Курманбек Абакиров: Чабыттуу жолдо

(Жазуучу Мирзохалим Каримовдун чыгармачылыгына сереп) Келгенинен кеткени тез, жыргалы менен таттуулугу дегеле бүтпөй калгансыган жаркын жана жарык бул дүйнөдө ар бир пенде аздыр-көптүр өзүнүн өмүрлүк вазийпасын «пешенеге жазылган» дегендей түркүн-түркүн шартта өтөйт. Адамдык парз-вазийпа канчалык байсалдуу, кайтарымдуу болгонун ошол адам өзү деле терең аңдап-биле бербей, ага бааны чөйрө гана берет да, өмүрдүн кайда өткөнү эмес, кандай өткөнү, же өтүп жатканы, коомго канчалык жакшылыгы менен алынганы анын накта нарк-баркы катары чыгат. Ошол сыңары, өзү башка жерден, башка улуттан болсо да, толгон-токой […]

Конкурска: Наркозатын кайда бекиттим? (№40)

АҢГЕМЕ 1995-жыл. Тажикистан. Памир. Дүйнө чатыры аталган Памирдин көк тиреген таш зоокалуу тоолорунун арасында жайгашкан айылдарда жашоо катаал келет. Сууктан улам бак-дарак өспөйт. Анда-санда кара тал өсүп, ал дагы шамалдан улам бир жагына кыйшайып пас өсөт. Үйлөрдүн үстүн бийик жабышпайт, жалпак боюнча калат. Бийик жапса шамал учурат. Жайы кыска, төрт айга гана күн жылуураак болуп, анда деле адамдары калың кийинип, күн нуру алсыз болуп жылытпайт. Калган мезгилде аркырап шамалы соккон, кара суугу жандан өткөн тунжураган таш тоолордун арасындагы айылдарда унутулуп […]

Конкурска: Майпуруш (№39)

АӉГЕМЕ Кыжы-кыйма базардын бир жак четиндеги котологон бидон, бочкалардын үймѳгү бар. Ошол тарапта иши бар кыз-келиндер, сылаӊ короз жигиттер кымырынып-кымтынып турушат, анткени жакындаганда эле май жыттанган сатуучулар чуркап келип: «Меникин алыӊыз, таза май, семичке майы»… Кызыгы – кайсы майды аларыӊды айтсан, колуӊдагы майды «ошол майдын өзү» деп жибермейлери бар. Кардарын тапкандар кудуӊдай артына бурулуп, колундагы түтүгүн идишке салганча шашышат, анткени аларман ар кандай шылтоодон айнып кетери анык. Майга чыланган акчаларын чѳнтѳгүнѳ салып, май калдыгын жамбашына сүйкѳйт да, кийинки кардарын топ […]

Талаш-тартыштан четтеген киши коркунучтуу

Жорж Бернард ШОУ (1856-1950), англис драматургу   Дени сак адам тулку-бой сөөктөн турарына маани бербегендей, дени сак улут өзүнүн улут экенине маани бербейт. *       *       * Биз адамдар кандайбыз? Жакпаган адамыбыз жардам сураса, толгон-токой «жок» деген шылтоо табабыз, а жаккан адамга «эмне жардам керек» деп жабышабыз. *       *       * Такта аял олтуруп, бирок эркек башкарса, өлкө тагдыры оңбойт. Ал эми эркек такта олтуруп, аял башкарса, өлкө тагдырын оңдойт. *       *       * Соо адам эртең мененки саат 11де чече албаган парламенттеги маселе […]