АҢГЕМЕ

Көкүрөгү көк түтүнгө ышталган кайгылуу адамдын жандүйнөсүнө окшоп түтүнгө чулганган бул шаарда Күн эмес булут көрүнбөйт.

Көмкөрүлгөн казандай карарган  асманды карап эле, бул шаарда актын баркына жетпеген адамдар жашаарына көз жетет. Табиятты таза сакташты үйрөнө албаган тургундардын түшүнүгү да асманындай кирдеп турганын көптөр туя бербейт. Көмкөрүлгөн кара казанды чалкасынан салып, очок тутантып, аш-тамактын түрлүүсүн жасап, эл багар «ашпозчудан» дайын жоктой.

Каршы-терши каттаган автоунаалар менен жөө баскандардын башаламан агымы сыртынан караганда кумурскалар уюгун элестетет. Бул жөн гана бир салыштыруу. Эгер чындап эле адамзаты айбанаттардын же курт-кумурскалардын тобуна кирген жаратылуучу болсо анда кандай аталмак? Албетте, адам деген эле айбанат болмок.

Байы, кедейи, алдуусу, алсызы деги койчу ар кандай тагдыр ээлери «атым өлбөсүн, арабам сынбасын» деп өмүр сүрөт тура шаар дегенде.

Негизги маселерди санаага алып, келечек урпакты ойлогондор бар, бирок аз. Биздин мамлекет жакыр өлкө деген  менен  эли бай экенин көптөрү айтышат. Ооба, дал ошондой биздин мамлекет – вогондорду локоматив эмес, аттар сүйрөп бараткан поезддей. Ал аттар күлүк, күчтүү болсо кана, камчыласа да жылбаган чобурларга окшош.

Борбордун чок ортосунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде студент досторум менен батирде жашайм. Биз турган батир экинчи кабатта, ээси мистер Ли аттуу корей. Арданам! Биз өз Мекенибизде башкалардын үйүндө жашап жатканыбызга арданам. Бул жаңы салынган көп кабаттуу үйлөрдүн көпчүлүгүн чет элдиктер сатып алышкан. Кошуналарыбыз ар улуттан. Ал эми бизге окшогон жаштардын өз үйү эмес жумушу жок. Ушуга арданам!

Шаардагы жаңы кошунам Сыргак чоң атанын үй бүлөсүнүн тагдыры жарама туз септи. Ата менен көп сырдаштым, өзүм ачка отурсам да, кошуна атага чын дилден жардам бергим келет. Кээ күндөрү айылдан ата-энем салып жиберген эт-аштан ооз тийгизип, бапырап отуруп калчубуз.

Сыргак атанын үйү арыстандын азууларынын арасына тыгылып калган бир чымчым этти элестетип, атургай, көк тиреген үйлөрдүн арасында кыргыздын жалпак тамы жерге тапталган, ар кай жери айрылган, баркына эч ким жетпеген касиеттүү калпактай көрүнөт. Бирок, бул үйдө кыргыздын чыныгы ак сакалы жашайт. Чет элдик үй куруучулар, бизнесмендер, ал эмес бийликтегилер да «үйдү сатып алабыз, ордуна көп кабаттуу курулуш курабыз» деп көп акча сунуштаган экен, Сыргак ата макул болбоптур. Анын макул болбогонун укканда таң калдым, бир чети сата берсе  болмок «кежир чал», жаңы үй алып алмак да деп койдум. Бирок, сатпай койгонунун негизги себебин кийин өз оозунан угуп, акылынын аруулугуна, намыскөйлүгүнө баа бердим.

Сыргак чоң ата ичине сыр жашырбаган, ак ниет адам экен. Бир күнү мени чакырып мындай деген эле:

— Ээ балам, бул жепирейген жер тамды жанагы чет элдиктерге сатып жиберсем, алар бул жерге жүз үй бүлө бата турган көп кабаттуу турак курат. Анан мага бирөөсүн беребиз деди. Эми, ойлоп көрчү, бул алакандай жериме жүз үй курулса, анын жарымынан көбүнө чет элдиктер ээ болуп калса, кимге пайда? «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз!» — дешет. Бирок, алардын үйү кайсы жерде акча чыкса ошол жерде. Алардын Мекени болбойт. Алардын Мекени акча чыккан жер.

Кары кошунамдын бул кеби ойлонтуп койду. Сыргак ата бир жылдан бери жалгыз жашайт экен. Жалгыз уулу Апсамат куу тириликтин айынан чет өлкөгө чыгып кеткен тура. Атанын айтымында көптөн бери кат-кабар жок. Анын үстүнө өз канынан жаралган баласы деле, атасын тартпай акчанын артынан кууган бирөө окшойт. «Жер үйдү кытайларга сатпай койдуң, акчалуу, жаңы тамдуу болмокпуз деп буркулдап, таарынып кеткен боюнча келбеди. А мен бул жерди эч кимге сатпайм жана сатпай турган колго өткөрүп берем!» — деди эле муңайган жүзү, каргылданган үнү менен.

Кызы тууралуу да кеп айтайын деп барып, ыйлап жибергени кандайдыр бир касиретти каңкуулап турду. Менимче, кызы окуу жайды жакшы окуган кыз окшойт. Дубал менен текчеде анын мактоо баракчалары, медалдары турат. Бирок, Сыргак атанын муңайым тартып, көзүнө жаш алганынан улам эч нерсе сурабай, кайгысын күчөтүп албайын деп үйүмө кайтып кеткем анда.

Андан бери бир кыйла күн өттү. Студенттерди кыска эс алууга тараткандыгынан улам айылыма барып келдим. Азыр болсо, бир баракты тиктеп телмирип, ызам ичиме  батпай Сыргак атаны эстеп ыйлап отурам. Ак баракта эптеп жазылган сөздөр жүрөгүмдү көзөп өтүүдө.

«Уулум, сага чоң ыракмат. Биздин сүйлөшкөн сөздөр ар дайым эсиңде болсун! «Мекен — бул сен жашап жаткан үйдөн башталат, Мекениңди сатпа!» ушул сөздү мурда сага айттым эле. Эски тамымды сага калтырдым, атаңдан белек болсун. Документтери сага катталды. Өзүң жаңыртып, жаңы там салып ал! Сен эч качан элиңди, жериңди сатпай турганыңа ишенем! Атаң Сыргак! Кош бол! Аманатка кыянат кылба, уулум!»

Эми эмне кылам? Эски тамды жаңырта аламбы? Жаңыртпасам койдум, сатпай сактай аламбы..?

Аманат сатылбайт!!!

One Reply to “Конкурска: Үй (№42)”

  1. Абдан өзгөчө нукура таза ыйман мекенчил жигит ..ой өрүшү кенен жазылган мыкты чыгарма болуптур …

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.