Конкурска: Караңгы үй (№29)

АҢГЕМЕ Тоо арасындагы үйлөрдүн биринде шам үлбүрөп араң жарыгын чачат. Ыраакта обочолонуп жашаган үй бүлөгө электр барбаган. Элчилеп сыналгы көрүү бул үй бүлөгө жат. Түнкүсүн ал үйдүн терезесинен шам жарыгы араң көрүнөт. Четтеги үйдө тирүү жан барбы деп да ойлойсуң. Тоо бооруна салынган эски үйдө Гүлбарчын карыган энеси, үч баласы менен турат. Күйөөсү башка айылдаштары сыяктуу мигрант болуп кеткен. Эки жылдан бери телефон чалганы эле болбосо, жарытылуу акча деле сала элек. Бул үй бүлөнүн ишенгени эле каарыган апасынын пенциясы! Өткөн […]

Дайырбек Стантегин: Көчкөн журттай өттү өмүр

*     *     * Чыңгыз хан 515 аял алган деп жүрөт билбейм, бирок чынбы, жалган. Мен болсо өмүрүмдө бирди сүйүп, Шого да жетпей жүрөм жалгыз арман. А мүмкүн жетер белем жетким келсе, А мүмкүн өбөр белем өпкүм келсе. А бирок жете албадым, өбө албадым, Турбайбы сүйүү деген өкүм нерсе. Болсо да өкүм нерсе, сүйөм бирок, Ушу азыр болк-болк этип турат жүрөк. Бирөөнө жетпесем да арзып, күйүп, Түшүмө 515 аял кирет. Ойгоном. Олтурамын кайта жалгыз, Оюмда жалгыз ошол кайталангыс. Жетпесе миллион эркек […]

Зарыл Касмалиев: Табылдынын таланты ачылбай кетти

Караколдун бир бурчунда өзүнүн зор таланты көпчүлүккө чыкпай, көмүскөдө калган Зарыл Касмалиев агам өз убагында Табылды Муканов, Тургунбай Эргешов, Алым Токтомушев сыяктуу таланттар менен жолдош болуп жүргөн экен. Зарыл абанын ырларына суктанып, анан ошол талантына өзү баа бербей койгонуна бир чети таң калсам, бир чети ачуум келет, бир чети уялам. Анткени, кай бир адамдар тамтаңдаган саптарды жазып, «акынмын» деп жүргөнүн көрүп, не дээриңди билбейсиң. Болбосо, Кудай берген талантын досторунун чыгармаларына суктануу менен токтотуп койгон адамды көрдүңөр беле? Бул жолу Зарыл […]

Сурамжылоо: Адабий рейтинги бийик акын-жазуучулар аныкталды

«РухЭш» сайты жүргүзгөн сурамжылоо негизинде учурда көзү тирүү акын-жазуучулардын кимиси оозго көбүрөк алынаары аныкталды. Сурамжылоого коомдун түрдүү катмарындагы эксперттер катышты. Сурамжылоо жүргүзүү саамалыгы мындан ары да ар бир 3 ай сайын жүргүзүлүп турмакчы. Адабий рейтингди аныктоонун максаты – 2020-жылдын соңуна чейин кайсы акын-жазуучунун ысымы эң жогорку рейтингден түшпөсө, «РухЭш» сайтынын алдында түзүлгөн адабий агенттиктин жардамы менен ошол калемгерлердин «Турар» басылмасынан китептери чыгарылып, о.э. чыгармаларын дүйнөнүн башка тилдерине которуу демилгесин колго алат. Акындар: Сагын Акматбекова – 25 Нарсулуу Гургубай – 22 […]

Саул Абрамзон: Кыргыз элиндеги нике жана үй-бүлө

Кыргыз үй-бүлөсү, жалпы эле башка үй-бүлөлөр сыяктуу, жаралгандан тартып узак мезгилдерге чейин түрлөнүп өзгөрүп келген. Ал да коомдук мамилелердеги кайра түзүлүүлөргө байланыштуу кайра өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Бирок кыргыз үй-бүлөсүнүн тарыхын биз эч болбогондо бир-бирине туушкан кыргыз уруулары жөнүндө ишенимдүү айта алаар мезгилден гана баштоо – тарыхый келечекти жасалма тарытуу болор эле, анткени кыргыз уруулары өздөрүнө мүнөздүү коомдук жана үй-бүлөлүк мамилелери менен өз кезегинде белгилүү этникалык жалпылашуунун негизинде калыптанып, өздөрүнүн атабабалары болгон. Демек, кыргыз үй-бүлөлөрүнүн башаты эң байыркы доорго, алгачкы жамааттык […]

Нурадил Рыспаев: Темир боз үй

ПОЭМА “Белеспетин” тепчү эле кыбыратып, Бетегенилүү шиберди шыгыратып. Белди көздөй тепкенге күчү келбей, Белден ылдый кетчү эле зымыратып. Эриккенде далысын кашып алып, “Ээрге” бекем жамбашын басып алып. Кетчү сызып… сырайтып эки бутун, Белеспеттин “рулуна” асып алып. Өңгүл-дөӊгүл ылгабай кете берип, Өөн коктунун сайынан өтө келип… Өзү токтоп калганча белеспети, Бөксө тоонун түзүнө жете келип. Марасына жеткенсип артты карап, Маашырланып бөксө, тоо, чатты карап… Апаа, апаа деп анан кыйкырчу эле, Апасы бар алачык жакты карап. Түртүп арттан белеспет тептиргенче, Же жонуна […]