Кыргыз эл жомогу: Бүркүт менен түлкү

Бир мезгилдерде бүркүт менен түлкү дос жана өтө ынтымактуу болушат. Бирибизге бирибиз кара санашпайлы деп убадалашат. Ошондон көп убакыт өтпөй бүркүт бир жыгачка уя салат, ал жыгачтын түбүнө түлкү тууп, бачикилерин бага баштайт. Түлкү бир күнү бачикилерин калтырып, алыс жакка жем издеп кетет. Ошол учурда бүркүттүн карды ачып, дарактын түбүндөгү түлкүнүн бачикилерин жеп салат. Анан нык тойгондуктан уйкуга кирет. Бир аздан кийин олжосу менен түлкү келет. Караса, балдары жок. Ал: «Алыстан душман келбейт. Бул карасанатайлык бүркүттүн колунан келди», – деп […]

Мээрим Сайдилкан: Кыздардын келин-кул болушу

Өмүр бою ойлонуп эле жатабыз, ойлонуп! Бир жыйынтыкка келе алдыкпы?.. Бул – жүрөктү ооруткан аялга карата зордук-зомбулук! Азыр эле чыга калган жок да. Ар бирибиз бул нерсени жакшы билебиз… Жашап жатабыз. Жашаганда да дароо эле азыркы коомду, заманды, өлкөнү күнөөлөйбүз. Бирок алдын ала алдыкпы?! Жок! Кыргызда кызды улук тутушкан дешет. Бирок ыйык, улук тутканы кана?! Бул жарыкта көбү эркек баласына сүйүү, мээрим төккөндөй; кызга карата төгүлүп төшөлөбү? Жок! Муну ар бирибиз сыртыбызда жектеген менен, ичиңизде өзүңүздүн күнөөлүү экендигиңизди, кызыңызды дайыма […]

Конкурска: Үй (№42)

АҢГЕМЕ Көкүрөгү көк түтүнгө ышталган кайгылуу адамдын жандүйнөсүнө окшоп түтүнгө чулганган бул шаарда Күн эмес булут көрүнбөйт. Көмкөрүлгөн казандай карарган  асманды карап эле, бул шаарда актын баркына жетпеген адамдар жашаарына көз жетет. Табиятты таза сакташты үйрөнө албаган тургундардын түшүнүгү да асманындай кирдеп турганын көптөр туя бербейт. Көмкөрүлгөн кара казанды чалкасынан салып, очок тутантып, аш-тамактын түрлүүсүн жасап, эл багар «ашпозчудан» дайын жоктой. Каршы-терши каттаган автоунаалар менен жөө баскандардын башаламан агымы сыртынан караганда кумурскалар уюгун элестетет. Бул жөн гана бир салыштыруу. Эгер […]

Конкурска: Таберик (№41)

АҢГЕМЕ 1989-жыл, кеч күз. Ошол жылы күз узак болуп, жакшы турду. Жаан жааса да бат эле күн желесин жая жаркырап чыга калат да, айлана тоорсуп кургай түшөт. Айыл эли мээнеткеч келип, тыным деген болбойт эмеспи, күзгү жыйым-теримди акыр-аягына чейин бүтүрүп, жыйганын жыйып, тергенин терип, оргонун оруп, талаа жумуштарын бүткөрүү менен алек. Биздин үй-бүлө да күз күрөшү менен күрөшүп, бактагы жалбырактарды толугу менен топтоп, алмаларды, жаңгактарды бирин койбой терип, калтырбай жыйнап алганга жетиштик. Колумда жаш кызым бар, кичине колго кирип, ким […]