АҢГЕМЕ

1989-жыл, кеч күз. Ошол жылы күз узак болуп, жакшы турду. Жаан жааса да бат эле күн желесин жая жаркырап чыга калат да, айлана тоорсуп кургай түшөт. Айыл эли мээнеткеч келип, тыным деген болбойт эмеспи, күзгү жыйым-теримди акыр-аягына чейин бүтүрүп, жыйганын жыйып, тергенин терип, оргонун оруп, талаа жумуштарын бүткөрүү менен алек.

Биздин үй-бүлө да күз күрөшү менен күрөшүп, бактагы жалбырактарды толугу менен топтоп, алмаларды, жаңгактарды бирин койбой терип, калтырбай жыйнап алганга жетиштик.

Колумда жаш кызым бар, кичине колго кирип, ким көтөрсө да жүрө берер болуп калган. Курсагы ток, асты кургак болсо эле болду, «а-чу» деп ырдап да коёт. Үйдө бир эле жаш бала, калгандары чоңдор болгондуктан бир ширин, иштен ким качса аллей карамай. Баарыбызга сүймөнчүк, эрмегибиз. Энем, үйдөгү кайын сиңдим, «кичине кыз» (бул тергегеним), мен болуп эркектерди тойгузалы деп, тамак бышыруу менен убарабыз. Кайнилеримдин баарысы ырчы, бош кезде музыканттар бөлмөсүндө музыка жазуу, ырдоо менен болушат. Атам болсо өзүнүн кол өнөрчүлүгү менен убара. Эмне жасап жатканын деле ашкере айтып бөлүшпөйт. Жумуш жасаганда баш оту менен ошол жасап жаткан ишке киришип, өтө кунт коюу менен жасаганын баамдаса болот.

Эс алган учурда отун кыркып, аларды бир ыңгайлуу тизип даярдап калат. Ошол мезгилдерде «сүкөн там» деген кичинекей, бир комнатадай болгон отунканабыз бар болчу, ал азыр деле бар. Ошонун ичине, сизге калп, мага чын отундарды, шакчаларды кыркып, жарып, майдалап, ширеңкенин талындай теп-тегиз, бирдей кылып тизип коёр эле. Тутандырыкка өзүнчө майда-майда, очокко өзүнчө ириги да, майдасы да бар. Мешке кышкыга деп өрүктүн, жаңгактын гололорунан жарып, майдалап:

— Тамак жасаганыңда жагасың, жалыны жакшы, улуу күйөт, ысыгы да көпкө турат, көмүрдөй болуп, – деп даярдап коёр эле. «Сүкөн тамга» кирсеңиз өзүнчө эле жыгач устанын өнөрканасына киргендей болосуз.

— Ата, сонун, тептегиз кылып отундарды жыйып коюптурсуз, музей эле болуп калыптыр. Андан алып, тизмегинен бузгум келбей, от да жаккым келбей, тиктеп эле отуруп калдым, — десем,

— Жок, жага бер. Дагы даярдап берем. Али бактагы дөңгөчтөр бар. Аларды да бир күн балдар менен майдалап алсак эле болду.

— Рахмат, ата, бар болуңуз! — дегенден башка эч нерсе айталбадым.

Кылган иштериндей ички дүйнөсү да өтө кооз, аябай чыгармачыл адамдын иши го деген ой пайда болот.

Атам аз сүйлөгөнү менен, жасаган эмгектери, сөз атасын өлтүрбөй убагында ар кандай тамашасы менен акырын эле орчундуу сүйлөп, айтып түшүндүргөнү да, ички дүйнөсүнүн өтө бай чыгармачыл инсан экендигинин далили болсо керек.

Күндөрдүн биринде түйшөлүп жасап жаткан ишин да бүтүрүптүр. Жаңгактан жылмалап жасалган кичинекей төрт бурчтуу, келишкен буюмду алып келип:

— Мына, ме ала кой. Наргиза кызыбызга. Эртең эле олтура турган болуп калат, — деп мага сунду. Мен болсо күтүлбөгөн белекке, кичинекей али отура элек кызыма атап, өз колдору менен жасап бергенине сүйүндүм.

— Рахмат ата, мынча сонун! Керемет эле экен. Ушуга кызым отурабы? Күнүгө эле ушуну жасоо менен убараландыңызбы? Колдоруңузга береке, аман болуңуз ата!

— Сөзсүз отуруп ойнойт. Бир аз чоңойсун.

— Карагылачы, атам жасап берди, — деп мактана үйдөгүлөргө көрсөттүм.

— Ии, бай болгур, күндүн суугуна карабай, нечен күндөн бери ушуну такылдатып убара болдуңузбу? Небере ширин болот бекен? Эч нерсеге карабай бүтүрүптүрсүз да. Балли, аа, атасы, — деп энем да алкады.

— Жеңил гана… эртең эле басса, көтөрүп жүрүп ойносо да болот, — атам адаттагыдай эле насыбайын оозуна таштап, керебетине барып отуруп калды.

Наргиза кызым да чулдурап, тили чыкканда эле бир айтканда миң кайталап эрикпей аталап, «ата», «ата», «ата» дей берчү. «Ата» – айтканга жеңил окшобойбу?

— Ии, атасына күйүмдүү болот экен, — деп энем жакшылыкка жоруп коёр эле.

Ошондон ушул күнгө чейин каякка көчүп, каякта жашабайлы, баягы атам жасап берген отургуч биз менен чогуу. Төрт балам да баскандан баштап, аны көтөрүп ойношкон. Уулум болсо кичинекей кезинде «буу» деп, машина кылып айдап алчу.  Чоңоё баштаганда эч кимге бербей өзү олтурар болчу. Жерге олтурса, тамак ичкен столубузга жетпей калгандыктан, отургучка отуруп жегени өтө ыңгайлуу болчу. Алардан талашып, кир жууганда мен деле сүдүрөп отуруп калчумун.

Азыр болсо кыздарыбыздын балдары, неберелерге талаш болгон учур. Аябай ыңгайлуу болгондуктан, колтуктап алып, бири биринен качат. Үйүбүзгө келип калышканда эки кыздын балдары чый-пыйы чыгып талашышат. Дүкөндөн алган отургучтар бар, бирок бир гана ошону талашышат. Атамдын көзүнүн тирүүсүндө анча маани берилбегендей болгону менен, чогулуп калганыбызда, ал отургучтун баянын айтып, биз менен чогуу жашаганына 30 жылдын жүзү болду дейм.

— Атабыздын чеберчилиги зор болгон экен да, — дешип кыздарыбыз да баа берип калышат.

2018-жылдын жайындагы отпускада Кыргызстанга келип эс алып кеткенбиз. Атамдын 95 жылдык, энемдин 90 жылдык юбилейин өткөрүүнүн алдынан, шаардагы үйүбүзгө мейман болуп кайтышкан. Фотографты чакырып, ата-энебизди кийиндирип, фотосессия жасаганбыз. Ошондо неберелер талашып ойноп жүрүшкөн отургучту көрсөтүп:

— Ата, тааныдыңызбы, сиз жасап берген отургуч, — десем, жылмайып, тааныды окшойт:

— Чынгызга (Наргиза кызымдын кенжеси) ылайыктуу экен, ошого бергиле, — деп коёт.

Минтип атамдын көзү өткөндөн кийин аны ого бетер кастарлап, бизге калтырган табериги экенине түшүнүп калдык. Мен аны мурдагыдан да аздектеп катып койдум. Москвага кетсем да «уулум үйлөнүп, үй-бүлө куруп, балалуу болгондо, аны көрсөтүп, тарыхый буюм экенин айтып берип, неберелериме, атаңдын чоң атасынан белек деп тартуулаймын го», — деп ниет кылдым. Ойлорум, ниеттерим, ылайым ишке ашсын. Кудайым ошол күндөргө жеткирсин.

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.