АҢГЕМЕ

Кеч күз. Октябрь айы этегине чыгып бараткан кез. Күздүн кара жамгыры апталап төгүп, аягы карлап барып басылды. Кайрадан асман чайыттай ачылып, мемиреп жылуу тийген күздүн күнү кокту-колоттогу, жылга-жыбыттагы балпайып борпоң түшкөн карды бооруна баса жатып болоктотуп ээритип, өзөн-сайга айрык-айрык сайран суулар келип кошулду. Жай чилденин аптаптуу күндөрүнө туруштук бере албай кагырдай кургаган кара жердин кара жону көнөктөп төккөн жамгыр менен болоктоп ээриген кардын нымына балбырап бошоп, аңтарылып өсө албай араң эле турган күздүн жашыл ыраң алысын чөбүн бир аптанын ичинде эле “дү-ү-үр!” эткизип жер бетине кубалап чыкты. Жака-бел, адыр-түз, өзөн бойлору жашыл ыраң чөп жамынып же алды бороон куйкул-күрөң күз экени билинбей, же алды аптап жашыл-жашаң жаз экени билинбей, эрте жаз менен кеч күзгө таандык табияттын коёндой окшош бул мезгили бирин бири жерип сыртка түртпөй ичке тартып, коюн-колтук алышып, жанашып да, жарашып, кол сунса да кошула алгыс эки жээктеги эки мезгил – ортодогу жай менен кышты аттап өтүп, Сары-Өзөн Чүйдүн аяк-башына былк этпей кошоктошуп жатып алган ушундай бир керемет учур болот.

Бул мезгил мергенчиликке ыктуу мезгил. Кокту-колоттун төрүндө, аска-зоонун этегинде, каны качып кагырдай куураган куу чөпкө таңдайын сайдырып жүдөй түшкөн кайберен тоо этегиндеги, өзөн-сайдын жээгиндеги жашыл ыраң алысын чөпкө качып, жан жыргаткан жашаң чөптүн шилекейди агызган ширеси менен ооздон куюлган чыгын ошол жерден таап, башын жерден албай жабышып сонуркап оттоп турган чагы.

— Нукеңе айтып кой, келип кетсин. Бул жактын кайберени карды салаңдап жарылганча, жону жондонуп тилингиче чың семирди. Чогуу мергенге чыгып бир кумардан каналы, — деп жайлоодон күздөөгө көчкөн малчы досторум, өзгөчө мерген дегенде жата калчу Чоро досум өткөн-кеткенден байма-бай айттыра бергенинен мен да айылда тим жаталбай, адатымча курал-жарагымды, ок-дарымды, төшөнчү-орунчумду кер кашка айгырыма бөктөрүп алып, Көк-Ойрок жайлоосунун оозундагы Кашка-Суу кыштоосуна жөнөп калдым.

Ал жакка куут өнөктүгүн өткөрөбүз деп айтылуу Кызыл сарайга жоон топ малчылар көчүп барышкан экен. Кечкисин Чоро досум үйүндө болсо Чоро досумдукуна, же тиги Козубек курдашым үйүндө болсо Козубек курдашымдыкына жатып алып, таң үрөң-бараңда ууга чыгып кетели деген ой менен чыккам.

Чын-чынына келгенде бу чабан досторумдун пейил-куюн айта келсем Чоро досумдун пейилине жетээр биринде да пейил жок. Чоро казан-аштуу, колунан берекеси төгүлгөн адам. Акылай аяшым да аял затынын алтыны. Түн барасыңбы, күн барасыңбы, казанын асып, чайын кайнатып, кабагым-кашым дебей жаркырап-жайнап тосуп алат.

Чоронун мергенчилиги да мыкты. Жалама бет аска-зоодон тегиз жерден баскандай тайсалдабай басканы, өөдө жерден желип басканы, ылдый жерден өңүп басканы, оң жагынан чыкканын оңун таптырбай оңколотуп атканы, сол жагынан чыкканын сорок эткизип солдойтуп жыга атканы көзгө атаар мерген экенин айтып турар эле.

Караан-каткырдын Чоросу калың кийикке жолукканда калайманды чындап салган канкор мерген эле, огу түгөнмөйүнчө, мылтыктын кароолун иле албай эки көзү карайлап калмайынча эчкисин эчкидей, текесин текедей, улагын улактай тегиз кырып жибермейин көкүрөк ысыгы тарабаган кумарпоз мергенчи эле. Кокту-колотко, жылга-жыбытка жайнатып атып салган эчки-текесин, улак-чебичин жалгыз өзү жыйнап алганга шаасы жетпей калганда айылдагы досторун чакырып: “Аткан эмгек меники болгон менен, ой-тоодон жыйнап келип сойгон эмгек силердики. Ал, ала бергиле! Канча кааласаңар ошончо алгыла! Тартынбагыла!” деп барбалактап кийик этин согум эт тараткандай таратаар эле. Жердин өңүтүн, кайберендин сырын мыкты билген мергенчи ушул Чоро.

Бешим ченде Чоронукуна жеттим. Көк дөбөтү менен куба канчыгы сен ким элең дегендей арсылдап үрүп, астыман тосуп чыгышты. Жайды-жайлай Чоро досум жайлаган жайлоого байма-бай каттап жүргөнүмдө жыт алып калса керек, кошоктошкон дөбөт-канчык анчейин асылып үрбөй Кызыл сарайдын алдында тоодой үйүлгөн жылуу кыктын үстүнө барып жатып калышты. Демейде ит үргөндө Чоро, Чоро болбосо өмүрлүк жары Акылай бала-бакырасы менен боз үйдөн атып чыга калышчу эле, эмнегедир бул жолу ким келди деп кызыгып койгон киши жок.

— Оо үйдө ким бар?! – деп ат үстүнөн “заңк!” этип үн салсам, адаттан тыш үй ичи тымтырс. Эмнеси болсо да боз үйгө баш багып чыгайынчы деп атыман ооп түшүп, боз үйдү карай бастым.

Чын эле жан киши жок. Үй ичи ээн. Жайылган дасторкондун үстүндө жаңы эле бышырылган нан, чарада көөп ачыган камыр, темир меште күпүлдөп күйгөн от…

Азыр эле, жаңы эле, менин алдымда эле үйдөгүлөр сыртка чыгып кеткендей. Чоронун конушунан анчейин алыс эмес жерде Абастын, Козубектин, Жолдошбектин, андан араакта Дердеңбайдын, Чолпонбайдын боз үйү тигилген. Ал жакта да кыбыр эткен жан көрүнбөйт. Кандай кылсам, эмне кылсам деп бир аз ойлонуп турдум да, эмнеси болсо ошонусу болсун деп кер кашкадагы бөктөрүнчөгүмдү чечип жерге түшүрүп, Чоронун боз үйүнүн бир капшытына бузбай-чечпей таңылуу боюнча бүкүлү таштап, асынган мылтыгымды керегенин башына илип, сыртка чыгып, кызыл сарайдын артын карай айлана бастым. Күңгөй тоонун кыл чокусунан куюлуп түшүп олтуруп кызыл сарайдын күн батыш жагындагы түзөңгө келип токтогон кыраңча болор эле. Кыраңчанын белине чыкканда Кашка-Суунун ар жак, бер жагы алаканга салгандай ачык-даана көрүнөөрүн эстеп, кыраңчанын белин көздөй өрдөп бастым. Белге чыга келсем кыраңчанын аркы оюндагы түзгө коңшу-колоңдор чоң-кичинеси, бала-бакырасы дебей баары бир жерге чогулуп, бир нерсени чогуу-чараан кеңешип-таңашып жатышкандай түрлөрү бар. Арасында ким-бирөөсү өңгөчүн тартып уңулдап ыйлап жаткандай үзүл-кесил үн чыгат. Кыраңчанын белине жалгыз-жарым сороюп чыга калган мага алардын бирди-жарымынын көңүл бөлөр түрү жок.

— Оо силерге эмне болгон, деги тынччылыкпы?! — деп кыраңчанын кырына сороюп туруп алып “заңк!” этип адатымча үн салсам, арасында ак калпакчан бирөөсү башындагы калпагын колуна ала коюп, калпагы менен кол булгап койду.

Чогулгандарга түшүп барсам баарынын маанайы пас, көңүлү чөгүңкү. Чоронун өмүрлүк жары Акылай өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап алган. Көрсө Чоронун үч жашар тестиер уулу Айнабек жоголуп, жер-суунун баарын кыдырып издеп таппай келишип, эми эмне кылабыз деп ошону талкуулап, кеңешип-таңашып жатышыптыр. Чоро өзү кечээ күнү эле жок издеп Көк-Ойрок жайлоосуна кеткен экен.

Окуя мындай болуптур. Казан-аяктан колу бошобогон Акылай жети жашар Мунарбеги менен алты жашар Тынарбегинин колуна бирден карала капты карматып тезек терип келгиле деп кыраңчанын аркы оюна жумшайт. Аны угуп калган кичинекей Айнабек мен да барам деп жер тепкилеп ээлигип ээрчип ыйлайт.

— Мейли, биз менен барса барып келсин, — деп Мунарбек менен Тынарбек Айнабекти ээрчитип алышат.

— Ай, алыс барбай алдагы эле кыраңчанын аркы оюнан терип келгиле, Айнабекти жаныңардан чыгарбагыла! – деп Акылай эки тентекке кайра-кайра эскертип айтат. Ойносо оюнга тойбогон, кулун-тайдай кубалашкан эки тентек энесинин айтканын эсине түйүп коюптурбу, кыраңчанын аркы оюнан тезек тергенге ыраазы болбой, андан ары атчабым алыс жаткан узун кырдын аркы оюнда терер тезеги жер бетин бербей жайнап жаткансып тамталаңдап араң баскан Айнабекти экөө эки колунан алып энтеңдетип жетелеп жөнөгөндө кичинекей неме жарым жолго жетпей шайы ооп, баспай калат. Мунарбек менен Тынарбек бут шилтөөгө дарманы келбей калган Айнабекти алмак-салмак бооруна көтөрүшүп, артка – кыраңчанын кырына алып келишип керинейден көк түтүнү созолонуп булап турган боз үйүн, боз үйдү айланып борсулдап үрүп турган боз күчүгүн сөөмөйлөрү менен көрсөтүшүп:

— Тигине биздин үй, көрдүңбү? Биз тезек терип келгиче сен үйгө бара бер, макулбу? Биз бат эле келебиз… Анан сени тор кунанга мингизебиз. Дагырага салып кык дөбөдөн ылдый “муз тептирип” сүйрөйбүз, — деп алдап-соолап эптеп сөзгө көндүрүшсө, ансыз деле итапкан жерге дегдеңдеп сүйрөлүп барып шайы ооп араң келген Айнабек макул дегендей башын ийкегилеп кыр ылдый тамтуң басып үйдү көздөй жөнөйт. Бөбөгүнүн чыр салып ээрчибей макул болгонуна сүйүнгөн эки тентек артын карабай узун кырды көздөй “чү!” коюшат. Айнабек эмнегедир бараткан жолунан бат эле айнып артын караса, этектери желек болуп желбиреп чуркап бараткан эки агасынын караанын көрүп, кызыктын баары ошол жакта калгансып артына бурулат…

*      *      *

Акылай керээлдин-кечке кир жууп, жаңы эле казан мешке нан жаба баштаганда эки кап тезек көтөрүп энтелеңдеп эки тентек үйгө келишет.

— Айнабек кана?

— Айнабек эбак эле үйгө кеткен.

— Качан? Кай жерден кетти эле?

— Жана-а… Чак түштө… Кыраңчанын белинен…

— Чак түш дегениң эмнең, ботом?

Акылай Мунарбектин жообуна чок баскандай чочуп секирет.

— Чак түш деген эмнеси?! Андан бери канча убакыт өттү?! Кеткени чын болсо келет эле го эмдигиче! Ия айланайындар, күн бешим болуп калбадыбы! Алыс барбагыла дебедим беле, ботом! Балам кайда кетти?! Балам кайда кетти, катыгүн?! — деп нан жаап жаткан көмөч казаны колунан ыргып, Акылай сыртка атып чыгат. Эртеден бери өзөгү карарып, курсагы ачкан эки тентек Айнабектин жогуна чым деп койбой челектеги максымдан жыгач керденге баса куюп жутуп алышып, жаңы бышкан токоч нандан бурдап сугунуп,  “ай-буй!” дегиче Айнабекти издегени кыраңчанын белине чымын-куюн жүгүрүп чыгышып, тезек терген ойдуңду көздөй “чү!” коюшат. Башындагы жоолугу желкесине шыпырылып, эки тентектин артынан кыраңчанын кырына Акылай жете келип:

— Оо жарыбаган тентектер! Арылап карагыла! Арылап! – деп безеленип чуркап бараткан эки тентекке кол жаңсап кыйкырган Акылай бир орунга туралбай тыбырчылап:

— Эми кантем, каран күн! Балам кайда кетти?! – деп өң-алеттен кетип ары-бери чуркап, оо кудайлап турганын алгач Абастын өмүрлүк жары Базаркүл көрүп:

— Ээ ботом, эмне болуп кетти? – деп Акылайды көздөй чуркайт.

— Айланайын Базаш, Айнабек жок, Айнабек жок! – деп датын айтаар киши табылганына эрээркей түшкөн Акылай токтоналбай буркурап-буулугуп көзүнүн жашын төгүп жиберет.

Акылай менен Базаркүлдүн бирин-бири соороткондой, бирде кошоктошо калып, бирде ажыраша калып турган турпатынан, Акылайдын өңгөчүн тартып уңулдап ыйлаган үнүнөн чочулаган кошуналар бир жагымсыз окуя болгонун боолголошуп, атчаны атчан, жөөсү жөө бир заматта кыраңчанын белине чогула калышат.

*      *      *

Мен жаңы келгенде жылга-жыбыттын, кокту-колоттун бир далай жерин аңтарып-теңтерип издеп таппай келишкен экен.

— Үч жашар кенедей бала үч-төрт сааттын ичинде канча жерди арбытып жиберди дейсиңер. Эки агасын ээрчип тамтуң баскан неме чарчап-чаалыкканда бир жерге жатып томурайып уктап калды да. Күңгөй-тескейдеги бадал-бактын түптөрүн, караган-шактын арасын, аска-таштын коңулун жакшылап карасак эле мурдуңун урайын Айнабек уктап жаткан уйкусунан ойгонуп мен мындамын деп барылдап-бакырып ыйлап алдыбыздан чыгаарынан шек жок, — деп Чоро жокто адам сыры менен кайберен сырын жакшы билген мергенчи катары чечкиндүү бак-бак сүйлөсөм ындыны өчө түшкөн коңшулардын жаны жанданып, көзү тириле түшкөнсүдү.

— Акылай анчалык буркан-шаркан түшүп ыйлай бербе. Жаш бала кайда кетти дейсиң, табылат, — деп так кесе кайраттуу сүйлөсөм Акылай да баштагыдай көз жашын көлдөтө бербей, ошол жерде турган жакшы санаалаштарынын ичинен мага ишенгенсип, мага таянгансып чыйрала түштү.

— Биз узун кыр менен өйдө жөнөйлү да, силер узун кырдын аркы оюн жакшылап карап, артыбыздан келсеңер, орто коктунун бүткөн жеринен жолугалы, — деп коңшуларды эки топко бөлүп, айтылган-делген багыт боюнча жабыла издеп жөнөдүк.

Акылай биздин топко кошулду. Демейде так төбөдө, как маңдайда жалбырттап күйүп жылбаган күн, өчөйүп күйүп өтпөгөн күн чайыттай ачык көк тайгыл асмандын бетинен такаат табалбай жылмышып, уламдан улам эңиштегенден эңиштеп, тескей тоонун калдайган кара көлөкөсү канатын жайып акырын-аста түзөңгө түшүп, ар жак, бер жакты карагыча коктудан өтүп күңгөй тоону этектеп, бир тынымга токтоо дегенди билбей биз менен жарышып өйдөлөп-өрдөп баратты.

Эңиштеп токтоо билбеген күн шаштыбызды алып турду. Алеки саатта узун кырдын күңгөй-тескейин ала калтырбай тытмалап жибердик. Өзгөчө Акылайда тыным жок. Караган-тикенди аралай чаап, тикийген тикени этегине жабышып, балтырына жабышып тызылдатып чакканына карабай, бирде дикилдеп алдыга чуркап, жанын коёрго жер таппай, бирде токтой калып, ыйлаган баланын дабышын эшиткенсип дал болуп өйдөнү тыңшап, төмөндү тыңшап:

— Айнабек айланайын, Айнабек! Үнүңдү чыгарчы кулунум, үнүңдү! Карааныңа зар болуп турам, карааныңды көрсөтчү, кулунум! – деп кайрадан көз жашын төгүп ыйлап да жүрөт, жылга-жыбыттын, кокту-колоттун ойку-кайкысынын укум жерин калтырбай аңтарып-теңтерип кадалып карап да жүрөт.

— Эртерээк билсем кана! Күн чак түштө билсем кана! Оюнкараак чечектер кеч келбедиби, кеч билбедимби! Күн батып кетсе кантем? Караңгы түндө кайдан издеп, кайдан табам?! Кенедей баламдын караңгы түндө көргөн күнү эмне болот?! — деп көлөкө баскан тескей беттен күн желеси жаркып тийген күңгөй бетке чуркап, арсак-терсек тоо кыркаларына эңиштеп ылдыйлап бараткан алтын таажы күндү батырбай токтотуп калчудай кош колун умсунуп алдыга созуп, ичинен күбүрөп:

— Ырайым кыл алтын күнүм, ырайым кыл! Баламды таап алгыча токтой тур күнүм, батпай тур күнүм! — деп жанын барынча жалынып-жалбарып, умсунуп сунган колун артка тартып алалбай, көзүнүн жашын көлкүлдөтүп, жалооруп карап турду.

Ай-ааламды жарыкка бөлөгөн кудайдын күнүнө Акылайдын бүгүнкүдөй күнү түшкөн эместир…  Ооба, күнү түшкөн күндөрү да болгон… Мындан туп-туура беш жыл илгери күйөөсү Чоронун мойнуна мал түшүп, үч жыл түрмөгө кесилгенде, чиедей эки баласы менен чырылдап-чыркырап үйдө калган Акылайга үч жыл дегениң үч кылымдай узак туюлуп, Чоромдун келерине мынча жыл, мынча ай, мынча күн калды деп, басса-турса оюнан чыгарбай саат санап, күн санап, ай санап, жыл санап зарыгып күткөндө жылас болуп жылбай койгон ошол күн, өпкө кагып өтпөй койгон ошол күн, кежигеси кер тартып, кет дегенди түшүнбөй кетпей койгон ошол күн, бүгүн минтип баласы жоголгондо Акылайдын ошондогу телмирип тура бербей тезирээк батпайсыңбы, өчөйүп тура бербей тезирээк өтпөйсүңбү деп тил тийгизген сөзү үчүн бүгүн өчүн алып жаткансып, токтой тур деп жалынса да тоо башына токтоо билбей тоголонгон тоголок баш күн, саамайлары сапсайган сары баш күн көк жубар асман бетинен кыңайгандан кыңайып, уламдан-улам ылдамдагандан ылдамдап жер танабына, көк кыйырына бой таштоого шашылгандан шашылып, ай-ааламга чачыраган алтын кирпик нурун адам буту жете алгыс алп тоолордун ак кар, көк муз чокуларын адаттан тыш көз уялта жаркыратып, арсак-терсек чокулардын кыйырына кирерде алтын кирпик нурларынын жаасын үзүп, баласын таппай көз жашын көлдөтүп төгүп кокуйлаган Акылайдын көзүндөй кызыл жошо тептегерек көзгө айланган ошол күн кылкылдап уясына батып баратты.

*      *      *

Узун кырдын ар жак, бер жагын аңтарып-теңтерип издеп олтуруп чолок коктунун бүтөөр жерине жеткенибизде Жумаалы чалдын Зарылбек аттуу өспүрүм уулу: “Сүйүнчү! Сүйүнчү!” деп капилет үнүн барынча бакырып жиберди. Бала табылган экен деп баарыбыз алдыга дүргүп жүткүнүп калдык. “Оозуңа май, айланайын оозуңа май!” деп Акылай энтигип алдыга чалыштап чуркады.

— Айнабек ушул жерден өтүптүр. Изин таптым! Изин таптым! – деп Айнабектин изин тапкан Зарылбек өзүн тапкандай турган жеринен түйүлүп-сүйүнүп секирип-секирип бакырды. Акылайдын артынан “кана-каналап?” жабалактап баарыбыз жете келдик. Мындан эки-үч күн мурда тоо башылап жааган кардын эшик-төрдөй ээрибей калган тескей жаккы бетиндеги кыя жолдон Айнабектин басып өткөн тыпыйган батинкесинин таманынын издери чын эле кар бетине бадырайып түшүп калганын көрүп баарыбыз сүйүнүп кеттик.

— Ушул жакка кеткен турбайбы, буюрса табабыз! – деп баарыбыз тескей беттин ар жак, бер жагын аңтара издеп, жабыла чуркадык. Айнабектин кар үстүнө шурудай тизилген тыпыйган издерин тапканга өрөпкүп сүйүнө түшкөн жаныбыз, мына-мына ушул эле жерден таап алчудай: “Айнабек, айланайын Айнабек!” деп мурда Акылай гана муңканып туш-тушка жалынып-жалбарып үн салган болсо, бул жолу баарыбыз бирибизден бирибиз өтүп кыйкырып, баштагыдан да дикилдеп ылдам басып, ылдам чуркап издей баштадык. Изи мында турса өзү кайда кетти дейсиң деген жылуу ой жылоологон үмүттүн күч-кубат берген деми менен тескей беттеги бадал-бактын, ар бир таштын коңулуна чейин ала жер калтырбай, чала жер калтырбай тытмалап жибердик. Иңир коюулап баса баштаганда шаабайыбыз сууй түштү.

Алп кара куш алып кеткендей Айнабектен дайын жок.

*      *      *

— Бир аздан кийин көз байланат. Убакытты өткөрүп бир жерди тытмалай бербей аркы коктунун оюн карайлы, балким биз бул жакты тытмалап издеп жүргөндө түзгө түшүп кеткендир, түздү карайлы, – деген сөзүмдү баары туура көрүшүп, ошол жакка жапырт бет алдык. Аркы коктуга жаңыдан эңкейе берерде арабыздан оо кудайлап келаткан Акылай капилет жалт бурулуп, жин тийген немедей келген жагыбызды көздөй алдастап артка чуркады.

— Ай Акылай, сен каякка? Сага эмне болду? – деп Козубектин келинчеги Айна Акылайдын артынан чуркады.

Акылай чын эле акылынан айнып элирип качып баратабы деген ойдон чочулаган Айна:

— Акылай токто! – деп анын артынан калбоого аракеттенип туткактап чуркады.

— Токтобой томуран калайын! Баламдын изин кантип таштайм! Баламдын изин кантип таштайм! – деп буркурап жашын төгүп, Айнабектин кар бетине тыпырайып шурудай тизилген изине жете келип: — Баламдын изин кантип таштайм! Баламдын изин кантип таштайм! – деп бир сөзүн миң кайталап, Акылай боору туюк көк көйнөгүнүн кайырма жакасындагы жалгыз топчусун чечип жиберип, кар бетине чууруп түшүп калган көкүрөк күчүгү Айнабектин ар бир изин алтын тыйын тергендей, күмүш тыйын тергендей терип, жакасынан койнуна солоп сала баштады…

*      *      *

Ай олтуруп чыгып калган кез. Жер кара болгондуктан айлана көзгө сайса көрүнгүс коюу түндүн кучагында калды.

— Эми менин акылымды туура көрсөңөр, баарыбыз үйлөрүбүзгө кайталы да, ар бирибиз үйлөрүбүзгө чырак жагып, от жагып, түндүк жабууну ачып, эшиктерди түрүп коёлу. Балким бала чырактын, оттун жарыгын көрүп, үйдү таап келээр, – деп жаш чабан Козубек шаабайы сууй түшкөн коңшуларга акыл салды.

— Кетсеңер силер кеткиле, баламды тапмайын мен кетпейм! – деп Акылай жер тепкилеп чалкасынан кетти.

— Кой Акылай, сабыр кыл, акылыңа кел. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндө жалгыз калып кайдан табасың. Баятан бери баарыбыз кокту-колоттун, жылга-жыбыттын алакандай жерин калтырбай тытмалап издеп таппай койдук, а балким Айнабек түзгө түшүп кеткендир, бизди таппай кыраңчанын оюнда жүргөндүр. Козукем туура айтат, караңгы түндө оттун жарыгын, чырактын жарыгын көрүп балким бала үйдү өзү таап келээр. Андан көрө тезирээк үйлөрүбүзгө барып от жагалы, чырак жагалы, – деген Айнанын сөзү эсине бир келип, бир келалбай болоктоп турган Акылайды бир аз болсо да муюткансыды, макул кылгансыды. Баарыбыз жапырт төмөн карай бет алганыбызда, Айнабекти таппай жер-сууну сыдыра издеп келаткан экинчи топ алдыбыздан чыкты.

*      *      *

Кошуна-колоңдор үйлөрүнө келип от жагып, чырак жагып, Козубек айткан акыл менен үйлөрүнүн түндүк  жабууларын ачып, эшиктерин түрүп коюп, чогуу-чараан Чоронун үйүнө келип олтурушту.

Оо кудайлап көзүнүн жашын тыя албай Акылай төрдө. Соороткон сөздөрдү айткан болуп Айна менен Базаркүл Акылайды ортосуна алып, эки жагында олтурушат. Көзүнөн тынбай көлдөп аккан жашынан улам, койнуна салган Айнабектин изи түшкөн кардын айынан улам Акылайдын көгүлтүр чыт көйнөгүнүн көөдөнү шалбырап сыгып алма суу.

“Көйнөгүңдү которуштуруп кийип алчы, көкүрөгүңө суук тийип жөтөлүп каласың, Акылай”, — деген Айнанын өтүнүчүнө: “Суук тийип жөтөлүп өлсөм дагы көйнөгүмдү чечпейм, көйнөгүмдүн ичинде баламдын изи бар! Кар ээригени менен баламды изи көйнөгүмдө, баламдын изи денемде! – деп ого бетер чалкасынан кетип буркурап-боздоп ыйлады.

Жоголгон бала өлгөн бала болбогондон кийин, кыргыздын салт-санаасында жоголгон баланын энесине, дайыны чыкпай табылбай жаткан баланын энесине кайрат кылып айтаар сөз, жооткотуп айтаар сөз жердигинде барбы, жокпу жадымыбызда жок экенин эми сезип, мынабу баятан бери өпкөсү көөп, көкүрөгү күйүп, көз жашын көлдөтүп төгүп, жер тытып ыйлап жаткан эненин ыйын токтотоор жүйөөлүү айтаар сөз таппай, айрыкча жер тиктеп үндөбөй үңкүйүп олтурган бизге – төрт-беш эркекке өзгөчө оор болду. Кез-кез гана ордубуздан копшолуп оңдонуп олтуруп койгонубуз болбосо, ыйлаган баланын үнү чыгаар бекен деп жан-жакка кулак түрүп, оң траптан болобу, сол тараптан болобу, өйдөдөн болобу, ылдыйдан болобу – тамтуң баскан баланын карааны көрүнүп калар бекен деп сырттагы жалпылдап күйүп жаткан кемегенин жарыгы жеткен жерлерди эшиги түрүлүү бозүйдөн тикийип көзүбүздү албай карап олтурдук.

Чокусу асман тиреген алп тоолорду, адыр-түздү, Чоң-Кемин суусун бойлой жүгүрүп олтуруп Кашка-Суунун оозунан чыга бергенде канаты эки жакка жайылып кеңейгенден кеңейип олтуруп, көкүрөгүн күн жыттаган чалкар талааны түнөргөн түн толугу менен койнуна алып тумчулап, жылтыраган онунчу чырак менен сырттагы кемегеде куу арчанын жараңкасынан дуулдап асманга жалын атып күйгөн оттун жарыгын гана калдайган түн койнуна алалбай, от басаңдаса тырпыратып баса калчудай жакындап, күчөп күйсө этеги өрттөнүп  өлчүдөй алыстап, кара тилин салаңдатып, шыйпаңдап-тооруп маңдайыбызда кара коюу түн турду. Үрүп чыккан ит да жок, апалап ыйлаган үн да жок, сыртта очорулуп ордунан туралбаган кеч күздүн кабагын карыш салган кара түнү, үйдө ботосун жоктоп боздогон Акылай…

Оо бир топто, иттер асылып арсылдап үрүп калды. Эркек аттуунун баары эшикке атып чыктык. Ишенбайдын таякеси Малик ата жээниникине чай-чамек жеткирип келиптир.

— Баарыңардын боз үйүңөрдүн эшиктери түрүлүү, түндүк жабуулары ачылуу. Деги мал-жаныңар аман, дени-кардыңар сакпы? – деп Малик ата алда-неден чочулагандай аттан түшпөй жооп укканга ашыккандай учурашты. Салам айтып, алик алышкандан кийин окуянын чоо-жайын уккан Малик ата ириде Айнабекти кайсыл жерден кандай издегенибизди шашылбай укту да: — Аа балдарым, жаш бала менен жаш мал жоголсо өрдү карай кетет. Силер төмөнтөн издеп жүрүп алган турбайсыңарбы. Кой, аттан түшө элегимде өзүм издеп келейинчи, – деп ээрге арта салынган куржунун Ишенбайдын колуна оодара сала берип, алдындагы кардай аппак боз айгырын сыйда камчыланып көзгө сайса көрүнгүс көрдөй капкара түнгө бир заматта көзгө илээшпей төнүп кетти.

*      *      *

Мен өмүрүмдө баласын жоготкон энени көргөн эмесмин. Сай-сөөгү сыздап, буркурап-боздоп, ыйлаган Акылайды көрүп, демейде топту жарып бак-бак сүйлөгөн мүнөзүмдүн мизи майтарылып, буга чейин жоон болсом ичкере түштүм, буга чейин  калың болсом жукара түштүм. Акылай ботосун жоготкон төөдөй боздогон сайын, улагын жоготкон эчкидей кан сийип какшанып “маараган” сайын, күчүгүн алдырган карышкырдай улуп-уңшуган сайын ылдыйлагандан ылдыйлап, төмөндөгөндөн төмөндөп, кичирейгенден кичирейип олтурдум.

Мен көзгө атар мерген элем. Менден да Чоро мыкты мерген эле. Чоро экөөбүздүн баспаган тообуз, атпаган кайберенибиз калган жок. Мен кийиктин чоңун, эттүүсүн атканга кумарпоз элем “Эти каткан карыган  кайберендин эмнесине кызыгасың, атсаң жашын ат, улагын ат, чаарчыгын ат, козусун ат! Атаң көрү жаш кайберендин куурдагындай куурдак болобу! – деп Чоро досум ар качандан бир качан бүйлөсүнө толо түшкөн жылуу шилекейин жумшак тартып, тамшанып коёр эле.

Улактын эти болобу, чаарчыктын эти болобу, иши кылып эт эле болсо Акылайдын колуна салып берсең, маңдайынан мээри төгүлгөн Акылай, колунан көөрү төгүлгөн Акылай куурдагын куурдактай кууруп, беш бармагын беш бармактай бышырып, дасторкондун көркүн чыгарып жиберер эле!

Көпчүлүк учурда уудан жолубуз болбой калганда калың чөптүн арасында энесинин сүтүнө тоюп ныксырап жашынып жаткан чаарчыкты издээр элек. Адамдын шыбыртын алыстан уккан чаарчык тумшугун калың чөпкө тыгып, бөгүп жата калат. Чукул келе калганыбызда жаткан ордунан тура калып, өйдө бир, ылдый бир каргып түйүлүп секирген болот. Андайда Чоро досумдун беш атар мылтыгынын аңырайган оозу турган жеринен түйүлүп качууга камданып калган чаарчыкка бурулуп, көк түтүнүн бүркүп “да-а-аң!” дей түшөт. Жаны оозуна тыгылып жанталашкан чаарчык калың черге жетпей “жалп!” деп жыгылат.

Чаарчыгын чер токойдун четине, калың чөптүн арасына катып коюп, кардын чөпкө, желинин сүткө толтуруш үчүн колоттон колотко, жылгадан жылгага сонуркап оттоп кеткен эне элик таң куланөөк атканда чаарчыгын издеп, жаткан жерин искеп, баскан изин жыттап чаарчыгын чакырып “баулап!” бакырат. “Бау! Бау!” деп өйдө бир, төмөн бир чуркайт. Эки эмчеги ийигип чуркайт, көзүнөн чаар чымын учуп, көкүрөгү өрттөнүп күйүгүп чуркайт…

Сен адамсыңбы же бир тоо-ташты мекендеген кайберенсиңби, эне деген эне экен да, бала деген бала экен да деген ойду ойлоп оорлоп олтурганымда сыртта иттер жабыла үрүп, иттердин арсылдаган үнүнө аралаш “Сүйүнчү!” деген үзүл-кесил үн чыкты. Чын уктукпу же калп уктукпу дегендей баарыбыз кулак түрүп дымый түштүк. Көөдөй кара түндөн суурулуп Малик атанын боз айгыры үрүл-бүрүл көрүндү. “Сүйүнчү айланайындар, сүйүнчү!” деген Малик атанын үнү бул жолу баарыбызга даана угулду. Отурган ордубуздан атып туруп, сыртты көздөй дүргүп жөнөдүк. Малик ата Айнабекти боз айгырга өңөрүп алыптыр. Жолдо ката уктап келатса керек, коңшулардын кажы-кужу үнүнөн, жарк-журк эттирип колго көтөрүп алган чырактандын жарыгынан ойгонуп кетти окшойт, Айнабек ат үстүнөн “ап-а-а!” деп бир чыйылдап бакырып алды. “Оо мурдуң урайын, элдин баарынын жүрөгүн түшүрүп кайда жүрөсүң?” деп Айнабекти Козубек аттан көтөрүп алары менен: “Кулунум менин, кулунум! Чын көрдүмбү же калп көрдүмбү!” деп балбаалап ыйлаган Акылай Айнабекти басып жыгылды…

*      *      *

Үйүн таппай караган-черди аралаган Айнабектин бутундагы конучу жука батинкеси менен шымынын багалегинин тамтыгы жок. Тикен ширеп, согончогу менен балтырынан кан шүүшүндөп агыптыр. Акылай менен Айнабекти тегеректеген коңшу келин-кесектер чырактын жарыгына салып Айнабектин бутуна кирген тикенди ийненин учу менен бирден терип алып салышып, тамтыгы чыккан кийимдерин чечиндирип, дароо жылуу сууга жуунтушуп, бутундагы жараатына койдун майынан сыйпап таңышып, кийим которупа кийинтишип, өзөгү карарып зоругуп калган балага нанга каймак сыйпап жедиришип, сүт ичиришти. Кечке тоо-ташты аралап адашып, боору чыккыча ыйлап чарчаган Айнабек тамакты деле жарытып жей албай, бат эле көзү сүзүлүп уйкуга кетти.

“Ак сарбашыл айланайындар, ак сарбашыл! Балам аман-эсен табылды!” деп Акылай так секирип сүйүнүп да жүрөт, көзүнөн жашын тыя албай ыйлап да жүрөт. “Айланайын Малик ата, акжолтоюм Малик ата! Кудайым өзүңө өмүр берсин, балдарыңа өмүр берсин! Эзели жаманчылык көрбө!” деп ири алдыда Акылай, Акылайга кошулуп коңшу-колоңдор Малик атага ыракматын айтышып алкап жатышты.

“Балам аман табылды! Айланайындар ак сарбашыл! Калматай кагылып кетейин, койлордун арасынан жонуна сыр тартылган эттүү ирик бар, ошону кой сарайдан алып чык, илээшки-жабышкы кырсыктын баары ушуну менен чыгып кетсин, кан чыгарып, кудайга жалынып курмандык чалалы”, – деп Акылай Чоронун койчусу Калматайга кайрылды эле, Калматай жип-шуусун колуна алып кой сарайды көздөй басты.

*      *      *

Түн бакырына карабай бата тиленип, кой союлду. Кемегеге казан асылды. Самоорго чай коюлуп, дасторкон жайылды. Конок камын көрүп карбаластап ары-бери чуркаган Акылай кенедей эле тыным боло калса уктап жаткан Айнабектин үстүнө үйрүлө түшө калып: “Кара жаным, как жүрөгүм!” деп жалынып-жалбарып, үзүлүп түшүп өпкүлөйт.

Күркүрөгөн Чоң-Кемин суусунун боюнда, адыр-будур Кашка-Суу кыштоосунун койнунда, жылдызы көктө жыбыраган айсыз караңгы түнүндө Чоро досумдун боз үйүнүн тегерегинде тирүүлүктүн өзгөчө бир демин туйдурган жылтылдап күйгөн чырак, жалыны көктү аймаган кемегедеги от, сүйүнүчү койнуна батпай чурулдап ойногон балдар, табак, депкир көтөрүшүп ары-бери караңдап чуркаган кыз-келиндер, жарданып туруп алышып өткөн-кеткенден кажы-кужу сүйлөшүп дуу каткырган эркектер…

Самоор кайнап коңшулар дасторконго олтурганда жеңилденип кийинип келейин деп жээнинин үйүнө кеткен Малик ата адатынча калбаатынан жазбай жай басып келип төрдөн орун алды. Баарыбыздын кулагыбыз Малик атанын сөзүндө.

— Бул менин ак боз айгырымдын акылы адамдыкындай эле бар, – деп Малик ата сөзүн ак бозунан баштады. — Ак боз экөөбүз узун-кырды өрдөп, өйдөлөгөндөн өйдөлөп эле олтурдук. Тизгинди бош койдум. Кээде эки кулагын тикчийтип дабыш эшиткенсип бир саамга туруп калат да, кайра басат. Узун-кырды кырдап тынбай эле жүрүп олтурдук. Анан бир кез ак бозум тык токтоду да, мойнун созуп бир нерсени жыттагансып туруп калды. Теминсем басчудай эмес. Ак боз мойнун созуп жыттаган тарапты бирдеме көрүнөбү деп карек кадап жакшы эле тикийип карагансыйм, көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндө эч нерсе көрүнбөйт. Кой, ак бозум жөн туруп калган жок, бул жерде бир мандем бар деп, ээрден аста-акырын ооп түшүп, ак боз мойнун созуп жыттаган жерди жакын келип карасам баланын ыйлайын десе ыйы калбай, басайын десе алы калбай, тутам-тутам үркүп өскөн табылгыга сүйөнүп жыгылаар-жыгылмаксан болуп уйку-соодо ыргалып турган экен…

“Малик ата болбосо балам куурап калмак турбайбы! – деп Акылай дагы бир жолу буркурап-боздоп көз жашын төгүп жиберди.

— Акылыңа келчи, Акылай, балаң аман-эсен табылды, буркурап-боздоп ыйлагандын ордуна так секирип сүйүнбөйсүңбү! – деп Козубектин Айнасы кайратына келтирейин дедиби, айтор, кабагын карыш түйүп, зекип койду. “Аның чын Айнаш, аның чын!” — деп Акылай бети-колун жууганы сыртка чыкты.

Жалаң эле баланын жоголгон-табылган окуясын айта берип карттанып турган Акылайдын жүрөгүн оорута бербейличи деген ойго келишти окшойт:

— Ыя, Нуке, Чоро досуң келип калса таң үрөң-бараңда кийиктеп кетесиңер го ээ, – деп Козубек сөздүн нугун мага бурду эле:

— Ооба, ошентебиз го, – деп оозум бош жооп бердим.

— Шыралга болобу, ыя Нуке? – деп Козубек сынаакы жылмайып карады.

— Кудайым буюрса шыралга болот, Козуке, – деп бул жолу үнүмдү пас чыгарып, “күңк!” этип койдум.

Дасторкондо олтургандар Чоро мыкты мергенчиби же Чым-Булактан чыкпаган Байтуманын тукуму Мамытай мыкты мергенби дешип кызуу талаш сөзгө киришти. Бири Мамытайды мактаса, экинчиси Чорону мактап, бирин-бири сөзгө жыга албай ит жыгылыш болуп бака-шака түшүп олтурушту.

Мынабул жерде бака-шака түшүп олтургандардын көбүнөн мергенчиликтин жайын жана мергенчилер жөнүндө мен алардан мыктыраак билсем да кызуу талаш сөзгө аралашкым келбей койду. Бүгүнкү Айнабектин жоголуп-табылгандагы окуясы оюман кетпей оорлоп олтурдум. Эмнегедир башым чыңалып, этим ысыгансып чыкты.

“Адам деген ушул экен да” дедим ичимен. Баласын тапкан Акылайдын сүйүнүчүн карачы! Конок камын көрүп боз үйгө тынбай далбастап кирип-чыгып, сүйүнүп жүрөт, жүгүрүп жүрөт! Пейлин чечип, бар дүйнөсүн төгүп жүрөт! Баласын жоготуп, баласын тапкан эненин кубанычындай кубаныч бул дүйнөдө болбосо керек! Акылайдын кубанычы алакандай Кашка-Сууга батпай, Чоң-Кеминдин аркырап аккан шамалына кошулуп, Чоң-Кеминдин шаркырап аккан чоң суусуна кошулуп кыргыздын чегин жарып өтүп, казактын көз жетпеген даркан талаасын жайпап өтчүдөй күч менен толкуп-ташып турганын карачы!

“Алсаңар, жесеңер!” дейт Акылай. Акылайдын кайгысына, кубанычына ортоктош болгон биз – бакыр түндүн сыйлуу коноктору алган болобуз, жеген болобуз.

*      *      *

Кеч күздүн түнү узун эмеспи, алдыга тартылган беш бармагын жеп бүткөн кошуналар оо бир топко өткөн-кеткенден кеп козгошуп, кеч тарашты. Кошуналардын соңунда сыртка чыгып бараткан Козубек босогого жете береринде тык токтоп:

— Нуке, шыралганы унутпа! – деп кайра бир жолу эскерткен болду.

— Кантип унутайын, Козуке, унутпай калайын.

— А-ап бали! Жигит деп сени айтсын! Келе колуңду! Мергенден жолуң болсун! – деп жалаң мен үчүн эле эмес, өзү үчүн да тилек тилеп жибергендей болду.

Эңкейип эшикке чыга береринде:

— Коё тур, Козуке, мен бүгүн силердикине жатам, –десем:

— Аа болуптур, Нуке, сыртка чыгып тамеки тартып сени күтө турайын, – деп баскан-турганы жеңил Козубек шып этип сыртка чыгып кетти.

— Буюрса Чоро да келип калаар. Түн ичинде ар кимдикине темселеп убара болбой мында эле жатып алсаң болмок, – деп Акылай конок каадасын кылган болду.

— Жок. Козукеникине эле жатып алам. Чоро келеби, келбейби, ууга чыгабызбы, чыкпайбызбы, ким билет? Эмнеси болсо да эртең менен эрте келем. Андан көрө мылтыгым менен бөктөрүнчөгүмдү ала кетейин. Таң атпай силерди ойготуп жүрөмбү, – деп керегенин башында илинүү турган мылтыгымды, таңуусу чечилбей бүкүлү жаткан бөктөрүнчөгүмдү алайын деп умтула бергенимде:

— Түн каракчысында шоңшойтуп мылтык асынып барганың туура болбойт ко. Тим кой. Эртең менен ушул жерден эле алып кеткениң оң, – деп Акылай кабагын каршы салып көжөлүп койду.

Сыртка чыксам Козубек күтүп туруптур…

*      *      *

Козубектин өмүрлүк жары Айна аяшым да Акылайдан кем эмес улуу-кичүүнү сыйлай билген акылкөй жан. Төргө төшөнчү-орунчу салып берейин дегенине болбой, эртең менен эрте эл тура электе ууга чыгып кетем деген шылтоо менен алдыма жер төшөк салдырып, башыма көрпөчө жаздатып, үстүмө өзүмдүн чолок тонумду жамынып, боз үйдүн сол жак капшытына, чечинбеген бойдон бүкүлү жатып алдым. Бала-бакырасына, жаман чалына төшөнчү-орунчу салып тегиз жаткырганы менен аял кишинин түн ортосунда да ыбырсыган иши түгөнөбү, күндүзү жуулбай калган казан-аягын жууп бүтүп, таңга маал от өчүп балдар үшүп калбасын деген ойдо дагырага көң көтөрүп кирип келатып али уктабай ойгоо жаткан чалына карап кобурап калды.

— Чоро Көк-Ойроктон келсе керек. Бир туруп тарсылдатып отун жаргансыган,  бир туруп темирге темирди коюп чаңкылдатып темир чапкандай эле үн чыгат.

— Эт бышырар алдында отунду жакшы эле жарып бердик ко. Же Акылайдын мешине Чоронун жарган отунунан башка отун күйбөйт бекен? —  деп Козуке төшөктөн башын чыгарып какшыктаган болду.

— Отун го отун. Түн ортосунда чаңкылдатып темир чапкандагысы эмнеси?

— Ээ кемпир, анын эмнесине кызыктың, ат аркандайын деп темир казыгын түздөп жаткандыр.

Чырак өчүрүлүп, Козубектин үй-бүлөсү да тегиз уйкуга кирди. Ар нерсени ойлонуп көпкө уктай албай жатып, таңга маал көзүм илинип кетиптир. Чочуп ойгондум. Чоро Көк-Ойроктон келсе таң атпай ойготот эле. Ага эмне болду? Же түндө кеч жатышыптыр, ууну эртең  деле ууласак болот, бүгүн тим коёюн, уйкусу канганча уктап алсын дегениби деген ой менен сыртка чыктым.

Куураган чөпкө бозомтук кыроо туруп, өзөн ылдый желпилдеп желген муздак жел жылуу үйдөн чыккан дене-боюмду кадимкидей чыйрыктырып, кеч күздүн күнү  сууктап калыптыр. Аркы өйүздөгү тескей тоолорго шыкалып өскөн калың карагай гана күз менен кыштын бийлигине моюн толгоп жашыл ыраңынан жазбай көз кубантып турганы болбосо, сары жапсар баскан көңгөй тоонун айтылуу жайлоо-кыштоолору жай айларындагы жашыл кымкап көркүнөн ажырап, кара шамалга жүзүн тосуп, кар тилеп турган чагы.

Чородон кабар алайын деп Чоронукун көздөй бастым. Көк дөбөт менен куба канчык адатынча арсылдап үрбөй, шыйпаңдап эркелеп алдыман тосуп чыкты. Чоро досум алыстан ат арытып келгенде тору айгырынын ээрин албай, мамыга аса байлап, таңашыртып койчу эле. Байланган ат жок, мамы бош. Демек Чоро Көк-Ойроктон келген эмес экен. Кечээ күнкү окуядан кийин чарчашса керек, кыбыр эткен жан жок, баары тегиз уйкуда.

Боз үйдү айлана басып эшиктин алдына келгенимде өз көзүмө өзүм ишенбей каккан казыктай катып туруп калдым. Бөктөрүнчөгүм бир жакта, беш атар мылтыгым бир жакта жатат. Дөңгөчкө коюп балта менен чапканбы, барскан менен чапканбы, эмне менен чапканын ким билсин, беш атар мылтыгымдын тамтыгы жок. Кундагын отун кылып жаргандай бөлө-бөлө жарып, кароол темирин жапшыра-жапшыра чаап салыптыр…

Качып бараткан улакты мааратып тоголото аткан, жата калып жашынган чаарчыкты чыйылдатып жалпайта аткан мылтыгымдын сөөгү сөпөт болуп жерде жатыптыр. Чоро экөөбүз бул мылтык менен далай эне эликти чаарчыксыз, далай эне эчкини улаксыз, далай канчык карышкырды күчүксүз калтырган элек. Далай ирет улагын жоготкон эне эчки кыр-кырда көкүрөгүн күйүт алып маарап, далай эне элик чаарчыгын жоготуп ботодой боздоп “баулап!” бакырып, далай карышкыр айды карап улуп-уңшуп турганын көргөн элем. Ошолорду көрүп туруп бир да жолу жүрөгүм “болк!” деген эмес экен! Бир да жолу жүрөгүм “зырп!” деген эмес экен!

Акылай баласын жоготкондо жүрөгүм биринчи жолу “болк!” деди! Жүрөгүм биринчи жолу “зырп!” деди!  Акылай баласын жоготкондо эчкидей кан сийип “маараганын”, эликтей “баулап!” бакырганын, карышкырдай көктү карап улуп-уңшуганын көрдүм. Акылай баласын тапканда төбөсү асманга жеткиче так секирип сүйүнгөнүн көрдүм.  Өпкө-боорун чаап жалынып-жалбарып баласын баса калып өпкүлөгөнүн көрдүм. Жоготкон баласын тапкан эненин бактысындай бакты бул дүйнөдө бар бекен?! Албетте, жок. Адам эне менен кайберен эненин кайгысы бирдей болгону менен, бактысы бирдей эмес турбайбы! Кайберен эне “баулап!” бакырган боюнча, кан сийип маараган боюнча калган эле! Көкжал көктү карап улуп-уңшуган боюнча калган эле!

“Беш атар мылтыгымды бөлө-бөлө жара чаап, жапшыра-жапшыра жалпайта чаап туура кылгансың Акылай!” — деп, сөөгү сөпөт болгон мылтыгымды жерден көтөрүп алдым да Козубектин үйүн көздөй бастым.

— Мына сага шыралга! – деп шалдырканы чыккан беш атар мылтыгымды Козубектин үйүнүн астына ыргытып таштадым да, кечээ кечтен бери сарайда жем жеп ойдолоп окуранып турган кер кашка айгырымды жетелеп чыгып, ээрин токуп, бөктөрүнчөгүмдү бөктөрүп, үзөңгүгө бут салаарым менен шап минип, тээ төмөндө Чоң-Кемин өрөөнүнүн бир бурчунда түтүнүн көккө булатып бейпил жашап жаткан Теңирменти айлымды көздөй “чү!” койдум.

Мен эмнегедир өзүмдүн жеңилдей түшкөнүмдү сездим…

2 Replies to “Нуралы Капаров: Кардагы из”

  1. Нуралы Капаров — феноменален! Я открыла его для себя, прочитав впервые его стихи. Была просто потрясена! Начала писать «Девятый вал» Нуралы Капарова». Он как Айвазовский в поэзии.. Но не довела до конца…. Мечтаю приобрести его сборник произведений, чтобы вновь и вновь окунаться во вселенскую бездну его мощного таланта и , очищаясь, писать благодарно, будучи не в силах сдерживать уже в тебе поднимающийся вал …
    Потом был «Тузик». Вновь потрясение…
    Теперь » Кардагы из»… Нуралы Капаров — невероятный мастер кыргызского слова! Поистине » стихотворения в прозе»! (Тургенеские) . Причем гениальные речитативы! Как виртуозно он ведет нас к апогею — опасности экологической катастрофы!
    Нуралы Капаров достоин высоких государственным наград! Ибо он — величина не меньшая , чем Айтматов!
    Примите мой поклон, Нуралы — сеющий лучи! Лучи знания, благородства, мудрости и чистоты!

  2. Мыкты чыгарма болуптур! Окуянын өнүгүшү, табияттын абалы, чакан айылда жашаган элдин кайгы-кубанычы абдан динамикалуу, өтө көркөм, өлтүрө ишенимдүү жана реалдуу сүрөттөлүптүр. Мындай окуяны баштан кечирген адам катары Акылайдын абалын керемет сезген жазуучу. 8-9 жаштагы карындашымды издеп жөнөгөн авам менен апамды көргөндө биздин ар бирибиз, ар бир бала ата-эне үчүн кандай кымбат экенин ошондо биринчи түшүнгөм. А романга тете аңгеменин финалы — укмуш!!! Тим эле А. Чеховдун деңгээлин ашып түшкөн акын Нураалы! Таазим авторго. Баракелде!!!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.