Конкурска: Мен сүйгөн Махатма Ганди (№34)

АҢГЕМЕ Кадимки аптаптуу жай. Августтун мээ кайнаткан ысыгында жылдагыдай эле үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы пансионаттардын биринде көлгө түшүп, эс алып жатканбыз. Мына шаарга кайталы деп турганда кайдан-жайдан эле аяш атам телефон чалып: “Ай, силер Бостериде турбайсыңарбы?! Үйгө келип, жок дегенде бир жума конок болуп  кетпесеңер болбойт! Эс алып кеткиле деп он жылдан бери чакырабыз, келтире албайбыз! Азыр келип калбасаңар, чындап таарынам!” — деп телефонду дароо өчүрүп салды. Ата-энем “Иий-ий!” деген бойдон аяш атамдардыкына бизди алып жөнөбөскө аргасы калбады окшойт. […]

Конкурска: Ыр жазууну токтоткула, акындар! (№33)

КУДАЙДЫН ЖҮРӨГҮ Кудайдын жүрөгү эмне деп согот, Кандайча кагышын Бир Өзү билет. Бир Өзү бийикке миң учуп — конот, Бир Өзү — тереңге сүңгүгөн тирек. Кудайдын жүрөгү эмне деп согот, Кол менен,  ой менен кармоого болбойт. Ыйлаган суроого жооп жок! Жооп: “Ыймансыз көңүлдүн бөксөсү толбойт”. Кудайдын жүрөгү эмне деп согот, Кулагым дүңгүрөк дүбүрттү комсойт. Дүк-дүк-дүк эткени — «Күчүңдү топтоп, Дүйнөнү багындыр!» дегенге окшойт. Кудайдын жүрөгү эмне деп согот, «Кунарсыз жашоону жогот, — дейт, — Жогот!» Адамзат — жаш бала,  түбөлүк […]

Төлөгөн Касымбековдун «Адам болгум келет» чыгармасынан топтолгон накылдар

Өлөр өгүз балтадан тайбайт. Киши бүгүнкү катасын эртең түшүнөт… Каруу-күчкө толгон жигитке жумуш ар жерден табылат. Чоңдон чоң аягыңды аяба. Таш ташты эриткен аш. Меймандын өзүн бакканча, атын бак. Куш канаты менен учат, куйругу менен конот. Жаман адам үч кишинин башы бириккен топко бара албайт, жаман корунат, куду бабыргандай ийнин кысып кужуюп, коңулга бекинет! Эрк болсо эки кулакты кыймылдатып калганга не жетсин… Бели жок жылкы бат арыйыт, деми жок киши бат карыйт. Тагдыр дегениң барып турган алакчы, бери десең нары […]