(Фантазияланган аңгеме)

Менин бөлмөмүн терезесинен аркы бакта турган акация жыгачынын сыйда бутактарында таранчылар аркы-терки секирип, кужу-кужу сүйлөшүп жатышат; коңшулаш үйдүн төбөсүндөгү аттын сүрөтүндө отурган кадырдуу карга таранчылардын өз ара сүйлөшкөнүн угуп, керилип-чоюла башын улам ийкеп коёт. Күндүн шооласы сиңген жылуу аба менин бөлмөмө ар бир дабышты жеткирип турат,— мен мында булактын шашылып аккан шылдыр-шулдур үнүн да, бутактардын акырын шырп эткенин да үзбөй угуп, тереземдин сырткы кырындагы кептерлер эмне жөнүндө күкүлдөп жатканын жакшы түшүнөм; ошентип, менин ичиме аба менен кошо жаздын музыкасы куюлат.

— Чыйк-чыйык! — дейт кары таранчы, өзүнүн жолдошторуна карап. — Мына эми, жазга дагы жеттик… ыраспы? Чыйк-чыйык!

— Ыра-ас, ыра-ас! — деп карга кериле мойнун созуп жооп берет.

Мен бул салабаттуу куштун жөнү-жайын жакшы билем: дабышты дайым кыска жана жалаң ырастаган мааниде чыгарат. Өзү башынан макоо жаралып, анын үстүнө каргалардын көбү катары коркуп да калган. Бирок бул жалпы коомдун ичинде эң сонун абалда болуп, кыш келген сайын байкуш таандар менен картаң көгүчкөндөр үчүн кандайдыр «кайыр-садаганы» үзбөй уюштурат.

Мен таранчынын жөнүн да билем: мунун сырт кебетеси алаңгазар, ал турган көңүлчөк көрүнсө да, чындыгында аздыр-көптүр акылы бар. Карганы изат кылган немече жанында аркы-терки секирип турганы менен анын баркы канчалык экенин өз ичинде жакшы болжоп, карга жөнүндөгү кызык окуядан эки-үчтү айтып бериштен да эч качан качпайт.

А терезенин сырткы кырында сылаңкороз жаш көгүчкөн уялчак ургаачы көгүчкөндү кепке көндүрүш үчүн кызый сүйлөп:

— Эгер сен мени жактырбай койсоң, жалаң чүнчүүдөн өлөм, чүнчүп өлөм, — деп жатат.

— Силер билесиңерби, мырзалар: боз чымчыктар келип калыптыр! — дейт таранчы.

— Ыра-ас! — дейт карга.

— Алар келер замат чуру-чуу, бырпырап учуу, шыкылыктап сайроо көбөйдү. Таптакыр тынчы жок куштар… Сары короолу кошо келиптир… эзелтен берки адатынча дагы эле хе-хе-хе! Кече күнү мен алардын бирин тамаша кыла: «Тигил жактан учуп чыктыңарбы, садагасы?» — деп сурадым. Ал абдан орой жооп берди. Сүйлөшүп турганы ким экенин, чинин, наамын, коом ортосунда ээлеген ордун урматтаганды булар такыр билбейт… Мен алтынчы даражадагы чини бар таранчы…

Бирок жаш карга чатырдагы морду айлана учуп жетип, акырын сүйлөп рапорт берди:

— Өзүмдүн милдетим боюнча абаны, сууну жана жер астын жай кылган макулуктардын сөзүн жакшылап угуп, жана алардын жүрүш-турушун түпөтүз байкап, акыры сизге берер кабарым бул: мындагы боз чымчыктар жаз жөнүндө шыкылыктап, жаратылыш жакында өзгөрөт деген үмүттө турат имиш.

Таранчы кабарчыга улам кылчактап, дагы чыйк-чыйык! — деди. А берки чоң карганын өзү жакшы нээтте башын чайкап гана тим болду.

— Жаз бир эмес, нечен келген, — деди кары таранчы. — Ал эми жаратылыштын бүт өзгөрүшү — бул, албетте… эгер муну башкарган күчтүн уруксаты боюнча ошентсе… абдан жакшы…

— Ырас! — деди карга, сүйлөп жаткан таранчыга жакшы көңүлдө карап.

— Жогоруда айтып өткөн маалыматка дагы кошорум бул, — деди жаш карга,— жанакы боз чымчыктар суу ичип жүргөн булакты ылай экен деп нааразы болуп, ал турсун кай бири эркиндик жөнүндө эңсешке да батынат имиш…

— Ах, алар ар дайым ошондой! — деди кары таранчы. — Бирок жалаң жаштыктын айынан ошентишет, анын эч кандай коркунучу жок. Мен да жаш кезимде ошону эңсеп…

— Эмнени?

— Ко… ко-ко-кон…

— Конституцияныбы?

— Ооба, эңсегеним ошол болду! Жалгыз ошол! Албетте аша чапкан жокмун… Бирок кийин аным биротоло калып, ордуна бөлөгү башталды — «ал» ырас эле жүзөгө аша турган эңсөө… хе-хе-хе! Анын үстүнө, эгер билсеңер, таранчы үчүн, балким, ошол жакшырак жана зарыл да чыгар… хе-хе…

— Э-хм! — деп тамагын мыктап кырган үн угулду. Чыныгы статский кеңешчи короолу талдын бутагына конуп, мындагы куштар менен эпилдеп амандашкандан кийин сөз баштады:

— Э, силер байкадыңарбы, төрөлөр: абада жаңы нерсе жыттанып жатат э…

— Ал жаздын жыты, урматтуу таксыр,— деди таранчы. Карга башын муңайыңкы кыйшайтып, койдун маарашына окшогон дабышта каркылдап:

— Расс! — деди.

— О-оба… Укум-тукумунан бери кадырлуу келаткан үкү да мага кече күнү карта ойноп отурган жерде: «Кандайдыр жаңы жыт бар э…» — деди. «Аны байкайбыз, жыттайбыз, — анан биле жатабыз» деп мен айттым. Жүйөлүү жооппу, я?

— Жүйөлүү эмей, урмат… таксыр! Абдан жүйөлүү!— деди кары таранчы, эң эле сылык сүйлөп.— Качан да болсо күтүш керек, урмат… таксыр… Залкар куштар дайым күтөт…

Асмандан учуп конгон торгой бактын арасындагы ала-кар жерде аркы-терки жүгүрүп, өзүнчө кужулдап жүрдү:

— Таң назик жылмая асмандагы түнкү жылдыздын бардыгын өчүрөт, түн кубарат, түн калтырайт, акыры күндөн эриген муздай болуп, түндүн каптаган оор караңгысы эрип жоголот. Күндү тосуп, эртең мененки мезгилди тосуп, жарык жана эркиндикти тосуп, зор үмүттө турган жүрөк жыргалга сонун батып, эң эле эркин дем алат эмеспи!

— Бул кайсы канаттуу? — деди короолу, көзүн жүлжүйтүп.

— Торгой, урм… таксыр! — деп мордун арка жагындагы жаш карга сурдана жооп берди.

— Акын, урм… таксыр! — деген сөздү таранчы кошту.

Короолу акынга кыйгач карады:

— Ымм… бопбоз болгон кейпин кара… анык мыттайым окшойт! Бул азыр күн менен эркиндикти козгоп өттү бейм? Ушундайбы?

— Так ушундай, урматтуу таксыр! — деди карга.— Жаш балапандардын жүрөгүнө жөнү жок үмүттү салып жүрөт, урмат… таксыр.

— Уят жана… макоолук иш!

— Анык адилет сөз, урматтуу таксыр,— деди кары таранчы, чын макоолук! Эркиндик — эмнедир дайынсыз, мындайча айтканда, колго түшпөс нерсе эмеспи, урмат… таксыр.

— Бирок, эгер мен жаңылбасам, так ошол эркиндикке үндөгөндүн бири сиз окшодуңуз эле?

— Ыра-ас! деп карга карк этти.

Таранчы бир катар уялып калды:

— Бир жолу ырас эле үндөгөн элем, урм… таксыр… бирок айыбымды азайтар себеп да бар…

— Кандай себеп?

— Тамактан кийин, урм… таксыр! Тагырак айтканда, винонун таасири астында… аз-аз ошентип койдум, таксыр!

— Кантип?

— «Жашасын эркиндик» деп акырын айтып, анан ошол эле замат: «законго жараша жашасын» деген сөздү катуурак коштум:

Боз чымчык каргага карады.

— Чын айтты, таксыр,— деп карга жооп кайтарды.

— Мен кары таранчы болгондуктан эркиндик маселесине чындап мамиле кылышка өзүмө эрк бербейм, таксыр; анткени бул маселе мен кызмат кылган мекеменин иш тизмесинде таптакыр жок.

— Рас! — деп дагы каркылдады карга.

Бул кайсыны да болсо ырастай берет эмеспи.

Ал эми көчөнү бойлоп аккан булактар өздөрү бат эле барып кошула турган дарыя жөнүндө акырын ырдап, муну айтышат:

— Ылдам жана кең жайылган толкундар бизди кошуп алып, кучагына кыскан бойдон деңизге жеткирет, анан балким, күндүн ысык нуру бизди кайра асманга көтөрөт, андан кийин түнкүсүн салкын шүүдүрүм, майда кар же калың жаандуу жерге дагы түшөбүз.

Күн, жаздын эң жакшы жана жароокер күнү ачык асманда өтө сүйгөндүк, чыгармачыл жалындуу ынтаа менен укмуштай сонун күлүмсүрөйт.

Бактын бурчундагы эски талдын бутактарында боз чымчыктар топтошуп отурат, алардын бири Бороон кабарчысы жөнүндө кайдандыр уккан ырын өз жолдошторуна кызый ырдап жатат.

Которгон К.Эшманбетов

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.