Корей эл жомогу: Мыйзамдуу жана мыйзамсыз балдар

Илгери корей элинде кандайдыр бир себептерден улам балдар мыйзамдуу жана мыйзамсыз деп бөлүнчү экен. Бирок кийин бул мыйзам жоюлуптур. Ал мындайча ишке ашыптыр: Бир министирдин мыйзамсыз баласы болгону менен мыйзамдуусу жок экен. Салт боюнча ал убагы келгенде өз уруусунан бир мыйзамдуу баланы мураскор кылып алышы керек болчу. Ошол учур келип министир өз инисинин мыйзамдуу уулун мураскор катары тандайт. Бул жөрөлгөгө карата атайын азем өткөрүлмөй болуп, конок катары императордун өзү чакырылат. Конок үйүнө өлкөнүн бүткүл ак сөөктөрү чогулганда, үй ээсинин он […]

Садхгуру: Ички дүйнөңдүн сырткы таасирлерден көзкарандылыгы

Эгерде бир нерсени өз эркиңиз менен жасасаңыз – бул бейиш. Бирөө зордоп жасаткан нерсе – тозоктун өзү. ♦ ♦ ♦ Бул жашоодо айланаңыздагы элге жаркын маанай жаратыңыз. Көзүңүз өткөндө сизди эстеп кайгырышкандай болсун. Эгерде тескерисинче болсо, анда бул жашоону туура эмес жашап өткөнүбүз ошо. ♦ ♦ ♦ Оору – бул табыгий нерсе; ал жакшы. Ал болбосо бутуң жулунуп калса да сезбейт болчусуң. Бирок кыйналуу – бул таптакыр башка иш.  Оорунун өзү эле жетмек – абалды оорлотуунун кажети бар беле? ♦ […]

Редьярд Киплинг: Йолдун кызынын атчысы

АҢГЕМЕ Эгерде эркек менен аялдын ортосунда макулдук болсо, казы эмне кылып алмак эле? (Мусулман макалы) Кээ бирөөлөр Индияда романтика жок дешет. Алар жаңылышат. Биздин жашообузга канча керек болсо, ошончолук романтика бар. Кээде андан да ашып кетет. Стрикленд полицияда кызмат кылчу, адамдар аны түшүнчү эмес, ошондуктан ага шектентүү менен карашып, андан өздөрүн оолак кармашчу. Ал полицей жергиликтүү эл өздөрүн кандай билсе, аны ошондой билгенге аракет кылыш деген башкалардыкына окшобогон теория менен жашачу. Бүткүл Түндүк Индияда өз каалоосу менен индус же мусулман, […]

Нурадил Рыспаев: Кузгундар

ПОЭМА Үӊкүр эмес, өз үйү, өргөсү бар, Үйдөй эмес, үӊкүрдөй бөлмөсү бар… Үч залкарды батырат жалгыз бөлмө, Үмүтү бар, жарыкта өлбөсү бар… Табигаттан алакан түрүп сурап… Тар бөлмөдө тажабас үмүт турат! Алты башка алакан арасынан Ай шооласы уурданып кирип турат… Карганын да зар болгон конушунан… Төрт кабаттын аз издүү чокусунан, Элеӊ-элеӊ жалт этет алты карек — Эшик черткен үн чыкса кокусунан. Чочуганы кабакты түйө карап, Кубанганы күнгө окшоп күлө карап… Күн бата элек экенин баамдаганда Күлмүӊдөшүп алты көз күйө калат. […]

Максим Горький: Жазгы күүлөр

(Фантазияланган аңгеме) Менин бөлмөмүн терезесинен аркы бакта турган акация жыгачынын сыйда бутактарында таранчылар аркы-терки секирип, кужу-кужу сүйлөшүп жатышат; коңшулаш үйдүн төбөсүндөгү аттын сүрөтүндө отурган кадырдуу карга таранчылардын өз ара сүйлөшкөнүн угуп, керилип-чоюла башын улам ийкеп коёт. Күндүн шооласы сиңген жылуу аба менин бөлмөмө ар бир дабышты жеткирип турат,— мен мында булактын шашылып аккан шылдыр-шулдур үнүн да, бутактардын акырын шырп эткенин да үзбөй угуп, тереземдин сырткы кырындагы кептерлер эмне жөнүндө күкүлдөп жатканын жакшы түшүнөм; ошентип, менин ичиме аба менен кошо жаздын […]