Гудмунд Хернес Европа жана Американын көрүнүктүү ишмерлеринин меселдерин чогултуп, үч китеп чыгарган экен. Ошол китептерден алынган меселдерден сиздерге тартуулайбыз.

Жетекчинин тажрыйбасынан

Жетекчиники дайыма эле туура эмес, бирок ал дайыма жетекчи.

*      *      *

Эгерде бир ишти тез бүтүрүш керек болсо, ким баарынан көп иштесе, ошого тапшыр.

*      *      *

Эгерде бир ишти кийинкиге калтыруунун маанилүү ыкмасы болсо, жакшы бюрократ аны сөзсүз табат.

*      *      *

Эч нерсе кылбаган кишиге, бардыгы оңой бүтчүдөй сезилет.

* * *

Жакшы жетекчи, өзүнөн акылдуу жумушчуларды ишке алат.

*      *      *

Начальник — бул, сен ишке эрте келгенде кеч келип, сен кечигип калган күнү таң атпай келген адам.

*      *      *

Эгерде бир жумушту аткаргың келбесе, көпкө чейин карабай таштап кой, же бирөөлөр бүтүрүп коёт, же ал иштин таптакыр эле кереги жок болуп чыгат.

*      *      *

Карьера жасаган эркектин артында дайыма камкор катыны турат.

*      *      *

Сөз эркиндиги начальниктин көзкарашында сүйлөгөн адамдын сөзүн; өзү каалаган убакта токтотуу, ал эми кол алдындагылардын көзкарашында – бул тилиңди тишиңе ката билүү эркиндиги.

*      *      *

Эгерде күндө сегиз саат бою чын дилиңден иш аткарсаң, келечекте ишиңден көтөрүлгөн жетекчи болуп, он эки саат иштей аласың.

*      *      *

Ээлеген кызматың канчалык төмөн болсо, жумуш ордуңда болбогонуң ошончолук тез билинет.

*      *      *
Бардык убадалардын аткаруу мөөнөтүн эки эсеге көбөйтүү керек.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.