ТАҢ АТТЫ
Боорума жакын таң атты,
Боз дөбө жакта жаңы атты.
Боз торгой таза үн менен
Бозоргон таңды агартты.

Талпынта кагып канатты,
Таң жаркын жашоо жаратты.
Талдагы күкүк таң калсын:
Табийгат — миң  бир  канаттуу!

Күн түркүн  шоола  таратты,
Күү черткен суулар шар акты.
Күүлөнүп  жатып өзүнчө,
Күтүүсүз жерден таң атты!

ШЕРМЕНДЕ
(1937-жылды эскерип )

Күн бүгүн үн катпай күркүрөйт,
Кишендүү күлүктү ким  сүрөйт?
Элим да, жерим да мүңкүрөйт,
Эр болсоң, бийликти жыгып көр.

Жалгыздык  жашынып ыйлады,
Жанымды жакырдык  кыйнады.
Заманды жыландар сыйпады,
Зарымды, арымды угуп көр.

Макулук өңдөнөт көрпенде,
Маңкурттук бар  сенде, бар  менде.
Шерменде, шерменде, шерменде,
Шер болсоң, бийикке чыгып көр!

БАЛАЛУУ БАЙЧЕЧЕКЕЙ
Агарат көңүл бүгүн,
Ааламга — менден салам!
Көктөмдүн көрүндүгүн
Көтөрүп  келди балам.

Баламдын колдорунан
Башкача гүлдү  таптым.
Жараткан колдоп  улам,
Жашынган Күндү таптым.

Алыскы бала чакта
Ак гүлдү  терет элем.
Аздектеп кармап аста,
Апама  берет элем.

Жапжашыл жазды коштоп,
Жарышып өттү күндөр.
Айылдык кыздарга окшоп,
Акырын  өстү   гүлдөр.

Өкүттө калып кетпей,
Өмүрүм  өргө чыкты.
Балалуу  байчечекей
Баягы дөңгө чыкты.

БУЛБУЛ
Бүлбүлдөп гүлдөргө көмүлдү,
Бир булбул өрүктүн шагында.
Арзуулар армансыз төгүлдү,
Агарып ачылган чагында.

Булбулдун тили ай, тешилди,
Бир күүсү миң  күүгө  айланып.
Эшилди, элирип  эшилди,
Эргүүгө  жиби жок байланып.

Өксүгөн  өмүрүн өткөрдү,
Өрүктүн шагында бир булбул.
Чакырып жыл сайын көктөмдү,
Чарчады  дил   менен  тил  кургур.

Акырын  чертет ал  азыр  да,
Ааламдын терезе,  эшигин.
Түн бою булбулдун  жанында
Терметем  ойгонуу  бешигин…

КӨЧМӨНДӨР ЫРЫ
Эске түшөт эскирген ыр. Көчмөнбүз,
Эмнегедир   толук жанбай  өчкөнбүз.
Ак таңдарга камыр-жумур жуурулуп,
Асман, жерде эриш-аркак өскөнбүз.

Элден мурун  ачылганбыз, ачылдык,
Эрте жазда кеңдиктерге чачылдык.
Көз тийдиби, сөз тийдиби, ким  билет,
Колубузда турган кушту качырдык.

Бизден калган бөксө тоолор, адырлар,
Боздоп-сыздап  жетимсирейт  азыр  да.
Артыбызда  дүбүрт сымал дүңгүрөйт,
Атка минген уламыштар, аңыздар.

Кайра атабы ошол улуу таңыбыз,
Качан  кайнайт козголоңчул  каныбыз?
Бүркүттөрдөн бизге кайтып келеби,
Бийиктикти кучактаган чагыбыз?

ЖУКА
Кичүүлөр улууларды укпай койду,
Күйгөндөн  тилим кыска, тилим жука.
Оо, азыр гүлдөр эркин чыкпай койду,
Ооруган дилим куса, дилим жука.

Ата Журт, ыза кылган сени кимдер,
Аптабың жалын эмес, табың жука.
Кайдасың, бычакка сап эр жигиттер,
Катарым калың эмес, сабым жука.

Тоолорго сөзүм качан айбат кылат,
Тону жок ыйманымдын сүрү жука.
Чоңдордон чогулушта жардам сурап,
Чыгарган  китебимдин түрү  жука.

Кабылан Манас үчүн жанды сууруп,
Какшаймын! Эгемендик доорум  жука.
Кумтөрдү сактап келген калкым туруп,
Ким билет, неге  менин  колум жука!?!

КӨРӨ АЛБАСТЫК
Биз, кыргыздар, аз эмес, көп адаштык,
Бийик жердин төрүндө өр талаштык.
Шолоктойбуз  бармакты жара тиштеп,
Шордуу журттун илдети – көрө албастык.

Уюткубуз кур окшойт. Сүйүнбөдүк,
Улут  үчүн  күйбөдүк, күйүнбөдүк.
Манкурт болуп, баарыбыз манкурт болуп,
Манас менен Чыңгызды түшүнбөдүк.

Тазбайматты тамшанткан  сууну жуттук,
Таза сууну какшаткан ууну жуттук.
Бирибизден  миңибиз кыйынсынып,
Билинбестен кыйрадык, сынып бүттүк.

Караңгыда жарыкты көрбөс болдук,
Калкыбызга көңүлдү бөлбөс болдук.
Элибиздин эртеңи ойлондурат,
Эмнеликтен Абыке, Көбөш болдук?

КОЛУМДАН КЕЛГЕН ИШ
Бакырат, өкүрөт башкарма,
Багыттар тосулган. Жол жабык.
Кошулам башы маң жаштарга,
Колумдан келгени — Кол чабуу.

Жадатат жасалма күлкүлөр,
Тажатат  жеңилүү, багынуу.
Тукуруп, кутуруп түлкүлөр,
Туурумда көргөнүм — Жагынуу.

Чокморлуу чок көсөйт чогулуш,
Чоңдордун чойгону — кош оомат.
Коёндон коркконго догуруп,
Колумдан келген иш — Кошомат!!!

КУРУ НАМЫС
Өзүбүздү өзүбүз курутабыз,
Өрөпкүткөн сөзүбүз — куру намыс.
Алай-дүлөй заманда ааламдашып,
Ала-Тоону атайын унутабыз.

Баш көтөргөн немени жемелейбиз,
Бей-бечара пендени тебелейбиз.
Бизден көрө «бак» эткен бака жакшы,
Бешенебиз шор экен эбегейсиз.

Эркиндикти тескери терилейбиз,
Эр Манастын эгемен жерин жейбиз.
Алда кандай дилдеги кылды чайнап,
Айды жейбиз, жылдыздын көрүн жейбиз.

Колу-буту   тушалган  кул болобуз,
Күл ташыган күйүттүү күң болобуз.
Ушул тагдыр таш капсын! Мындан ары
Улуу Таңды чакырган Күн болобуз!

АППАК КӨМҮР
Биз — саткынбыз. Калкыбызды сатабыз,
Биз — качкынбыз, элден безип качабыз.
Зардалыдан атсын биздин заманды
Замбирекчен Асан Кайгы атабыз

Үйдө баатыр, жоодо жокпуз баарыбыз,
Үркүп жашайт жашыбыз да, карыбыз.
Ичибизде чөгүп жаткан кербенге
Ит сыяктуу үрөт  намыс, арыбыз.

Журт көзүнчө кейип-кепчип жашыйбыз,
Жутту төргө, кутту көргө ташыйбыз.
Кожогаттуу, карагаттуу мекенде
Койду  жуткан карышкырды кажыйбыз.

Арманыбыз Айды кыркат араалап,
Асманыбыз ыйлай албай карарат.
Аппак дейбиз абдан кара көмүрдү,
Ал күйгөн соң, күл болгон соң агарат!

КИМ УУРДАДЫ?
Бакайы жок, бул күндүн Кошою жок,
Башыбыздан ойлорду уурдаган ким?
Кой дегенге кожо жок, кожоюн жок,
Короо-короо койлорду уурдаган ким?

Боорундагы, эненин боорундагы
Бөбөктөрдүн бактысын уурдаган ким?
Мотурайган баланын оозундагы
Момпосуйдун жартысын уурдаган ким?

Кыя жолдо намысты  кан кустуруп,
Кыңылдаган  кыякты уурдаган ким?
Ыйык журтка ызгыган чаң жуктуруп,
Ыйбаа менен уятты  уурдаган ким?

Аянычтуу асманга ай көмүлөт,
Ай көмүлгөн булутту уурдаган ким?
Ариеттүү  кыргыздар  аз көрүнөт,
Ак калпакчан улутту  уурдаган ким!!!

Тайирден адабий чакырык

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.