Нурадил Рыспаев: Жалгыз-Жийде

“Жол-Колоттун” чат ылдый жагындагы Жол боюнда эски чеп жанындагы… Жалгыз жийде жатчу эле жапырайып, Жарымынын жалп өчкөн “жалындары”. Жарымынын жок эле жалбырагы, Шамал болсо шуулдачу жандуу жагы. Куурап калган жарымы качан?  Билбейм… Куу жагынын угулчу калдырагы. Суу барбаган талаа эле бөксөдөгү, Жамгыр эле ал чөлдүн көксөгөнү. Жаны чыгып бараткан жалгыз жийде, Жамгыр эле анын да эӊсегени. “Жалгыз-Жийде” — аты эле ал талаанын, Жийде атынан аталган… Баамдагамын… Какыраган талаада жалгыз жийде Канча жылды карыткан?… Аӊдабадым. Тээ алыстан кыйшайып көрүнчү эле… Омкорулуп […]

Редьярд Киплинг: Дангаранын жазасы

АҢГЕМЕ Бербалд тоосунун этегиндеги инжир токоюнда жашагандар бүгүнкүгө чейин ушул окуяны аңыз кылып, анын далили катары терезе, чатыры жок, дубалы гана калган миссионердин үйүнүн калдыгын көрсөтүшөт. Мунун баарын улуу кудай – Бардыгын жараткан, Түбөлүктүү, Жалгыз көздүү, Коркунучтуу, Пилдин Кызыл Азуусунун ээси Дангара жасаган, кимде-ким Дангаранын кудиретине ишенбей, ага шек келтирип, кийим кийип алган болсо, анын каарына калат, андай барья-колинин[1] тукумуна Ята жиберип, эс-акылынан ажыратып коёт. Храмдын башкы жреци, Пилдин Кызыл Азуусун сактоочусу Атхон Дазе ушундай дейт. А эгер бул тууралуу […]

Дилазык: Тынымсыз изденген улан тууралуу уламыш

Бир жолу деңиз бойлоп жаш улан эс алып жүргөн. Ал жаш, ар нерсеге кызыгуу менен караган, күч-кубаты ташыган куракта эле. Кокустан эле деңиз толкуну анын бут алдына оозу чапталган бөтөлкөнү сүрүп келип таштады. Таң калганынан бөтөлкөнүн оозун ачты. Бөтөлкөнүн ичинде саргайган кагазда мындай жазуу бар эле: “Жээктен ысык таш таап алган кишинин бардык каалоосу аткарылат”. Ал ошол замат издөөлөрүн баштады. Кечке чейин улам бир ташты кармап көрөт, бирок таштар муздак. Колуна алган муздак таштарды, сууга ыргытып жүрдү. Ал үмүтү үзүлбөй […]

Нурланбек Мусаев: Жаңылануу – реформаны алып келет – 1

Кандай коомду болбосун алга жылдырган, өнүктүрүп-өстүргөн жана жүз жылдар бою улуу маданиятка айланткан анын кыймылдаткыч күчү – маданият, искусство экенин чын. Искусство адамга жаңы пикир жаратып, жаңыча ой жүгүртүүгө түртөт. Жаңыча пикир пайда болбогон, маданияты тайкы коомдо экономикалык көрсөткүчтөр да, жетишкендиктер да болбогонун тарых эчак тастыктаган. Искусствонун, маданияттын улуту же мамлекети болбойт. Улуттук баалуулуктарыбыз, оозеки адабий чыгармаларыбыз, улуттук кийимдерибиз, жадакалса салтыбыз, үрп-адатыбыз да маданий мурас эсептелет. ЮНЕСКОнун маданий-мурастар тизмеси кайсы улуттан эмне кирген болсо, ошол улут башкаларга өөдөсүнүп мактансын-даңкталсын деп […]