Бир мезгилдерде бүркүт менен түлкү дос жана өтө ынтымактуу болушат. Бирибизге бирибиз кара санашпайлы деп убадалашат. Ошондон көп убакыт өтпөй бүркүт бир жыгачка уя салат, ал жыгачтын түбүнө түлкү тууп, бачикилерин бага баштайт.

Түлкү бир күнү бачикилерин калтырып, алыс жакка жем издеп кетет. Ошол учурда бүркүттүн карды ачып, дарактын түбүндөгү түлкүнүн бачикилерин жеп салат. Анан нык тойгондуктан уйкуга кирет.

Бир аздан кийин олжосу менен түлкү келет. Караса, балдары жок. Ал: «Алыстан душман келбейт. Бул карасанатайлык бүркүттүн колунан келди», – деп дароо түшүнөт.

Көз жашын көлдөтүп ыйлайт. Кармашайын десе, алы жете турган эмес. Бирок жержеберине жетип каргайт. Эң аягында: «Сом темирге балка бар, чоңсунганга алда бар» – деп өзүнө өзү кайрат берип, эркин чыңдайт. Кекенип туруп, сенин балапандарыңды мен жеп, сага күйүт салсам, арманым болбостур, – деп көз жашын аарчыйт.

Акыр тагдыр өз калыстыгын көрсөтөт. Түлкүнүн энелик мээрими менен жаш төккөнүн укса керек. Бат эле алай-дүлөй түшүрүп, катуу шамал болот. Таш менен топурактарды учурат. Бүркүт уя салган жыгач түбүнөн омкорулуп, кулап түшөт. Анын куу бутактарына чагылган тийип, ал алоолонуп өрттөнө баштайт. Балапандар окчун жерге барып түшөт. Балдары чала жан. Түлкүнүн көктөн тилегени жерден табылып, түлкү акең мойсоп салат.

Ынтымак менен шертти бузган бүркүт ошентип, балапандарынан кол жууйт.

P.S. Буудайбек Сабыр уулу тарабынан түзүлгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.