«Музбаш»,«Тузбаш»,« Кыл Кекиртек » жана «Куурайсан» тууралуу жомок

Балдар, дүйнөдө эмнелер гана болбойт? Биз көрбөгөн, биз билбеген көп нерселер болгон да. Ошолордун бири – мына азыр силерге айтып бере турган кызык окуя. Илгери-илгери Музбаш, Тузбаш, Кылкекиртек жана Куурайсан деген төрт бир тууган болгон тура. Төртөө тең эси жок тентек, ынтымагы жок, аябай жалкоо, анан да биринин сөзүн бири таптакыр укпаган терсаяктар экен. Ата-энеси айтып жумшабаса, ар ишти өз убагында ынтымак менен бирге жасашчу эмес экен. Бир күнү алардын ата-энеси тойго кетишип, баягы төртөө үйдө калышыптыр. Эртең менен ичкен […]

Иминова Хуснида: Айтматовду гений деп билдим

“Айтматовдон алган сабагым” сынагына Салам достор! Менин атым Хуснида. Ош шаарындагы мектептердин биринде окуймун. Туура, бул эмне эле кат жазып жатат деп ойлойт чыгарсыңар. Бирок сѳзүмдүн аягында түшүнүп аласыздар деген ишеничтемин. Жараткандын жана депутаттарыбыздын, бийликтегилердин шарапаты менен чек ара маселеси чечилип, Өзбекстанга каттам жүрө баштады. Чек араларда тоскоолдуксуз ал жакка, бери жакка элдер өтө баштап тууган-уруктарын көрүп, жакшылыгына күбө болуп  кайтышып жаткан мезгил. Ошондой кундөрдүн биринде ишемби күнү атам, апам болуп биз да Өзбекстандын Андижан шаарына атамдын бир тууган инисинин […]

Элдияр Элчибек: Жоголгон муун

АӉГЕМЕ Биздин каарман бүгүн да тээ алыста. Алыс сапарда. Ал күн сайын беш миӊ чакырымды басып келем десе, мен анда дайым анын ал-абалын сурап турат элем. Көзүнө тигиле карап, көзүнөн элде жок сезимди окуш үчүн… Уссурийскиде алар жүз жылдап жашап келаткан адамдардай жайгашып алышкан. А келгендерине он беш жыл болду. Муравьев көчөсүнөн буларга окшош, булардан да көп жылдар мурун отурукташып алган кыргыздарды кадам сайын жолуктурса болот. Кудум Бишкектин бир чоң көчөсүн түбү-орду менен көчүрүп келип койгондой. Алардын көбү алгач кыйналып […]

Суу менен жүрүүчү автоунаа: кыялбы же чындыкпы?

Дүйнө экологиялык катастрофага жакындап бараткан азыркы шартта адамзат аргасыздан күн менен шамал энергиясын колдонууга, күйүүчү май менен жүрүүчү автоунааларды электромобилдерге алмаштырууга, ал тургай суутектин күйүүчү касиетин пайдаланууга көбүрөөк аракет  жасай баштады. Алгачкы натыйжалар жаман эместигин интернет маалыматтары тастыктоодо (алардын көптүгүнөн башың айланат). Биз аларга саресеп салып, келечектин энергиясы боло турган суутек жөнүндө, башкача айтканда водород (макалада эки аталыш тең колдонулат) отуну тууралуу окурмандарга азыноолак кеп салып берели дедик. “Суу менен жүрүүчү автоунаа чыгат” деген сөздү уккан киши мүмкүн таң калбай […]

Стамбулда кыргыздын улуттук маданияты даңазаланды

Өткөн аптада Түркиянын Стамбул шаарында Кыргызстанды таанытуу иш-чарасы өттү. Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулду. Өлкөнү, улуттук маданиятты таанытуу аземин Түркияда окуп жаткан кыргызстандык студенттер платформасы жана Стамбул университети өткөрдү. Аталган маданий иш-чарага Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Консулдугу, Стамбул Университетинин ректору Махмут Ак, Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдигинин Башкы секретары др. Фахри Солак, Стамбул Университетинин Эл аралык студенттер кеңсесинин башчысы Фарук Ташчы жана Түрк дүйнөсүн изилдөөлөр борборунан расмий коноктор катышты. Бул туурасында уюштуруучулар тобунан Курсанбек Дүйшөнкул уулу маалымдады. Аземдин […]

Райан Холидей: Интеллектиңди өстүрүү үчүн китепти кантип окуу керек

Китеп окуу боюнча эң жакшы кеңешти мага кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча бир кинопродюссер айткан эле. Ал өзүнүн анчалык атак-даңкы жок болсо да, 100 миллиондон ашык альбомдорун сатып, кассага миллиард доллардан ашык акча түшүргөнгө жетишкен. Ал мага мындай деген: “Райан, китептин баарын окуй берген жетишсиз, улуу иштерди жасап лидер болом десең, лидер сыяктуу окуу керек”. Ал азыркы эч ким китеп окубаган заманда, колуна китеп кармап жүрүү эле, элден башкача ойлонгон кишинин белгиси деп айткысы келди окшойт. Балким ошондойдур, бирок колуңдагы бир […]