“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна

Жашоо өз нугу менен алга жылган сайын адам пейили тарып, анын жан дүйнөсү бөксөрүп бараткансыйт. Барга шүгүр кылуу, жокко каниет бардык эле адамдын колунан келе бербегендей. Бу турмуш Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги Орозкул үчүн, анын тар дүйнөсү, кыска ой-сезими үчүн атайлап жаралгандай туюлат. Дегеле, адам уулунда эч качан боорукердик, кайрымдуулук, бирөөнү бирөө сыйлоо, бирөөнү бирөө аёо болбогондой сезилет. Карылар жаштарга “биз силердей кезибизде мындай эмес элек” дешсе, тигилер акырая тиктешип, балбал сындуу үн катышпайт. Кары жашты, жаш карыны түшүнбөй, бала атаны, окуучу мугалимди укпай бараткансыйт.

Ал эми өмүр арабасы чарчоону билбей алга карай зымырайт. Ата-бабаларыбыз угуп, көрбөгөн балдар, карылар үйлөрүнө барып калган кыргызды көрүп, аргасыздан ызага батасың. Кыргызда качан балдарын таштаган, карыган ата-эне өз үйүнө батпаган? Качан эле кыргыз уулу өз намысын жоготуп, билинбей азгырып бараткан маңкурттук жашоонун куралы болуп калган? Бул кандай көрүнүш деп себебин издеп баш катырабыз. Себебин таппай айлабыз кетет. Ой артынын ой, суроо артынан суроо жаралат… Канткенде “Ак кемедеги” жаш баладай жан дүйнөсү таза, ата-эненин, эли журтунун адилет жана ак пейил уулдарынан боло алабыз? “Канткенде адам уулу адам болот?” Ооба, бул өңдүү суроолор ата-энелердин, эжеке-агайлардын, тарбиячылардын ойлоруна бүлүк салып келет. Балдар оройлукту ырайымсыздыкты бири-биринен көрүшөт. Мектеп ата-энени күнөөлөсө, ата-эне мектепке шылтайт. Деги айып кимде? Ата-энедеби, мектептеби “орой”, “тилазар”, “кайрымсыз” балдардын өздөрүндөбү? Же аларга акыл айтып, үлгү боло албаган улуулардабы?

Не деген менен, бардык эле адамга Балалык өлкөсүнүн атуулу болуу бактысы, анын миң түркүн сан боёгунан өзүнүн инсандык жүзүнө, турпатына зарыл болгон өмүр боёгун тандап алуу бактысы туш келе бербейт көрүнөт. “Ак кемедеги” Орозкулду эле алып көрөлүчү. Ал кара мүртөз Орозкул атыгып, жандуу нерсенин баарына бирдей каарын төгө элегинде, дил кайрыктары таза кезинде, повесттеги балага окшоп, таттуу кыялдар менен аруу сезимдерге чырмалган балалыгы болду бекен? Балким, болбогондур.

Орозкул повесттеги балага окшоп, тоо бетиндеги таштарга “Ээр-Таш”, “Кашабаң”, “Танке-Таш” деп ат коюп же чөптөрдү да кыял-мүнөзүнө жараша бөлүштүрмөк. Күндүн нуру маңдайын жылыткан кезде күлмүңдөп көзүн ачкан гүлдү карап, “Гүлдөр эмнени сүйлөшүп жатышты экен? А балким, түш жорушуп жатышкандыр?” деп таңыркамак Орозкул. Арийне, Орозкул анте албайт. Анткени, ал бул дүйнөнүн кооз, кунигин айырмалабай, кооздугуна суктанып, жакшысына ыклас кылбай бой жеткен.

А балачы?.. Ал өзүнүн ымыркай, назик жүрөгү менен жакшылык эмне, боорукердик эмне, таш боордук эмне, деги баарысын балалык жүрөгүнө багыштап, жан дүйнөсүнө сыйдырып келет. Анын жан дүйнөсүндө кооздуктун, асылдыктын, жакшылыктын алгачкы үрөнүн сепкен, өз атына шайкеш Момун чалдын Бугу-Эне жөнүндөгү кереметтүү жомогу.

Канткен менен бу күндө бизде элдик жомоктордун тарбиялык маанисине анчейин көңүл бурбай келебиз. Ошондуктан, биз сыяктуу жаштардын баарынын эле чоң-ата, чоң-энелеринен уккан жомогу же, жан адам билбеген өз жомогу бар деп айтуу кыйын. Ал эми бүгүнкү күндүн келечек ээлерине ата-бабаларыбыздын акыл мурастарын: жомокторду, санжыраларды, табышмактарды, жаңылмачтарды жана элдик ырларды, обон-күүлөрдү ким жеткирет? Там-туң баскан баланы колдон жетелеп: “Уулум, сен бу жарык дүйнөнүн эң күчтүүсү жана эң акылдуусу. Адам атанын тукумусуң. Андыктан, сен боорукер жана кайрымдуу болууга тийишсиң. Сенин камкордугуңа жайкалган, жашыл талаадагы ак, кызыл гүлдөр да, токой-тоодогу жан-жаныбарлар да, дарыя көлдөрдөгү балыктар да муктаж” деп алгачкы акыл сөзүн ким айтат?..

Мезгил агымы жаш, кары дебей баарын бирдей өз элегинен өткөрүп, ойку-кайкы жолдору чыдамдуулукка тарбиялайт. Кыйынчылык, коомдогу ар кыл көрүнүш, Орозкул сыяктуу орой адамдардын жаш муунга тийгизген таасири, карылардын жаштарга үлгү болуусу, жаштардын чоң муундарга сыйы азайган сайын, келечектин ээси болгон жаш муун жашоонун ар кыл сыноосуна чыдамы кетип жашоосунун маңызы өчүү коркунучу бар.

Ошондуктан “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”. Жаш муун карылардын өз жашоосундагы эн бир сонун убакыттардан алган сабагын, үйрөнгөн тажрыйбасын жана сүйлөгөндө сөздүн алтынын, ошол алтын сөздөн пайда болгон жашоодо жакшылыкка жетелөө күчүнө ээ накыл сөздөрүн, эң сонун тарбиялык мааниси бар жомокторун ички дүйнөсүнө сиңирип алуусу зарыл. Бул деген, кары муун турган турпаты, жасаган ар бир жакшы кадамы биздей болгон келечек ээлерине жакшы үлгү.

Жаштар келечектин ээси. Келечектин жаркын болуусунун кепилдиги улуулардын жакшы үлгүсү!

Ош шаарына караштуу №35 Ж. Атабаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Жаныш уулу Каныбек.

Ош шаары, Жапалак аймагы, Арек айылы, Абдымомун Жусубалиев көчөсү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.