НОВЕЛЛА

Порто-Векьодон түндүк-батышка карай аралга тереңдеп бара бергенде, бузулган аскалардын килейген бөлүктөрү бөгөгөн, кээ бир жерлерин коктулар кесип өткөн жалгыз аяк жол, улам тик өйдөлөп, үч сааттай жол жүргөндөн кийин маки жыш өскөн жайга туш болосуң. Маки – корсикалык малчылардын жана мыйзам тартиптерине баш бербегендердин мекени. Корсикалык дыйкан өзүнүн айдоо жерин багып, семиртип убара тарткандан көрө, жаңы айдоо аянтын токойду өрттөп жиберип тапканды жакшы көрөт: өрт уланып, болжогон жерден ашып кетсе деле камырабайт; эмне болуп кеткенде деле өрттөнгөн дарактардын күлү капталган жерден жакшы түшүм алаарына ишенет.

Данын жыйнап алган талаада (саманы ордунда калат, оруп койгон кошумча түйшүк да) кийинки жазда дарактардын аман калган тамырларынан жыш көктөп чырпыктар чыга келет; бир аз жылдан кийин алардын бийиктиги жети-сегиз футка[1] жетет. Мына ушул чытырман чырпыктуу жер – маки деп аталат. Ал ар түрдүү дарактардын, бадалдардын чырмалышкан түрлөрүнөн турат. Адам ал жерден балтанын жардамы менен гана өтө алат; а кайсы бир жерлери муфлондор да өтө албаганда чырмалышып калган.

Эгер адам өлтүрүп койсоңуз, Порто-Веккьонун макисине жашырыныңыз, жакшы мылтык, ок-дарыңыз болсо ал жерде кооптонбой жашай бересиз; копюшини бар күрөң плащты ала кеткенди унутпаңыз — ал сизге жатканга төшөнчү, жамынганга жууркан болот. Малчылар сизге сүт, сыр, каштан берип турушат, ок-дарыны толуктаганга  шаарга түшкөнгө  мажбур болбосоңуз, сиз өлтүргөн адамдын туугандарынан же мыйзам укуругунан коркпой жашап жүрө бересиз.

Мен 18…- жылы Корсикага барган мезгилде Маттео Фальконенин үйү макиден жарым милдей жерде эле. Маттео Фалькони ошол жердегилерге салыштырмалуу абдан эле бай адам болчу; ал таза жашачу, башкача айтканда кол жоорутуп түйшүк тартпай эле  малчылары көчүп-конуп жайыттарда багып жүргөн түмөндөгөн малынан түшкөн кирешенин эсебинен жашачу. Мен аны силерге айтып берейин деген окуядан  эки жыл кийин көргөндө, ал элүү жаштардагы адам эле. Пекене бойлуу, капкара тармал чач, бүркүт тумшук, эриндери жука, алагай көздүү, күнгө тотуккан чымыр адамды элестете бериңиз. Мылтыкты таамай аткан жагынан ушул өңчөй мергендер жашаган аймакта да өзгөчөлөнүп турчу. Мисалы, Маттео муфлондорду ири бытыра менен атчу эмес, бирок жүз жыйырма кадам аралыкта, өзү каалагандай — башка же колтукка таамай атып жыгып алчу. Түнкүсүн деле күндүзгүдөй таамай эле. Анын таамайлыгы тууралуу корсикалыктарды билбеген адам ишенбей тургандай окуяны айтып беришкен эле. Сексен кадамдай жерге тарелкадай болгон ак тунук барактын артына шам күйгүзүшөт. Ал мылтыгын алып мээлейт, анан шамды өчүрүп коюшат. Бир минутадан кийин, толук караңгылыкта, төрт жолу ок атып барак үч жеринен тешилген болот.

Ушундай таамайлыгы менен даңктуу эле. Аны жакшы дос, ошондой эле душман катары абдан коркунучтуу адам катары санашчу; анткен менен досторуна мээримдүү, колунда жокторго кайрымдуу болуп, Порто-Веккьо аймагында бардыгы менен ынтымакта жашачу. Ал жөнүндө, аялы кыз кезинде жашаган Корте тарапта, согушта да сүйүүдө да абдан кыйын, коркунучтуу адам катары саналган өз атаандашын жайлап салганы тууралуу аңыз кеп айтылуучу; Маттео аны терезенин жанында илинген күзгүгө каранып, кырынып жатканда атып өлтүргөн имиш. Ким өлтүргөндүгү билинбей, окуя бас-бас болуп калгандан кийин Маттео үйлөнгөн экен. Аялы Жузеппа ага үч кыз төрөп (анын кыжырын келтирип), андан кийин кана — үй-бүлөнүн үмүтү, атасынын ордун басуучу Фортунато деп атап алышкан уулдуу болушту. Кыздарын жакшы жерге турмушка узатышты: бир нерсе болуп кетсе күйөө балдарынын карабиндери менен канжарларына таянса болот. Уулу болсо он эле жашка чыкты, бирок тың, жакшы адам болчудай.

Күздүн күндөрүндө Матео аялы экөө, таң эртеңден малын көрүп келгени макиге жөнөп калышат. Кичинекей Фортунато да баргысы келет, бирок жайыт алыс, үйдү караганга да бирөө керек, ошондуктан атасы аны ээрчиткен жок. Кийин ошонусуна абдан кейип жүрдү.

Ата-энеси кеткенине бир нече саат болуп калган; Фортуната күнгө жатып алып көгүлтүр тоолорду тиктеп, эмки жекшембиде шаарга, таякеси caporale үйүнө түштөнгөнү барары тууралуу ойлонуп жаткан, күтүүсүздөн эле мылтыктын үнү оюн бузуп кетти. Ал тура калып үн чыккан жакты карады. Дагы бир аздан кийин кайра-кайра атылган мылтык үнү угулуп, улам жакындай берди; анан төмөнкү түздүктөн үйгө карай кеткен жалгыз аяк жолдо сакалы өскөн, кийимдери тытык, тоолуктар кийүүчү шуштугуй баш кийим кийген бирөө көрүндү. Ал мылтыгына таянып араң эле келатат. Санына ок жеген экен.

Ал түндо ок-дарысын толуктап алмакка шаарга барып, вольтижерлердин (аскерлердин) буктурмасына кабылып калган бандит эле. Жан аябай атышып жатып, аскалардын бурчтарына жашынып, эптеп куугундан кутулуп чыкты. Бирок аскерлерден узап кете алган жок: жараты маккиге кирип, житип кеткенге мүмкүндүк бербей келатат.

Фортунатого жакындап келип:

— Сен Маттео Фальконенин уулусуңбу? – деп сурады.

— Ооба.

— Мен Жанатто Санньеромун. Артымдан сары жакачандар кубалап келатышат. Баса албай калдым, жашырып кой.

— Атамдын уруксаты жок сени жашырып койсом, атам эмне дейт?

— Сен жакшы кылыпсың деп айтат.

— Ким билет!

— Бол тезирээк жашыр, алар келип калышты.

— Атам келгиче күтө тур.

— Күт дейби? Каргыш тийгир! Алар беш минуттан кийин бул жерде болушат. Бол,  жашыр, болбосо өлтүрүп коём!

Фортунато камырабай туруп:

— Мылтыгың дүрмөттөлгөн эмес, а сенин carchera патронуң да жок.

— Канжарым бар.

— Кубалап жете алмак белең!

Бир секирик менен коопсуз жерден жай алды.

— Жок, сен Маттео Фальконенин уулу эмессиң! Мени үйүңдүн жанынан карматып ийгенге жол бересиңби?

Бул сөз балага таасир берди көрүнөт.

— Сени жашырып койсом, мага эмне бересиң? – деди жакындап.

Бандит белиндеги кайыш сумкасын аңтарып, беш франктык тыйын алып чыкты, кыязы ок-дары сатып алганга даярдап койсо керек.

Фортунато күмүш тыйынды көрүп күлүп жиберди; аны алып Жанеттого:

— Коркпо, — деди.

Ошол замат үйдүн жанындагы чөптүн үймөгүн оюп жиберди. Жанетто оюкка кирип, бүрүшүп жатып калды, бала оюкту дем алганга аба кирип тургандай кылып, чөп менен бастырып салды. Чөптүн үймөгүндө бирөө жашырынып турганы эч кимдин ойуна да келбейт эле, анын үстүнө жапайылардын амалы менен дагы бир шумдук ойлоп койду. Үймөккө көптөн бери кол тийбегендиги сезилгендей кылып, мышыктын жаңы туулган балдарын энеси менен апкелип, чөпкө жаткырып салды. Андан кийин үйдүн жанындагы жалгыз аяк жолдогу кандын издерине топурак сээп, эч нерсе көрбөгөндөй кайрадан күнгө  кактана жата кетти.

Бир нече минуттан кийин сержанттын башкаруусунда сары жакалуу күрөң форма кийген алты аткыч Маттеонун үйүнүн жанында турушту. Сержант Фальконенин кыйыр туугандарынан эле (Корсикада тууганчылык өзгөчө мааниге ээ эмеспи). Аты Теодоро Гамба болчу. Ал бандиттердин сазайын берип, аларды куткарбай көп кармаган белгилүү адам эле.

— Кандай жээн! – деди ал Фортунатого жакындап. – Чоң жигит болуп калыпсың! Бул жерден бирөө өткөнүн байкаган жоксуңбу?

— Коюңузчу таяке, Сиздей чоңоё элекмин го! – деди бала маңыроолонуп.

— Чоңойосуң! Бол, айт эми: эч ким өткөн жокпу?

— Бирөөбү?

— Ооба, шукшугуй баркыт шапкечен, кызыл, сары менен саймаланган бешмантчан.

— Шукшугуй баркыт шапкечен, кызыл, сары менен саймаланган бешмантчан бирөөбү?

— Ооба. Мени кайталабай айтпайсыңбы бачым.

— Бүгүн эртең менен өзүнүн Пьеро деген атын минип, чиркөөнүн кызматкери өткөн. Ал менден, атаң кандай деп сурады, мен ага…

— Ой чычым! Куйтуланбай айтпайсыңбы! Айт бачым, Жанетто кайда кетти, биз аны издеп жүрөбүз. Мен билип турам, ал ушул жол менен өттү.

— Мен кайдан билейин?

— Кайдан билет элең? Сен аны көргөнүңө мен бөркүмдөй ишенем.

— Эмне, уктап жатканда бирөө жаныңдан өтсө, сен аны көрөсүңбү?

— Сен уктабай эле жаткансың, чычым! Мылтыктын үнүнөн ойгонуп кеткенсиң.

— Эмне, силердин мылтыгыңар катуу атылат деп ойлойсуңбу, таяке? Атамдын карабини – ошол катуу атылат.

— Шайтан алгыр, тукумуң өчкүрдүн баласы! Мен билип эле турам, сен Жанеттону көргөнсүң. А балким жашырып да койгондурсуң. Жигиттер! Үйгө кирип тинтип чыккыла. Ал төкөрөңдөп калган. Жалгыз аяктап макиге жетип барам деп ойлогондой келесоо эмес.

— А атам эмне дээр экен? – деди Фортунато шылдың аралаш. Өзү жокто биздин үйгө кирип тинтүү жүргүзгөнүңдү билсе не дээр экен?

— Шумпай! – Гамбо аны кулактан алды. – Кааласам башкача сайрай баштайсың! Сени айттырыш үчүн кылычтын арты менен куйрукка жыйырмадай чабыш керек окшойт.

Фортунато болсо мурдагыдай эле шылдыңдап күлүп турат.

— Менин атам – Маттео Фальконе! – деди олуттуу.

— Шүмшүк, мен сени Кортеге же Бастияга алпарып түрмөгө камап, колуңа кишен салып Жанетто Санппьеро кайда экенин айтпасаң башыңды алып койорумду билесиңби! Кана Жанетто?

Бала мындай орунсуз опузаны угуп каткырып:

— Менин атам – Маттео Фальконе, — деп кайталады.

— Сержант! – деди аскерлердин бирөө. Маттео менен чатакташканга болбойт.

Гамбого кыйын болду. Үйдү тинтип чыккан жоокерлери менен күбүрөшүп алды. Ага анча деле убакыт кеткен жок, анткени корсикалыктардын үйү бир эле чарчы бөлмөдөн турат. Стол, отургуч, сандык, казан-аяк жана мергенчилик курал-жабдыктары – болгону ошол. Фортунато болсо мышыкты сылап, таякеси менен аскерлердин шаштысы кетип жатканына табасы канып жаткандай.

Аскерлердин бири үймөккө басып келди. Мышыкты көрүп штык менен чөптү сайымыш болду, бул кылыгы өзүнө жакпагандай ийнин куушуруп койду. Кыймыл жок, баланын өңүнөн да эч нерсенин шеги билинбейт.

Сержант жана анын адамдарынын чыдамы кете баштады; келген жагына кайра барсакпы дегендей улам ошол жакты карап, аңгыча алардын башчысы, Фальконенин уулуна опуза эч таасир бербегенин көрүп, жай сүйлөп алдап алуу  үчүн акыркы аракет көрүүнү чечти.

— Жээним! – деди. — Сен жакшы бала экенсиң. Жакшы жигит болчудайсың. Бирок, айланайын, мени менен жаман тамаша баштап алдың. Маттео тууганымды капа кылып алгандан чочуп атам, болбосо айдап кетет элем.

— Капырай де!

— Маттео келсин, ага бардыгын айтам.  Калп айтканың үчүн ал сени сабайт эмеспи.

— Көрөбүз!

— Көрөбүз… Ошентсе да укчу: акылыңа келсең боло, мен да сага бир нерсе тартуулайын деген элем.

— А мен таяке, силер ушинтип илең-салаң боло берсеңер Жанетто макиге кирип кетет, анан аны кармаш үчүн сага окшогон азаматтар көбүрөк убара тартып калат, — деп айтаар элем.

Сержант чөнтөгүнөн он үч экю баасындагы күмүш саатты сууруп чыгып, аны көргөн Фортунатонун көздөрү жалжылдап кеткенин байкап, саатты чынжырында салаңдатып:

— Шумпай! Сен ушундай саатту болуп, Порто-Векконун көчөсүндө тоостой болуп койкойо басып, өтүп бараткандар сенден: “Саат канча болду?” – деп сураса:  — “Менин саатымды караңыз” – деп жооп бергиң келет чыгаар?

— Мен чоңойгондо капрал байкем саат сатып берет.

— Аның чын. Бирок байкеңдин баласынын сааты бар да. Мындай жакшынакай эмес дечи, ошентсе да… ал бала сенден кичүү да.

Бала улутунуп калды.

— Анда эмне, ушул саатты алгың келеби, жээним?

Фортунато сааттан көзүн айра албай, балапан көргөн мышыктай болуп турду. Аны менен ойноп жатканын сезип,  балапанга тырмактарын батыра койгондон айбыгып, азгыргандан алаксыш үчүн башка жакты карамыш болуп, улам жаланып, бардык турпаты менен кожоюнуна: “Тамашаң жаман да!” деген мышыктай болуп.

Бирок сержант Гамбо чындап эле саат тартуулачудай. Фортунато колун сунбай, бирок кейиштүү үшкүрүндү:

— Эмне мени тамаша чегип жатасыз?

— Кудай урсун, тамаша чеккен жерим жок. Жанетто кайда экенин айтсаң эле саат сеники.

Фортунато мылжыйып, капкара көздөрү сержанттын көздөрүнө кадалып, анын сөзүнө ишенер ишенбесин билбей турду.

— Эгер сен ошонуң үчүн ушул саатты албай калсаң эполеттеримен айрылып калайын!- деп ийди сержант. Мына, жоокерлер күбө болушат. Мен сөзүмдө турам.

Ушуну айтып, ал саатты баланын кубарып кеткен бетине такай алпарды. Фортунаттын өңүнөн саатка ээ болгусу келген азгырык менен меймандостуктун эрежесинин күрөшү даана байкалып турду. Анын деми кыстыгып, жүрөгү дүкүлдөйт. А саат болсо көз алдында, мурдунун учуна тиер-тийбес чайкалууда. Акыры Фортунато колун саатка акырын созуп, оң колунун манжалары саатка тийип, алаканынан орун алды. Бирок сержант сааттын чынжырын коё бербей, дагы эле кармап турат… Көгүш сандар…  Чыкылдаган үнү… Капкагы күнгө жаркылдап…  Азгырык жеңип кетти.

Фортунант сол колун көтөрүп, баш бармагы менен артындагы өзү жөлөнүп турган чөптүн үймөгүн жаңсап койду. Сержант түшүндү. Ал сааттын чынжырын коё берип, эми Фортунато сааттын ээси болду. Эликтей так секирип, аскерлер буза баштаган үймөктөн он метрдей алыс барып турду.

Үймөк кыймылга келип, колуна канжар кармаган, канга боёлгон адам үймөктөн чыга келди; ал бутуна турууга аракет кылып, бирок жараты ага мүмкүндүк бербей жыгылып түштү. Сержант баса калып, канжарын жулуп алды. Ошол замат каршылык кылганына карабай колу-бутун байлап ийишти.

Бооланган чырпыктай жерде таңылып жатып, жакындап келген Фортунатого башын буруп:

-… баласы! – деди ачууланбагандай, бирок жек көрүү менен.

Бала ага андан алган күмүш тыйынды ыргытты – эми ал тыйынды алганга акысы жок экендиги сезип, — бирок кылмышкер тыйынга карап да койгон жок. Камырабай, токтоо гана:

— Урматтуу Гамба! Мен баса албай калдым;  шаарга көтөрүп барасыңар го.

— Эми эле эчкидей секирип жүрбөдүң беле, — деди сержант. – Кам санаба: акыры колго түшүргөнүмө кубангандан, мен сени кыйналсам да бир милядай өз  жонума көтөрүп барат элем. Ошентсе да, досум, биз бутактардан жана өзүңдүн плащыңан замбил жасайбыз, Кресполинин фермасына жетсек, аттар да табылат.

— Мейли анда, — деди туткун, замбилге бир аз саман төшөп койгула, мага жумшагыраак болсун.

Аскерлер – бири каштандын бутактарынан замбил жасап, бири Жанеттонун жаратын таңып алаксып калышты эле – макиге  кеткен жалгыз аяк жолдун кайрылышынан Маттео Фальконе жана аялы көрүндү. Аял каштан салынган килейген мүшөктү жонуна көтөрүп араң эле келатат, эри болсо колуна бир мылтык кармап, жонуна экинчи мылтыгын асынып жеңил-желпи, анткени мылтыктан башка нерсе көтөрүү, — эркектин иши эмес.

Аскерлерди көрө сала, Маттео, мени кармаганы келишкен окшойт деп ойлоду. Эмнеге андай ойлоду? Маттео менен бийликтин келишпеген жагдайлары бар беле? Жок, тескерисинче аны бардыгы жакшы жагынан гана билишчү. Ал бийлике көңүлү түз жөнөкөй, бирок ошол эле убакта корсикалык жана тоолук адам эле. А жакшылап эстеп көрсө, кайсы эле корсикалык-тоолук адам мурда бир күнөө кылбаган болсун: же бирөөнү атып салган, же бирөөнө канжар урган, ошого окшогон майда барат окуялар. Маттеонун абийири башкаларга салыштырмалуу таза эле, анткени мына, он жылдай болуп калды, анын мылтыгы адамга карай сунула элек, ошентсе да ал саксынып, эгерде керек болсо татыктуу коргонууга даярданып калды.

— Катын! – деди Жузеппага. – Мүшөгүңдү ташта, даярдан.

Аялы унчукпай баш ийди. Тоскоол болбош үчүн жонундагы мылтыкты аялына карматты. Экинчи мылтыгын аскерлерге карай сунуп, душмандыктын кичине шеги билине калса жоонурак дарактын артына жашынып, ок чыгарганга даяр болуп, жол боюндагы дарактарга далдаланып акырындык менен үйүн карай бет алды. Жузеппа экинчи мылтыкты жана патронташты кармап артында келатат. Аялдын милдети – атыш чыгып калса, мылтыкты октоп күйөөсүнө кармата коюу.

Сөөмөйү машаасын басканга даяр, мылтыгын сундуруп келаткан Маттеону көргөндө сержанттын да шаштысы кетип калды.

“Алда кокуй ай-е,- деп ойлоп жиберди, — Маттео Жанеттонун тууганы же досу болуп аны коргойм десе не болот? Анда экөөбүз сөзсүз ок жейбиз. А эгер тууганчылыгыбызга карабай мени мээлесе эмне кылам?..”

Акыры Маттего карай эски таанышы сыяктуу тартынбай барып, болгон окуянын бардыгын айтып берейин деген чечимге келди. Аралары анча болбосо да, Маттеого бараткан жол абдан узак сезилди.

— Эй, досум! – деп бажактады. – Кандай турасың, кан досум? Бул мен, Гамба, сенин тууганыңмын!

Маттео унчукпай, сержант жанына келгенде мылтыктын оозу асманды карап калгандай кылып акырын көтөрө берди.

— Кандайсың, тууганым! – деди сержант. Колун сунуп. – Көрүшпөгөнүбүзгө көп болду го.

— Жакшысыңбы, тууган!

— Сени менен, карындашым Пеппа менен учураша кетейин деп эле кайрыла калдым. Бүгүн биз абдан чарчадык, бирок чарчаганыбызга деле кайылбыз, анткени олжобуз жакшы болду. Азыр эле Жанетто Сенппеьерону колго түшүрдүк.

— Жакшы болуптур! — деп ийди Жузеппа. Өткөн жумада саап аткан эчкибизди уурдап кеткен.

Бул сөз Гамбага жага бербей, кубанып калды.

— Байкуш! — деп кейип койду Маттео. — Ал ачка эле да!

— Бул акмак арстан сыяктуу кармашты, — деп улады камтама боло түшкөн сержант. — Ал менин бир жоокеримди өлтүрүп, капрал Шардондун бир колун бычыратып салды; а мейли дечи: Шардон – француз да… Анан укмуш жашынып калыптыр десең, аны шайтан да таба алмак эмес. Жээним Фортунато болбогондо мен деле таппмак эмесмин.

— Фортунато? – Маттео кыйкырып ийди.

— Фортунато? – деп кайталады Жузеппа.

— Ооба, Жанетто тетиги чөптүн үймөгүнө кирип жашыныптыр, аны жээним айтып берди. Мен бул тууралуу капрал байкесине айтып барам, ал бир жакшы белек тартуулайт эмеспи. Мен болсо прокурордун атына жазган билдирүүгө сени жана уулуң тууралуу жазып берем.

— Каргыш тийгирдики! – деп күбүрөдү Маттео.

Алар отрядга келишти. Жанетто замбилде, аны алпкеткени жатышат. Маттео Гамбанын жанында турганын көрүп, мыйыгынан жылмайган болуп, башын үйдү карай бурду да босогонут карай түкүрүп:

— Саткындын үйү! – деди.

Өлүмгө башын байлаган адам гана Фальконени саткын деп айта алат эле. Мындай сөз үчүн канжар урулмак. Урулган канжар кайталоону талап кылмак эмес. Бирок Маттео күйүткө баткан адамдай колу менен чекесин мыжып, кыймылсыз.

Фортуната атасын көрүп үйгө кирип кетти. Бир аздан кийин колуна сүт куюлган табак кармап чыгып, көзүн жашырып Жанеттого сунду.

— Жакындаба мага! – деп айкырды Жанетто.

Анан аскерлердин бирөөнө кайрылып:

— Жолдош! Суу берип койчу, — деп өтүндү.

Жоокер ага флягасын сунуп, бандит эми эле бири бирин карай аянбастан ок чыгарган адамдын колунан суу жутту. Андан кийин анын колун артына толгоп байлабай, астына кайчылаштырып байлоону өтүндү.

— Ыңгайлуу жатканды жакшы көрөм, — деп койду.

Анын айтканын унчукпай аткарышты; сержант жол тартканга белги берип Маттеого кош айтты эле, ал унчукпай койду, тез басып, төмөнгө карай жөнөп калды.

Он мүнөттөй убакыт өттү. Маттео унчукпайт. Бала чочулап бирде энесин, бирде мылтыгына таянып баласын тиктеп, ачуусун араң басып турган атасын карайт.

— Жакшы баштадың! – деди Маттео токтоо, басынкы үн менен. Бул адамды жакшы билгендер бул токтоолук, басынкы үн бардыгынан коркунучтуу экенин билишчү.

— Ата! – деп кыйкырып ийди бала; көзүнө жаш толуп, атасынын бут алдына тизелеп жыгылчудай бир кадам шилтеди.

Бирок Маттео:

— Тарт!

Бала өңгүрөп ыйлап атасына жакын барганга даабай туруп калды.

Жузеппа жакын келип, Фортунатонун көйнөгүнүн астынан чыгып турган сааттын чынжырына көзү түштү.

— Бул саатты кайдан алдың? – деди энеси катаал.

— Сержант таякем берди.

Фальконе саатты жулуп алып, ташка быркырата чаап салды.

— Катын! – деди. – Бул бала менин баламбы?

Жузеппанын тотуккан өңү кыпкызыл болуп кетти.

— Эсиңе кел, Маттео! Муну сен кимге айтып атасың!

— Анда бул бала биздин тукумдагы биринчи саткын болуп калды.

Фортунатонун өңгүрөп ыйлаганы күчөп, Фальконе андан мадылдын көздөрүндөй болгон көзүн албай карап турду. Бир аздан кийин жерди мылтыктын кундагы менен бир уруп, ийинине асып, Фортунатого артынан жүрүүгө буюруп маки тарпты карай басты. Бала баш ийип, артынан ээрчиди.

Жузеппа артынан жетип, Маттеонун колуна асылып, эмне ойлонуп жатканын көздөрүнөн болжоп билгиси келгендей көздөрүнө тигилип, титиреген добуш менен:

— Бул сенин балаң эмеспи! – деп жиберди.

— Жабышпа катын, — деди Матео. – Бул менин балам!

Жузеппа баласын өөп, ыйлаган бойдон үйү тарапка кайрылды. Үйгө кирип, кудай эненин сүрөтүнүн алдына тизелей жыгылып, сыйына баштады. Ал убакта Фальконе жалгыз аяк жол менен эки жүз метрдей барып, коктуга түштү. Кундагы менен жерди байкап көрүп, жер жумшак экендигине, казганга жеңил болоруна ынынды. Ушул жер максатын ишке ашырууга ылайык көрүндү.

— Фортунато! Тетиги чоң таштын жанына тур.

Атасынын айтканын орундап, бала тизелеп жыгылды.

— Сыйын!

— Ата! Ата! Өлтүрбө!

— Сыйын! — Маттео кайталады.

Эчкирип ыйлап жатып бала “Биздин атабыз”, “Ишенем” сүрөөлөрүн окуду. Ар бир сүрөө бүткөндө атасы “оомийин” деп коштоп коёт.

— Башка сүрөө билбейсиңби?

— Ата! Мен дагы эжем үйрөткөн “Кудай эне”, литанияны[2] билем.

— Өтө эле узун… мейли эми, оку.

Литанияны окуп жатканда баланын үнү да чыкпай калды.

— Бүттүңбү?

— Ата, өлтүрбө! Кечир мени! Мен капрал байкеден Жанеттого мунапыс берүүсүн суранам!

Бала дагы бир нерселерди балдырап жатты; Маттео мылтыгын көтөрүп, мээлеп:

— Сени кудай кечирсин!- деди.

Фортунато туруп атасынын тизесине жетип кучактаганга аракет кылды, бирок үлгүрбөй калды. Маттео атып жиберип, бала жыгылып түштү.

Маттео баласынын өлүгүн карап да койбой, сөөктү көмгөнгө күрөк алганы жылгыз аяк жол менен үйүнө жөнөдү. Бир аз басканда эле мылтыктын үнүн угуп, чуркап келаткан Жузеппаны көрдү.

— Эмне кылып салдың?! — Жузеппа чаңырып жиберди.

— Адилет өкүм чыгардым.

— Ал кайда?

— Коктуда. Азыр көмүп койом. Христианин бойдон өлдү. Аза күтүү уюштурабыз. Күйөө балага, Теадор Бьянкага айтыш керек, биздикине келип жашашсын.

Орусчадан которгон Марсел ИСАКОВ

[1] 1 фут – 30 см.

[2] Католик дининдеги сыйынуу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.