Өмүр бою ойлонуп эле жатабыз, ойлонуп! Бир жыйынтыкка келе алдыкпы?.. Бул – жүрөктү ооруткан аялга карата зордук-зомбулук! Азыр эле чыга калган жок да. Ар бирибиз бул нерсени жакшы билебиз… Жашап жатабыз. Жашаганда да дароо эле азыркы коомду, заманды, өлкөнү күнөөлөйбүз. Бирок алдын ала алдыкпы?! Жок!

Кыргызда кызды улук тутушкан дешет. Бирок ыйык, улук тутканы кана?! Бул жарыкта көбү эркек баласына сүйүү, мээрим төккөндөй; кызга карата төгүлүп төшөлөбү? Жок! Муну ар бирибиз сыртыбызда жектеген менен, ичиңизде өзүңүздүн күнөөлүү экендигиңизди, кызыңызды дайыма экинчи планда көрүп келгениңизди сезип эле турасыз, бирок өзүңүздү өзүңүз алдап, кооз сөздөр менен жымсалдайсыз баарын. Улуттук менталитетибиз бул – жашырып-жаба албаган! Моюнга алалы… Кереги барбы мунун?!. Жок!..

А билесизби?!. Өмүр бою үйүндө моралдык басым менен чоңойгон кыздын келечекте тагдыры кандай болорун?.. Биз – азыркы муун, замандаштар,  бир доорлоштор, кызга-уулга кандай мамиле жасоону, кантип тарбиялоону билбейбиз. Мисалга, ар бир бала төрт жашка келгенде өзүндөгү өзгөчөлүктөрдү сезе баштайт. Көрөт. Апасына-атасына “эмнеге, эмне үчүн” деген суроолорду жаадырат. Мына бизде ушул жерден башталат кызга моралдык басым жасоо тарбиясы. Ал да бала – ойногусу, секиргиси, чуркагысы келет. “Кызым, сен кызсың, акырын ойно, секирбе, сени кыз деп ким айтат?” – шекилинде… айтор, жалаң тыюу салуулар… Айылда балдар чырпыктан ат минип ойносо, күлсө, аны карап турган тестиер кыздар деле чырпыктан ат мингиси келет, тек аны көргөн энеси же атасы чыгат дароо: “Ай бас бери, сен кызсың, ыргыт алдагы чырпыкты…” Айтор, ойногусу келген оюнун да каалагандай ойной албайт кыздар!

Бул ата-энеге билинбейт, бирок жүрөгү назик кыз эмнеге мага болбойт, агама же бөбөгүмө болот деп психологиялык жактан сына баштайт. Ата-энелер “сен кызсың” деп кайра-кайра кайталап айтпаса да, кыз бала ансыз да өзүнүн кыз экенин билет.

Үйдөгү жумуштун баары идиш жуу, тамак жасоо, кир жуу, сабагын окуу милдети жүктөлгөнү аз келгенсип, айылда жашаса – агасы же бөбөгү менен биргеликте мал-келге чөп салуу, сугаруу, бок чыгаруу, кар күрөө, дээрлик баардыгы кыз балага автоматтык түрдө жүктөлөт. Албетте, бардык үй бүлөдө эмес, бирок көпчүлүгүндө. А бир тууган эркек балдарчы?.. Ар бир кыргыз үй бүлөсүндө айтылабы: “Тур, эжеңе же карындашыңа жардам бер”, — деп. Жок!.. Жаштары чамалаш. Ага-карындаш же эже-ини айтышып кетсе, энелер келет да, кызынын сөзү канчалык туура болуп турса да, “сен кызсың, айтышпа, сен кетесиң, кийин сенден ушул төркүнүң болуп кабар алат”, — дейт көпчүлүк кыргыз үй бүлөлөрүндө. Мына, ушул да басым…

Кыз бала да көп нерсени капарына албайт, бирок жүрөгүндө мен кызмын деп өзүн эркек баладан төмөн санап бой жетет. Студент болот, анын да кыялы, максаттары, ойлору, планы  бар… А бизде кыздын ою менен көпчүлүк ата-энелер эсептешеби?! Жок! Өздөрү тарбиялаган кызына өздөрү ишенбейт! Кызы жакшы окуйт, мугалимдери мактайт, келечекте ушул боюнча кетсе, жакшы бир ийгилик жарата аларын айтышат.

Дал ошол убакта ата-эне баштайт: “Жашың келди, күйөөгө тий, сүйлөшкөнүң барбы же биз табалыбы?” Күйөөгө тийсе эле кызды жыргал жашоо күтүп жаткансып…

Мүмкүн ошол кызы, ошончолук басым менен чоңоюп, өзүнүн кыз экенин кабыл ала албай жүргөндүр же эркек туралуу ою жоктур. Ата-энеси кызы менен ачык сырдаштыбы, сүйлөштүбү? Ошол кызы бой жеткен куракка чейин жок дегенде бир жолу гинекологго алып бардыбы?..

18 жаштан 25-26 жашка чейин турмушка чыгууга болот, даяр деген кызынан жок дегенде эркек тууралуу ою эмне экенин бирөө-жарымы сурадыбы? Кызга болгон мамиледей эле бизде уул балага да дал ошондой мамиле, өзүбүз ойлонгон тарбия берүүдө туура деп эсептелген адашуулар менен тарбиялап жатабыз. “Эй сен эркексиң да, эркек мындай болот, андай болот, ооба, калетсиз бул тарбиянын да жакшы жактары, бирок, ал уулуңуз табиятынан сезимтал, жароокер, назик уул болсочу!..” Биз бала тарбиялоодо сүйлөшкөндү билбейбиз. Ким айта алат? Мен уулумдун же кызымдын көздөрүнө карап сүйлөшүп, анын ою менен эсептешип жашаймын деп! Жок, биз ата-энелер көбүнчө өз оюбузду балдарыбызга таңуулайбыз!..

А дайыма ата-энесинин сөзүнөн чыга албаган, өз ойлому жок бала кандай адам болуп бой жетет?!.  Ооба, мурда баары башкача эле, тарбияда башкача – кыздар эрктүү, аялдар намыстуу болгон! Азыр да ошондой… заман өзгөрбөдү… бирок, илим-техника өнүктү, тамак-аш өзгөрдү, адамдар – биз өзгөрдүк… пейил, ниет өзгөрдү… Кыз да, уул бала да кызыл кандуу, сабырсыз, жашоого чыдамсызбыз!.. Ким күнөөлүү? Ар бирибиз! Мен, сен, ал! Элестетиңиз, эң сонун таттуу максаттары менен жашоосун улантууну баштады кыз бала… Окууну бүттү… жумушка орношту… эң сонун иштеп жатса ата-энеси “бул эмнеге күйөөгө чыкпайт, эмне болгон, деги соо элеби мунуң?” — чогуу иштешкендери менен таанышкысы келишет,барышат, көрүшөт, баары жайында экенин көздөрү менен көрүп турса да, ашыкча тынчсызданып коргойбуз деп, дагы бир басым менен кызын кордошконун билишпейт, анткени бул нерсени алар коргоо катары көрүшөт.

Ооба, ата-энени да туура түшүнүү керек, бирок, коргойбуз, бул кыз бала орун-очок алышы керек деген сүйүүлөрү ашыкчалык кылбайбы? Билесиздерби?! Бардык нерсенин ашыкчасы зыян! Кордук!.. Азыркы жаштар, мына биздин муун ашыкча кызыл кандуу, сезимтал, жапакечпиз!.. Эми элестетиңиз, жаңыдан жашоону түшүнө баштаган кыз баланы ушунча басым менен чоңойткондо кыз баланын тагдыры эмне болорун… Бул жерде дагы эле мүнөзгө байланыштуу. Эгер ушунча басымдан кызы эрктүү, өз жемин жедирбес, койгон максаттарынан баш тартпас болуп калыптанса, анда  анын  жакшы жагы көп, жаман жагы аз болмок.

Ал эми кыз бала ушундай тура, мен ушундай болушум керек экен, мен эркектин сөзүнөн чыкпай эмне десе ошону аткарышым милдет деп мүнөз күтсө, анын эртеңки тагдыры, келечеги кайын журтуна байланыштуу болуп калат. Түшүнүктүү, кадыр-барктуу, тарбия көргөн  жерге келин болуп барса, анда дурус… Жок, кызды келин-кул катары көргөн жерге барса, анда кызыңыз жашап жатканы менен тирүү өлүк экенин билип коюңуз…

Көпчүлүк кыздар ата-энесин санаага салбоо, убайымга чөктүрбөө үчүн эч качан кордолгонун, токмок жегенин, жаны сыздаганын айта бербейт! Айтпайт! Анткени ал табиятынан аёо сезими менен жаралган, жакындарын айат, бирок өзүн аяганды, коргогонду билбейт. Мына, мунун аягы бир зөөкүрдүн колунан  кыйналып, сабалып өлөт же өмүр бою тирүү өлүк болуп жашоосун уланта берет…

Кыз кээде баарын таштап төркүнүнө баргысы келет, бирок кантип барат? Ал кыз да… Бөтөн бирөөнүн бүлөөсү… Башканын тукумун улоочу… Балдары менен батабы?.. Батат, бирок апасы болсо гана… Апасы болбосо, дагы да өмүрү өткүчө азаптуу- таштактуу жолдорду басат, бул өмүрдө өз жашоосун жашай албай өтүп кетет… Жашоо ушул экен, деп кордолуп өтөт… А ушул эне балдарына тарбия-мээрим төгө алдыбы?! Жок! Эч нерсе бере албады… Дээринде бар бала болсо, адам болду дей бериңиз, дээринде болбосо дагы бир мыкаачы, же дагы бир кордук көрүүгө даяр  кыз, же таш боор, мээримсиз, бир күкүк эне бой жетүүдө!.. Билесиздерби?!.

Чынында кыз балага турмушка чыккандан кийин аларга көп нерсенин деле кереги жок. Жөн гана аны түшүнүүлөрүн каалайт. Тарбия көргөн, дээринде бар кыз айтпаса, үйрөтпөсө деле кайын журтка сиңип, ошол жерде очор-бачар болуп кетүү үчүн буту-бутуна тийбей кызматын жасайт, каршы тараптан жөн гана сый күтөт. А өз төркүнүнөн да ошол мамилени эле күтөт. Кыз балага жөн гана көңүл буруу, жакшы сөз керек. Башка эч нерсенин кереги жок. Кыз баланы бактылуу кылган нерсе материалдык колдоо эмес, моралдык колдоо керек!..

Эжесиби же карындашыбы – айырмасы жок,  тандаган тандоосуна урмат күтүүлөрүн каалайт… Ашыкча сүйүүбүздөн улам биз балдарыбызды туура эмес тарбиялайбыз. Кыргыз үйбүлөрүндө жаңы үйбүлө курулган күндөн баштап, издеп жүрүп тапкан аялы мындай экен, күйөөсү андай экен деген күбүр-шыбыр башталат, бул жеткен акылсыздык!.. Баланын, кыздын туугандары эле сындаса мейли, достору, чөйрөсү “ай, үйлөнгөнү аялыңа баш ийип калдың, башынан кармап койбойт белең?” деген самтырак сөздөрүн жаадырышат. Акылы тайызыраак эр сөрөй болсо, билесизби, конок кетери менен алмончоктой бирөөнүн кызына алгачкы муштуму тиет, ушул зомбулукка  сиз себепкерсиз!.. Жок, аны ойлонгон жоксуз, тамашалаймын деп, бир үйбүлөнүн алгачкы пикир келишпестигин жараттыңыз!.. Бейкүнөө көздөн жаш агыздыңыз! А сиз эч нерсе болбогондой үйүңүздө тынч уйкуда жаткандырсыз!..

Биз – тилибиз, салтыбыз, каадабыз менен улутпуз. Бирок ашыра чаап кетүүлөрдү  ооздуктай алууга аракет кылышыбыз керек! Чекти билишибиз зарыл! Ар бир үйбүлө бирөөгө сын коёрдон мурда алгач өзүңүзгө,  өз үйбүлөңүзгө, тегерегиңизге көз чаптырыңыз! Ким айта алат: менин үйбүлөмдүн тегерегинде кордукка учурабаган, зомбулук көрбөгөн аял-эркек бар деп… Эч ким. Анткени, ар бир кыргыз үйбүлөсүндө жок дегенде бир  кызы, карындашы, эжеси кордолууда… Аны сезген ата-энеси, бир тууганы кыздын барар жери күйөө, ошентип батып кетет, чыда,  сабырдуу бол деп келишет кайра…

А кыз эмне кыла алат? Чыдайт! Жашайт! Өлөт! Басым менен чоңойгон, өзүн-өзү багууга көзү жетпеген, комплекстери толтура кыз, чечкиндүүлүктү билбеген кыз… ошол жашоону жашоо экен деп жашай берет! Анткени, кетип калуудан коркот. Каякка батам, кимге барам, кантип жашаймын? Балдарымды кимге ишенем? Зөөкүр болсо да балдарым башкага кор болбосун деп жашай берет… жашай берет… Анткени, ал  көзкаранды болуп чоңойгон, эркиндик эмне экенин билбейт!  Кыргыздын тар түшүнүгүндө, ажырашып кетсе, артынан сөз ээрчийт, жаман да бир бүлөнү эптей албай келди, өзү эле келсе эмне, артынан салбыратып бир-эки баласын ээрчитип келди дешет, туугандары да, бүткүл айыл мунун ушуну кеп кылат! Анткени, кызга кырк үйдөн тыюу…

Ызаалуумун… азыркы болуп жаткан көйгөйлөрдөн башым ооруп… Жазсам, буулугуп-буулугуп жаза беремин, бирок токтотуум керек!..

Балдарга тарбия көрсөтүүдөгү тибеттик көз караш

Билесиздер, бизде бир гана балдар, аялдар кордолуп жаткан жок, зомбулукка дуушар болгон эркектерибиз да бар. Колу-буту бар, бирок  мунжу, башы бар – мээсиз, таш жүрөктүү майып адамдарды көбөйтүп албасак экен!.. Көкүрөгү руханий байлыкка толгон адам гана адамдай жашайт. Анткени, жүрөгү мээримге толгон адам тегерегинде ким болбосун сүйүү нурун чачат, баарына жакшылык тилейт, анын көздөрү жалаң гана жакшыны көрөт. Тагдырымда чийилген жол аркылуу жашап жатып, 3 жылдык өмүрүм жалгыз бой аялдар, зомбулукка дуушар болгон айымдар, тубаса майып бирок мүмкүнчүлүктөрү чексиз аялдар, өтө билимдүү, бирок жандүйнөсү майып аялдар менен баарлашып калабыз. Муңун айтышат, ыйлашат. Кээ бирине жакшы сөз дары болсо, кээ бири өзү жашаган оорчулуктан-азаптан улам тегеререгиндеги баарын жек көрөт, заар тилин баарына көрсөтөт. Аткени, анын бала чагында жашаган жаралары   топтолуп; жүрөктөгү жек көрүүсү дүйнөнү каргайт. Анан ошол ачуу тил менен эрге ээ, балага эне боло алабы?!.

Келиңиздер, ойгонолу, сөздү токтотолу, туура тарбияны өзүбүздөн, өз чөйрөбүздөн баштайлы! Кор болгон баланын жашын сүртөлү-сүйөлү, балалык доорун баладай жашоосу үчүн колубуздан келген сүйүүбүздү берели, мээрим төгөлү,  кордолгон келиндин муңун угалы. Ал бир личность, адам экендигин, өзүнө болгон урматын – өз сүйүүсүн түшүндүрөлү,  кордукка чөккөн  эркекти угалы, чарасына чара табууга аракеттенели,  уул-кызыма тарбия берүүдө кайсы жерде жаңылдым деп кайгыга чөккөн  ата-энеге жардам колун суналы, сыйлайлы, сүйөлү, боорукер бололу. Ооруп турган жандүйнөбүздү дарылайлы.

Ал, бул — агымдарсыз, өзүбүз чыгарып алган жосун-жоруктарсыз балдарыбызга туура тарбия берүүгө аракет жасайлы, тарбиялап жатам, сүйүп, коргоп жатамын деп ашыкча кетүүдөн абайлайлы, мекендештерим!..

Бери кара: Жөөт балдарынын жөндөмү эмнеге эрте ойгонот?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.