Чыгыш даанышмандыгы: ата-энелер жапондордон эмнени үйрөнсө болот?

Олеся Ахмеджанова Ар бир маданияттын кызыктуу жактары бар. Кээсин үйрөнүп алгың келет. Жапондордун каада-салттарынан тапкандарыбызды байкап көрүңүз. Балким, алардын айрымдары ички дүйнөңүзгө үңүлүп, жашооңузга жаңы нерселерди киргизүүгө түрткү болуп калышы ажеп эмес. Ат коюу Жапонияда 9-кылымда эле бир же эки кытай иероглифи менен жазылган ат коюу ырымы (имина) орун алган. Адам менен ага коюлган ысымдын ортосунда көзгө көрүнбөгөн, тагдырга таасир тийгизчү сырдуу байланыш бар деп эсептешчү. Ошондуктан адам бирөөгө атын атап таанышканда, өзүнүн ички дүйнөсүнүн бир бөлүгүн ачып берет. Сүйүшкөндөр […]

Максим Горький: Кыйратуу

АҢГЕМЕ Июнь айынын ысык күндөрүнүн бири. Мен дарыя жээгинде кеменин тактайларына эртеден бери кара май жаап, түшкү тамактын убагы жакындап калган кезде арт жагымдагы чоң кыштакта ачыккан буканын өкүрүгүндөй ачуулу күрүлдөгөн үн уктум. Мен ачка элем, жумушту эртерек бүтүрүш үчүн так ошол алыстан чыккан күркүрөк дабышка оболу анчалык көңүл бурган жокмун, бирок ал жаңы башталган өрттүн түтүнү калыптана уламдан улам күчөй берди. Кыштактын үстүндөгү ысык абада буруксуган боз чаң турат, мен эми кыштак жакка карап, ар түркүн үн чаңга кошула […]

Нурланбек Мусаев: Демократия жана Евробиримдиктин баалуулуктары – 3

<<<<< Башы Реформа-Лютеранство-Протестантизм Флоренциялык искусствочулардын жаңы ыкмалары, сүрөт, скульптура жана архитектурадагы жаңы ачылыштары Европада реформа аракеттерин баштатты. ХVI кылымдын биринчи жарымында католик чиркөөсүнө каршы чыккан протестантизм агымы пайда болду. Протестантизмдин негизги идеясы “орто кылымдагы католик чиркөөсүнүн алгачкы – чыныгы христиандыктан четтеп кеткендигине байланыштуу туура жолго түшүү, алгачкы таза христиандыкка кайтуу” болчу. Орто кылымда схоластик (чиркөө пикирин таңуулоо) католик чиркөөсүнүн индульгенция эрежеси бар болчу. Бул эреже боюнча күнөө кылган кишиден чиркөө кызматкери тарабынан акча алынып, ал жашыруун түрдө күнөөлөрүнөн арылтылчу, бул […]

Кыргыз эл жомогу: Бүркүт менен коңуз

Бүркүт асманды айланып жүрүп коёнду көрүп, качырып сала берет. Коркок байкуш алыстан ажал келе жатканын сезип: – Жан соога! – деп жетип барат. Ал тездик менен коёнду тезекке калкалай салат. Бүркүт коёндун жашынган жерин көрүп калган. Ал локуюп отуруп алган кезде, коңуз бүркүткө мындай дейт: – Баатыр, жан соога, бечара бир күнүн көрсүн, – деп жалынып-жалбарат. Анын өтүнүчүнө кулак салбастан бүркүт коёнду дароо жеп, өзөк жалгайт. Болгон ызасына чыдабай коңуз: – Сенин тукумуңду курутпасамбы! – деп ант кылат, бүркүт кай […]

Акылбек кызы Айпери: Эң мыкты мурас – тарбия-таалим

«Айтматовдон алган сабагым» конкурсуна Кыргыз элине эле эмес, дүйнө жүзүнө аттын кашкасындай таанымал болгон Айтматовдун чыгармасы башка акын-жазуучулардын чыгармаларынан бөтөнчөлөнүп турат. Заманыбыздын залкар жазуучусун мен келечекти көрө билген даанышман адам деп ойлойм. “Кассандра тамгасында” адамзаттын башына келүүчү көйгөйлөрдү так, даана жазып кеткен. Каап, улуу муун өз учурунда бул чыгарманы окуса, балким азыркы учурдагы көйгөйлөрдү болтурбоого мүмкүнчүлүк болоор беле?.. Кулачы аалам менен байланышкан тоолордун кулай элегиндеги көрүнүшү сай-сөөгүмдү сыздатты. Арсен жан-жаныбарларды кырганы келген мергенчилерди кууп жиберип, өзү о дүйнө салып  кетти. […]

Гульнар Эмиль: Анализ романа Арслана Койчиева «Бакшы менен Чынгызхан»

Не о Чынгызхане… По хорошему пахнет Булгаковым… «Мастер и Маргарита» в свое время был намек, это было зёрнышко веры в существование Создателя во время тотального атеизма, своего рода — Библия, которую переписывали от руки и читали шепотом… Читая данный роман, думаешь, уж если что-то Койчуев взял на вооружение от Булгакова, что же столь значимое хотел сказать автор читателям? Роман Арслана Койчиева «Бакшы менен Чынгызхан» я бы назвала Роман – ностальгией (кусалык). Ностальгия спрятанная глубоко в наших ДНК. Содержание книги вызывает […]

Жолдош Турдубаев: Адашуудан коркпогон Абдысамат

Сөздү ырлардын «кийиминен» — сырткы формасынан баштайлы, анткени автордун салттуу уйкаштан качып, ыргакты атайылап бузуп, жаӊы нук издеген мүдөөсү ачык эле байкалат. Чыйырга сыйбас саптар Кышкы жол… Асфальтчылар тынч уктай берсе болот. Кыш келди да, шоссенин айыбын жамады. Үңүлүп карай келсең, кайсы жол да, кайсы талаа? – дайынын табуу кыйын, апапакай ар тарап – Аппак чөлдөй уч кыйырсыз жайылып. Машинеге жолдон чыгып кетпөөгө – бир ориентир – жол жээктеген бак дарак. Жаз жарыш, күз күрөштөн чарчаган, (Ойготкончо алгачкы жаз нөшөрү) […]

Конкурска: Ырлар (№50)

Тынбаса — кол, түшүм — мол. *   *   * Адамзаттын аялуусу — көңүл, анан гана өмүр. *   *   * Уятсыз убадага турбайт. *   *   * Ача сүйлөгөн алыс баралбайт. *   *   * Жегенден алыс болсо, жетекчи калыс болот. *   *   * Адамдын акылы – асылдын асылы. КОШ КАЙРЫКТАР Ак ойлоп, адал иштегин, Алдыга жылат иштериң. *   *   * Тегиз ойлогонду Теңирим сүйөт, Өзүмчүл гана өзү үчүн күйөт. *   *   * Бир иш баштасаң, бүтөөрүңдү ойло. Кызматка турсаң, түшөөрүңдү ойло. *   […]

Араб акылмандарынан жашоого болгон 10 эреже

Ар замандын философиясы келечектеги муундардын ойлонуусуна жаназык болор ар кандай кыска, бирок көп нускалуу сөздөрдү калтырышкан. Өз кезегинде Чыгыш акылмандарынын санат кептери башкалардан так жана тереңдиги менен айырмаланат. Төмөндө араб акылмандарынын ар кандай шарттарда колдонсо болор 10 кеңешин сунуштайбыз.   Эгерде досум менин душманым менен достошсо, андай достон кол үзкөнүм оң. “Уу кошулган кантты жеп алгандан сактангыла, өлгөн жылаанга конгон чымындан сак бол” – деп жазган 11-кылымда Персиядан чыккан дарыгер жана философ Авиценна. Бул сөздү мааниси адамдарга этият мамиле кылып, […]

Армян эл жомогу: Бай менен кедей

Көчөдөгү кедейди көргөн бай кедейге басып барып мындай дейт: — Тетигил бир кап шишемди көтөр да үйгө жеткирип бергиче менин жакшы кеңештеримди уксаң, мен сыяктуу байып, жакырлыктан арыласың. — Жакшы болот, — деген кедей капты жонуна көтөрүп жолго чыгат. — Буудай нан арпа нанга караганда жакшы дешсе ишенбе, өсүмдүк майы тоң майга караганда жакшы дешсе ишенбе, койдун эти уй этине караганда жакшы десе ишенбе… – деп бай жолдо ката жаагы тынбай саймедиреп келет. Акыры ушинтип жүрүп отуруп үйүнө да жетишет, […]

Абдиламит Мамамтжан уулу: Эси-дартым сен

ЭССЕ Түн. Уйкуга кирген шаар. Мезгил – күз. Кеч күздүн акыркы жамгырлуу кечтери. Жамгырдан соң тазаланган аба. Бирин-серин тамдын үстүндө калган тамчылар тып-тып этип терезенин темирине урунуп жерге кулайт. Терезени ачып сыртка көз чаптырдым. Айлана боз тартып,  шаар ичин жөө туман каптаптыр. Күндүзгү жамгырдан уламбы же күндүн сууй турган мезгили келдиби, айтор, аба ырайынын сууй түшкөнү анык байкалат. Ооздон чыккан буу айлананы каптаган коюу туманга кошулуп кайдадыр каалгып жөнөйт. Айлана тынч.  Ойноок балдар мемиреп кызуу уйкуда. Тээ алыстагы үйдүн жарыгы […]

Дүйнө элдеринин эң таамай макалдарынан

Эң баалуу чындык – бул көп жылдар бою издеп тапкан чындык. Француз макалы. Билбеген уят эмес – окуп үйрөнбөгөн уят. Орус макалы. Кофе менен сүйүүнүн ысыгы жакшы. Англис макалы.    Калем кылычтан күчтүү. Англис макалы. Жети жолу жыгылсаң, сегиз жолу кайра тур. Жапон макалы. Күндү карап турсаң, көлөкөң артыңда калат. Жаңы Зеландия макалы. Дарак көп жалбырактуу болсо эле, ал даамдуу мөмө бербейт. Бразилия макалы. Токуй баштасаң, жипти кудай өзү берет. Немис макалы. Ырдагысы келген адам ар дайым ыр табат. Швед макалы. […]

Конкурска: Эркиндиктин куту жана куну (№49)

Карикатуранын автору Ринат Мамытбеков Эркиндик! Эрке желди самап сүйүп, Көздө от, көкүрөктө үмүт күйүп. Канча доор канжыгага баш байлаган, Кыргызга келдиң кандай өзүң билип?! Ата-баба жетпеген максат бийик, Алчы конуп, нак куттай колго тийип! Ала-Тоодон ааламга колун созчуу, Алтын болчу келген кез Эгемендик! Сан кылымдын моюнга жүгүн алып, Самап, күткөн үмүттү түйүп алып, Дүңгүрөтүп  дүйнөгө Кыргызстанды, Ай, гүлдөтчүү шанс келген сүйүп анык!!! Эгемендик түшкө да  кирген эмес, Кокустан келерин жан билген эмес. Тарыхта  кансыз, ыйсыз, курмандыксыз, Бир да элге  эркиндик  […]

Рысбек Эшматов: Адабий түштөрдүн ассоциативдүү поэтикасы

(психологиялык табияты) Адабий каармандын бейаң дүйнөсү (маңызында ал өзү кандай шарттуу болсо), демек, бар болгону ушундай шарттуу деп эсептелиниши мүмкүн, анткени анын көмүскө аң-сезими (подсознания) сүрөткер тарабынан аң-сезимдүү (рационалдуу) түрдө жаратылган. Интроспекциялуу планда алганда, түш – кандайдыр бир башка бирөө менен эмес, күтүлбөгөн жолугушуу сыяктуу, кейипкердин өзүнүн өзүнө болгон кездешүүсү, анын аң-сезиминин бейаң комплекстеринин элестери менен башка эч бир нерсе менен салыштырууга болбой тургандай «жолугушуусу.» Түш көрүү ушундай сапаты менен ар дайым каармандын жандүйнө толкундоолорунун ушундай бир маанисин, (чыгармадагы) башка […]