АҢГЕМЕ

«Домодедово аэропорту». Эл жыкжыйма. Кажы-кужуга толгон залдын бир бурчунда кара тору кыргыз келин эсин жоготконсуп, дендароо болуп отурат. Дагы он мүнөттөн соң Ош-Москва-Ош каттамындагы учакка каттоо башталарын эскерткен жагымдуу үн угулду. Келиндин жүрөгү эмнегедир түпөйүл, өңүндө бушаймандык көрүнөт. Көздөрүнөн жан дүйнөсүндөгү алаамат, ыза чагылат.

Жакын кишиси келип, «канттиң, чырагым» десе, бурр эте коё берчүдөй ыйлоого дапдаяр. Шериги – катуу, чатырдай матадан тигилген чоң баштык. Анысынын ичинде нелер гана жок. Ойлосо, бу чоң  баштык менен доштошконуна он беш  жылдын жүзү болуптур. Он беш жылга чейин майда-барат баштыкчалар менен гана дос экен. Өзүнүн болор-болсос оокаты, кийим-кечеси салынган сумкечелер.  Ушул чатырдай калың немеге эмнелер гана салынбады.  Буга окшогон баштыктардын канчасын алмаштырбады кара тору келин.

Биринчи ирет базардагы сумка саткан контейнерден тандап жүрүп эң бышык, эң көркөм тигилгенин тандап алган өзү. Жаңы үйлөнүп, жүрөктөрү арзууга, сүйүүгө толо эки жаш базарга келип, Тюменге кетүүнүн кем-каржын жасап кетишкенде 25 жаштагы солкулдаган келин эле.  Күйөөсү эки күндүн биринде токмоктогон, тили эки карыш кайын сиңдиси бежиреп гана туруп алган: «Ай жеңе-е, ушул катуу  сумкаңызды  мага бериңчи,  өлө жагып калды да. Сүйүн сумка деле  апербейт мага. Буюм апер десем эле, энең…. деп сөгөт. Ошону менен урушубуз башталат.  Уруштун аягы менин көзүмдүн көгөрүшү менен аяктайт».  Жок дейт беле. Же тамакка жетинбей, же кийимге жетинбеген,  төрт кызды катарынан чуурутуп төрөгөн кайын сиңдисин аяп берип койгон. Дагы бири күйөөсүндө кетти.

Өзү төрөгөн соң, зарыл буюмдарын алып апасынын үйүнө кетти кара тору келин. Жумуш жок. Кыш күнүндө эмне кылар айласын билбей, бир иштин башын эптеп тута албаган эр сөрөйүнүн керек оокаттарын ушул чатырдай чоң баштыкка  түйүп берген өзү. «Кайдасың, бир боор энем, Москва» деген бойдон эри да Орусияны көздөй иштеймин деген максатта сапар тартып кете берген.  Кыйратат дейсиңби. Иштеген өз мекенинде эле иштеп атат. Мунун эри Москвага барып  иштен иш тандап, «оор экен, айлык аз экен, режими туура келбеди» деп ар кайсы иштин башын бир кармап, биринин да өтөөсүнөн чыкпаган жалкоо. Дагы бир калың  чоң баштыгы  Москвада уурдалды.

Күйөөсү менен ажырашып кеткенден кийин бир башына эптеп жашап жүргөн. Он беш киши жашаган үч бөлмөлүү квартирада кимден көрөрүн билбей кала берген.  Аны издешкени жакыны да, күйөөрү да болбогондуктан керектүү буюмунун баарын уурдатып алган. Дагы  бир баштыгын апасына таштаган. «Уулуңдун буюм-теримин саламын, аябай катуу, бышык  экен. Чычкан да теше албайт,  таштап кете бер. Өзүң башкасын алып аласың», — деп  апасы алып калды бирин.  Дагы бир жоготкон баштыгы анча деле чоң эмес болчу. Баласынын кийимдери, астына салган жалаяктары, кичинекей одеялы бар эле.

Дээринен кайраттуу, эч нерседен тартынбаган  неме бир айлык наристени  бооруна басып, такси менен  Ошко барган. Апасы да тим койгон, билгениңди кыл деп.  Уулу төрөлгөндө эле манжалары толук ачылбасын көрүп, ортопедге апарам деп көңүлүнө түйүп койгон. Бир айлык бала менен таксиде жүрүү азабын али татып көрө электигинеби же өзүнө катуу ишенгенинеби – эч нерсени ойлобой келип алып, таксиде ошол сумкасын унутуп кете берген.

Жүдөгөндөн жүдөп, жардам берер күйөөсү же кайын эне, кайын атасы жанында эместигине ачуусу келип,  бир жагынан чырылдап бала ыйлап, көкүрөгүнө ыза ошондон толо баштаган.  Мына, азыр да  өзүн коштоп жүргөн ошол  ыза, ошол сумка шерик болуп Кыргызстанга баратат. Аны ойлондурган, түпөйүл кылган кабар  беш саат мурда келген. Бир тууган эжесинин ватсаптан жазганын окуп, дароо түшүнгөн да билет алууга шашылган. Жетишти баарына. Ишин тапшырып, буюмдарын чоң сумкасына шыкап, «Кош, Москва» деп, көкүрөктө ыза менен мекенди көздөй келе жатат.

Айыл таңы бүгүн суз. Таңкы тынчтыкты «Балам, оой, балам!!!» деген өкүрүк бузду. «Ашим почточунун оорукчан небереси  учуп кетиптир», «Кайсы баласынын уулу экен?» «Кызыл-Жарга тийген кызы бар эле, күйөөдөн ажырашкан. Ошонун майып баласы болбоптур, кечээ түнү эси ооп калып, шо бойдон өзүгө келбей өлүп калыптыр». Бул күбүр-шыбыр кептер кичинекей айылды заматта кыштын муздак жели менен кошо аралап кетти.

Кара тору келин түш оой атасынын үйүнө келди. Эжесинин жазган катынын төркүнүн туюп, бирок андай эместир деген ойго жетеленип келаткан. «Балаң реанимацияда. Тез жетип кел. Оорлошуп атат». Улам-улам ушул катты окуп коюп келди.

Үй алдындагы ызы-чуу, өкүрүктү угуп чыдап тура алабы. Бар күчү менен «Балам, балам кана-аа, балам!» деп боздоп кирип барды. Колундагы чоң баштыгын  тагасынын уулдары алып үйдүн бир бурчуна коюп коюшту. Баласы жатат. Он жашар балканактай уул. Каштары капкара, чийилген, мурду коңкойгон, кара торусунан келген бир жылдыздуу бала болуптур. Он жыл бакты баланы кара тору келиндин апасы. «Супсулуум, прокурорум, баатырым» деп эркелетет эле таенеси небересин.

Бала баспады, апа деп ооз ачпады. Билгени тамак жеш, астын булгаш болду. Майып болуп ааламга келди. Бирок аны эне кеч билди. Баланын оорукчан экенин сиңире албай жан дүйнөсү канча ооруду. Отузга таяганда тапкан,  зарлап көргөн уулунун акыл-эси да, дене бою да майып экенин билгенде дарылатууга бар күчүмдү жумшаймын деп чебелектеди.  Бирок колунан эч нерсе келбеди. Талма оорусу кармап калып, бала өзүнө келе албай одүйнө кете берди.  Бул дүйнөнүн ыракатын билбей кеткен бала күлүмсүрөгөн бойдон суналып жатат.

Атасы эки жолу келди. Бир ирет Бишкекте ооруканада жатканда  он айлык кезинде көрдү. Келин алимент төлөтөмүн деп сотко арыз жазганда экинчи ирет көрдү уулун. Мээр көздө дейт, баласына болгон мээримди күйөөсүнүн көзүнөн жолуктура албады.  Ошол бойдон кетип, башка турмуш куруп кетти күйөөсү.

Келиндин ушу кезге чейинки көкүрөгүн уялап, толуп-ташкан бугу, бар арманы зар какшаган үнүнөн дапдаана билинип турду. Ал өзүнүн аянычтуу тагдырына нааразы болуп жер чапчып, чачын жулмалап, ааламда бир гана өзү калгансып ыйлап жатты. Токтотууга, басууга мүмкүн эмес эле. Келин өз тагдырынын талкаланышынын күнөөкөрлөрүн ич-ичинен жектеп, уулунун өлүмүнүн себепчилерин каргап-шилеп атты.

Айланасында турган катындар колун бекем кармап алып, бири катуу урушуп, бири аяп, бири бооруна басты, жактырбай жини келгендер да болду. Ээги таңылган уулунун сөөгүнө жакын барып жиндидей бакыра берди.  «Мени кечир, балам, кечир мени уулум!!!! Сени бул ааламга дени-кардыңды соо кылып төрөй албадым. Сени акыл-эстүү кылып боюмда өстүрө албадым, балам. Он жыл оору менен алышып, азаптан башканы көрбөдүң, ошол күндөрүң  үчүн кечирчи, балаам. Бир жолу «апа» деп айттыра албаганым үчүн кечир. Сени дарылатууга кудуретим жетпегени үчүн алсыз апаңды кечир! Сага мээрим бере албай, акча табам деп тентип таштап кеткеним үчүн кечир. Сени майып деп таштап кеткен атаңды кечир, алимент төлөбөймүн деп апаң менен соттошуп, арзыбаган акчаны да бере албаган арсыз атаңды кечир! Оорукадана күнү-түнү, ай-жылдап жатканыңда, акча салгысы келбей  «акча жок» деп, сенден кутулуунун амалын таппаган,  тун небересин бир жолу бооруна баспаган чоң атаң менен өгөй чоң энеңди кечир!!! Балам ооой, балам!»

Тегеректеп турган катындар чыдап тура албады. Кимдир-бирөөлөр келиндин ачуу айкырыгына боору ооруп сыртка чыга качты. «Кой эми, өзүңдү карма, Салтанат» деп бир-экөө эки жагынан кармаган болду. Келин болбоду. Андан бешбетер жиндиче кыйкыра берди.  «Ботом ооой, ботом!»

Бир оокумда жин ургандай ордунан атып туруп, баягы чоң баштыгын көтөрүп кирип келди. Турган аялдар айран таң. Бул жинди болуп атабы деп селейишти. Баштыктын ичин ачып, ичиндеги бар буюмун төгүп салды. Жабалактап карап турган аялдарга жалооруп бир сыдыра тиктеди да:

— Баламды салып бергиле баштыкка, — дебеспи бейбак келин.

Жүрөктөрү шуу дей түштү беркилердин.

— Эмне дейт, катыгүн…

— Эсиңе келчи!

Үрөйү үрккөн катындар жакаларын уучтады.

— Жинди болбо, баланы тууган сен эле бекенсиң?!

Албууттанган келин өз оюн берер эмес, баласынын жасатына кол сунуп баратты. Жолун торогон катын-калачтарды чапчып ыргытты албууттана.

– Жан-тенимден жаралган баламдын сөөгүн не кылам, өзүм билем! – көзү кутурган эле иттикиндей көрүндү.

– Долуланба! Жетет, чектен ашпа, кызым… – чүкөдөй кемпирдин ушул бир ооз кеби албууттанган келинди заматта жоошутту.

Шалдая түштү келин. Башка аргасы не.

Бул жоругун өзү да эми түшүнгөнсүп, эч качан мындайга жол берилбесин чолок акылы менен аңдап жеткенсип, тизелей калып буркурап боздоп кирди. «Кантип баламды көргө кыям! Бу дүйнөнүн кыпындай жыргалын көрө албаган бойдон кете береби!!! О-оой, балам оой-о, балам!» деген ызалуу айкырык жарым саатка созулду.

Баланы жайына коюу зыйнатына эл көп келген жок. Тууган-урук, колу-кошуна гана болду. Кеч киргенче келиндин оюнан баласынан кечирим суроо кетпеди. Түн ооп, баары жатты. Келин болсо шылкылдап ыйлап жата берди. Өз кыялында дагы эле баласы менен сүйлөшүп жатты. Ал өз башынан кечирген күндөрүн, ашмалтайын чыгарып туш келди эстеп, күбүрөнүп ыйлай берди, уулунан кечирим сурай берди…

Анын жүрөгүндөгү ыза бөлмөдөгү суукту сездирбей, ич этин жалындатып  куйкалап атты.  Бурчта болсо өзүнүн чатырдай калың кездемеден тигилген чоң баштыгы томсоруп турат… Аны тиктеген азадар келин «көптүн тилине кирбей, ушул баштыкка баламдын жасатын жүктөнүп эле неге жер кезип кетпедим мен бетпак» деп отурду мелтейип…

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

2 Replies to “Конкурска: Баштык (№43)”

  1. Көңүлгө ынаган чыгарма болду бул дагы. Автору бир топ эле такшалып калгандай көрүнөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.