АҢГЕМЕ

Август айынын акыркы аптасы эле. Күн уясынан аркан бою көтөрүлгөндө облустук билим берүү башкармалыгынын жанына ак түстөгү машина токтоду. Узун бойлуу, арык чырай жигит машинадан түшүп, туура эле начальниктин канасын көздөй басты. Жылуу кабыл алган начальник:

— Нурболот Полотович, эми жаңы орун кут болсун! Сизге терең ишенич менен жаш, демилгелүү жигит деп айылыңыздагы мектепке директор кылдык. Келечек силердей жаштардын колунда. Эл үчүн талыкпай иштеп бергин! – деди жаңы директордун колун бекем кысып.

— Рахмат агай, ишенич билдиргениңиз үчүн. Колумдан келген ишти жасайм, балдардын келечеги үчүн баарына даярмын, — деп Нурболот сөзүн бүткүчө эшик тыкылдап катчы кыз баш бакты.

— Кечиресиздер, агай, министрликтен факс келди. Жаңы окуу жылы боюнча берилген эсеп-кысап туура эмес экен, ошого аны тезирээк жөнөтүшүбүздү сураптыр.

— Кече эле Айнура Калиловна жөнөтпөдү беле? Ошол туура эмес бекен? Өзүн чакырчы, –начальниктин кабагы бүркөлдү. Нурболот башка иштерин бүтүрмөккө сыртка жөнөдү. Эшиктен чыгары менен бет алдынан Айнура Калиловнаны учуратып калды.

— Ой, жаңы директор не кылып жүрөт бул жерде? – деди учурашып, — Нурболот кандайсың? Ден соолук жакшыбы? Үй-бүлөң тынчпы? Жаңы иш кут болсун!

— Кудай өзү кут кылсын! Өзүң кандай?

— Мен жакшымын. Начальникке кирип чыгайын, анан кенен-кесири сүйлөшөбүз, отура тур, – деп Айнура Калиловна ичкериге кирип кетти.

— Келиңиз, бул жакка отуруңуз, – катчы кыз орундук көрсөттү. Бир аз убакыт өткөндөн кийин: — Сиз, Айнура Калиловна менен таанышсызбы? – деп сурады катчы кыз.

— Ооба, экөөбүз курсташбыз. Айнура азыр шул жерде иштейби? – Нурболот катчы кыздын өзүнө кайра суроо менен кайрылды.

— И, кече жакында начальниктин орун басары болуп келди.

Нурболот начальниктин жанагы “кече эле Айнура Калиловна жөнөтпөдү беле?” деген сөзүн эстеди. Ошондо курсташынын чоң кызматка келип калганын ал кайдан билиптир. Аңгыча Айнуранын өзү чыгып калды.

— Нурболот, бүгүн убактың кандай? Үйгө өтөсүңбү? – деди өз канасына кирип баратып.

— Жок, бүгүн баралбайм го. Кийинки келгенде насип кылса өтөрмүн. Андан көрө жүр, сени да жаңы креслоң менен куттуктап…

— Кана эми убакыт болсо!  Жан деп барар элем. Бүгүн иш чачтан көп, жаңы ишке көнүшүп кетүү да кыйын эмеспи. Анан калса кече келип, бүгүн майрамдап… Үйгө барганыңда кенен сүйлөшүп, жездең менен да таанышып дегендей. Эсиңдеби? Мени ала качып кеткенден кийин сабакка келсем биринчи болуп сен: “И, күйөө бала кана, ээрчите келбейсиңби, аны менен качан тааныштырасың? Тойдон насибе да алып келбептирсиң”, — деп аябай уят кылгансың. – деген Айнуранын жүзү күлгөндө тамылжып алмадай болуп кызара түштү. — Же эсиңден чыктыбы?

— Кантип эсимден чыксын… Өзү биздин тайпада экөөбүз сырдаш элек. Кийин эле окууга келбей койбодуңбу.

— Э, ал күндөрдү эстегим да келбейт. Кээде силерди ойлосом, уялам. Коштошуу аземиндеги окуя эсиңдедир… Ошончо элдин арасында кайнежем жаакка бир чаап, баламды карматып коюп, ит айтпаган сөздү айтып… – Айнура улутунуп оор дем алды.

— Анын эмнесине уяласың. Турмуш деген турмуш. Бирде ошондой, бирде минтип кызматтуу кылып да коёт, – деди Нурболот курсташынын көңүлүн улап.

— Ошол сен узатып койгон бойдон курсташтарым менен коштошкон да жокмун, көрүшкөн да жокмун.

— Жездебиз каякта?

— Нурболот, сен иштериңди бүтүрүп тур. Мен дагы зарыл жумуштарымды кылайын. Эгер түшкө чейин кетпесең чогуу тамактаналы. Кандай дейсиң? – Айнура Калиловна курсташынын суроосуна жооп бербей, сөздү башка нукка буруп салды.

Эки курсташ күн төбөдөн тийип турганда, паркты аралап жай басып келатышты. Экөөнүн тең жүзүндө күлкү. Нурболот курсташынын чыдамкайлыгына, эрктүүлүгүнө таң калып анын аңгемесин муюп угуп, ага катарлаш барат.

А Айнура бүгүнкү жашоосуна жетүү үчүн баарысына чыдады. Турмуштун күтүүсүз соккусуна мөгдөгөн жок, турмушу азап берген сайын курчуду, баш ийбеди, майтарылбады. Жалган жашоо азабы өткүн жамгырдай экенин ойлоп, андан жеңилбөөгө тырышты. Бүгүн кайгы, өкүнүч болсо, эртең күн жылмыңдап жыргал жашоо болоруна ишенип, белин бек бууду. Өзү узун бойлуу, келбеттүү жан. Суудай төгүлгөн, кундуз чачтарына ак аралаганына да кайыл бүгүн.

Айнур Нурболот экөө сүйлөшүп отуруп, курсташы үчүн табышмак болгон өз турмушун баяндап баштады.

*     *     *

“Ошол күнү эч сабакка баргым келбей кыйылып туруп араң жөнөдүм. Факультетке барганымда биринчи сабак башталып кеткен экен, лекция залынын эшигин ачсам философиядан берген профессор көңүл да бурган жок. “Уруксатпы, агай” — десем мени көз айнегинин үстү менен карап, уруксат бербеди. Эшиктин алдында жөлөнүп турсам мага окшоп эки кыз кечигип келди. Анан үчөөбүз сыртка чыгып турсак бейтааныш балдар кайсы-бир кызды сурады да, көп өтпөй жанымдагы кыздар менен тааныша кетишти. Мен дагы таанышууга кол узаттым. Жигиттердин сүйлөгөн сөзүнөн улам – айылдан келишкендей. Ал аңгыча коңгуроо кагылып, кирейинки сабактын алдын ала ичкериге кирдим.

Сабактан кийин үйгө баратсам, жанагы суу мурундар жолумдан чыгып, аны-муну сурай беришти. Мен аларды жактырбагандай түр көрсөтүп, катуу берип жолумду уладым. Өздөрүнчө күңкүлдөшүп калышкан, бир маалда эле тапылдап чуркап келишип, экөөсү эки колумдан алып, дагы бирөөсү түртүп сүйрөгөн бойдон жол четиндеги таксиге салды. Күчүмдүн жетишинче каршылык кылдым, кыйкырдым. Ошол учурда ары-бери өткөндөр бир чети мени аяп, бир чети таң калып карап турушту. Мен машинага чыкпайм деп бутумду тиреп, жан далбастадым. Балдардын бирөө “олтурбайсыңбы, кадалана бербей” — деди эле “ме сага” — бетине түкүрдүм. Балдар ага карабады. Эптеп машинага салды да, экөө эки жанымда колумду коё бербей, зуулдап алып жөнөштү. Жолдо канча урушуп, канча жарашканыбызды билбейм. Баары менин айтканымды эки кылбай көзүмдү карашат. “Бекер уят болосуңар, мен барибир отурбайм! Отурбайм дедимби отурбайм!” — деп кыйкыра берип, кайсы айылга келгенибизди билбейм. Ошентип, көптөп түшүрүп төргө кыйгачынан тартылган кызыл көшөгөгө киргизип, ак жоолук салып, апамдан чоң аялдар ортого түштү. Артымдан кууп баргандарга ачуу басты кылып оозун майлап коюшуптур. Акелерим келип мени алып кетүүнүн ордуна бакыт каалаган болуп кайра кетишти. Кечинде чоң селдечен, кара сакал молдо келип нике кыйып… – кеткенин баян кылды Айнур улутунуп. — Ошол бойдон ал жерде келин болуп калдым. Окуумду да сырттан окуу бөлүмүнө которушту. Кийин сессияга келип бир ай жүрүп барганымдан кийин күйөөм аны-муну айтып кызганып, ортодо чыр чыгып, бир жылга жетпей ажырашып тындык.

Кийин окуумду күндүзгү бөлүмгө которо албай калбадымбы, анан дайым сессияга келгенимде жакын курбум Жаркындын үйүнө барчумун”, — бул сөздөрдү оор үшкүрүк менен баяндаган Айнурга Нурболоттун ичи аңтарылып отурду. Өкүттүү тагдырын улантты Айнур: – Жаркындын бактысына көз артчу эмесмин, бирок анын күйөөсүнө кылган мамилесине кээде ичим чыкпайт эле. Эгер ушундай күйөөм болсо, чаң жугузбай аздектейм деп өзүмдөн өзүм Мырзага жан тартчумун негедир. Эгерде бул оюмду Жаркын билчү болсо, анда достугубузга көлөкө түшүп калары бышык эле. Жада калса кээде Жаркын мени сынамакка Мырза жөнүндө оюмду сурачу. Чамасы менден чочулайт окшойт. Ошондой мезгилде өзүмдү жер бетине батпагандай сезчүмүн. Баягыда ала качпаганда мен да азыр кимдир-бирөөнүн сүйүктүү жары болуп бактылуу жашамакмын, же ошондо тиги менен жашай бербей деп өзүмө өзүм нааразы болуп кетчүмүн. Башка батир таап, бөлүнүп кетейин десем бир күнү Мырза: “Эмне кыласың башка үйдө, эмне бул жерге батпай жатасыңбы? Жүрө бер, ким сенин мышыгыңды “пиш” деп жатат. Үй кенен, бөлөк үйгө төлөчү акчаңы тирлигиңе корот”. – Муну укканда ооз ачалбай калдым.

Жаркындын тамак-ашына жардамдашар элем. Мырзаны кол астындагылар, тааныштары тез-тез конокко чакырып калганда, үйдө кызы, ымыркай баласы үчөөбүз калар элек.

Кайгы-капа каш-кабак ортосунда дегени чын экен. Бир күнү Жаркын  ооруп калды. Мырза аны атактуу докторлорго көрсөттү, бирок эч натыйжа болгон жок. Акыры айла түгөгөндө үйдө карап калдык. Менин окуу сессиямдын бүткөнүнө бир жума болду.  Жаркынды ошол абалында көзүн жалдыратып кетип калуу – адамгерчилик эмес эле. Ошон үчүн жанынан эртели-кеч жылган жокмун. Айылынан ата-энеси, бир туугандары, Мырзанын туугандары келип кабар алып турушту. Алар “баланча көргөнү келбеди” деген сөздөн, анан калса Мырзанын амалы бар эмеспи, ошол себептүү да эч саламга келбей жүргөндөр дагы  келишип көңүл айтып кетишти. Кечке дейре адам аягы үзүлбөйт, эртең менен салынган дасторкон кечке жыйылбайт. Жаркын өзү төшөккө мыкталып, баласын эмизүүгө да жарабай калды. Ушул үйдүн тузун таттым деп, эч кабагым-кашым дебей Жаркынды колумдан келишинче аздектедим, кызын, уулун өз балдарымдай көрүп аларга жумшак мамиледе болдум. Кирин жууп, Мырзанын жумуштан келишине тамагын даярдайм. Кыялымда Жаркын тез аранын ичинде бутуна туруп кетчүдөй сезилчү. Кызы да там-туң басып, тили чыгып калган.

Мырзанын шаардагы эжеси мени менен анча чыгыша берчү эмес. Жаркындын ооруп калышында да мени күнөөлөп, досум деп жүрүп келиндин көзүнө чөп салып, Мырзаны тартып алмакчы болду деп ар кимге айтып жүрдү. Акыры сен кантсе да өгөй эмессиңби, кызды мага бер деп алып кетти. Мырза кечинде жумуштан келип, бул ишти уккандан кийин эжесине телефон чалып:

— Эже, бул кылганың туура эмес, Жаркын мындай абалда турганда кызымды неге алып кеттиңиз, ырас боор оорусаңыз Айнур Жаркынды карап, үй иштери менен болуп, уулумдун курсагын тойгузуп, астын куруктоого үлгүрбөй жатат, алсаңыз уулумду алып кетпейсизби? — деди.

Эжеси:

— Карайт, ошол кара далы, — дедиби, Мырзанын өңү бозоро түштү.

— Андай дебеңиз эже, эгер ал болбосо Жаркынды ким карайт! Сиздер аны караганга чыдабайсыздар! Сиздердин өз ташпишиңиздер башыңыздардан ашат, – деди да телефонду коюп, көзүн жумуп отуруп калды. Мен Мырза алып келген мөмө-жемиштерди жууп келейин деп сыртка кеттим.

Чынында мен да аябай жүдөдүм. “Ооруу оору эмес оорууну караган ооруу” дегени чын белем. Апамдарды да сагынып кеттим, шаарга келгениме көп болгон. Ушуларды ойлоп үйгө кирсем, Жаркын Мырза менен сүйлөшүп жаткан экен.

— Эгер мен бирдеме боло турган болсом… Балдар жаш, сиз сөзсүз башкага үйлөнүшүңүз керек…  – деп Жаркын онтоп сүйлөдү.

— Кел, ал жөнүндө сүйлөшпөй эле коёлучу. Кандай, өзүңдү жакшы сезип жатасыңбы? Кечегиге караганда бүгүн өңүң да түзүктөй. Эртерээк сакайып кетсең эле… – деди Мырза жалооруй тиктеп, Жаркындын саамайынан сылап.

— Гм… Мырза… Мага ыраазысыңбы… Мен барибир адам болбойм… Колдорум эпке келбей жатат… Жат эмес өзүбүздүкүлөр болгондо да мени караганга чыдамак эмес… Айнурга ыраазымын! Ушул жердин тузун таткам деп мени, балдарды да өксүтпөй карап жатат… О, жаным! – Жаркын энтигип, таноолору дем алган сайын кыймылдап жатты. — Болду эми, анын кандай жердин кызы экендигин мен да көрүп, билип жатам. Чарчайсың эс ал, – деп Мырза жаздыкты оңдоп, үстүндөгү жамынчысын кымтылап койду. Жаркын да сөзүн баштаганда кирип бардым. Ал оор үшкүрүп:

— Айнур, балдар кайда? – деди. Мен эмне айтарымды билбей Мырзаны карадым, ал мага көзүн кысып койду. Кызын кайнежеси алып кеткенин Жаркын билчү эмес. Анткени, ал экөөнүн да мамилеси көңүл жылытарлык болбогон.

— Экөөсү тең уктап калды, – десем, мага жылмая карап – Сага ыраазымын Айнур. Мен дос тандоодон жаңылбаган экенмин. Сага ырахмат. Дагы сени менен сүйлөшөр нерсе бар. Мен…

Мырза токтот дегендей катуу жөтөлүп койду. Жаркын унчуккан жок. Анын жалооруй караган көздөрү да жашоого, ойноп күлүүгө ынтызар болуп, жалжылдайт. Үчөөбүз дасторкон четинде үн катпай олтурабыз. О, бир убак онтогон Жаркын: – Башым… башымды көтөрүп койгула… – деди. Мырза жаздыкты көтөрүп койду. Аздан соң Жаркын: – Айнур, балдарымды жетимсиретпей, өз балдарыңдай кара!.. Булар сага аманат… мен баарибир адам болбойм… Атың кургур, бул дарттан эч ким оңолгон эмес… Мен кантип оңолмок элем… – кур жөтөлүп онтоп, тамагы курудубу, эриндерин жалана баштады.

— Кудай дартын бердиби, шыпаасын да берет, – дедим көңүлүн көтөрмөккө.

— Ох! Жан керек болсо албайбы эми кыйнай бербей! Бүт баарына кайыл болдум!… – Жаркын көзүнөн төмөн аккан жашты аарчыганга алы келбеди. Мурдун шыр тартып, оор үшкүрдү. Мырза бир пияла чайын ичип, дасторкон четинде үңкүйүп аны тиктеп ичинен боор ооруп аяп турду. Бир жагынан экинчи жагына оодарыла албай Жаркын дагы мени карап көзүн жүлжүйтүп:

— Ушул… Мырза да сага аманат… Жакасын агартып жүр! Сенден акыркы сурарым ушул… – Жаркын денеси менен дем алып, онтогону күчөдү. Анан Мырзаны карап: – Балдарды бир көрсөтүп койгула! – деди. Мен барып уулун көтөрүп келдим. Кызым кана дегендей жан-жагын карай бергендиктен, Мырза аны азыр алып келет деп койду. Көңүлү бир аз тынчый түшкөн Жаркын уулунун жүзүн көрүп, аны колуна алып эркелете албаганына өкүнүп жатканы; көзүнөн аккан салаа-салаа жаштан сезилип турду. Аттиң арман дүйнө! Уулун акыркы жолу өз колу менен эмизгенге, эч болбогондо кумарланып жыттоого алы келбей жалдырайт байкуш. Жаркын мага алып кете бер дегенсип, ээги менен ишара кылды. Мен төркү үйгө киргенимде Мырзанын:

– Жаркын! – деген ачуу кыйкырыгы угулду. Чуркап келсем Мырзанын колун кармаган бойдон Жаркындын денеси жансыз жатат. Денем муздай түштү. Мырза өкүрүп ыйлап, мени карайт. Мен да шашып калдым, биринчи жолу адам өлүмүнө күбө болгондуктан денем калтырап, эсим чыкты.

— Айнур! Үйдү жыйыштыр, дасторконду ал! Мен коңшуларды чакырайын, – деген Мырзанын сөзү мага тээ алыстан угулгандай болду. Көзүмдү жумган бойдон турган жеримде катып калдым. Андан арысын билбейм. Эл топурап, бири ыйласа, бири сооротуп, дагы бири үйдү жыйып, баягы Мырзанын эжеси мени каргап-шилеп жатты. Ошол түнү уктабай таңды атырдык. Эртеси кыяматтык досум Жаркындын денесин көпчүлүк эл жерге жашырып келишти. Эки күндөн кийин менин ата-энем батага келишти. Анан мени алып кетейин деди эле, Мырзанын атасы атамды четке чакырып көпкө сүйлөштү. Унчукпай уккан атам сакалын сылап башын ийкегиледи. Мен эмне кыларымды билбей, көтөрүнгөн бойдон туруп калдым. Атам келип:

— Мейли, кызым, дагы бир азыраак тура турчу, – деди да ары басып кетти. Мырза атамдарды узатып келип мага карап:

— Кийимдериңди жайына кой, сен кайда барасың, балдарчы, менчи? – деп катып калган мени колдон алып үйгө карай жетеледи.

Жол четиндеги жаш чырпыктын жалбырагын үзүп алып Айнур ойлонуп өткөн күнүн эстеп жатты. Тамекисин түтөткөн Нурболот да ойлуу.

*     *     *

Студент кезинде Айнур дегенде бардыгына даяр эле. Баягы балдар ала качпаганда Нурболот менен азырга чейин баш кошмок беле, ким билет… Айнур окуусун сырттан окуу бөлүмүнө которгондон кийин Нурболот менен мамилеси суз болуп, ал эмес жакын досторунан да өзүн алыс кармап калган. Айнур бир аз жүргөн кийин аңгемесин дагы улады.

— Нурболот, тажабадыңбы?

— Койсоң, ушундай нерселерди угуп кантип тажайсың. Бул нерселер жашоодо болуп жатпайбы?

— Ошондой, менин бешенеме ушулар жазылган белем. Жаркындын жаңы бейшембилиги өткөнгө чейин Мырзанын эжеси экөөбүз ары барып, бери келдик. Мен кетип калайын десем, Мырза болбойт. Артыман эжеси менен иниси канча урушуп, канча жарашты. Досумдун бейшембилиги өткөндөн кийин Мырзага эми кетейин дедим. Ал унчукпай тунжурап отура берди. Кызынын бетинен өөп, уулун карындашынын колуна тапшырып жөнөп кеттим. Кызы ээрчип ыйлаганынан Мырза карындашын мага бер, ал Айнурга гана көнчү, эми ал кетсе эмне болот деди маанайы пас үшкүрүп. Мен дарбазадан чыгып баратканда белгисиз тарапка бараткандай болуп тунжурап, ушул үйдү кыя албай артыма бир кылчайдым. Кызын көтөрүп, мен тарапты тунжурап тиктеген Мырза бир ордунда турат. Мен бул үйгө эки жыл мурун кышында Жаркынды караан тутуп келген элем. Эмичи, анын өзүн да кетирип, өзүм кетип жатам деген ой көңүлүмдүн борборунда туруп алды. Эч кетким келбей жаш баладай айланчыктагандай болом, кайра өзүмө-өзүмө көнүшүп калган окшойм деп коём.

Ошол кеткен бойдон окуубуздун акыркы сессиясына келдим. Тааныш шаар, тааныш көчөлөр, баягы биздин факультет. Бул сапар айылдан келгенден кийин курсташ кыздарыбыз менен бир үйгө батирге чыктык. Бир күнү эртең менен сабакка шашып баратсак жол боюнда Мырза биздин батирдин ээси менен сүйлөшүп турган экен. Тып токтодум. Жанымдагылар аны байкаган жок. Байкаган менен деле Мырзанын ким экенин билишпейт болчу. Ал каткырып күлгөндө мага тааныш жагымдуу үн угулду. Ошол күнү сабак сабактай болгон жок. Профессордун айткан сөздөрү кулагымдын сыртынан кетип жатты. Билбейм, негедир Мырза көңүлүмдөн такыр кетпей койду.

Кечинде сабак даярдабай Мырзаны үйлөндү бекен, кызы чоңоюп калгандыр, баласы кантти экен деп ойлой берчү болдум. Ал менин ошол үйдө турганымды билгенби, айтор тез-тез келчү болду. Мен анын көзүнө көрүнбөстүн айласын таппай жүрдүм. Акыры коркуп жүргөн иш болду. Факультеттен чыгып үйгө баратсам бир машина жаныма токтоду. Мен эч нерсе оюмда жок өтүп баратсам, сигналын басып жибергенинен чочуп кеттим. Шофёрду урушайын деп токтоп карасам, Мырза колун булгалап кандайсың дейт. Бетим кызара түштү. Ал келип:

— Каерде жашап жатасың, үйгө да барбай койдуң, — деди эле унчуккан жокмун. – Жүр, кызым сени сурай берет, сурай берет эртең келет, бүрсүгүнү келет деп жалганчы болуп бүттүм. Ал мага ишенбей калды, – деди.

Мурда ал үйгө эки үч күндө бир келсе, эми ар күнү кечинде келип мени менен сүйлөшүп кетүүнү адатка айлантты. Мен каалабаганым менен ал келип туруп алса кет дегенге туура келбейт. Аргасыз анын жанына барам. Эптеп сессияны бүтүрүп, ага айтпай түштөн кийин айылга жөнөп кеттим. Бир жумадан кийин Мырза ата-энесин машинасына салып  үйгө барып калса болобу. Көрсө, ал Жаркындын мага айтканын али эсинен чыгарбаптыр. Ошентип, той кылып Мырза экөөбүз баш коштук. Бирок баягы кайнежем менен мамилем оңолбоду. Азыр да экөөбүз сөзгө келбей жүрөбүз. Эсиңдеби акыркы коштошуу аземиндеги кайнежемдин кылганы. Ал үйгө келсе, Мырза балдарды ойнотуп жатыптыр. Анан жок жерден шылтоо таап, сөзгө келбей баламды көтөрүп алып жетип барган жери экен. Мен аны байкабай калган экенмин. Туптуура мага келип баламды колума карматып, бетиме чаап, жаман сөздөр менен урушуп кетип калбадыбы. Ошол учурда күйбөгөн жерим күл болуп, көпчүлүк алдында шагым сынды. Эң өкүнүчтүүсү — “сен түзүк кыз болсоң, досуңдун түбүнө жетип, эрин тартып албайт элең” — дегенде чыдабай калдым. Ал мезгилде эч ким менин абалымды түшүнбөйт болчу. Ыйлаган бойдон эшикке чыкканымды билем.

Бир убакта өзүмө келсем, сен мени таксиге салып узатып жаткан экенсиң. Үйгө келип Мырзага ыйлап баарын айтып бердим. Кайнежем Мырзага мени же аялыңды танда деп туруп алды. Ошондо Мырзанын чечкиндүү бир сөзү мени дале болсо кубандырат. “Эже, сиз Айнур эмес, Жаркындын качан кылган ишин жактаган элеңиз. Аны да койбой анттиң, минттиң деп жүрүп, жалгыз бала болгондугума карабай, башка үйгө бөлүнүп чыкканга мажбурладыңыз. Эми коюңуз, сиздин бүлөңүз башка, менин турмушума аралашып, өз сыйыңызды кетирбеңиз. Келсеңиз ысык чайымды ичип, сыйлуу коногум болуп кетиңиз” — деген. Ошол бойдон ал кайнежем мени менен кол учунан учурашып коёп жүрөт.

— Демек, ушинтип Жаркындын аманаттары мойнуңда экен да, – деди Нурболот.

— Ооба, ушинтип Мырза экөөбүз уулдуу болдук. Мектепте иштеп жүрүп кечээ жакында бул ишке которулуп келдим. Мына менин басып өткөн жолум ушундай, курсташ.

— Мага сенин турмушуң табышмак эле, айрыкча коштошуу аземиндеги кайнежеңдин сөзүн уккандан кийин… Мына эми баары түшүнүктүү. Бир философтун айтканы бар эмеспи: “Жашоо күрөш болсо, бакыт күрөшүп жеңгендики”. Анын сыңардай сен дагы өз бактың үчүн аябай аракет кылдың. Албетте, бактылуу болууга татыктуусуң, – деди Нурболот.

Айнур Калиловна менен өз турмушу тууралуу да узак убакыт аңгемелешип, аны ишине таштап, кечки салкында анын сабырдуулугуна, андагы бийик адамгерчиликке өз бакыт жолундагы эрктүүлүгүнө таңданган бойдон ак тулпарын зымыратып айдап, шаардан алыстап кетти.

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.