйүн жаңылоо максаты бар экенин айткан. Аксакалдар дубаларын беришкен. Күндүз колхоз жумушунда, түнү о бир маалга чейин өз үйлөрүн куруу менен алек экөө. Бахмал өмүр шериги менен тең түйшүктөнө, жан жолдошунунн колуна — кол, бутуна– бут. Не деген ышкы, арзуу да ширин тилек менен иштешти өз үжүрөлөрүн курган күн-түндөрү. Кеч күздө аягына чыкты үй курулушу. Заңгыраган жаңы там. Не ысык көрүнөт өз билек күчтөрү, таттуу кыял-максаттары менен тургузушкан кушканалары.

Эки-үч күн-түн тыным билбей, уйкуну унута, үй ичин жасалгалоо менен алек болду Бахмал. Туш кийизин төргө иле, Ормон экөөсү Кокон шаарына барганда түшкөн сүрөттү төргө илип койду. Жерге бакал жайып, кийиз-таарларын тазалай төшөп, жаңы идиш-аяктар менен толукталган буюмдарын мизилдете тизди текчелерге. Жаңы үйдөгү алогачкы түн! Не ширин максаттар, эртеңки жасаар иштери тууралуу таң атканча сөз кылыша, укташчу эмес.

Ормону эгерим бирөөгө орой сөз айтпаган, улук-кичикке сыйкор жан эле. Айылдаштарынан кимдир-бирөөлөр оройлоно жектеп же артынан ушак-жалаа жапса да, жооп катчу эмес. Андайда Бахмал тызаңдап:

– Мынчалык момун боло бербей, сизге тиш кайрап, жалаа жапкандарга даки берип койбойсузбу?

Андайда жообу:

– Дээринен осол адамга теңелип, осол болгум келбейт…

Ормон топозчу. Көргөн күнү жайлоо. Жаз-жай чөбү чүйгүн, абасы таза, салкын төрлүү алыскы Кожешкен жайлоосунда кой куйругу жарылгыдай семирип, уйлардын эмчектери тиреле сүт көл, май көл. Экөө мал-жандыкты жайлап, саанын саап, сүт-каймагын ажыратып, шам-шум этишкен соң, колдору бош. Кечки серүүнгө чыгышат кыналыша. Койну кең жайлоо, аруу дүйнө, түн жарык. Көк мухитинде сызган Ай-жарыктын нөшөрлөп жааган апапак нурларын алакандарына кочуштап алыша, жүздөрүнө чайышат. Күнгөй беттеги апапак болуп ачылган кош бадам көз жоосун ала, чардайт* өзүнө. Кош бадамдын түбүндө кайнап чыккан жоодур көз Зулпучач булак не тунук да, не сыйкырдуу! Жаш жубайлар аерге шашыла жетип келгенче, алардан мурда булак түбүнө чөгө-жайгашып алган болот Ай, жылмая тосуп алат экөөн. Булактын азада чырайына кумарлары канбай, элжирей отурушат кыйла. Түпкүрдөн оргуп чыкканмөлтүр суу ылдыйсыза жылжый, аска бетинде кыздын чачы сымал салаа-салаа чубалган жашыл чөптөрдөн мончоктой үзүлө-сүзүлө тамчылап турганы турган. Андан ары ага, жан жүлүнүңдү кытыгылаган агымы жаңы чыккан бөбөк тилиндей «чулдур-чулдуру»…

«Мынча маин шылдырап,

агасың ов, мөл булак»*

(Ахун Жоро)

*      *      *

 Жарыктык өмүр шериги кыштын узак түндөрүндө минтчү: «Бахмалжаным, уул төрөп берсең, түнү бешигин өзүм терметем. А, сен уктап эс аласың». Бирок ал башка ургаачылардай көз жарбады жыл айланып. Тизеси канабай жүрдү көп жылдар. Асыл кишиси бирда бир мертебе «Сен төрөбөйт окшойсуң, башка катын алам»,– деп кагып-силке көңүлүн кир кылган эмес. Бала көрбөй жүрөгү муз, көңүлү кара болуп жүргөн оор күндөрдө, күйөөсүнүн куш пейил мүнөзү жөлөк болгон кыйла жыл. Боюна бүткөн он жылдан соң. Өмүр шеригинин ошондогу сүйүнүчүн айтпа! Бахмалдын киндигине кулагын төшөй, «Уул бекен, кыз бекен?» десе, оозу кулагына жетчү.

Эр-жубайлардын эки баштары үчөө болуп, үйлөрүнөн баланын күлкүсү, ыйы жаңыра,сүйүнүч толду жүрөктөрүнө. «Сен уктап эс ал. Мен тербетем бешикти»– дечү Өмүрбек түндөлөрү. Ошондогу балкыган бактылуу күндөр, маңдай жарган чексиз сүйүнүчтөр! Жараткан пендесине бак-таалай берсе, экөөнө бергенчелик берээр, ов! Эртели-кеч көздөрүнөн кубаныч нуру жаап, толгон айдай өңү ачыдып кетти дейсиң Бахмалдын. Чүрпөсүн эмизип отурса, экөөн тең мээримин төгө жыттайт да өбөт атасы!

Айтор, экөөнүн эл көзү күйөрлүк таттуу турмуш жыргалын пенделер гана эмес, Жараткандын өзүнө да жага бербеди шекилди, көп узабай Ормон Ооган согушуна жол алып, окко учкан бөтөн жерде. Өмүр шеригинин акыркы жана жападан жалгыз каты окко учаарынан үч күн мурда тийген колуна. Бахмал таберик катты тумар катары сактап жүрөт колтугунда… Катта мындай таттуу тилек, ачуу арман жазылган «Бахмалжаным! Буюрса үйгө кайтып калаармын. Бирок, ок аралап жүрөм… Кокус…. кокус… Баламды өзүң … Тукумум үзүлбөсүн… Шонтүп, үйгө кыйбасынын өзү эмес, «кара сандык» менен мупмуздак ызгырык кирип келген жүткүнө.

Жыл дегениң кайырсыз, ай дегениң азгыргыч, күн дегениң күнүмдүк белем. Артта кала берди, кызыгы менен супсагы тепе-тең күн-түндөр. Уулу Сулайманга өзү – апа, өзү – ата болуп, жеткирди эрезеге. Атасы Ормондой алдуу-күчтүү, келишимдүү да мээрман жигит болчу. Кыз-кыркын алдынан кыя өтө албаган эркектик сүр бар эле. Жылдызы ысык, жакшына небере келин суйкая астанасын аттаганда, эненин сүйүнгөнү, ов! Жакшы чыкты келини. Кайын эне, келин деген эле аттары болбосо, кадим эне-бала. Аттиң, ороосу толбогон бөксө дүйнө, кайын эненин топурагынанбы, келини да кеч, о кеч жалгады этегинен.

Бу бакыт шарап эмес тура, көңүлүң көксөгөн убакта чыныңды «лык» толтура куюп алып, лазаттана шимирип отургудай. Тоо ашып келген кара жоо саратанда жааган калың кар сымал, кирип келди айылга. Аскер комиссариятындагылар тоо ичинн коён жатагына чейин билген жигиттерди иргей чакыра, колдоруна дүрбү, курал карматып, жоо жүргөн өңүттүү жолдорду тосууга жөнөттү. Жоонун буктурмасына туш келишип, атышуудан окко учту Ормон. Өлбөй кал! Күнү-суусу түгөнгөнгө айла табылбайт окшобойбу.

Уулу тоого жөнөөрдө бөбөгүн жыттай минткен Бахмалга: «Апа, мен кайтып келгенче жалгызымды жакшылап карагыла.– Азга энесин, колуктусун, уулун кыйбай карай берип– Кантсе да, согуш деген согуш, апа..Тукумум…»

Өксүй-өксүй, боздоп отуруп калган эне шордуу:

– Об-б-о* (аттиң), балам а-а! Шам чырагы-м! Кудум атасынын сөзүн кайталап, эне жаныңдын жүрөгүн эзип, сай сөөгүн сыздатып, эртелеп кетип калбадыңбы! Сен окко учпай, мен учсам не!

Дээринен эрки бек аял, тышка чыгарбады ич-арман күйүтүн. Көчөгө чыкса боюн түз кармап, ары-бери өткөн айылдаштарына саламын айта, мүңкүрөбөдү сира. Дос-душмандын алдында мукурап, уулунун арбайын кыйнагысы келбеди эгерим.

Тагдырдын сака оюнун кара, абышкасы Ормон да, уулу Сулайман, небереси– үчөө тең атадан жалгыз уулдар. Өмүр шеригинин, анан өзү тууп-туткан перзентинин «…тукумум үзүлбөсүн…» деген сөздөрү кетпес так, өчпөс сыя изин калтырды жүрөгүнө.

Арийне, тирүү жандын күнү ыйлап-сыктап өтө берет окшобойбу. Өлгөндүн артынан өлө албайт экен чымындай жаны «кыбырап», көз-чырагы жылтырап турса. Төтөнчө мынобу ата тукумун улар мотурайган небереси жанына эш болуп, өчүрбөдү үмүт шам чырагын. Таянар жөлөгү, тирүүлүктөгү эрмеги да илинчеги. Бөбөктайы колдорун тарбалааңдата, оймоктун көзүндөй ууртуна күлкү уялай баштаган күндөн тарта, үмүт шооласы кайра жанып, көңүлү кушбак.

*       *       *

…Жибектей маин түн. Толгон Ай айтабак кудум. Тескей тоонун чокусун жандай сызып барат секи-ин. Неберетайы уктап атат «пыш-пыш». Эне ысуулап кеттиби, төшөгүн сыйырды үстүнөн. Ай-жарыктын ак нурлары көздөрүндө тунуп, дил-дүйнөсүн жарыта… Бир ыргакта желпине соккон салкын шапада суйдаң чачын уйпалай сылайт. Оббоо десең! Ушундай бейиш түндө да сүтак куш жүрөк сыздота сайрабаса не, кошулга ташыл болуп. Опосуз дүйнөнүн бир кабаты шаң, бир кабаты муң белем! Сүйүнүч менен муң эгиз беле-ем!

Түн оогон, тынч теребел,

желпине жүрүп берди,

жан жыргалы шапада-жел.

Көөшүлөт, балкыйт баары.

Бир гана сүтак куштун,

басылбайт муң, сайраны:

Тилегени бир тамчы сүт:

«Сүтак-сүтак! Сүтак-сүтак!

О Жараткан, оозума тамызсчы таттуу сүтүң.

бир ууртам ширин сүтүң!»

А, Көк тымпыят, сыран ката… Түнү бою муңкана сайрай бергенинен таңдайы какшып, тили куураган сүтактын сайраны пастап барат улам. Мукур* куштун муңу эми жайына түшкөн эненин көңүлүн кыжаалат кыла, удургуп кетти ич дүйнөсү…Тура калды төшөгүнөн. Унутуп коё жаздаптыр, багымдат намазын. Шашыла жазды жайнамазды. Боюн түз кармай, эки колун көкүрөгүнө коё, таза ниетинен күңгүрөндү:

– Бысмыллахир рахмани-рахим. Жүзүмдү кыбылама бурдум. Ниет кылдым, Багымдат намазынын окумакка.

Шашпай, салмактуу, көкүрөк тереңинен чыккан үн менен сүнөттү үн чыгара ыкласын коё окуп, парзга келгенде ичинен кайырды. Аягында алакандарын жая, добушун көтөрө:

– Жараткан Эгем, жакшылыгыңды жалгыз неберемден аяба. Чоң атасы Ормонум жана өз атасы Сулайманымдын издерин өчүрбөй, тукумун көбөйтсүн! Оомиин!

Окуган намазына ичинен канааттана жүрөгү жылый, этият бүктөй ордуна койду жайнамазды. Жарый түштү жан дүйнө түпкүрү. Небереси түш көрдүбү же Умай Энеси эркелеттиби, күлүп койду ууртунан. Эне жылмая, ага сөөмөйүн кезей:

– О балаң түшкүр, кыйла кайсар немесиң а-а!!

Эрий-жибий жыттады чүрпөсүнүн айтамагынан. Баладан жан жүлүнүн чымырата ысытып жиберген өзгөчө бир туйгуну сезди. Ал туйгу өзү жоготуп коюп, сагынып-зарыгып таппай жүргөн уулу Сулаймандын жыты болчу. Ие, жан чучугуна жагым, сүйкүм жыт! Кайра тийгизди небережанынын уйкулуу жүзүнө эрдин. Баладан бул жолу башкача бир касиет, эркектин кубаттуу деми урунду. Шол эркектик ысык дем сууп калган аялдык сезимине от тутанта, өрүк чогундай ысык тап туташ тарады боюна. Жоготконун таап алган эненин бөздөй кубарган жүзүнө нур чайылып, кайыштай катып калган терисинин астына ысык сөл жүгүрүп, көкүрөгүнө «лык» толду мээр шербети. Колдору калтырай, эреркий сүйүнө шыбырады:

– Тооба, кудум чоң атасынын жана атасынын өпөзү! Бөбөк көөшүлө уктап атса да, ыргалта, секи-ин термете баштады бешикти. Алда качан жадынан чыгып кеткен бешик ыры куюла берди көмөкөйүнөн.

Алдей-алде-ей кубатым,

ширинден ширин каймагым.

Жетилесиң бир күнү,

жыттайын сенин балдарың.

Алдей-алде-ей сепилим,

мамык болсун бешигиң.

Ата урпагы болгунуң,,

ачып жүр куттуу эшигин.

 

Алдей-алд-ей, алтыным,

уйкунун балын татыгын.

Намыстуу жигит болуп өс,

туусун көтөр калкыңдын.

 

Алде-ей-алде-ей аппагым.

Алде-ей-алде-ей ак таңым!..

Басылбай бир ыргакта жааган ак жаандай, төгүп-төгүп ырдай, созолонто-сызылта кыңылдай бергиси келди Бешик Ырын. Кыялында бүт болумушу менен небересинин бешик төшөгүнө айланып кеткендей туюп турду өзүн.

– Ой, не болуп жатам өзү?

Ал бут манжасынан тартып, чачынын түбүнө чейин кызый баштаганын туйду. Бети чымырай ысып, жетимиш тамырынан кандайдыр бир денесин магдыраткан ысык нерсе эки эмчегине сыза куюлуп аткандай… Бошогон сүзмө калтадай салаңдап бырышкан эмчеги ысык бирдемеге толо баштагандай, тиреле тысырая, найза учундай тикчие-тикчие түштү мистедей-мистедей эки үрпү. Анан эле, анан эле, сүт «дирт»» эте атып чыкса болобу! Адегенде ишене бербеди көргөн көзүнө. Алаканына куюлду жылуу сүт. Өзү да сезбей калды. Эмчегин небересинин оозуна шашыла сала койгонун. Кайран бешик баласы, көзүн ачпай соруп атты, соруп атты бал татым сүттү. Эне-бала көлкүй-балкый, эки дене бир денеге айланып!

Мына, сүткө тоё нымшый тердеп чыккан бала маңкайып, оозу кулагына жете, көздөрүн күлмүңдөтө ыржайды эле, анысы тандырдан жаңы үзүлгөн нандай кызарган нурдуу жүзүнө чайылды. Балакайдын маңдайы толгон Ай, көздөрү таңкы Күндүн аруу нуру! Эне эргулунун колдорун таңуудан бошотуп койду эле, илинген оюнчуктарды шылдырата, шоктоно ойноп кирди. Муну көрүп улгайган жандын кирген суудай толкуп-ташты катый төшкөн сезими. Кыйладан бери мындай бакытка маарый элек болчу кайран кары неме. Анан баланы Умай Энеси көөшүлтө, жетелеп кетти, шипширин уйку өлкөсүнө. Ал көңүлдүү кынтайды төшөгүнө.

*       *       *

Али таңдын атышына жарым чай кайнамдай убакыт бар. Каяктандыр эрте ойгонуп алган ала карга «шуу» учуп келе калып, короонун үстүнөн бир айлана, какшана какылдап өттү: «ка-а-ак! ка-а– ак!.. ка-а-ак, ка-а-!»

Эненин «зырп!» эте, опколжуп алды жүрөгү. Карганын бейубак какылдагын жакшылыкка жооруп, небересинин амандыгын тилеп, манжаларын аяр тийгизди ширин тайынын жүзүнө.

Анын тулку боюна ысык жүгүрүп, ачылып кетти көңүлү. Чоң үйдө өзү жалгыз эмес, жөлөнүп-таянар небереси бар. Ушуга ичинен каниет-топук кыла күбүрөндү:

– Шунчалыгына да шүгүрчүлүк кылайын, көп эле өзүмдөн кете бербей. Неберемдин мууну катып, боюн түз кармаган күнү, Баткенге түшүп, үч дөңгөлөктүү сапит* (велосипед) сатып берем!

Мулуңдап сүйүнгөн эне, чарчаганын унута, уйку-соонун арасында жатты. А, төмөндө, Көксуунун бир ыргактагы «шау-шуусу»… өрүкзар тараптан түнү бою «сүтак-сүтак! сүтак-сутак!..» деп, муңканып чыккан сүтак куштун чарчаңкы, алсыз үнү үзүк-үзүк угулат.

Эне шу күндө жетимиште. Жапыс бойлуу, илмейген арык жан. Чарчаңкы, өңү өчкөн көздөрү кирип кеткен чанагынын тереңине. Жүрөгү сыздап ооруп, дарманы аз. Анткен менен, табиятынан тири-карак аял, ал-күчү жоктугуна карабай, дале үй түйшүгүн келини менен тең бөлүшө, тыным албайт кечке. Небересин миң сүйүп, түшүрбөйт колунан. Минтүү менен жанына тынчтык бербеген санаадан арыла, жоонтот өзүн. Шу тапта баарына чыдап, барына топук кылуу анын энчиси да үлүшү. Ич-ичинен бөксөрүп турса да, келининин көңүлүн көтөрүүгө тырышат ар убак. Минткенинин жөнү бар. Бир армандуу, өкүттүү ой жүрөгүн нылдай басып, ичин келемиштей кемиргени кемирген. Анысы бул: «Келиним жаш, кайсыл бир күнү уулумдун үйүн таштап кетип, башка үйдүн очогуна от жагып калбас бекен?» Муну ойлогондо заманасы куурулуп, жай таппай калат отурарга. Башка айылда жашаган кызы: «Келиниңиз ооруканадан сакайып келгенче, үйүмө алып кетем» деген өгүнү. Анда байбиче: «Танамда* (денемде) жаным турса, уулумдун эшигин бир күн да жабык калтырбаймын! Сен өз үйүңө барып, тиричилигиңди кыла бер!» деп көшөрүп койгон.

*  *  *

Өчүңкүрөп бараткан Сары Жылдыз мышык көзүндөй «жылт-жулт…». Аздап-аздап таң жарыша, шаңгалаты көзөп-көзөп жиберди түндүн кара көшөгөсүн. Таң алдында күчөй түшкөндөй дарыянын шоокуму…

Күн-чубак «күлмүң» десе,

Ай-жарык сөнөт нары.

Өлбөстүк күүсүн чертет,

Көксунун агым шары…

Баш-аягы жок ойдун кыйма-чийме чырмоогуна чырмала, уйку-соонун арасында ойдолоктоп жатып, эми эле уйку илешкен болчу көзүнө. Окус дарыя тараптан «дүңк! дүңк!» эткен жарылуунун катуу толкуну аба жирей «күүлдөп», терезелерди титирете, айыл аралай өтүп, андан ары аска-зоо бетине «чак-чак!» уруна жаңырды. Иттер тегиз үрүп, мал-жандык мөөрөп-маарап, тынчы кетти, таң алды мемиреп жаткан айылдын. Төшөк этегинде мырыгып уктап аткан мышык тура калды мыёолой. Таңкы уйкусу бузулган дөбөт «күрс-күрс» үрө, тура калды жаткан жеринен. Небере бала куйсалана кыңкыстап, уйку ширинин татый берди кайреле. Уйку-соо арасында жаткан кары киши колдорун таяна көтөрдү башын Чагылганбы дейин десе, чакчаят асман. Наркы бет тоо боорундагы кен чалгындоочулардын адаттагы жардыруусу дейин десе, тыптынч ал жак. Алая түштү көздөрү. Кудайым өзү сактасын, төмөндө Көксуунун чоң көпүрөөсү күйүп атат алоолоно. Не болуп кетти?

Адебей айыл тик турду бутуна. Ызы-чуу, катын-калачтын ыйы, балдардын чыры. Бахмал эне адегенде эч нерсени аңдай албай башы маң. Аңгыча дубалдаш кошуна келин даричаны кыңгай ача:

-Ай, чоң эне! Болуң тез, эл үрктү. Качабыз!

– Кудай сактасын! Не болуп кетти өзү?

– Не экенин өзүм да билбеймин! – Энтиге дамыга,– Кимдир-бирөөлөр азыр эле чоң көпүрөөнү жардырып таштаптыр! – Артын чочулай карап,– Сизге жардам берейин эле деймин. Ал жагын өзүңүз билесиз… Кошунанын короосунан кожоюн жигиттин заарканган үнү угулду:

— Сен, катын! Ывырсывай, бол тез!

Келин күйөөсүнө «Бахмал энени кошо ала кетели» деди окшойт, «Күңк!» этти анысы:

– Суволуч, катын десе! Өз жаныңды жашырганга ийин таппай жатып, көчүгүңө калбыр байлагың барбы!

Кошуна жигиттин суук сөзүн угуп, калтырап кетти эненин ичи. Өмүрбеги барында деле ал жок жерден каарына-какшына берчү. Андайда Бахмал мындай деген:

– Тооба, бу кошуна жигитке качан, не жамандык кылдык дейм да. Башынан өч бизге. Өзүнүн жоругу азсынып, энди балдары дарбазабызды тээп өтчү болду. Эркектей болуп, даки берип койсоңуз..

Анысына Ормонунун дайым кайталачу жообу:

 – Э-э, Бахмалжаным, покту тепсең өзүңө чачырайт.

*  *  *

Көчөдө эл көчтү-көчтү, качты-качты, ызы-чуу. Ал небересин бешиктен сууруп ала, ыйлаганына карабай орой салды чулгоосун… Шашылышта жаңыраагын таппай, эски көлөчүн бутуна иле, колуна киргенин түйүнчөккө түйө сала, атып чыкты көчөгө. Белинен чорт үзүлүп, толкундуу сууга малынып жаткан көпүрөө, ээн калган айыл үрөйүн учуруп, калчылдап кетти денеси. Тилин салаңдата кышылдап, ээсинен адашкан кимдир-бирөөнүн ити, «шуу» жүгүрүп өттү жанынан. Мышыктын аёолу мыёоологону угулду бир үйдөн. Үрккөн эл дүрүлдөк чымчык сымал «дуу» көчө», айыл желкесиндеги Куш-Конбос тоосуна жабышкан. Күтүүсүз жамандыктан үшү кача үрккөн көпчүлүк мындай кезде тодого айланат тура. Бирөөгө бирөө карамай жок. Үрккөн журт аз убактан соң акыл-үшүн жыя, эстээр бирин-бири. А, азырынча баарын бийлеп алган коркуу сезими. Пай-па-ай! Ушунчалык таттуу белем тырмактын учундай жан дегениң! А, төбөлөрүндө үч-төрт сагызган айлана учуп жүрөт: «ка-а-а-ак! ка-а-а-ак!… к-а-а…»

Эне аламандан үч жүз кадамдай артта. Сол колунда небереси, оң колунда таяк, бел куруна илинген түйүнчөк. Эски көлөч колоктоп, бутунан чыга берип жүдөттү. Ага карабай жан далбас жол арбытуу аракетинде. Карылык дегениң бир балээ тура, алыңды курутуп, мазаңды алган. Өз денеңе өзүң ээ боло албай калган шордуу чак. Канчалык өйдөлөөгө жан үрөбөсүн, буттары чалыштап, жер тартат денеси. Өпкөсү көөп, ачылышып чыккан жүрөгү оозуна тыгыла, оорлой берди дем алышы. Акыры быкшый жөтөлө отура калды, чыйыр жол четиндеги ташка. Бозоргон көздөрү кичине тунуган соң, кадала тигилди ылдыйга. Кыйла өйдөлөөгө үлгүргөн экен.

Жайлоо төрүндө бөгүп жаткан ак булут сымал түтөп гүлдөгөн өрүкзарга чулаганып жаткан айылы не керемет! Ат арабын коргон сымал тосмологон эгиз-эгиз тоолор түбүнө кыпчылган чакан өрөөнчө кадим ыпысык куш уя. Тигине, Көксуунун кашатында өз короосу. Ортодо карт өрүк. Айыл ортосунда жаңы эле бүткөн мечит заңкаяат. Анын артында кароосуз калып жүдөгөн китепкананын имараты көзүнө түшкөндө, эне кеберсиген эрдин тиштегиледи. Атти-иң! Кечээ эле ушу китепкана келген-кеткендердин аягы үзүлбөй, түндөлөрү жарыгы жанып, адамдардын ысык колдору тийген китептердин барактары «жыргап» ачыла, «шыр-шыр» эткен маин авазы кулака жагымдуу угулчу. Ушу «кызыл үй» убагында канча пенденин дилин жарып, кыял чабыттарына канат байлады, ов! Колхоздун кычаган жумушунан чарчаган бир курдай келиндер «кызыл үйгө» баш багып, сырдуу да сүрдүү китептердин барактарына үңүлчү. А, бүгүнкү кейпи бул! Акезде мечиттин эски имараты кароосуз калып жүдөгөн… Эми китепкана. Эне башын чайкай.

– Адамдар э-эй, адамда-ар! Китепкананы да, мечитти да бирдей бепестеп, экөөн куштун кош канатындай көрсөңөр, мынчалык жүдөбөй, өркөнүңөр огеле өсмөк!

Тигине жүлүн сымал созула агып атат Көксуу. Дале быкшый түтөп атат көпүрөө. Кимдир-бирөөлөрдүн кыбыраган караандары көрүнөт айылдын ич-тышында.

– Кошуна келин айткан куралчан кишилер го кыбырап жүргөндөр?– Ушинтти эне, алардын караандарын көзү менен ээрчий.– Деги алар кимдер өзү? Кайдан келди, максаттары не? Тынч жаткан элге бүлүк салгандары неси.– Башын чайкай,– Адамдар э-эй, адамда-ар, өз үй, өлөң төшөгүңөрдө тынч жатып, тиричилигиңерди өткөрсөңөр болбойбу дейим да. Өзүңөрдөй эле пенделердин очоктогу отун өчүрүп, күлүн сапырбай.

Эне короосунан чыкпай, айыл-апаны аралабай калган кыйладан бери. Өзү теңди кемпирлер менен аны-муну кеп кылууга чама-чаркы жок. Келини ишке чыгат талаага. Бөтөнчө сыркоолоп, ооруканага жатып калгандан бери небереси менен алек.

Эми ал айыл тарапты унута жер карап, эрдин кыбырата берди. Ал кимдир-бирөөлөргө таарынычын билдирип, нааразы. Жашоону ушунчалык сүйгөн, бирөөлөргө кылдай жамандыгы жок Ормонунун Ооган айкашында жаштыгын курутушту. Анысы аз келгенсип, адам-боордоштору өткөн жылы кайдан-жайдан бөрүдөй качырып кирип, жалгыз уулу Сулайманын тамам кылышты.. Бир жыл өтүп-өтпөй дале ошол эле адамдар мынобу тынч элди козгоп, айталаага качууга кириптер кылып отурат. Бу пенде дегениңдин ичиндеги курту «кыбыр-кыбыр кыбырап» тим жатпайт шекилди. Качан ичин күн-түн «кымыңдата» аймалап-тырмалаган курту тынчыса, жаны тынат окшойт алаң көз адамдын. Шашпай турса «тынчып» калаар күнү деле алыс эмес ко анча деле. Бирөөгө акаарат сөз айтып, бирөөнү түртмөлөп, жакасынан алып турбаса кумары канбайт сыягы жумуру баштуу макулуктун. Тигине, ылдыйда кыбырап жүргөндөрдү да өз ысык үйүнөн ичтериндеги «кыбыраган» курттары алып келген биякка.

Дагы тигилди ылдыйга. Ана! Шол курт-пенделердин арасынан эки караан айылдан чыга, бери, өзү өрдөгөн чыйыр жолго жабышкандай…

Кайра суроо салды өзүнө өзү: курт-адамдар колдорундагы киши өлтүргүч куралдары менен кимдерди атып, опузалап жүрүшкөнүн өздөрү билишеби? Туюшабы, адам забынына калуу күнөө экенин? Аңдашабы, биякка не максат-мүдөө менен келгендерин?

Жообу жок суроо артынан суроолор. Адатта эненин ар бир кыймыл-аракетине кайдыгер калбай, жооп-оюн айтчу жан өзөгү да бу жалган дүйнөнүн мүшкүл-түйшүгүнөн чарчаганбы, тым… А, таш үстүндө чалкасынан жаткан небере бөбөгү туулбай жатып адамдардын кайсарлыгына нааразыбы, айтор, чургоосун буза, кыска буттарын булкунта-булкунта тепкилейт асманды.

Кемпир ушу бийик тоонун жарым белинде бүкчүйүп, алы куруп, көзү тунара, эсине бир келип, бир кетип отуруп, пенделердин адамга жакпас жоруктарын өткөрдү көңүл чыгырыгынан. Ооба, бул жообу жок суроо алмустактан бери жандырылбай келет.

Көздөрү чекчейе, үшү кетти өзү тарапка өрдөп келаткандарды эстей калып. Алар биякка чыга келишсе не болот? Өзү үчүн чочулаган жери жок, небереси үчүн жүрөк заада. Башына урабы карыган немени Куралчан кишилер үчүн бүкчүйө, көздөрүн чылпак баскан неме бир пул. Бөбөгүн колунан тартып алышат! Муну ойлогондо жүрөгү тартып кетти артына. Чүрпөсүн жаткан жеринен колуна ала коюп, мүдүрүлө, тизелери ташка уруна жыла берди өйдөгө. Ай-а-ай балаң түшкүр десең, чыңыра ыйлап кирди, буттарын чулгоодон чыгарып алып. Тиги туу белге эптеп чыгып алса болот эле. Көл-шал тердеп, өтмө катар кийими. Көзүнө куюлган терин сүртүүгө чолосу жок. А, эл белди ашып кеткен окшойт, көзүнө илешпеди бирди-жарым караан.

Жайчылык күндөрү мынобу эгиз тоого эмес, көпүрөөдөн үйүнө чейинки арзыбас өр жолду басып өтүү азап болчу. Азыр деле эмне болсом ошол болоюн деп, отуруп алмак. Небересинин эртеңи кубат берип атты алынан алда качан тайган денесине. Акыры чыгып барды туу белге. Баланы жаткыра коюп, «шалак» урду боюн жерге. Жаталбады көпкө. Башын көтөрө, турууга аракет кылды ордунан. Өзүнө баш бербеди денеси. Эрдин тиштене, колдорун таяна отура калып, тикчие карады төмөн жакты. Көздөрү бозоро, көрө албады эч нерсени. Көз алдында түпсүз боштук. Жумду көздөрүн бир азга. Кайра ача, тикчийди ылдыйга. Тигине келатышат! Ордунан эптеп тура, небересин кучактай кире качкысы келди арчалуу чапка. Жетпеди кубаты. Отуруп калды шайы ооп.

Мына, жетип да келди экинин бири. Ийининде автомат, колунда таяк. Сакалдуу неме сүрдүү көрүнгөнү менен, мээрим төгүлгөн көздөрү күлүп турат. Ал чыңыра ыйлап аткан бөбөктү көрө, автоматын жерге коё салып, колуна алды баланы. Жүрөгү оозуна келе калган Бахмал:

– Колуңду тарт баладан!

Тиги күлүмсүрөй унчукту секин:

– Энахан, неберең ыйлап атат.– Баланы этияттай узатты ага.– Яки ылдый, жолго жеткирип коёюнбу?

Ага ишене бербеген кемпир:

– Жок, уулум, өзүм эле…

Жигит бала менен энени боор ооруй карап коюп, нары басты. Анын оюнда эмне барын, неге өзүнө боор тартканын анчейин түшүнө бербеген кары киши эрдин кыбырата күңк этти:

– Көпүрөөнү жардырып, тынч жаткан элин бүлүндүргөн неменин мээрим төгүп турганына түшүнбөдүм?..

Бөбөк күлүмсүрөй, кыпкыска колдорун тарбалаңдата, башын жөлөдү чоң энесинин көкүрөгүнө. Эрип-эзилип кеткен берки кыса:

– Күчүгүм менин, тукум улаарым менин!

Бир саамга бакытка маарып турган байбиче аңдабай калган экен, эңгезердей сакалчан жигиттин маңдайында турганын. Муздак өңүнө көзү уруна түшкөндө, үстүнө муздак суу куюлгандай «чым!» этти ысып турган денеси. Бурк этти ыраңы суук сакалчан:

– Баланы бизге бер.– Башбармагын көрсөтө,– момундай мусулман кылып алабыз!

Анын сөзүн жарым-жартылай түшүнгөн кемпир жалдырай:

– Кой уулум, өзүм эле тарбиялап алам.

Ушу тапта нарыдан кыйкырды биринчи жигит:

– Э-эй, бол тетезирээк, кечигебиз! Аларды не кыласың, жадаса жүк көтөргөнгө жарабаса!

Мунусу «сен бара бер» дегендей зааркана, булка шилтеди колун.

– Сен баланы каапыр кыласың, каапыр!

– Жок, уулум, антпей калайын. Мен деле беш убак намаз окуган мусулманмын, Алланын кулу, пайгамбарыбыздын үмөтүмүн. Каапыр кылбай калайын көз карачыктай неберемди.

Тиги уккудай эмес, оройлоно бирдемелерди булдурай, баланы чоң эненин колунан жулуп ала, жулкуна басты нары. Түктүйгөн неменин кейпинен коркуп кеткен наристе, өңү боз-ала боло, жүрөгү оозуна келе чыңырды жанынын барынча. А, эненин карт жүрөгү токтоп калгандай нес басып, үнү каргылдана, колдорун узата, жалбарып жиберди:

– Токто-о уулум, токто-о! Сенин деле мендей энең бардыр. Мүмкүн татына колуктуң, анан бөйпөйгөн бөбөгүң барды-ыр!

Тиги угуп койбой, улантты жолун. Кайдан-жайдан денеси чыңала түшкөн кемпир атып турду ордунан.

– Өзүмө бер, неберемди!

Түрү огеле суук боло түшкөн сакалчан автоматын кезеди ага. Чаар көздөрүнө кан толуп, кумсара, жылан тилиндей кыйшайды чычайган мойлоосу. Тиштене кыйкырды:

– Кач, кач!

Эми, автоматын«шарак!» эттире, сөөмөйүн тийгизди машасына. Кары киши ыргылжың тарта туруп калды бүкчүйгөн тейде. Бала чыңырып атты адаттан тыш. Шордуу кемпир тез эсин жыя, силкип-силкип алды башын. Тулку бою кызып, алка-шалка терге батты алсыз денеси. Кандайдыр бир ысыкпы, суукпу, ачуубу кандайдыр бир агым бут манжаларынан өйдөгө, ошондой эле агым чач түбүнөн ылдыйга жыбырап жыла, куюлуп атты жүрөгүнө. Жүрөгү заматта ысык жалынга лык толуп, анан ошол от андан өйдө көз чарасына сызыла жылды. Бул кубулуш ушунчалык тез жүрдү дейсиң, эне өзү сезип-сезбей калды. Каректерине «лык» толгон жалын ачуудан ачуу, заардан заар кек, каар эле. Ачуу каар эки көзүнүн чарасына толуп-таша, жек көрүү огуна айланды.

Анын көзүндөгү каар окту көрүп, тиги апкаарый түшө, машааны басканы калды. Бирок, бирок! Кемпирдин каректерин жара жаздап турган каар огу автоматтан мурда атылды. Эки каректен атылган каар огу нак эки көзүнө көзөлдү тигинин. Эки көзү оюла, ак-карасы агып түшкөн неме, өң-алетнен кете, буттарын талтайта туруп калды саамга. Колунан суюла жерге түшкөн бала чыңырды асман-жерди жара. Каар огун тоё жеген сакалчан артына чалкалай түсөрүлүп барып, зоодон уча, ушунчалык катуу, ачуу чыңырды дейсиң:

– Апа-а-а-а!!! Апа-а-а-а-а-….а-а-а-а– а…

Аска-зоону ураткыдай аянычту кыйкырык уккан пенденин үшүн ала, жаңырып турду кыйлага:

– Апа-а-а-а-а! Ап-а-а-а-а-а…. а-а-а……

Ушу тапта төбөдө чарк айлана учуп жүрдү көмүрдөй карпкара сагызган. Ал каргалык тили менен минтип шакылдап, табалап, мыскылдап атты:

– Ка-а-а-ак! Ка-а-а-ак…. Ха-ха-ха-а-а-а! Э-эй адам, ушуну көрмөксү-ү-үң Ка-а-ак…. ка-а-ак…. Ха-ха-а-а-а-а! Ысык үйүңдө жата бербей, жардан учуп тамам болууну көксөгүнсү-ү-үң! Ка-а-ак! Ка-а-а-ак! Бирөөгө ор казсаң, өзүң түшөсү-үң! Ха-ха-а-а-а-а…!

Ага удаа берирээкте чулгоосу чечилип, кыска буттары көктү тебе тырбалаңдап, кыпкыска колдорун кудум байыркы грек чечени Цицерон өңдөнө оңду-солго булгай чыңырып кирди:

– Ың-а-а-а! Ың-а-а-а. Ы-а-а-а-а-а….. а-а-а-а-а-а-а-……….

Анын ыйлуу чыңырыгы аскадан аскага, тоодон-түзгө, чөлдөн деңизге, деңизден океанга жетип, ааламды чарк айлана, Жер боорун өбөктөп жүргөн адам-макулуктарга минтип угулуп атты:

– Э-ге-ге-е-е-ей, пенде-л-е-е-ер! Неге издегениңер жаманды-ык?

Неге бириңди экинчиң кодулайсы-ңа-ар?!

– Ың-а-а– а-а… Али эки буттап баса элек мени аягылачы-ы-ы! Бириңе экинчиң курал кезебей, кучак жайгылачы-ы-ы!

Чоң эне жатат чалкасынан, жана эле чырактай жанып турган карачыгы соолуп, көз чарасы ородой оюлуп. Талтайган эки бутунун бири наркы, экинчиси берки дүйнөнүн чегин басып тургандай сезди өзүн. Эки дүйнөнүн кайсынысына кадам таштаарын билбей, эки анжы ойдо. Ишенбей турду кайсыл дүйнө чын, кайсыл дүйнө жалган экенине. Туюмунда наркы дүйнө тынчтай… Ырасында бу садагасы кетейин жарык дүйнөдөн жана балдай таттуу жашоодон эмес, өзүнө тагдырлаш пенделерден көңүлү калып турду. Эрдин кыбырата муң-арманын ичинен кайыра шыбырай кобурады:

О, Эгем!

Пендем тойсо кутурат деп,

отуңа салып, сууңа малып,

башына мүшкүл үйүп,

машакат жашоо бердиң.

Оңолдубу?

О Жараткан! Пендеңе

куш пейил менен кошо,

ит пейил таңуулапсың.

Мунуң не?!

Эриккенде эрмектеп

жүрөйүн дегениңби?

О, Улугум!

Кишинин жүрөгүнө,

ү тардыкты уютупсуң.

Суу турса, кан көксөтүп,

шорун сен курутупсу-уң..

Жыргал менен кууралга

жараттыңбы, Адам Ата,

Оба Эненин тукумдарын?

Не көкүрөгүн жарып чыгаар арман-күйүттөн, кайгы-муңдан, өзөгүн өрттөгөн өкүнүчтөн аз да болсо бошонуунун ылаажысын таппай атты. Ойе, бул арман-күйүтүнө өзү себепкер болсо бир жөн, мынчалык өкүнбөйт эле. Өзүндөй эле бир топурактан жуурулуп жаралган, табияты бир адамдар себепкер болуп атпайбы. Акыры төшүнө тирелип турган асирет-арманы, муңу үшкүрүккө айланып, тээп чыкты тышка:

– У-ух!

Жеңилдегендей сезди өзүн. Дагы үшкүрүндү терең-терең:

– У-у-ух! У-у-ух У-у-у-ух!

Көз чарасы ородой оюк, карачыгы агып калган эне небересинин ыйлап атканын укту. Тирүү экен! Ый-кубаныч аралаш күбүрөнө жүзүн көккө бура, колдорун көтөрө дагы кайрылды Жаратканга:

— Оо, Жараткан! Өзүбүз күнөөлүбүз, балдай таттуу «шорпобузду, туздуу да каамкым кылган!

О, Эгем! Эч кимге сүт кылбаган, жарык дүйнөң, тирүү дүйнөң, жалган-жалган, арман-арман.

Саамга ойлоно түшүп, Көктү кадала карай, башын чайкай:

— Жо-жо-ок, жалган эмес!

Жарык дүйнөң!

Көздөрүнөн жалын жанган,

жүзүнөн мээр тамган

каар тамган, заар жанган,

төшүнө үмүт толгон,

түтүндүү күйүт толгон,

КИШИНИН ӨЗҮ ЖАЛГАН!

Арман-арман.

Көзүнө жаны көрүнүп,

ооруса мүңкүрөгөн.

эсине кудай келип,

жалбара үшкүрүнгөн,

ПЕНДЕНИН ӨЗҮ ЖАЛГАН.

Арман-арман.

Күч-кубаты ташып турса,

Башкага док урунган.

Дөөлөтү ашып турса,

чындыкты танып-чанган.

АДАМДЫН ӨЗҮ ЖАЛГАН.

Арман-арман…

Өмүрлүк кошунасын.

көрө албай кас санаган,

жер шары «меники» деп,

кызганган башкалардан.

Акыр түбү энчисине

эки кадам жер тиерин

ойлобогон, аңдабаган,

БЕЧАРА ИНСАН ЖАЛГАН..

Арман, арман.

Көмкөрөсүнөн жата кала, жерди кучактай жалбарды:

– Оо Эне-Жер! Адам макулуктарыңдын жаман жоруктарын кечире көр! Алмустактан бери пенделериңдин оор күнөөлөрүн көтөрүп келесиң. Дагы да көтөрө бересиң! Киши баласы бир күн эсине келип, көзү ачылып, кайсарлыгын калтырып, кечирим сураар күн келээр сенден!

 (Соңу)

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.