Абдыкерим Муратов: Жоомарт Бөкөнбаев – романтик акын

Акын жөнүндөгү сөзүбүздү анын жары маркум Тенти Адышеванын эскерүүсүнөн алынган мындай деген сүйлөмдөр менен баштасак: «Каргашалуу 1944-жылдын күндөрүнүн биринде Жоомарт сценариясын жазышкан «Манастын уулу Семетей» аттуу кинофильмди тартууга байланыштуу Каркыраны көздөй бет алып, акыркы сапарына жөнөп жатып: — Мен эми эки-үч айсыз келбеймин. Силер камырабай жата бергиле. Көлдөн кайткан соң Москвага барып, кинонун сценариясын өткөрүп келемин да, ыр менен роман жазамын. Мына ошону бүтүргөндөн кийин,  келип силерди алып кетем  деди. Ал  ошондо араң   эле 34 жашка аяк баскан болучу… «Бири […]

Рахат Аманова: Ай жүзүндөгү так

Алдей,  алдей ак бөпөм, Ак бешикке жат бөпөм.. …Тээ алыста Алайдагы ыйык Тамчы мазарынын аркы өйүзүндөгү Үңкүрдүн ичин жарып,  ыңаалаган кызыл эт ымыркайдын үнү ай-ааламга угулду… Жаңы көз жарган жаш жубан тун уулун колуна алып,  бооруна кысып,  баятан бери толгоодон жаны көзүнө көрүнүп атканы унутулуп,  бактыга тунган жаны балкып,  көзүнөн жаш кулап атты… Жаш жубан бактылуу эмей эмине… Теңирим да бактыны сүйгөн пендесине берет тура.. … Атагы таш жарган айтылуу Алымбек датканын а кезде отузга аяк баскан маалы. Өрт мүнөз, […]

Чоюн Өмүралиев: Эстет

АҢГЕМЕ Тамдын боорунда өзү тарткан үч эликтин сүрөтү илинип турчу. Ортоңкусунун башы оңбогондой сулуу тартылыптыр. Ал дайыма ошол эликти карап, сулуу башын өзү тартканына бир эсе ишене албай, өнөрүнө канааттанат. Бир жолу үйгө келген жолдошу сүрөттү карап жатып баягы эликти «кемээк экен» деди. Чын эле алдыңкы ээрди үстүңкүсүнөн саал кемирээк экен. Анын оюна бала кездеги кайтарган жаш козулары түштү. Жаңы отуккан козулар төө куйрук, тикендердин арасындагы мал тиши тие элек жаш чөптү оттоп жүрүшүп тикенекке сайдырып ооздорун жара кылышчу. Картыккан […]

Людмила Молдалиева: Лебедь, Рак да Щука

(О некоторых проблемах народного образования) Прошедшее в конце августа заседание правительства, на котором рассматривался вопрос о деятельности министерства народного образования КР  и Академии образования, вселило надежду на улучшение качества образования нашего подрастающего поколения. Никогда не смотрю такие передачи, а тут включив телевизор, и увидев эмоциональное  выступление премьер-министра заинтересовалась. Все что там было сказано – это конечно, середина айсберга, не хочу сказать верхушка айсберга, потому что это будет несправедливо по отношению к тем, кто работает в этой сфере. Самое отрадное, что […]

Мыкты акын, мыкты жазуучулар боюнча адабий рейтинг аныкталды

«РухЭш» сайты тарабынан көзү тирүү акын-жазуучулардын кимиси мыкты экенин аныктоо максатында атайы сурамжылоо жүргүзүлдү. Сурамжылоого катышкан эксперттер (31 адам) коомдун ар тараптуу өкүлдөрүнүн арасынан тандалды. Шарт боюнча ар бир экспертке берилген суроо: Сиз эң мыкты деп санаган кайсы үч акындын ысымын атайсыз? Сиз эң мыкты деп санаган кайсы үч жазуучунун ысымын атайсыз? Адабиятчы Рысбек Эшматов санаган акындар: Сагын Акматбекова, Нарсулуу Гургубаева, Мирлан Самыйкожо. Жазуучулар: Жылкычы Жапиев, Бейшебай Усубалиев, Данияр Исанов. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт жана коомдук ишмер Искендер Ормон […]

Садырбек Турдубек уулу: Дарак менен барак бир тууган экенин билер бекен?

ОЙ ТҮШҮМДӨРҮ Этика тууралуу эң мыкты китепти тартипсиз коомдун өкүлү жазат. *     *     * Азыркы заманда «убакыт учкан куш» эмес. Убакыт азыр интернет сигналындай ыкчам. *     *     * Чыныгы устаттар менен багбандар абдан окшош. Багбандар мөмө берчү бактарга суу куйган сыяктуу, даанышман устаттар ийгилик жаратчу шакирттерин илим, мээрим менен сугарат, өстүрөт. *     *     * Адам дал өзүндөй кылып баласын тарбияласа, мүрөк суусун ичкен менен барабар. *     *     * Эл көзүнчө берешен, айкөл көрүнгөн, бирок, ичи тар киши, бергенин кандай жол […]

Александр Куприн: Аль-Исса

УЛАМЫШ Христос туулганга чейин бир топ кылым илгери Индостанда саны аз болсо да, күчтүү эл жашаган. Ал элдин аты тарыхтан таптакыр өчүп жок болгон, ал тургай ыйык Веда китебинде алар жөнүндө жок дегенде бир-эки сап да эскерилбейт. Бирок, көп жашаган, эски сөздөрдү ыйык тутушуп, эстерине бекем сактаган куйма кулак факирлер ал элдин эң алгачкы эч нерседен коркпогон, каардуу өкүлдөрү алыскы Батыштан келип, Индостанда кыска мөөнөткө өз бийликтерин жүргүзүшкөнү айтышат. Индостандын бардык раджалары, көпөстөрү аларга салык төлөп, колго түшкөн кулдар алардын […]

Халил Бапаев: «Узак учар»

АҢГЕМЕ Узак бүгүн боз торгойдон эрте туруп, помидорлорунун көчөттөрүн кандыра сугарды. Аралап жүрүп мөмөсүн көтөрө албай жыгылгандарынын жанына тыттын бутактуу ганын сайып жөлөдү. Кетенчиктей калып мөмөлөшүнө назар салды. Ар бир түбүндө алты-сегиздеп помидор жетилиптир. Сүйүнгөнүнөн көзү кыбыңдады. «Буюрса, түшүм жаман эмес»,— деди ичинен кымыңдаш… Аярлап басып, ояк-быягын жыйыштырып жүргөндө Айнаш жанына басып келди. — Бүгүн негедир уктай албадыңыз, эмне болду, өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшүп?.. — Менин уктаган, уктабаганымды сурап эмне кыласың. Андан көрө айтчы, Айнаш, биерден канча тонна помидор алчудайбыз? […]

Долган эл жомогу: Түлкү эмне үчүн кызгылтым?

Түлкүнү бир кезде адамдан да зор болгон дешет, сүйлөгөндү да билчү экен. Куулугу башынан ашкан арамзаада үчүн баарын алдап, эч кимди аябаптыр. Ушунчалык таш боор болуптур. Бир жолу эже-сиңди кайыкта сүзүп бараткан болот. Алардын баштыгында кургатылган эт менен май бар экен. Жээктен Түлкү кыйкырат аларга: – Кыздар, мени ала кеткилечи! Кыздар жээкке келет, Түлкүнү кайыкка отургузуп, жолду улашат. Кайык каалгып баратканда Түлкү айтат: – Биздин арыкка келип кошулган агын суулардын баарын билем. Кыздар сурайт: – Бу кайсы суу? Түлкүнүн жообу: […]

Азыркы  коомдук түзүлүштүн табияты

ЖАНА РУХАНИЙ-АДАБИЙ МУРАС КАТАРЫ АЙТЫШ ӨНӨРҮНҮН АБАЛЫ Бүгүнкү турмуш чындыгы калайык калыктын мамлекеттик расмий мыйзам жоболорун так тутуп,  аларды кынтыксыз аткаруунун гана эмес, өзүнүн абалтан аздектеп урунуп келаткан руханий ыймандык дөөлөттөрү менен адептик салттарын,  жашоо эрежелери менен ишеним түшүнүктөрүн да бекем сактоону, аларга таянып өрүш алууну талап кылууда.[1] Элибиздин сан кылымдык санжыргалуу тарыхында саресептелип иштелип чыгып,  мезгил сынынан өткөн, «Адам уулунун канткенде Адам болушу жөнүндөгү»  анын философиясы менен адеп түшүнүктөрү, таалимчилик тажрыйбасы менен устаттык чеберчилиги – мына ушундай көөнөрбөс дөөлөттөрдүн […]

Мээрим Сайдилкан: Мени өлдү деп өрттөп, сууга чачып жибериңиздер

ЭССЕ Сүйүүнү өбүшүү менен чектеген заманда жашап жатабыз. ♦ ♦ ♦ Бир күнөө жасадым, уялуу менен күндө эсимден кетпеген, башымды ийилткен күнөө ал. Бирок мени дал ошол күнөө бактылуулукка жетеледи. ♦ ♦ ♦ Мени эң көп уялткан адамдар – ашыкча мактоого марыткандар! Жана мени эң ыңгайсыз абалга кептеген да ошолор! Эң чоң бушайманга салган да ошолор. ♦ ♦ ♦ Мактоо эмес, сын уккум бар. Мактоолор – ооз учунда дайым даяр учууга, а сынчы? Ал оор салмак менен айтылат. Ал тамыр […]

Кожогелди Култегиндин Анкарада жазылган жаңы ырлары

КЫРГЫЗСТАН Кыргызстан, кызыл жүзүң сыйырдың, кыйкырык-чуу түштүң далай, чыңырдың! Аңылдаса сайасатчы – шиш болуп алкымына келет азыр тыгылгың… Ожалышып… жетип алтын ачкычка, оолжугандар арбын жаңы баскычта. Кыргызстан, пачкаланып – бөлүнүп, кыйрап турсуң чөнтөктө да, капчыкта… Сен ишенген төбөлдөрдүн не дарты? Жете албадың чекке – желип жете алчу. Кайран калкты атышканда Ак үйдөн кан аарчып сен – болдуң бырыш бетарчы. Ойдо жокко, Кыргызстан, жанаштың, орус, казак аймагында талашсың – көчөлөрүн келесиң эх-х шыпырып көккө сунган колу менен Манастын… Чийбаркыттай жупунусуң ыраңы […]

Усубалиев  диктатор  болгон  эмес,  тактеке  болгон

КОМУЗУН МОСКВА ЧЕРТКЕН Белгилүү адабий сынчы, омоктуу окумуштуу Салижан Жигитов менен публицист Алым Токтомушевдин бул маеги учурда Турдакун Усубалиевди кыргыз элинин пайгамбары көрсөткөн тарыхка кылчайбас тазбайматтарды артка кайрылып ой калчатабы, жокпу, билбейбиз, тек Кыргызстандын саясый тарыхына тереңден үңүлбөгөндөр үчүн акыйкат кептин ажарын ачаар бул маек-дүкөндүн маани-маңызы бүгүн да эскирбегенинен шегибиз жок. Акыл чөйчөгү толук окурмандардын ой элегине сала турган бул маек «Асаба» гезитине 25-август, 2000-жылы жарыяланган экен. Көз жүгүртсөк, эскирбептир. Эсил кайран эки асыл – Салижан акебиз менен Алыкебиз жолдош […]

Александр Куприн: Суламифь

ПОВЕСТЬ I Соломон падыша эр ортосу – кырк бешке да келе элек, — а анын акылмандыгы, сулуулугу, укмуштуудай жашоо-турмушу жана падыша сарайынын байлыгы тууралуу аңыз кептер Палестинадан тышкары жерлерде да дуулдап турду. Ассирия, Финикия, Жогорку жана Төмөнкү Египетте, байыркы Тавризден Йеменге, Исмардан Персеполяга, Карадеңиз жээктеринен Жер ортолук деңиз аралдарында – анын атын суктануу менен аташчу, анткени башка падышалардын арасында  ага тең келе турганы жок эле. Эл Израилге келгенден кийинки 480-жылы, Соломон бийликке келгенинин төртүнчү жылында, Мориа тоосунда кудайга багыштап улуу […]