Өзүн сүйбөгөн адам, бүт дүйнөнү жек көрөт – ал заардуу, зордукчул жана дайыма ачууланып жүрөт. Өзүн сүйбөгөн адам анан кантип башкалардын сүйүүсүнөн үмүт кылышы керек?

*     *     *

Дүйнөдөгү эң чоң коркуу сезими – бул башкалардын оюнан коркуу. Топтошкон элден коркпой калгандан тартып сен кой эмес, арстансың. Жүрөгүңдө жаралган улуу күркүрөө – эркиндиктин күркүрөөсү.

*     *     *

Акыл – бул так эсептөөчү ишкер механизм, анын сүйүүгө эч бир тиешеси жок.

*     *     *

Адам кыялданып жетсем деген баалуулуктун баары, анын өзүндө катылган.

*     *     *

Сиз өзүңүзгө бир аз көңүл коюп, дайыма тазаланып турушуңуз керек: башыңызда пайда болгон жаман ойду туюп калсаңыз, андан дароо тазаланып, ойдон чыгарып салыңыз. Акыл-эсиңиз тунук, таза болсо, жашооңуздагы кандай көйгөйдөн болбосун, андан чыгуунун жолун табасыз.

*     *     *

Билип койгула, эркиндик – бул эң чоң баалуулук. Жана даа, сүйүү эркиндик тартуулай албаса, анда ал сүйүү эмес.

*     *     *

Бала кыял адамдар гана бири-бирин жакшы билебиз деп ойлошот, өзүңдү жарытылуу биле албай жатып, сүйгөн адамыңды билем деп кантип айта аласың?

*     *     *

Көп катачылык кетиргенден коркпо, бирок эсиңде болсун: бир эле катаны эки жолу жасаба. Ошондо гана өсөсүң.

*     *     *

Берилгендик бул – өтө жаман нерсе, бирок миң жылдар бою ал эң мыкты сапаттардын катарында, анткени коомчулук сени кулчулукта кармоо үчүн ушундай стратегияны ойлоп тапкан.

*     *     *

Менин окуумдун маңызы мындай: эч кандай ишенимдин, далилсиз жоболордун, диндердин, таңууланган нерселердин биринин да кереги жок. Өзүң туйган нерселерге гана ишен. Калган нерсенин баарына шектенүү менен кара.  Башка диндер ишенимге таянган сыяктуу эле, мен – шек саноого таянам. Менин таянычым илимге дал келет: бир нерсенин шексиз экендигине көзүң жетмейинче шектенүүнү токтотпо.

*     *     *

Дүйнөдөгү биз өзгөртө алаар жападан жалгыз адам, ал – өзүбүз.

*     *     *

Уят – бул башкалардын сиз менен ойногон амалдуу ыкмасы. Эмне туура, эмне туура эместигин ошолор айтышат. Алар сизге өз идеяларын таңуулап, бала кезиңизден бери тынбай какшап келатышат. Качан күнөөсүзсүң, канткенде оңой жараланасың, бирөөлөр менен сылык болушуң керек, кайсыл жерге из калтыра аласың, алар мунун баарын – башында эле аныктап коюшкан. Ошол аныкталып коюлган шарт “уят” деп аталат жана ал бүт өмүрүңдү жетектеп жүрөт. Уят – бул коомдун сизди кулчулукта кармоо үчүн иштеп чыккан стратегиясы.

*     *     *

Эгер өзүңдү жубатууну издеп жүрүп, акыры аны тапкан болсоң, анда ал жасалма нерсе экенин бил. Ал наркотикке окшоп жагымдуу, ыңгайлуу: сен аны кабыл алганда бактысыз, байкуш боюнча кала бересиң, бирок ал абалыңды убактылуу унуткартып коёт.

*     *     *

Айланаңдагы жашооңду адам суктанаарлык сулуулукка айлант. Ар бир адам үчүн сага жолугуу – белек болсун.

*     *     *

Эгер сен бирөөнү сүйүп, бирок ал сени сүйбөсө – аны ташта. Эгерде сени бирөө сүйсө, а сен аны сүйбөсөң – аны баалап, байкап көр. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр – ал үчүн күрөшкүлө.

*     *     *

Ата-энелер балдарынын алдындагы милдеттерин аткарат, балдар ата-эне алдындагы милдеттерин аткарат. Аялы күйөөсүнүн алдындагы милдетин аткарат, күйөөсү аялынын алдындагы милдетин аткарат. А сүйүү деген кайда?

*     *     *

Эгерде бир адамды өмүр бою сүйгүң келсе, ага бир мүнөт да жакындаба.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.