Жогорку Кеңештин депутаты, акын жана журналист Каныбек Иманалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулган “Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аталышындагы конкурс жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылат.

Аталган иш-чара борбор калаабыздагы алп акын Аалы Токомбаев атындагы мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көчөсү, 109) 12-декабрь, саат 12-00дө башталат.

Жаш акын-жазуучулар арасында уюшулган конкурс жеңүүчүлөрүнө акчалай байгелер менен бирге “РухЭш” сайтынын атайы дипломдору тапшырылат жана аталган музейдин экспонанттары менен жаш калемгерлерди тааныштыруу уюшулат.

Эскертсек, бул музей 1990-жылы ачылып, 3 көргөзмө, 3 мемориалдык залдан турат. Музей Социалисттик эмгектин баатыры, акын, жазуучу Аалы Токомбаевдин өмүр чыгармачылыгына арналган. Музейдин фондунда 4 миӊ 475 экспонанттар – жеке буюмдары, китепкана, чыгармалары, фотодокументалдык материалдар, орден жана медалдары, сувенирлери жана Токомбаевдин жеке каттары сакталган.

“Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аттуу конкурстун калыстар курамынын мүчөлөрү: Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, адабий сынчы Аскар Медетов, Эл аралык “Ата-Түрк–Ала-Тоо” университетинин түркология бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты, адабий сынчы Нурзат Казакова, КРУИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун «Манас», фольклор, акындар чыгармачылыгы» бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору Мээрим Көлбаеванын чечими менен 25 катышуучунун арасынан төмөндөгү жаштар байгелүү орундарга илинди:

Поэзия боюнча жеңүүчүлөр:

1-орунга эч кимиси татыктуу эмес.

2-орун – №16. Перизат Жумалиева: Аалам кең – кубанычы, кайгысы бар

Байгеси 15 000 (он беш миң) сом.

3-орун – № 22. Нургиза Абдиназар кызы: Жан элем акак таштай

Байгеси 10 000 (он миң) сом.

Кызыктыруучу байге – № 13, Чолпон Орозалиева: Менде жоксуң, кең ааламда бар туруп

Байгеси 5 000 (беш миң) сом.

Проза боюнча жеңүүчүлөр:

1-орунга эч кимиси татыктуу эмес.

2-орун – № 2. Бибинур Жыргалбаева: «Колуңду берчи» 

Байгеси 15 000 (он беш миң) сом.

3-орун – № 20. Зарина Кулбаракова: Сүрөт

Байгеси 10 000 (он миң) сом.

Кызыктыруучу байге – № 8. Айзирек Жигиталиева: Эсирген акыл, эрксиз жүрөк 

Байгеси 5 000 (беш миң) сом.

Жогорудагы байгелүү орундардан сырткары, калыстар курамы тарабынан сунушталган төмөндөгү авторлордун чыгармалары алманахка киргизилет:

Поэзия боюнча:

№ 25. Умар Нусубалиев: Меңиң, калың – жүрөктүн тагы болуп калды менде

№ 15. Махабат Касейинова: Элдин шары менен жашап үйрөндүм (конкурска №15)

Проза боюнча:

№ 6. Жазгүл Турганова: Ак чыны

№ 11.Айдана Эрмекбаева: Жоктоо

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.