Белорус эл жомогу: Алмашуу

Абышка-кемпир болуптур. Алардын жаман үйү анан жарым теше жери бар экен. Ушул аз жерди да карыларга иштетиш кыйын эле. Эптеп акча чогултушуп, көлүк сатып алмай болушат. Көп аракеттен соң тилектери орундалып, базарга барган абышка жакшы бир ат сатып алат. Келатып орто жолдон уйчуга жолугат. — Арыба абышка, каяктан келатасың? — сурайт уйчу. — Базардан. — Эмне сатып алдың? — Ат. — Атыңды өгүзгө алмашпайсыңбы? — Мейли. Өгүз жерди жакшы айдайт эмеспи, — деп абышка атын өгүзгө алмашат. Келатса алдынан койчу […]

Константин Паустовский: Редиард Киплинг

АҢГЕМЕ Бардык англис жазуучуларынын ичинен бир гана Редиард Киплинг легендарлуу калем акы, – ар бир сөзү үчүн бир шиллинг алган. Киплингдин ар бир сөзү биздин акча менен элүү алты тыйынга бааланган. Көңүлү дайым ачык жүргөн, сезимтал Диккенс – адамзаттын досу, бул акчанын ондон бирин да алган эмес. Киплинг – чыгармаларынын бардыгы өзүнүн көзү тирүүсүндө жарыкка чыгуу бактысына туш болгон жападан жалгыз англис жазуучусу. Киплингге чейин Англия мындай мартчылыкка  барганын эч качан, эч ким уккан эмес. Мындай атак-даңктын сыры эмнеде? Киплинг […]

Ажого түшкөн көлөкө

“Жаман дос көлөкөдөй: күн ачыкта артыңан калбайт, күн бүркөктө жаныңан таппайсың”. Абай КУНАНБАЕВ Президент Сооронбай Жээнбековдун алдындагы миссия – Райымбек Матраимовдон тезинен кутулуу. Бул анын тарыхый миссиясы. Албетте, артта калган эки жылдык президенттик мөөнөтүндө азыркы президенттин баса белгилей турган эң чоң эрдиги – Алмазбек Атамбаев түзүп кеткен режимдин кыйраканын чыгарды. Күрөш бүттү. Бирок андан ары либералдык саясат жүргүзүп кетүүгө ага эмне тоскоолдуктар бар эле?.. АША курган саясий режим Кыргызстанды оңдурбай турган жол эле. Аны кыйратууга жараган Сооронбай Шариповичтин бул эрдигине […]

Конкурска: Өкүл ата (№35)

АҢГЕМЕ Тойго бай, берекелүү күз айы. Алма-бак шагын ийип, кампадан  жер-жемиштердин жыты буркурап, дыйкандар эгин-тегинин сатып, капчыктары тыйынга толуп, көңүл деген жайдары. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, мен да үйлөнүү тоюдун камын жеп жүрөм. Даярдык аста-аста. Кечээ эле жеңелерим “Дордойго” барып тойго белек-бечкегин, кудаларга кийит алып жетип келишти. “Аюу” фирмасында иштеген досум менен  арак-шампанын арзаныраак  сүйлөшүп, акчаны болушунча үнөмдөп жатам. Тааныш тамада таап, үч жүз доллар дегенин эки жүз долларга түшүрүп, акчаны дагы үнөмдөп калдым. Туура да, тойго сүйлөгөнгө тилин, микрафон […]