Адабиятчы Садык Алахан менен Олжобай Шакирдин подтекст талашы

Садык АЛАХАН: «РухЭштин» конкурсуна түшкөн «Айлангөчөк» (№ 32) деген аңгемеге байланыштуу кызуу талкуу жүрүп жатат. Олжокем «подтексти укмуш чыгарма» деп мактап элге сунду. Ушуга байланыштуу залкар окумуштуу Мухтар Борбугуловдун «Адабият теориясы» деген фундаменталдуу эмгегинен бир кичкинтай үзүндүнү баарыңыздарга кош колдоп сунамын. Мукем алгач төмөнкү үзүндүнү келтирет: «Кайсы бир майрамдан кийин болсо керек эле, шаардын чоло жери жок сайылган туулар качырашып, жайылган кирлердей илинген лозунгалар шамалга сынып айрылып, жулунуп жатышты. Ар кайсы туштан дубалдардын бооруна илинген эбегейсиз зор плакаттар, андан да […]

Непал эл жомогу: Төлгөчү

Жылдызды карап келечекти алдын ала так айткан төлгөчү жашаптыр. Бир жылы жерди кургакчылык каптайт. Жамгыр жаабайт, тып эткен тамчы тамбайт. Эл күрүч айдап, эгин эге албай каржалат. Аңкайып асманды карап дыйкандардын айласы кетет. Бир күнү төлгөчү жылдыз санап – бүгүн жамгыр жаарын билип, жерин айдап үрөн сээп калыш үчүн талаага чыгат. Бул адамдын жамгыр жаадырарын алдын ала билип койгонуна таң калган суу атасы Индра киши кейпин кийип жерге түшүп келип, тер төгө иштеп жаткан төлгөчүдөн сурайт: — Эмне кылып атасың? […]

Абдинаби Даабеков: Мүрзѳдѳгү «Ш» тамга

АҢГЕМЕ Каралдым кызым, жумуштан келсем, бут кийимиӊ менен суу кечип, аяш аталарыӊ белекке берген кѳгүлтүр колясканы түртүп  ойноп  жатыпсыӊ. Чамбыл-ала колдоруӊ  менен  мойнума  асылдыӊ да, балдырап сүйлѳп, сууга  түшкөнүңдү  сүйүнчүлѳдүӊ, анан тѳш чѳнтѳгүмдѳгү ручкаларды алып, колдоруӊдун отуна  чиймеледиӊ. Оӊ жак ууртуӊдагы сары  жараӊдан суу чыгып, бети-башыӊа топурак сүртүнүпсүң. Оорукчан жаныӊ  үлдүрѳп, кѳздѳрүӊдүн оту качыптыр, ѳӊуӊ керсары тартып калыптыр,  илмийген  арык  колдоруӊ менен  чачымдан сылап, «ата, апа» дедиӊ… Акырын  тѳшүмѳ  кысып, мойнуӊдан, саамайларыӊдан, үлпүлдѳгѳн  алсыз  чачыӊдан жыттагыладым да, кѳзүмѳ жаш  тегеренди, […]

Курманбек Абакиров: Деңиздей турмуш үстүндө

(Профессор Лайли Үкүбаеванын чыгармачылык бейнесине сүртүмдөр) Адатта биз кайсы бир белгилүү өнөр ээси тууралуу кеп кылганда аны ошол өнөрдүн сересине алып чыккан башаттарга сереп салмайыбыз бар. Дээринде болбосо жана аны бир топ маанилүү факторлор (эмгек кылып, тынымсыз изденүү, устаттардан таалим алуу ж.б.) коштобосо, ал мынчалык даражага жетпейт эле дейбиз. Мунубуз деле туура. Ошол сыңары кыргыз элине, айрыкча адабият күйөрмандарына аттын кашкасындай таанымал Лайли Үкүбаева тууралуу сөз кылаардан мурда мен да анын адабиятчы-сынчылык, адабиятчы-изилдөөчүлүк таланты кайдан башталды деген суроо коюп, анын […]

Кыргыз урпагы Ишен Жакыпбековдун эмгегин Россия баалады!

Өткөн 2019-жылдын август-ноябрь айларында Евразиялык Экономика биримдигинин 5 жылдыгына карата Ысык-Көлдө бильярддын пирамида (же орус бильярды) түрү боюнча Дүйнө биринчилиги өтүп, ага катышкан Биримдикке кирген 5 өлкөнүн жогорку мансаптуу коноктору жана спортчулар чемпионаттын техникалык уюштуруу деңгээлин, тагыраак айтканда, оюн үчүн коюлган бильярд столдорунун сапатын эң жогору баалашты. РФ бильярд спорту боюнча Федерациясынын президенти Павел Завальный мырза Федерациянын «Бильярд» журналына бул боюнча пикирин кенен билдирип, анын ичинде бүгүнкү күндөгү бильярд столу кандай болушу керек деген негизги суроого өзгөчө көңүл бурду. «Мен […]

Конкурска: Визитка (№38)

АҢГЕМЕ Жашоо улана берет тура.  А мен баягы макоо кыз, сенсиз кантип өмүрүмдүн өтүшүн элестете албай, тагдырыма таарынып жүрө бериптирмин.  Көрсө, тагдыр бизди сынаган тура. Декабрь айы. Кычыраган кыш. Маңдайдан соккон бороон аралаш кар, сыланып чыккан жүзүмө мыскылдагандай, атайын келип бетиме урунат. Күндүн көзүн көрө албайсың: катуу бороон, асманды бир заматта эле алай-дүлөй кылып баратат.  Үйдөн чыгаарда мойнума эч нерсе оробой чыккан элем, капыстан атам жумуштан келатып,  “Сулуулуктан жылуулук” деп мага мойнундагы өзүнүн күрөң түстөгү шарфын байлап койду. Бороонго каршы […]