Ойдун жөнөкөйлүгү оозуңду ачырат. Ашык эч нерсе жок. Карандай чындык кашкаят.

Адам баарын татаалдаштырып жибергенге маш. Бирок жашоо мааниси эң эле жөнөкөй. Ал дайыма кыймылда. Кыймыл – бул жашоонун мааниси. Ишенбейсиңерби? Далил келтирейин: Африкада күндө эртең менен жейрен ойгонот. Ал арстандан ылдам чуркашы керек. Антпесе ал ага жем. Күндө эртең менен арстан да ойгонот. Ал жейренден ылдам чуркашы керек, болбосо ал ачкасынан өлөт. Жейренсиңби, арстансыңбы – баары бир. Күн чыккан соң чуркоого туура келет.

Адам үйрү менен жашаган жаныбар. Жашоо үчүн ага кыймыл керек.

Көңүл бургулачы, майрамдар кандай баркталат. Майрам – бул керектөөнү канаттандыруу. Жашоо ыңгайлуу жана салыштырмалуу коопсуз  болуп калды.

Оюн эрежеси аныкталды жана аткарылып жатат.

Адамдар бири-бири менен сүйлөшкөндү үйрөнүп алган жаныбарлар. Тил адамдын интеллектисин өстүрдү. Биз бардыгын татаалданта баштадык. Ал эми жашоо жөнөкөй.

Ордуңда калыш үчүн, жүгүр (жок дегенде тирүү каласың)

Интернеттен алып которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.