Илгери корей элинде кандайдыр бир себептерден улам балдар мыйзамдуу жана мыйзамсыз деп бөлүнчү экен. Бирок кийин бул мыйзам жоюлуптур. Ал мындайча ишке ашыптыр:

Бир министирдин мыйзамсыз баласы болгону менен мыйзамдуусу жок экен. Салт боюнча ал убагы келгенде өз уруусунан бир мыйзамдуу баланы мураскор кылып алышы керек болчу. Ошол учур келип министир өз инисинин мыйзамдуу уулун мураскор катары тандайт. Бул жөрөлгөгө карата атайын азем өткөрүлмөй болуп, конок катары императордун өзү чакырылат. Конок үйүнө өлкөнүн бүткүл ак сөөктөрү чогулганда, үй ээсинин он жашар мыйзамсыз уулу ортого өтүп, ар бир мейманга бирден учтуу шиш берип чыгат да, мындай деп кайрылат:

— Эгер атамдын уулу болбосом колуңардагы шиш менен мени көзгө сайгыла!

— Сен атаңдын уулусуң.

— Анда эмесе атам мураскор катары тандап жаткан бала атамдын уулу болсо мени көзгө сайгыла.

— Ал атаңдын уулу эмес, — деп эч ким баланы сайгысы келбейт.

— Эгер мен атамдын уулу болсом, бул атамдын уулу эмес болсо, анда эмнеге муну мураскор катары тандап, мени балалык укугумдан ажыратып жатасыңар?

— Мыйзам ушундай. Сен мыйзамсыз баласың, ошондуктан мураскор боло албайсың. Бул мыйзамды бузганга болбойт, — деп түшүндүрүшөт ак сөөктөр.

— А балким бул мыйзамыңардын өзү мыйзамсыздыр? – суроону кабыргасынан коёт бала.

— Болушу мүмкүн.

— Мыйзамдарды ким жазат?

— Адамдар.

— Силер адамсыңарбы? – жарга такайт бала.

— Адамбыз.

— Анда эмнеге өзүңөр жазган туура эмес мыйзамды оңдой албайсыңар?

Ак сөөктөр эмне деп жооп берерди билбей, император үн катат:

— Бул бала бизге караганда акылдуу экен. Эмне үчүн бул мыйзамдын адилетсиз экенин билсек да оңдобой жүргөнбүз? Мындан ары бул мыйзам жараксыз деп табылсын!

Ушундан кийин Кореяда балдар мыйзамдуу жана мыйзамсыз деп бөлүнбөй калышыптыр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.