ЖАГЫМДУУ СӨЗДӨР

Эзелтеден элибиз
Жалыны күч сөзгө бай.
Жашап келет кылымдап
Сылык-сыпаа кеп далай.

Айта бил деп үйрөттүк
Балдар менен кыздарды:
«АССОЛОМУ АЛЕЙКУМ!»
Же, «САЛАМАТСЫЗДАРБЫ!»

Ылайыктуу бүгүн да
Ырасмини карманыш.
Илгери эле бар экен
Учурашуу: «АРБАҢЫЗ!»

Кээ таанышка таң эртең
Кезигишер кез келет.
Андай чакта, албетте:
«КАЙЫРЛУУ ТАҢ!» деш керек.

А эгерде жолуксаң
Жолдошуңа кечинде…
«КЕЧ ЖАРЫК!» деп айтарың
Дайым болсун эсиңде.

Элпектикке эмитен
Өзүңдү өзүң көңдүргүн.
Улууга орун бошотуп,
«ОТУРУҢУЗ!» дей билгин.

Январда, Ноорузда
Жаштыр, мейли карыдыр…
Бир-бирине кайрылат:
«КУТТУУ БОЛСУН ЖАҢЫ ЖЫЛ!»

Сезсең жылуу мамиле,
Ызаатыңды ырастап,
Учурунда айта бил:
«ЫРААЗЫМЫН!» «ЫРАКМАТ!»

Одоно ишин, акылдуу
Оңдогонго үлгүрөт.
«КЕЧИРИҢИЗ!» деген сөз
Сылыктыкты билдирет.

Качантадан келаткан
Касиеттүү салтыбыз.
Жарык маанай жакшы кеп:
«МААРЕК БОЛСУН АЙТЫҢЫЗ!»

Меймандостук туюлбайт
Конок камын жебесек.
Босогону аттаарда:
«КОШ КЕЛИҢИЗ!» дебесек.

Кээде сыпаа карыдан
Тартынчаактык байкалат.
Айтыш керек андайда:
«Төргө өтүңүз, МАРКАМАТ!»

Тилек жашайт: Бактылуу
Үй-бүлөлөр көп болсун!
Жубайларга айтылат:
«КУШ БООҢОР БЕК БОЛСУН!»

Наристеге арналган
«Жентек тойдо» ар убак
«БЕШИК БООСУ БЕК БОЛСУН!»
Деген бата жаңырат.

Жакшылыктан аяба
«Сүйүнчү» да, «Көрүндүк.»
«КУТТУКТАЙМЫН!» дегениң
Бул да кичи пейилдик.

Аш алдыга тартылса,
Кары болсун, жаш болсун…
Уккан сөзгө кубанат:
«ТАМАГЫҢЫЗ АШ БОЛСУН!»

Жаздыкка баш коёрдо
Бирибизге бирибиз
Айтканыбыз жагымдуу:
«БЕЙПИЛ БОЛСУН ТҮНҮҢҮЗ!»

Коштошордо керек сөз:
«САК-САЛАМАТ БОЛУҢУЗ!»
Кошумчала анан да:
«ШЫДЫР БОЛСУН ЖОЛУҢУЗ!»

Күндөй нурлуу бул сөздөр
Күлүп-жайнап айтылса…
Кандай сонун! Жүрөккө
Өчпөс таасир калтырса.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.