“Жаман дос көлөкөдөй: күн ачыкта артыңан калбайт, күн бүркөктө жаныңан таппайсың. Абай КУНАНБАЕВ

Президент Сооронбай Жээнбековдун алдындагы миссия – Райымбек Матраимовдон тезинен кутулуу. Бул анын тарыхый миссиясы. Албетте, артта калган эки жылдык президенттик мөөнөтүндө азыркы президенттин баса белгилей турган эң чоң эрдиги – Алмазбек Атамбаев түзүп кеткен режимдин кыйраканын чыгарды. Күрөш бүттү. Бирок андан ары либералдык саясат жүргүзүп кетүүгө ага эмне тоскоолдуктар бар эле?..

АША курган саясий режим Кыргызстанды оңдурбай турган жол эле. Аны кыйратууга жараган Сооронбай Шариповичтин бул эрдигине албетте, көз жума албайбыз. Арийне, жеке достуктан да мамлекет тагдырын жогору койгон сезим-туйгусу урматтоого татыктуу. Достук менен мамлекет кызыкчылыгынын ортосундагы туура жолду тандай алды.

Болбосо, Атамбаев куруп кеткен режимди талкалоо үчүн дагы бир мерте тополоң-тозго кабыларыбыз мүмкүн эле. Ал режимди талкалоо үчүн өздөрүн оппозиция көрсөткөн саясий топтор пайда болмок. Алар сөзсүз саясий будуң-чаңга алып барышы ыктымал эле. Себеби, бизде эгемендик жылдарынан бери мамлекеттик, улуттук жалпы мүдөөбүздү канааттандыра турган күчтөр жоктугун эки жолку мамлекеттик төңкөрүштөн кийин көрдүк. Андыктан менин жеке баамымда: андай күчтөрдүн аракетине караганда Сооронбай Жээнбековдун саясий чечими гана камырдан кыл сууругандай кылдат жүргүзүлдү.

Алдыда эми андан да орчундуу күрөш туру. Ал күрөш – Райымбек Матраимовдун ойронун чыгаруу. Жазасын берүү. Бирок аны коргоого алган ким болууда? Мындан кандай жол табат? Бул соболго жооп издөө үчүн айрым тезистер тегерегинде логикалык ой толготууну эп көрдүм.

1-тезис: Эки жыл мурда президенттик шайлоо өнөктүгү күчөгөн маалда А.Атамбаевдин кезектеги балп этмеси баарыбыздын эсибизде, – С.Жээнбековдун эл арасындагы 3% рейтингин 100% мен көтөрдүм таризинде колко кылган жайы бар.

2-тезис: Маалымат каражаттарында С.Жээнбековдун шайлоо штабында финансылык мүмкүнчүлүгү чектелүү экени жарыяланып, шайлоо чыгымына жумшалар акчаны кайдан, кимден алат деген суроолор коюлганын эстейли.

3-тезис: Шайлоо күүсү кызыганда А.Атамбаев президенттикке талапкерлердин ичинен С.Жээнбековдон башка да үч талапкерди үмүткөр абалында кармап турганы саясий тар чөйрөдө күбүр-шыбырга айланган. Саясатка саресеп салгандардын баамында да АШАнын мындай сценарийи түкшүмөл ойлорду жаратып келсе, кийинчерээк бул чындык өзүнөн өзү сыртка калпып чыкты.

Үмүткерлер албетте, Ө.Бабанов, Ч.Турсунбеков, Т.Сариев эле. Үчөө тең чынжырлуу байлардан экени жашыруун эмес. “Жол ача болсо, иттин башы маң” болуп, АША өзү дал ушул талапкерлердин ичинен кимисине көбүрөөк артыкчылык берүүгө келгенде, албетте, Жээнбековду ачык колдогонсуду. Мунусу колко кылгансыган, басынтуу мүнөзүндөгү кекенүү эле. Шералынын сасык чокоюна окшобогон, бирок чокойду эске салаар ишарат болчу.

Бирок эл айтмакчы: “Көтөрүп атка салганың – дурусуң, артыман чымчып алганың – курусун” болду: 3% рейтингин 100% мен көтөрдүм дегени – тиги үмүткөр үчөөнө да тымызын жан тарткан көз ымдоо эле…

Кийин парламенттин буга чейинки эки жолку спикери, КСДП фракциясын жетектеп келген Чыныбай Турсунбеков президенттик ат салышка аттанарын ачык жарыялап чыкканы бар. Жарышка аттанбады. Тек, ал билдирүүсү мандеми бардай көрүнгөн…

Көрсө, ал киши да бекер жерден жарыя кылбаптыр. Анысын кийин “РухЭш” сайтына курган маегинде ымындай сыр кылып ачык айтты моминтип: «2017-жылы апрель айында Алмаз Шаршенович мага эки жолу телефон чалып,«президенттик шайлоого даярдан, өзүм эл кыдыртам, өзүм Ишкерлер жыйынын өткөрүп берем» деген.

Ал эми Ө.Бабанов менен Т.Сариевдин жайына келсек, бул экөө деле көйнөккө жакын денеге окшоп, ортодогу майда-чүйдө таарынычтарын айтпаганда, башынан эле А.Атамбаевдин өз кишилери болчу. Көлөкөдөй ээрчишип келгендер эле. Булар качан болсо саясий күрөшкө келгенде көшөгө артынан тезинен тил табышкан ийкемдик менен тилектеш болуп чыга келишчү.

Ө.Бабанов да, Т.Сариев да А.Атамбаевдин тушунда өкмөт жүгүн аркалап келишкенин унутпайлы. Мүмкүн биз билбеген бизнестеги кызыкчылыктары да, алака-мамилелери да болгондур. Аны так кесе айта албайбыз, бирок шектенүүгө негиздер толо…

Арийне, анык шектенүүнү жараткан аракеттери 2017-жылкы шайлоо жүрүшүндө деле сергек ойлуу серепчилерге дайын болуп калган. Маселен, дал ошол мезгилде бийликтин көз көрүнө катачылыктарына Ө.Бабанов да, Т.Сариев да үн каткан эмес. Болбосо адилеттик үчүн АШАнын айланасындагы бир ууч топтун өзүм билемдик саясаты ашынып баратканына жамы журт тынсызданып турган кезде да, барандуу саясий фигура көрүнгөн тигил экөө тилин тишке катып отурушкан.

Адатта, заманбап дүйнөдө, демократиялуу коомдо президенттик шайлоо өнөктүгү маалында ат салышка чыккан атаандаштар кыл чайнашып тирешет. Биринин быкыйын бири ашкерелеп, саясий платформаларынан көрүнгөн бөөдөй кемчиликтерин төөдөй көрсөтүп, кылт эткендин баарын электорат алдында ашкерелөө салты бар.

Бизде 2017-жылкы президенттик шайлоодо не Т.Сариев, не Ө.Бабанов бийликтин одоно катачылыгына көрөсөндүк кылдыбы, сынчыл позициядан карай алдыбы? Жок! Бири-биринин кемчилигин көрмөксөнгө салды го… Ушунун өзү ордо оюнчуларыбыздын тактикалык ыкмасы, көшөгө артындагы анча сууй элек ынтымагын билдирер жышаан эле…

Эгер С.Жээнбековдун ордуна ушулардын бири президент болуп калган күндө деле чекебизди жылытары күмөн эле. Мүмкүн А.Атамбаев түптөп кеткен режимдин күчүн бекемдеп беришмектир, айтор, бирин-бири жылытып турган көйнөк менен денедей мамиледен ажырашмак эместир…

Эми негизги ойго келсек, Ө.Бабанов, Т.Сариев, Ч.Турсунбековго салыштырмалуу С.Жээнбеков анчалык деле чынжырлуу байлардын катарында аты аталчу эмес. Арийне, булар шайлоодогу негизги атаандаштар эле. Бирок шайлоо штабында финансылык мүмкүнчүлүгү чектелүү талапкер ат салыштан жыдып калары турган иш. Мына ушуга келгенде Райымбек Матраимов С.Жээнбековду чоң кечмеликтен өткөрүп койгон эң башкы демөөрчү.

Атамбаевдин ич күптүсү дал ушунда болгон үчүн, Жээнбеков экөөнүн ыркы ыдырап баштаган кезде, саясаттын ордо оюндарынын идеологу Фарид Ниязовдун командасы “Раим миллионду” Жээнбековго жармаштыруу тактикасын ушунчалык эффективдүү пайдаланып кетти.

Асыресе Райымбек Матраимовдун таржымалына кыскача токтолсок (бу да маанилүү деталь), адегенде ал 1997-жылдан тартып эле мамлекеттик бажы кызматында инспектор, кийин 2004-жылы бажы тармагында бөлүм башчы; 2005-жылдан 2007-жылга чейин Ош облусунун бажы кызматчысынын орун басары; 2007-жылдан 2013-жылга чейин ушул эле бажы кызматчысынын жетекчиси; 2013-2015-жылдары бажынын Түштүк башкармалыгын жетектеп; 2015-2017-жылга чейин ушул эле башкармалыктын бажы кызматкеринин орун басарлыгын аркалап келген.

Демек, бардык президенттердин тушунда май-челпектен колу чыкпай келгени үчүн “Азаттыктын” иликтөөлөрүндөгү эбегейсиз байлыкка ээлик кылып отурушу – бул Р.Матраимовдун эмес, элдин арам жол менен топтолгон акчасы десек болоор. Ошол акчанын үлүшү С.Жээнбековдун шайлоо үгүтүнө коротулган деген логикага келсек болот. Ошол акчаны адалдоо жолу эми азыркы президенттин мойнунда турат. Кантип адалдоо керек? Албетте, элге кызмат кылып.

Ал кандай кызмат? Адилеттик үчүн Райымбек Матраимовдун мүлкүн ийне-жибине чейин каздырууга мамлекеттик тиешелүү органдарга мүмкүнчүлүк бергенде гана С.Жээнбеков өзүнүн тарыхый миссиясын актайт. Ошондо гана бир ууч топко эмес, элге ак кызмат кылган ажо катары артында жаманаттысы калбаган журт башы болуп калышы ыктымал.

Болбосо эртели-кечпи – Жээнбековдун азыр зоболосу бийик кезде тегерегинде чарк айланып кошомат кылып жүргөндүн баары, президенттик мөөнөтү бүтөр замат жылт коюшат. Кудум көлөкөдөй. Ансыз да коомчулукта Р.Матраимовдун күмөндүү байлык-мүлкү кызуу талкууланып, имиш-имиш кептер күндөн күнгө ажонун аброюн кемирип баратат.

Ажого көлөкө түшүрүп турган Райымбек Матраимовдун күмөндүү байлыгы ачыкка чыкмайын, элдин көксөөсү суубай турган чыңалууга жетти. Президент ушуну унутпоого тийиш!

Эгер президенттик аппараттагылар бүгүнкү позицияны гана тутунуп, реакция кылбаса, эртең Райымбек Матраимовдун көлөкөсү С.Жээнбековдун башындагы кара булутка айланат! Себеби, эл ичиндеги коррупцияга болгон нааразылыкты токтотуу азыркы бийликтин колунан келбейт. Канткен менен эки жолку мамлекеттик төңкөрүштө эл менен күч органдарынын ортосундагы кагылыш – Кыргызстандын бардык күч органдарынын жүрөк үшүн алып койгону белгилүү.

Кокус коррупцияга каршы уюшулган жаштардын «#REакция» кыймылы бийликтин аракетсиздигинен көксөөсү суубай дагы күч ала бере турган болсо, күч органдары С.Жээнбековдун бийлигин калкалоо үчүн тобокелдикке барбайт. Карааны калдайган калктын чындыгын коргогон тарапка ооп кетүүгө аргасыз болушат.

Олжобай ШАКИР

«Азаттык»

One Reply to “Ажого түшкөн көлөкө”

  1. Эн мыкты аналитика болуптур, Эгер тазалануу процессин бийлик каалабаса, коомдун каалоочу кучойт. Банов менен Сариевдин андагы билмексен позициясын жакшы ачып берипсиз Олжоке.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.