Ойлонуп көрсөңүз: гумандуу мыйзамдар, адилеттүүлүк, тең укуктуулук – жашоонун баардык катмарында каралган болсун. Мындай идеалдуу өлкө экономикалык жактан зор абалга кириптер болобу? Менимче болбойт.

Жогоруда сыпаттаган идеалдуу мисалга өтө жакын болбосо да, Батыш Европа өлкөлөрү учурдагы заманыбызда эң адилеттүү, гумандуу өлкөлөрдү куруп алышты дегенге толук негиз бар. Анткени мунун баарын – жашоо стандарттары, мыйзам механизмдеринин иштеши, адам укуктарынын корголушу, коомдун бактылуулугу сыяктуу көрсөткүчтөрү менен ырастайт.

Батыш Европа өлкөлөрү өз баалуулуктарын жайылтууну максат коюп, бүгүнкү күндө отузга чукул мамлекет Евро Биримдик уюмунун мүчөсү. Биримдикте чек аралары ачык, салык системасы орток, мүчөлүккө кирген өлкө жарандары каалаган Евро Биримдиктеги өнөктөш өлкөлөрдө каалагандай каттап, иш жүргүзүүгө уруксат берилген.

Евро Биримдикке мүчө болуп кирүү үчүн талапкер болгон өлкөлөргө Копенгаген критерийлерин аткаруу милдети көрсөтүлгөн.

Копенгаген критерийлери:

  1. Стабилдүү жана корпоративтүү демократиянын болушу;
  2. Укуктук мамлекет жана мыйзамдардын үстөмдүгү;
  3. Адам укуктарына урмат-сый көрсөтүлүшү;
  4. Азчылык чөйрөлөрдү коргоо.

Негизги ушул төрт пункттун Евро Биримдикке талапкер өлкөлөрдө тынымсыз иштөө шарты коюлган. Албетте, ушул пункттар менен эле мүчө боло калуу деген түшүнүк жок. Ар бир пункт кеңири талкууга ачык экени талашсыз.

Биздин коомдо гей-лезбияндардын өлкөсү катары сыпатталган Батыш өлкөлөрүндөгү мыйзамдарынын негизги булагы бул – инсан. Евро Биримдиктин негизги философиясы да – баардык нерсе жеке адамдын жашоосун жеңилдетүү. Анын укугун коргоо максатында гумандуулукту негиз кармап түзүлгөн. Жарандыгына, улутуна, байлыгына, жынысына эмес, жалгыз гана адам болгонуна карап мамиле кылуу максаты белгиленген.

Орто кылымдарда миң жылдан ашуун социалдык жана экономикалык эң оор доорду баштан кечирген Европа калкы учурдагы абалына тез эле жете койгон эмес. Он төртүнчү жана он бешинчи кылымдарда байыркы Рим маданиятынын калдыктары калган Флоренция, Рим, Венеция чөлкөмүндө гана азыркы Европа маданиятынын алгачкы кыймылдары башталган.

Уландысы>>>>

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.