Карьера жасаган эркектин артында дайыма камкор катыны турат

Гудмунд Хернес Европа жана Американын көрүнүктүү ишмерлеринин меселдерин чогултуп, үч китеп чыгарган экен. Ошол китептерден алынган меселдерден сиздерге тартуулайбыз. Жетекчинин тажрыйбасынан Жетекчиники дайыма эле туура эмес, бирок ал дайыма жетекчи. *      *      * Эгерде бир ишти тез бүтүрүш керек болсо, ким баарынан көп иштесе, ошого тапшыр. *      *      * Эгерде бир ишти кийинкиге калтыруунун маанилүү ыкмасы болсо, жакшы бюрократ аны сөзсүз табат. *      *      * Эч нерсе кылбаган кишиге, бардыгы оңой бүтчүдөй сезилет. * * * Жакшы жетекчи, өзүнөн акылдуу […]

Нурланбек Мусаев: Демократия жана Евро Биримдиктин баалуулуктары – 2

Ойлонуп көрсөңүз: гумандуу мыйзамдар, адилеттүүлүк, тең укуктуулук – жашоонун баардык катмарында каралган болсун. Мындай идеалдуу өлкө экономикалык жактан зор абалга кириптер болобу? Менимче болбойт. Жогоруда сыпаттаган идеалдуу мисалга өтө жакын болбосо да, Батыш Европа өлкөлөрү учурдагы заманыбызда эң адилеттүү, гумандуу өлкөлөрдү куруп алышты дегенге толук негиз бар. Анткени мунун баарын – жашоо стандарттары, мыйзам механизмдеринин иштеши, адам укуктарынын корголушу, коомдун бактылуулугу сыяктуу көрсөткүчтөрү менен ырастайт. Батыш Европа өлкөлөрү өз баалуулуктарын жайылтууну максат коюп, бүгүнкү күндө отузга чукул мамлекет Евро Биримдик […]

Тэцуо Миура: Аары

АҢГЕМЕ Багы жокко дагы жок болуп, ошол күнү Симанын көкүрөгүн аары чагып алса болобу. Дал ошол көптөн бери көрүшө элек күйөөсү үйгө кайтып келээр күнү болгондо да. «Кечээ чакса өлөт беле! – деп ойлоду ал. – Же башка күнү чакса мейли эле. Анда чакмак тургай мага демектен талап кетсин. Карабайсыңбы эми! Эми эмне кылса болот? Кара саат ай, кара саат! Аары халаттын ич жагына кирип алган экен. Эрте менен аны Сима шамалдап, кургап турсун деп жайып койгон. Андан кийин аны […]

«Супарада» сыбызгыган музыка Табылдыны жоктогондой сезилет

Мындан эки жылдай мурда кыргыздын чыгаан ишкер уулу Табылды Эгембердиевди эскерип отуруп, анын бейнесин таасын далилдер менен жеткире ачып берген инсан – Табыкенин каргадай бала кезден коюндаш өскөн, достуктун шертин акыр аягына дейре бекем кармаган, политехника институнун мурдакы доценти, техника илимдеринин кандидаты Жакыпбеков Ишен ага болду. Ишен абанын тагдыр-таржымалы да кеп салып отурса кызык. Аны да политехникалык институтту артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин, аталган окуу жайда окутуучу кылып алып калышкан экен. Ошогезде болгону 21деги күлгүн курак жаш жигит экен. Студенттерге […]