Кыргыз эл жомогу: Чычкан менен мышык

Илгери-илгери өткөн бир убакта алгырлыгына сөз жетпес таргыл мышык болуптур. Мезгил-мезгили менен оошуп отуруп, ал таргыл мышык да күч-кубаттан кетет. Көзү жакшы көрбөйт. Буга ал аябай капа болот. Эмне кыларын билбей, көп ойлонот. Өзүнүн таш боор, мыкаачы кездерин эстеп, жини келип, анан кайра өзүн өзү соорото баштайт. Эми чычкан менен сүйлөшөйүн деген чечимге келет. Таргыл мышык келип: – Чыке! Аз айып, көп күнөөм болсо кечирип кой. Мен карыдым. Тынч жашаганды самайм. Көптөн-көп өтүнөөрүм такыр кек санашпайлы. Мен мындан ары карай […]

Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинде жаш калемгерлерге байгелер тапшырылды (фото)

Кыргыз адабиятынын күнүнө карата “Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аталышындагы конкурс жеңүүчүлөрүнө бүгүн, 12-декабрь күнү борбор калаабыздагы Аалы Токомбаев атындагы мемориалдык үй-музейинде байгелер тапшырылды. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулган жаш-акын жазуучуларга, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев, Жазуучулар союзунун төрага орун басары Керимбек Кадыракунов акчалай байгелерин тапшырып, жаш калемгерлерге “РухЭш” сайтынын атайын дипломдору ыйгарылды. Байге тапшыруу аземиндеги көз ирмемдер  

Адылбекова Айназик: Акбаранын күнү-түнү боздоп улуганы

“Айтматовдон алган сабагым” сынагына «Кыргыз десе Чыңгыз келет эсиме, Чыңгыз десе Кыргыз келет эсиме», деп кыргыз элибизде бекеринен «кыргыз» деген сөз менен «Чыңгыз» деген ысым бир бүтүндүккө айланбаса керек. Жазуучунун баа жеткис чыгармалары, жан дили менен өз жери үчүн жасаган эмгектери элдин эсинде ташка тамга баскандай түбөлүк сакталат. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы көп улуттуу адабиятыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө чоң салым кошту. Менин Айтматовдун ааламына саякатым адабият предмети менен таанышкан соң башталып, азыр да уланууда. Жазуучу ар бир чыгармасында «өлүп», жаңы чыгармасы менен кайра […]

Айтмырза Абылкасымов: Дарга алдындагы акыркы сөз

«Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат…» Эл сөзү. АҢГЕМЕ Күн түшкө жакындаганда шаардын чок ортосундагы базар аарынын уюгу быякта эле калып, уу-дуу улам күчөгөндөн күчөп эле жатып калды. Айтылуу чыгыш базары! Мына ушуну базар деп айтса болот! Кымкууттуктан баш адашып, ар кандай добуштардан кулак тунуп, бирок баш-аламан, аңтар-теңтер болуп жаткансыганы менен, байкап, астейдил зээн салган кишиге бул базардын өз ыргагы, өз тартиби бар болуп, азыр да ана ошол адатынан жазбай, алымчасы да, кошумчасы да жок, демейдегидей эле өз ирети менен […]

Раджниш Ошо: Эгерде бир адамды өмүр бою сүйгүң келсе…

Өзүн сүйбөгөн адам, бүт дүйнөнү жек көрөт – ал заардуу, зордукчул жана дайыма ачууланып жүрөт. Өзүн сүйбөгөн адам анан кантип башкалардын сүйүүсүнөн үмүт кылышы керек? *     *     * Дүйнөдөгү эң чоң коркуу сезими – бул башкалардын оюнан коркуу. Топтошкон элден коркпой калгандан тартып сен кой эмес, арстансың. Жүрөгүңдө жаралган улуу күркүрөө – эркиндиктин күркүрөөсү. *     *     * Акыл – бул так эсептөөчү ишкер механизм, анын сүйүүгө эч бир тиешеси жок. *     *     * Адам кыялданып жетсем деген баалуулуктун баары, анын […]