12-декабрь, Кыргыз адабиятынын күнүнө карата “Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аталышындагы конкурс жеңүүчүлөрүнө Жогорку Кеңештин депутаттары: Каныбек Иманалиев, Абдывахап Нурбаев, Марлен Маматалиев, Жанар Акаев өз колдору менен сыйлык тапшырат.

Эскертсек, бул конкурс ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен жарыяланган. Конкурс жеңүүчүлөрүнө 12-декабрь, саат 09-30дө борбор калаабыздагы алп акын Аалы Токомбаев атындагы мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көчөсү, 109) сыйлыктар тапшырылат.

“Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аттуу конкурстун калыстар курамынын мүчөлөрү: Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, адабий сынчы Аскар Медетов, Эл аралык “Ата-Түрк–Ала-Тоо” университетинин түркология бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты, адабий сынчы Нурзат Казакова, КРУИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун «Манас», фольклор, акындар чыгармачылыгы» бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору Мээрим Көлбаеванын чечими менен 25 катышуучунун арасынан төмөндөгү жаштар байгелүү орундарга илинди:

Поэзия боюнча жеңүүчүлөр:

1-орунга эч кимиси татыктуу эмес.

2-орун – №16. Перизат Жумалиева: Аалам кең – кубанычы, кайгысы бар

Байгеси 15 000 (он беш миң) сом.

3-орун – № 22. Нургиза Абдиназар кызы: Жан элем акак таштай

Байгеси 10 000 (он миң) сом.

Кызыктыруучу байге – № 13, Чолпон Орозалиева: Менде жоксуң, кең ааламда бар туруп

Байгеси 5 000 (беш миң) сом.

Проза боюнча жеңүүчүлөр:

1-орунга эч кимиси татыктуу эмес.

2-орун – № 2. Бибинур Жыргалбаева: «Колуңду берчи» 

Байгеси 15 000 (он беш миң) сом.

3-орун – № 20. Зарина Кулбаракова: Сүрөт

Байгеси 10 000 (он миң) сом.

Кызыктыруучу байге – № 8. Айзирек Жигиталиева: Эсирген акыл, эрксиз жүрөк 

Байгеси 5 000 (беш миң) сом.

Жогорудагы байгелүү орундардан сырткары, калыстар курамы тарабынан сунушталган төмөндөгү авторлордун чыгармалары алманахка киргизилет:

Поэзия боюнча:

№ 25. Умар Нусубалиев: Меңиң, калың – жүрөктүн тагы болуп калды менде

№ 15. Махабат Касейинова: Элдин шары менен жашап үйрөндүм (конкурска №15)

Проза боюнча:

№ 6. Жазгүл Турганова: Ак чыны

№ 11.Айдана Эрмекбаева: Жоктоо

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.