Зарипбекова Аделия: Эмне үчүн адамдай болуп жашай албайбыз?

«Айтматовдон алган сабагым» сынагына Кыргызды дүйнөгө тааныткан, адамдын адамдыгын даңазалаган залкар жазуучу, улуу инсан, көркөм сөздүн Манасы – Чыңгыз Айтматов. Б. Мурзубраимов Алакандай элибизди ааламга тааныткан Ч. Айтматов өзү жашаган, өз көзү менен көргөн заманды чыгармаларында баяндоо менен бирге адам уулу канткенде адам болот деген суроону таштаптыр. Согуш темасы жазуучунун чыгармаларында чоң орунду ээлейт. Себеби анын балалык чагы согуш мезгилине туура келген. «Атадан калган туяк» аңгемесинде согуштун айынан Авалбектей канча бала ата деген ким экендигин билбей калды. Эгерде согуш болбосо, […]

Наталья Абрамцева: Жоготуу (жомок)

Жоң эне күзгүнүн алдына гүлдөрдү койду. Күзгү деген эмне экенин билбеген гүлдөр андан чагылган өздөрүн көрүп абдан суктанышты, ушундай сулуу жандар бар экенине кубанышты. Мактоолорду жаадырып, ал тургай ийиле таазим этишти. Күзгүдөгү гүлдөр да ошондой эле кыймыл менен жооп беришти. — Силер кимсиңер? – деп сурады кызыл гүл. Жооп болгон жок. — Кел, достошуп алалык, — деди ак гүл. Дагы эле жооп болбогондо гүлдөр жакпай калдыкпы деп санааркай башташты. Гүлдөрдүн байоолугун байкаган күзгү өзүндөгү чагылуу сырын ачмай болуп: — Бул […]

Касым Каимов: Рабат

АҢГЕМЕ Боз түшүп, дүйнө жүзү мунарык. Тоо өрөөнүнүн сүрү качкан. Бадалдар бой жаза алышпай жалбырактары чүрүшүп, саргайыңкы. Чымын-чиркей гана мол. Тоо өрөөнүнүн ортосундагы жалгыз аяк какыраган таштуу жолдо алсыраган эки адам келатты. Бири орто жаштарга барып калган, арыктыгы жеткен, Каныш апа. Ал минген карала бээ да ыңырчактай, аягын араң кыбыратат. Алп мүчөлүү буурул сакал адам бээни жетелеп алган. Бээ тартылган сайын, аны суу жээкке буруп, кан-сөлү жок, арык аялды атынан көтөрүп түшүрөт. Бээ суу боюндагы кылтыйган көк жашаңдан чалып, бир […]

Салижан Жигитов: Сынчылык – бул кесип

Көп эле киши өз кесибин өнөрлөрдүн эң сонуну да, эң мыктысы да деп санайт. “Врачтарда бир ишеним бар, — дейт даңазалуу хирург Николай Амосов, — алар, эгер биз болбосок, элдин тең жарымы кырылып калат болчу деп ойлошот”. Өз кадырын билген сынчылар да өз кесибин ошо врачтардан кем санабайт; сынчылардын ашкере дымактуулары көркөм адабияттын бүт тиричилиги куду өздөрү кыймылдатып жатышкандай, өздөрү болбосо адабияттын очогу кысыр калчудай сезишет. А чынында сын — адабияттын туундусу. Ай өз жарыгын күндөн алгандай, сын да өз […]

Роберт Грин: Согуштун 33 ыкмасы

Эгер бир нерсеге жетүүнү кааласаң же кандайдыр бир максатка умтулсаң, анда ага жетиш үчүн салгылашууга даяр бол. Бул туура согуш жүргүзүүгө багытталган кайра тарткыс жана эч айныбас ынаным болуп саналат. Жашоо күрөшүнүн биз сөз кылчу чеберчилигине жетишүү жашооңдун тынч жана жемиштүү болуусуна шарт түзөт. Анткени оюн эрежелерин билесиң, андыктан эч зомбулук көрсөтпөстөн жеңишке жетише аласың. Адамдын аң-сезимин абдан мыкты өздөштүрүп билген, мындан улам дүйнөдө дүң болуп окулуп жаткан “Бийликтин 48 мыйзамы” китебинин автору Роберт Гриндин колуңдагы эң соңку эмгеги болуп […]

Насирдин Байтемиров:  Кирпи

АҢГЕМЕ Адам болсун, айбан болсун, ар кимдин сыры, кулк-мүнөзү, ал түгүл эмнеге жакын экени, колунан эмне келери бара-бара билинет. Момун болсо Арпачыны жегенден кийин алпарып талаага таштаса, аз эле убактын ичинде жапайы мышыкка айланып кеткени белгилүү. Кандек дале жүрөт. Анын зыяны жок. Пайдасы бар. Пайдасы бар дегеним, короого чоочун киши болсун, ит, ал түгүл мышык, мал болсун, такыр киргизбейт. Өзгөчө мал кирсе жаман да. Заматтын ортосунда кылгылыкты кылбайбы. Кыйла жылдан бери көгөртүп алган огороддун ишпалдасын чыгарат. Сындырып, бүлдүрүп кетет. Жегенинен […]