♦     ♦     ♦

Топук болбой жарды менин жүрөгүм,
Толук эмес жартылыктан жүдөдүм.
Тоодой сезим көөдөнүмө сыга албай,
Тоодо демим, жапыстыкта жүрөмүн.

Карлыгачмын өз мезгилин таппаган,
Кайда учса жаздын деми бакпаган.
Күкүм болуп миң ушалап күбүлүп,
Кызыл эттен, тээрисине батпаган.

Сүйүп сени, деңиз болдум ташыган,
Сезимдердин мухитимин калкыган.
Сыйпап шамал толкундары ташыса,
Сезиш үчүн суулар жээгин таппаган…

Жаным чыда! Кабыгыңда туйлаба.
Жаның тынаар азыгы жок калганда.
Жанар тоонун күнү бүтсө күл болор,
Жашоо үчүн, жалын муктаж учкунга!

Неге мынча кежирсиң!!!

Сезимиңди сездирбестен качасың,
Сенектигим издеп жүрүп табаарсың.
Тартып жатып тамекиңдин түтүнүн
Талкаланган аяз сезим татаарсың.

Сөздөрүмдүн жакпаганын чиесиң,
Сөңгөгүмдү ийне менен  тилесиң.
Талпынганым, жан чабыттап өзүңө
Тайды жайдак минип түштө издээрсиң.

Көздү жумуп бакчабызга бараарсың,
Көзү жаштуу көрксүз гүлүм багаарсың.
Өзөгүмдүн өрттөнгөнүн туйбасаң,
Өз багыңдын батышында батаарсың.

Менин мырзам, неге мынча кежирсиң,
Мылтыгыңды октобостон кезейсиң.
Кунарлуу бий, чырагымды өчүрсөң,
Кумарланган махабатым кечирсин!

Сиз!

Сиз деген келишкен жан, кереметсиз,
Сиз менин көңүлүмдү ээлегенсиз.
Акактай тизген сөздүн берметинен
Адамдын асылысыз, кеменгерсиз.

Кыргыздын кыраан уулу, шумкарысыз!
Кылгырса дили өксүп уртаары сиз…
Кылымдар кыйып өтөөр жазганыңыз,
Кырчылбас таштан калем куралыңыз.

Тоо сындуу токтоо, топук мүнөзүңүз,
Толгонот, ким деп толкуйт күдөрүңүз?
Жарыктык бүтүн бойдон керексиздей,
Жаралбай калса эгер аалам сизсиз.

Сандыкка катып алган сырларымсыз,
Сыясы түгөнбөгөн ырларымсыз.
Сезбестен санааларда кала бериң,
Сезүүмдүм санатынын ыргагы сиз.

Арбалсам кыялыма чындык керең,
Айбыгам айта албайм, арзуумду мен.
Канчалык көөдөн кургур кыйналбасын,
Кайталбайм! Туйгулардан урмат терең.

Сагыныч айкели

Көмүскө катылган сагыныч жүрөгүмдө,
Сүрүүдө өмүрүн, сүртүлсөм өмүргө мен.
Курамы затыңдын көөдөнгө кагылганын
Тамырым соккондо тынымсыз кайталаган.
Тобокел жашаган сезимге таң каламын,
Оорутуп канча мен көк музга таштабайын.
Өзүнө жылуу жай өзгөдөн издебеген.

Сага даңк!

Айкелиңди тургузамын көкүрөккө,
«Кайрадан… суук үйгө кайтып келген», —
деп жазамын жүрөгүмө!

Сагынуу сезимим өчпөдү сага деген,
Көшөрүп жашаган, кошулуп мени менен.

♦     ♦     ♦

Жуучу жамгыр, жуучу жашым төгүлүп,
Жумуп көздү, мен ирмемге өлөйүн.
Жумшак жерге аккан кирлер көмүлүп,
Жарыктыктын көңүл кунун төлөйүн.

Кайра баштан жаралгым бар башкача,
Калаасында аруулуктун таптаза.
Көчөлөрдө бакыт тегиз чачылган,
Көкүрөктө жүрөк эмес тараза.

Куюп жаачы, сенсиз жашым тушалуу.
Кайгырганым, жан сабалап – жан багуу.
Куюн чаңда жүрөт дүйнөм курчалуу,
Куйкалаган өкүнүчтөр, актануу…
Кошто мени! Жалгыз ыйлоом булгануу.

♦     ♦     ♦

Мени сүйгүн же сүйбөгүн баары бир,
Мендик болгон ааламымды сүйбөсөң;
Махабатың пайдасы жок аны бил,
Мелүүн желин жан дүйнөмдүн сезбесең.

Күйгүн мен деп же күйбөгүн баары бир,
Күлгөнүмдүн күүсү неден илбесең.
Күйдүм деген күйүттүү чок аны бил,
Күмөнсүгөн сөздөрүңө тепселем.

Кызганычтан уулуу желим жүрөгүң,
Кызылы жок, өңү купкуу, эч нерсе!
«Кылыгым эп сезим!» — дейсиң күйдүрүп,
Кылыгыңдан мени сүйгөн үргүлдүм.

Сөздөрүңдөн билем сенин: киммин мен,
Сөлөкөтүм жеңил, сойку, кирлигим
Кыйып салдың менин аруу дүйнөмдү,
Кызыктырбайт эми мени кимдигим!

Сүйүүлөрдө сезгенүүнүн ыраңы,
Сезимдерге өмүр кошкон, гүл өскөн.
Сеникинин өңү ажал сыңары,
Селт эттирген сезим үшүп, гүл өлгөн…

♦     ♦     ♦

Адам болуп дүйнөгө жаралган соң
Арман сенин – падышаң, сен ага – күң.
Ааламга нурун тегиз чачса да күн –
Айтылбай арман коштоор… караңгы түн.
Жылмайып кубанычка толсом дагы
Жылыбай бир бөлүкчөм калганы чын….

♦     ♦     ♦

Бейнемде нурум чөмүлгөн,
Буркурап гүлгө өбүлгөн.
Албырган кезде кайда элең,
Адашым эми көрүнгөн.

Сезимди жыттап сөгүлгөн,
Сүрдөткөн, жанды көрүнгөн.
Суйкайган кезде кайда элең,
Сумсайттың эми төгүлөм.

Жүзүмө ашык ай, жылдыз,
Жүрөгү таптуу мен жаш кыз.
Жүзүмдөй кезде кайда элең,
Жүрөгүм ооруйт, жан тыз-тыз.

Жайнаган кызыл гүл толуп,
Жай бассам, тутам чок бөлүп.
Жакаңа сүртүп атырым,
Жандасам кана кыз болуп.

Ал күндөр учкан күн улап,
Аркада, аруу жаш курак.
Айласыз көздөн жаш чыгат,
Ашыктык бөөдө, жаш улан.

Жаңырган жашоом кыялда,
Жаңылгым келбейт кыяда.
Жакыным жайдан адаштык,
Жандырып дидар санаада.

Мезгилим бизди аябай,
Мергендей түптүз… жаралай…
Мерезин таптык сүйүүнүн
Мээлеген курак санабай…

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

One Reply to “Конкурска: Арман сенин – падышаң, сен ага – күң (№25)”

  1. Сезимдин түпкүрүндөгү уялаган ойлорун ыр саптарына айланткан, акын айым болсо керек. Ыргак,уйкаштык, берейин деген ойлору бар, бирок поэтикалык тереңдик жетишпегенсийт.Ийгилик каалайм бул талапкерге…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.