“Айтматовдон алган сабагым” сынагына

Айтматов советтик коомдо жашаган адамдардын тагдыры жөнүндө жазды, бирок аны ошол учурда деле коомдогулар кабыл албай койгон жок. Айтматовдун чыгармалары ошол эле СССР жашап турган мезгилде 170ке жакын тилге которулуп Америка, Германия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн басмаларынан бир эле чыгарманы бир нече жолу жарык көрүп, театрларда да бир канча иреттен сахналаштырылып турган. Айтматовдун эң алгачкы чыгармаларынын бири бул “Жамийла” повести. Бул чыгарма өзүнүн көркөмдүк керемети менен окурмандарды өзүнө тартпаса да, бул чыгарма жөнүндө мактоолор унутулган жок.

Дал ушул “Жамийла” повестин окуп баштаганда эле өзүңө болгон ишенимдүүлүктү, чечкиндүүлүктү, эмгекчилдикти, өжөрлүктү жана кайсыл жерде жүрбөгүн дегеле бул жашоодо жөнөкөй болууну окуп үйрөнөсүң.

Андан ары окусаң күзгү асманды, бозоргон, дан жыттанган сары талаа, оргуштаган кең өзөн, себелеп өткөн жамгырдан кийинки топурак жыты, сүйүүгө толгон айдоо аянты жалпысынан алганда керемет жаратылышты баяндайт. Дал ушул жерден эле биз жаратылышты көздүн карегиндей сактоону жана сүйүүнү окуйбуз. Кандай гана учур болбосун өз эли жериң үчүн баардык нерсеге даяр болуу керек. Кандай гана маселе болбосун мекен үчүн тикеден тик туруу керек. Жана ошондой эле бул чыгармадан сүйүүнү үйрөнүүгө болот. Бул сүйүү кыз жигиттин сүйүүсү эмес ата-энеге, мекенге болгон сүйүү. Ата-эне бул сени өмүр бою сүйгөн, кемчилигиңди оңдой билген, жашоого тарбиялаган негизги адам. Ар дайым сени ойлоп, сен үчүн максат коёт

Бул повесттен жаныбарларга болгон сүйүүнү да байкоого болот. Мисалы ошол мезгилде ат алар үчүн эң маанилүү техника болгон. Ошол себептен алар таза чөп салып, тунук суу берип багышкан. Алардын ар бир жумушу атсыз болгон эмес.

Ошол учурда жада калса кат жазуунун да өзүнчө салты болгон деп айтылат. Кат келгенде бардыгы сүйүнүп, көздөрүнө жаш алып окушчу. Себеби, балдарынын аман-эсен экенин билген ата-эне, үй бүлөсү үчүн чоң сыймык эле.

Повесттин башкы каармандарынын бири Жамийла. Жамийла кат келгенде эч качан кубанган эмес, тескерисинче бозоро түшчү. Жамийланын бозоргонун көргөн энеси аны кайраттандырмакчы болуп: “Кабар келгенине сүйүнбөй, кайра шылкыя калат экенсиң да, балам. Же аскерге кеткен сенин гана күйөөң бекен? Эл тарткан азапты эл менен кошо тарт. Кудай кошкон жарын ким сагынбасын, сагынсаң да ичиңде болсун”, – деп айткан.

Дал ушул жерден эле биз өзүбүзгө кандай гана учур болбосун сабырдуулукту, жакшылык жамандыкта бирге болууну үйрөнөбүз.

Саратан чапкың, жер какшыган күндөр. Өткүн жаандай шартылдап өткөн поезддер капчыгай жаңырта токтолбой зуулдайт. Элдер кумурскача тынбаган аракетте. Чоң кампанын ичи тоодой үйүлгөн эгин. Каптарын жонго салып, тактайдан жасалган трамп менен кампанын төбөсүнө бийик чыгып барып төгүш керек. Ызы-чуу, дарбазасында: “Баардык эгин – фронт үчүн” – деп, ураан жазылган.

Алар бул эгинди оңой эле таап алышкан жок. Талаанын өзүнөн, айдоого дан таштагандан баштап карашат. Аял, эркек, чоң-кичине дебей жазы-жайы тынбай, тырмактап өстүрүшкөн. Албетте аны жыйноо оңой болгон эмес. Эскилиги жеткен комбайн менен араң жыйнап алышкан. Таң эртеден караңгы түнгө чейин чарчадым дебей орок тартып, жерге түшкөн ар бир бош машакты кичинекей балдардын колдору терген. Күндө тапкан-тергенин – фронттуку,бул биздин жеңиш үчүн берген тер менен каныбыз дешкен.

Мына ушул жерден “Баардыгы бирөө үчүн, бирөө баары үчүн” деген макалды алсак болот. Чарчадым, оорудум, бул чоң-кичине дебей баардык кылганыбыз мекен үчүн, жеңиш үчүн деп эмгектенишкен. Алар күндү күн дебей, түндү түн дебей иштешти. Баардыгынын максаты, тилеги бир. Кичине балдар ойной турган мезгилинде күн-түн дебей иштешти. Баардыгы кандай гана учур болбосун сабырдуу жана бирге болушту.

Айтор бул чыгармадан биз көп нерсени үйрөнүүгө болот. Жогоруда айтылгандай эле сүйүүнү, жөнөкөйлүктү жана бири-бирибиз менен ынтымактуу болууну, колдон келишинче жардамыбызды аябай берешен болууну, сабырдуулукту, намыстуулукту, өз оюңду кенен айтууну, эмгекчилдикти үйрөнсөк болот. Ушул адамдар арты менен биз жаркын жашоодо, барчылыкчы, токчулукта жашайбыз.

Бул чыгармадан алган сабагым: биринчиден, көз алдыңда турган нерсени элестүү айтып, окуяга окурмандарды аралаштыра, сезимдерин козгоп, таасирленте алууну. Экинчиден: эне менен бала, келин менен кайнене ортосундагы мээримдин күчтүүлүгүн, ортодогу көрүнбөгөн чекти, ыйбаа кылып, сый көрсөтүүнү. Үчүнчүдөн: жаратылыш менен адам ортосундагы байланыш, сүйүүнүн күчтүүлүгүн баса белгилеймин.

Ооба, Айтматовду баары эле окуп, андан таалим-тарбия алып жиберди деп айта албайм. Бирок Айтматов чыгармаларынын жараткан энергиясы кыргыз коомчулугуна толкун сымал таралып тургандыгы ырас.

Чыгармасы көп тилдерде сүйлөгөн,

Адамдыкка, адилетке үндөгөн.

Христиан, будда жана мусулман,

Айтматовду кимдер гана сүйбөгөн.

Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп лицейинин 9-А классынын окуучусу Уланбекова Сирена.  Дареги: Анар кичи району, 9/14

Жаңы окуу жылга карата өспүрүмдөр арасында конкурс жарыялайбыз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.