Абдыкадырова Сюита: Айтматов кумирим

«Айтматовдон алган сабагым» сынагына Ар бир адамдын өзү жактырган, кумир тутуп, чыгармаларын сүйүп окуган жазуучусу болот. Мен үчүн мына ушундай жазуучу аалам алпы, миллиондогон окурмандарды өзүнө тартып, жашоосунун ажарын ачып, турмушка көз карашын калыптандырууга негиз түзгөн адам Чыңгыз Айтматов болуп эсептелет. Эс тартып, көркөм адабиятка кызыгуум арта баштагандан бери Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын мүмкүн болушунча көбүрөөк окууга аракет кылам. Каармандарынын арасында жүргөндөй, ал гана эмес алар менен сүйлөшүп, бирге басып, бирге турган сымал аралашып кетем. Китеп текчемде жазуунун чыгармаларынын дээрлик бардыгы […]

Эл өкүлдөрү «РухЭштин» конкурс жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырат

12-декабрь, Кыргыз адабиятынын күнүнө карата “Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аталышындагы конкурс жеңүүчүлөрүнө Жогорку Кеңештин депутаттары: Каныбек Иманалиев, Абдывахап Нурбаев, Марлен Маматалиев, Жанар Акаев өз колдору менен сыйлык тапшырат. Эскертсек, бул конкурс ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен жарыяланган. Конкурс жеңүүчүлөрүнө 12-декабрь, саат 09-30дө борбор калаабыздагы алп акын Аалы Токомбаев атындагы мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көчөсү, 109) сыйлыктар тапшырылат. “Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аттуу конкурстун калыстар курамынын мүчөлөрү: Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, адабий сынчы […]

Мустай Карим: Ташка чыккан гүлдөр

КҮЗДӨГҮ ЫРЛАР Айтматов Чыңгызга Өмүрүм оюн болду илме кайып, Көңүлүм бирде толуп, бирде жанып, Кээде утуп, кээде утулуп келе бердим, Тагдырдын таштарына тайгаланып. Жазмышым оюн болду илме кайып, Жабыктым күндүз үшүп, түндө жанып. Алмашып так менен жуп өмүрүмдө, Кубулдум бир агарып, бир карарып. Жөө бастым адыр менен колоттордо, Тапканым тете болду жоготконго. Дайыма махабатым жалгыз жүрбөй, Кайгы-муң илештирип алат жолдо. Жаңыдан ынсап кылып келе жатсам, Азгырды кайра мени кара шайтан. Маскарам чыкпасын деп чочуладым, Макталып жатканыма карабастан. Сезимге күн менен […]

Нуралы Капаров: Кардагы из

АҢГЕМЕ Кеч күз. Октябрь айы этегине чыгып бараткан кез. Күздүн кара жамгыры апталап төгүп, аягы карлап барып басылды. Кайрадан асман чайыттай ачылып, мемиреп жылуу тийген күздүн күнү кокту-колоттогу, жылга-жыбыттагы балпайып борпоң түшкөн карды бооруна баса жатып болоктотуп ээритип, өзөн-сайга айрык-айрык сайран суулар келип кошулду. Жай чилденин аптаптуу күндөрүнө туруштук бере албай кагырдай кургаган кара жердин кара жону көнөктөп төккөн жамгыр менен болоктоп ээриген кардын нымына балбырап бошоп, аңтарылып өсө албай араң эле турган күздүн жашыл ыраң алысын чөбүн бир аптанын […]

Константин Паустовский: Жел аргы

АҢГЕМЕ Этек-жеңди учурган муздак шамалдуу жамгыр күнү бою нөшөрлөп төгүп турду. Жаандуу күндөр май айынын баш ченинде Москвада көп болот. Айлананы боз курчап, асман да, тамдын чатырындагы түтүн да, аба да сургулт. Киргилдеген дайрага окшоп, асфальт жол гана жылтылдайт. Москва-дайрасынын жээгиндеги чоң үйдүн биринде жашаган жалгыз бой, карыган дарыкерге жаш жоокер моряк келди. 1942-жылы Севастополь курчоодо калган мезгилде моряк оор жарадар болуп тылга жөнөтүлгөн эле. Дарыгер аны көпкө дарылап жүрүп, акыры экөө бара-бара ынак болуп кетишет. Азыр моряк Кара деңиз […]