Казак эл жомогу: Алдар көсө менен бай

Көзү курч, сөзү мурч, кыймылы тез, акыл-эси андан да бат Алдар-Көсө макоолор менен сараң байларды алдаганды жакшы көрчү экен. Анын байлык-мүлкү жок болсо да куулугу менен жан багып, кээде хандардай эле ичип-жеп, кедей-кембагалдар менен бөлүшчү. Ошол заманда төрт түлүк малы жерге батпаган Жатырбай деген макоо чалыш киши болуптур. Бир күнү Алдар-Көсө Жатырбайга жолугуп: — Урматтуу бай, менин эки теңгем бар, бирок капчыгым жок, чөнтөгүм болсо тешик. Теңгелеримди колго уучтап жүрүп чарчадым. Коротуп жиберейин дегем. Сен мага жардам бере аласыңбы? – […]

Конкурска: Нике түнү (№30)

АҢГЕМЕ — Кабыл кызы Айзуура, ушул кишилердин күбө өтүшүнчө сен өзүңдү Эшполот уулу Умарга туттуңбу? – Кара сакал, орто жаш айылдык молдо эки аялдын катарында ак жоолугун ээгине бууп салына отурган жаңы келинге кайрылды. Келин унчукпады. Эки жеңеси эки жагынан акырын түрткүлөгөнүн этибарга албай бир нокоттон көз үзбөй нес. Молдо аны түшүнбөй калдыбы деп экинчи мертебе дагы кайталады: — Кабыл кызы Айзуура, ушул күбөлөрдүн катышуусунда сен өзүңдү Эшполот уулу Умарга багыштадыңбы? Бөлмө көрүстөндөй жымжырттыкты жамынды. Кыз көзүнүн кыйыгын ак калпактарын […]

Олжобай Шакир: Аяз ата

АҢГЕМЕ Балдар менен көк жылгаяк тээп жүргөн. Жыгылып кайра турган. Эти ооруп, кыңкыстап араң көтөрүлгөн. – Бир жериң сынбадыбы? – жалооруй карап жеңеси Нарынгүл туруптур жанында. – Билбейм, могу жерим… – бала сыздаган томугун укалады. – Бут шилтеп басып көрсөң, – жеңеси колунан алып жетеледи. – И-и, оорубадыбы? – Бир аз… – бала кадам шилтеп көрдү. Томугу сыздап атты, бирок буту шилтенет экен. Жеңеси жетелеген бойдон жөнөдү. – Карачы… көк муштум болуп тоңуп калганыңды. Бас үйгө. Баланын көңүлү көк жылгаякты […]

Сагын Акматбекова: Экөө

ЭССЕ Таштын үстүндө олтурган адамга таштын түбүндө жаткан жылан кайрылды: — Эмне кылып олтурасың, адам? — Эс алып олтурам, а өзүңчү? — Күнөстөп жатам. Кайдан келатасың? — Көрүнгөн тоонун боорунан. — Көрүнгөн тоонун боорунда эмне бар экен? — Өскөн үй. Көгүлтүр туман жана жаңы чыккан байчечекей. — Ошол элеби? — Кете элек кар жана көзү ачыла элек булак. — Көрүнгөн тоо сага эмне берди? — Өмүрдү жана өрөөнгө түшкөн жолду. — А сен эмне калтырдың? — Артымда калган жолду. — […]

Атактуу адамдардын карылык жөнүндө насыйкаты

— Карылыктын көп жыргалчылыктары бар, аны пайдаланганды гана билиш керек. Луций Аней Сенека, байыркы римдик философ жана саясатчы. — Жаштык – акылмандыкты өздөштүрүү мезгили, карылык – аны колдонуучу учур. Жан Жак Руссо, француз философу Карыган кезде жаштык жөнүндө көп ойлойсуң. Александр Дюма (атасы), француз жазуучусу. — Жаштар өлүшү мүмкүн, каргандар – өлүш керек. — Карылыктын мүмкүнчүлүктөрү жаш кездегиден кем эмес, бирок кийген кийими башка. Генри Уодсворт Лонифелло  – америкалык жазуучу. Адамдын кары же жаш экени; ал өзүн кандай сезгенине жараша […]