• Дарак терең тамыры менен көктөп тургандай эл өткөн тарыхы, өткөн бабалары менен эл болуп, көктөп турат.
  • Иштеген киши күндүзү көрүнбөйт.
  • Кежир кишиге адамдар өзү тийишет.
  • Адамдар… Алардын көпчүлүгү кичине эле карды тойсо, жанындагы карды ачты кор тиктей баштагансыйт. Кичине эле амалы көтөрүлө түшсө, жанындагы амалы жокту же амалы пасты үстөмөндөй, кагып-силкип, буйруп жумшагансыйт. Адамдарды канчалык жакшы түшүнө баштаган сайын, иттерди ошончолук жакшы көрө баштадым.
  • Кудай келип, куру казаныңа аш салып бербейт. Дилиңде тазалык, башыңда акыл, колуңда эмгек болсо, анан кудайым берет.
  • Иштегениң менен, бирок жашай билбесең, кудай түгүл, сени төрөгөн энең эч нерсе бербейт. Жер кетмендей берүү менен эле иш бүтпөйт…
  • Кудайга ишенбеген киши – акыры түбү өзүнө эле эмес, өзү жашап аткан заманына ишенбей калат. Ошон үчүн өз заманыңа ишенем десең, кудайга да ишене жүр.
  • Кээ бир адамдар кичине карды тойсо эле ушинтип төрт кыргызды төрткө бөлүп калат, а карды ачта мурдуна бок сүйкөсөң да койго окшоп, оозунан сөзү түшүп, унчукпай калат. Теңелбегиле. Жамандын бир өнөрү ашык дейт, алардын болгон өнөрү ошол…
  • Турмуштун формасы гана өзгөрүп турат, а мазмуну кала берет…
  • Маданияттуу киши, алсыздын алдында өзүн алдуу сезбейт, бечаранын алдында беделдүүсүнбөйт.
  • Эл тагдырын ким ойлойт? Алдыңкы интеллигенция! А алдыңкы интеллигенция деген ким? Илим-билимдүү, окумал киши. “Элим”, “жерим” дегенде ичкен ашын жерге койгон киши. Элдин күзгүсү – бул чыгармачыл топ. Окумуштуусу, жазуучусу, сүрөтчүсү, ырчы-чоорчулары жок эл, ал эл эмес! Жөн гана курсагынын кулу болуп калган пенделер.
  • Сокур киши таягы менен жер чокулап, арык аттай турганын көрдүң беле?! Билимсиз киши маселе чечерде өзүн так ошондой сезет экен. Окубаган киши – сокур.
  • Кемчилигин ачык айтуу, мойнуна алуу – бул акылдуулук, эрдик.
  • Жалкоо, акылсыз киши билимге ээ болсо, ишти эле эмес, элдин-журттун пейилин кошо бузат.
  • Зирек жана тырышчаак кишилер каныга билим алышпаса, эптеп сабатын жоюп, жогорку билимдүү деген жолдомо алып аларын, анан бир күнү эле кокусунан, же бирөөнүн жөлөмөсү менен төргө өтүп, бийликке келип алып, өзүнүн акылы ченелүү туруп, бирок акылдууларга акыл үйрөтүп, буйрук бере баштарын, ошон үчүн бүт элдин сабатын жоюу, мүмкүн керектир, бирок эл ишине, эл кызматына жараган, элим дегенде ичкен ашын жерге койгон азаматтарды гана окутуп, бийликке көтөрүү керек экендигин, антпесе бул акылдууга акыл үйрөткөн дардаңбайларың эртеби-кечпи, жанагы зор дарактын түбүн жеп отуруп, акыры түбү жыгып тынган жемекей курттар бар го, алар жаңы заманыбыздын түбүндө дал ошондой доо кетириши мүмкүн.
  • Дыйканды баалай албаган киши – өзүн-өзү баалай албайт.
  • Бул дүйнөгө келген соң ынайсыңбы, ынабайсыңбы – турмуш арабасына аргасыз чегилип, бирибиз жооруйбуз, экинчибиз мүдүрүлөбүз, а үчүнчүбүз бөтөндү жоорутуп, бөтөндү мүдүрүлтөбүз. Төрөлүү – өлүм жолуна түшүү эле эмес, же ырдап-жыргоо эле эмес, көбүн эсе кыйналып кысталуу, жапа чегүү да экен.
  • Кулактууга кеп айтсаң,
    Кулагынын учунда.
    Кулаксызга кеп айтсаң,
    Туягынын учунда.
  • Эки канжар бир кынга сыйбайт. (Чыгыш эл лакабы)
  • А биз, тирүүлөр, дагы бирибиз арабыздан келбес жакка кеткенде, дагы бир ирет кайгырып алып, өлүмдү дагы бир ирет эстеп алып, анан эртеси эле өлбөчүдөй, бу дүйнөдөн өтпөчүдөй болуп, жашоонун ар кандай тоскоолуна, ар кандай ызгаарына каршы бет алып, бирде мизибиз мокоп, а бирде курчуп, комуз кылындай биз да бир күнү тырс дей түшмөйүнчө жашоо таттуу, өмүр кызык болуп, турмуш чабытында жан сабап жүрүп отурат окшобойбузбу.
  • Дүйнөлүк музыка аспаптарынын дээрлик баары тең, болгону обон гана коштойт, а комуз обон эле коштобой, ой-кыялыңды терметип, бул көзөл дүйнөнүн бир бети дороон, экинчи бети ойрон экенин, анын ыры менен чыры жөнүндө не укмуш күүлөр көмөкөйүнөн нары өткөөлү, нары так айтылат.
  • Таланттуу киши эч качан бой көтөрбөйт, чагымдык кылбайт. Элим так ошол таланттуу киши сыяктуу, бирок ашкере таланттуулар өз элине жагып, өзгөгө кең пейил болгону менен өзүнө, ич ара чагымчыл, ичи тар, ыркы жок майда…
  • Элдин ортосунда жүргөнгө не жетсин. Алдыга чыксаң көрө албай, артта калсаң боор ооруйт. Элдин ортосунда билинбей жүрүп, бирок катуу иштей бериш керек.
  • Ашык оту адамга ченемсиз күч, талыбас канат берет.
  • Чындыктын куюшканы кыйшайып, жалгандын күнү тууп аткан учурда, бөтөндү айтпайлы, өзүңдүн эле жакын адамдарың көрсө көрбөй, билсе билбей калат.
  • Даның болсо орооңдо – малың сыйбайт корооңдо.
  • Итти эркелетсең эркелет, бирок таягыңды таштаба! Өзүңдү өзүң камчылап алдыга чыксаң – бир итибайы бутуңа таш урса, экинчи бир чотубайы алдыңа ор казат. Артта калсаң – ошолор эле кемсинтет, теңсинбейт.
  • Тубаса гений өтө чанда жаралат. Ал эми көпчүлүк генийлер төбөсү менен жер казып, ондогон жылдар иштегенде гана жаралат. Демек, генийди көбүнесе талант эмес, биринчи иретте талбаган эмгек жаратат.
  • Бул өмүрдө көп эле көздөр бири-бири менен кездешет, жөн эле кездешпей, кумарлуу, кусалуу кездешет, же сагыныч отун чачып кездешет.
  • Ансыз да адам жалгыз төрөлөт, ажалды жалгыз-жапа тосот, муздак жердин алдында биротоло жалгыз калат, бу аз келгенсип, адам тирүү кезде жалгыз калганы кандай кордук!

Даярдаган Мээрим САЙДИЛКАН

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.