АҢГЕМЕ

Мен бир адабий жаңы каарман таптым, Улан деген. Азан чакырып коюлган аты жакшы – Улан. Бирок ушул жигиттин жакшы өрнөк улантканын көрбөдүм да эй. Акын-жазуучулар чөйрөсүндө качан болсо уңулдаган, даты бүтпөгөн, арыз-армандуу улуу муундагы калемгерлер толо. Интриганын очок башында отурат алар. Отко тамызгы тутанткан да, май куйган да ошолор. Союз мезгилинен ушул күнгө дейре чыгармачыл чөйрөнү удургутуп турчулар – ошол от башындагылар…

Алардын өнөрү – арызчыл келчү. Илгери. КГБга тоголок кат жолдочу. Апапакай барактын бетин кара тамга кандай булгаса, аларга да бирөөлөрдү ак жеринен каралап коюу оңой болучу. СССР ыдырагандан кийин жазуучулар уюмун ыдыраткан да ошолор. Чуу салып. Качан болсо кутум уюштурган ошолор канча таланттын өмүрүн кемирди. Алардын жолоюн улантчулар кийин да чыкты. Абыке менен Көбөштүн, Тазбаймат, Кемчонтойго окшогондордун жолун улантчулар кай заманда болбосун чыга берет окшобойбу. Чыкты жаңылары.

Менин каарманыма да ошол кудай ургурлардын кулк-мүнөзү мурас катары калып кеткенби же тубаса мүнөзү ушубу – түшүнбөйм. Айтору, адабият астанасын аттаган күндөн эле ушу жигиттин уңулдагы уу-дуу. Бир эмес, бир нече ирет. Мурдагы аңгемемде мен анын тоголок арыз жазган өнөрүн кеп кылдым эле, бу жолу ал жөнүндө даа бир аңгеме куруунун кыябы келип туру.

Кеп мындай: дүйнө адабиятында өрнөк бар экен бир. Жакты мага. Башкаларга да жагар дедим. Дедим да ошол өрнөктү улап, адабий конкурс жарыяладым. «XXI кылымдагы кыргыз адабияты» деп атадым аны. Арийне, XX кылымдагы кыргыз адабиятын көрдүк. Окудук. Совет өкматынын багуусунда келген акын-жазуучулар капастагы куштай болуп каларын туйдук. Капастагы куш өзүнүн канаттуу экенин унуткан сыңары, багуудагы жазуучу-акының деле курусун. Жем аңдып калышат экен. Тооктой болуп.

Капасты алтындан куруп, ичиндеги кушка кандай азык бербегин – эркиндиктин ширин даамы кайда ага. Алдына алтын жалатылган идишке жем берсең да, ага өз тумшугу менен жерден терип жегенчелик ширин даам болорбу. Капас деген капас – куштун азабы ал, шору.

А мен өз жемин таап жеген алгыр кушту жакшы көрөм. Тек, алгыр куш болуш үчүн бийиктиктен жүрөксүбөй, бороонго көнүп, ызгаарга төнүп, сыноону жеңип, эркиндик кучагында жашаган ийги. Болбосо кудай-таала буюрган канаттан айлан. Пегас ошон үчүн Пегас, сабалап учкан канаты бар.

Куш бол. Талпын. Бийикте сыз. Канат серп. Алгыр куштай чабаганда. Болбосо Марк Твен айтмакчы «Бир жумуртка тууса, бир планетаны туугансып какылдаган тооктой ызы-чуу салганың далил эмес» бу дүйнөгө. Анан калса чокуганы бок — менин адабий каарманыма окшоп…

Сабалап учкан алгыр куштай адабиятты жаратуу үчүн не кылсам дедим. Дүйнө адабиятынын тажырыйбасынан үйрөнөр ар балакетти чукулап издедим. Болгондо да бекер конкурс эмес, взнос төлөй турган. Бирак бекерге көнүп калган кээси чыгат экен уңулдап. Ошолордун бири менин Улан деген каарманым.

Олжобай Шакир: Тоголок каттын автору

Уланга убара табылды жаңы. Башкаларды айнытыш керек болду ага, чөнтөгүмө түшкөн акчаны санай баштады. Конкурс кызыган сайын күйгүлтүгү күчөп, тегерегиндеги иркектештерин ириген сүт кылгысы бар. Аларга акча табуунун амалкөй жолун тапкан кишидей сыпаттап чыкты мени.

Капчыгым калыңдаса, мен аны бухгалтер кылып алам. Бекерпоз бирөөнө жумуш таап берем. Буюрса!

Кеп мында: саламаттыгын чыңаган киши марофонго жүгүрсө да взнос төлөйт. Бекер уюшулбайт мелдеш. А адабияттагы атаандаштык неге бекер болушу керек? Взностон чогулган акча – байге фондун түзөт. XXI кылымдын адабиятын түптөөнүн бир жолу ушу. Башка жолу да бардыр, аны башкалары издесин.

Тек, бул аңгемем соңуна чыга элек али, өнүгөр окуя али алдыда…

Январь, 2020.
Львов, Украина.

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.