Өткөн 2019-жылдын август-ноябрь айларында Евразиялык Экономика биримдигинин 5 жылдыгына карата Ысык-Көлдө бильярддын пирамида (же орус бильярды) түрү боюнча Дүйнө биринчилиги өтүп, ага катышкан Биримдикке кирген 5 өлкөнүн жогорку мансаптуу коноктору жана спортчулар чемпионаттын техникалык уюштуруу деңгээлин, тагыраак айтканда, оюн үчүн коюлган бильярд столдорунун сапатын эң жогору баалашты. РФ бильярд спорту боюнча Федерациясынын президенти Павел Завальный мырза Федерациянын «Бильярд» журналына бул боюнча пикирин кенен билдирип, анын ичинде бүгүнкү күндөгү бильярд столу кандай болушу керек деген негизги суроого өзгөчө көңүл бурду.

«Мен буга чейин пирамиданын техникалык бөлүгүн жөнгө салуу менен байланышкан маселелерди бир нече жолу көтөргөн элем. Бүгүнкү күндөгү бильярд столу кандай болушу керек? Борттун резинасы кандай болууга тийиш? Бурчтук жана орто луздардын параметрлери кандай? Бильярд спортунун ушул сыяктуу маанилүү маселелери дайыма расмий спорттук мелдештерде көтөрүлүп келет.

Мен ушул эле маселени пирамида оюндарынын негизги принциптерин жана техникалык жабдууларга коюла турган талаптарды жөнгө салар башкы уюм катары ПЭКке (Пирамиданын эл аралык конфедерациясы) даректеген элем. Бул жаатта биз айрым бир ийгиликтерге жетише алганыбызды белгилей кетейин. Маселен, биз бильярддык жабдуу боюнча Ишенбек Жакыпбеков деген мыкты адисти таптык, ал киши техникалык илимдердин кандидаты, бильярдга жабдуу жасоо иши менен жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери алектенет. Менин өтүнүчүм менен ал ПЭКке турнирлерге керектүү бардык кошумча жабдуулары менен 12 бильярд столун жасап берди. Контейнер алып, аны бильярд столдорун ташып жүрүү үчүн атайын ыңгайлаштырып да берди. Эки жылдан ашуун убакыттан бери Ишенбек Жакыпбеков өзүнүн бильярд столдору менен дүйнөлүк чемпионаттарды камсыздап келет.

Жалпысынан алганда, биз анын столдорунда үч ирет аалам биринчилигин өткөрдүк жана мурдакы жылдарга салыштырмалуу бильярд столдорунун техникалык абалы жана турнирдик эмеректер боюнча кыйла аз доомат айтылды.

Буга байланыштуу мен бильярд спортунун улуттук уюмдарына Кыргызстанда жана Россияда өткөн дүйнө биринчиликтериндеги бильярд жабдууларын пайдалануу практикасын тыкыр изилдеп чыгып, ПЭКке техникалык нормативдерди жана бильярд столдоруна, бильярддык башка жабдууларга техникалык талаптарды даярдоону тапшырдым», — дейт РФнын бильярд спорту боюнча Федерациясынын президенти Павел Завальный мырза.

Жогорудагы айтылгандардан кыргыз чебери Ишенбек Жакыпбековдун колунан чыккан бильярд столдору бүгүнкү күндө аалам биринчилигин өткөрүүдө пайдаланылып жатканын көрүп турабыз жана бул жалпы улутубуз сыймыктана турган иш.

Мынчалык кеп болуп калды, эми бильярд столдорун жасаган чебер Жакыпбеков Ишен агабыздын өзү туурасында да окурмандарга азыноолак маалымат бере кетпесек болбос. Ишен аба атагы алыска кеткен Фрунзедеги политехникалык институтту «имараттардын жана имарат жайлардын сейсмотуруктуулугу» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктап, болгону 21 жашында аталган окуу жайга окутуучу кылып алып калышкан.

Жаш мугалим жигит студенттерге сабак берип, андан тышкары, илим менен алпурушуп жүрүп, техникалык илимдердин кандидаты деген илимий даражаны алууга да жетишкен. Тартибинен талабы катаал Союздун убагында жаш жигитке мындай илимий даражага жетишүү оңой болгон эмес, анткени илимий даражаны азыркыдай сатып алуу же бирөөнү жалдап жаздыруу деген түшкө да кирген эмес. Ушунун өзү эле Ишен аганын көктүгүнөн, умтулган максатына жетмейинче жаны тынбаган адам экенин айтып турат. Бирок Союз урап, аны менен кошо нечендердин арман-кыялы кошо урады, сүрү күчтүү атагы таш жарган политехтин келкели бүтүп, кунары качты.

Колунан келеби жокпу, же илимде аты-жыты жок, же студенттерге тыңыраак сабак бере албаган ар кайсы итпай-чотпайлар ректорлукка дайындала баштады да, акыры окуу жайын үч бөлүккө чачыратып тынышты. Политехтин да, илимдин да келечеги болбой калганына көзү анык жеткен жаш мугалим Ишен Жакыпбеков 1996-жылы ишин да, илимди да таштап чыгып кеткен. Анысына эч качан өкүнгөн эмес, алтургай, андан да мурдарак кетпегенин азырга чейин айтып калат.

«Мени менен Москвада аспирантурада чогуу окуган казакстандык досторум азыр үлкөн адамдардан болушту, — дейт Ишен аба гезиттерге берген маектеринин биринде. – Алардын баары менин кесибимдин кереги жок болуп калганына таң кала беришет. Анткени мен бүткөн «имараттардын жана имарат жайлардын сейсмотуруктуулугу» кесиби Кыргызстанда азыр эч кимди кызыктырбайт! Бир кезде баарын таштап басып кеткениме эч өкүнбөйм, тескерисинче, андан да эртерек кетсем болмок экен. Эми болсо жакшы көргөн ишим, өзүмдүн ишканам бар, жашоомо ыраазымын.

Сапаты мыкты бильярд столун жасоо оңой иш эмес, андыктан наркы да ошого жараша болот. Менин кардарларым өзүбүздө жетишерлик, өзгөчө Казакстанда арбын. Алардын арасында президенттер, премьер-министрлер, чиновниктер, ишкерлер  жана менчик спорт клубдары бар. Мындай кардарлар керек, анткени карапайым адам бильярд столун эч качан сатып албайт. Менчик клубдар болсо атайын буюртма менен Кытайдагы заводдордон чыккан столдорду алдырышат. Спортчуларга болсо жеке столдордун кереги жок, анткени алардын бүт жашоосу клубдарда өтөт. Вип-кардарлар болсо жеке колдон чыккан ишти, автордук стилди жактырышат.

Кыскасы, мен буйрутма менен иштейм жана чыгармачылыктан кадимкидей ырахат алам. Бильярд столун жасоодо жыгачтын абдан сейрек, баалуу породаларын жана сапаты эң жогорку белгия ноотун колдоном. Болгон ынтаамды коюп, баарын кардарларга жаккыдай, кийин алар эч кандай доомат артпагыдай кылып жасайм», — дейт Ишен Жакыпбеков.

Эмне дейбиз азиз окурманым, «колдо бар алтындын баркы жок» деп даанышман кыргыз бабаң ташка тамга баскандай айтып кеткен эмеспи. Жалаң сасык саясат, көчө ушагы менен жандарын баккан биздин көпчүлүк маалымат каражаттары эмнегедир Ишен агага окшогон адамдарды көрмөксөн да билмексен экенине бир туруп таң каласың, бир туруп кыжырың келет. Анткени дүйнөдөгү эң популярдуу оюндардын бири – бильярддын столдорун дүйнөлүк стандардарттарга төп келиштире жасап, эмгеги менен кыргыз улутунун даңкын ааламга жайып жаткан Ишен аганын башкалардан эмнеси кем?

Арийне, Ишен агабыздын ийгилиги Кыргызстандын экономикасына ири ийгилик, ири кирешелерди алып келер экспорттук өндүрүштүн алымдуу товарларынан экени эмнеге өкмөт мүчөлөрүн ойлондурбайт?!

Бахтияр ШАМАТОВ

Ишен Жакыпбеков: Бильярд боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын столдорун кыргызга ишенип тапшырышты

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.