ПОЭМА

Үӊкүр эмес, өз үйү, өргөсү бар,
Үйдөй эмес, үӊкүрдөй бөлмөсү бар…
Үч залкарды батырат жалгыз бөлмө,
Үмүтү бар, жарыкта өлбөсү бар…

Табигаттан алакан түрүп сурап…
Тар бөлмөдө тажабас үмүт турат!
Алты башка алакан арасынан
Ай шооласы уурданып кирип турат…

Карганын да зар болгон конушунан…
Төрт кабаттын аз издүү чокусунан,
Элеӊ-элеӊ жалт этет алты карек —
Эшик черткен үн чыкса кокусунан.

Чочуганы кабакты түйө карап,
Кубанганы күнгө окшоп күлө карап…
Күн бата элек экенин баамдаганда
Күлмүӊдөшүп алты көз күйө калат.

Күндүз келген адамдан үмүттөнүп,
Түндө келсе түйшөлүп, күйүттөнүп…
Көк эшикти көптө ачат… Үчөө бирдей,
Жүрөк такап эшикти сүйүп көрүп.

Таасын чыгаан залкарлар бүлөсүнүн,
Талантына таӊ берген күбөсүмүн…
Жазган ыры чучугуӊ жарып өтчү,
Калем сабы койкоӊдойт бирөөсүнүн…

Канат калем каната жүрөк тилип,
Тамчы канды муздатпай  билек түрүп…
Акын ыры кагазга тамаар замат
Тартып турат бирөөсү сүрөт кылып…

Он сегизге жете элек жалын жашы,
Опкоолжутаар жүрөктү жалындашы…
Торгой үнүн басат ко… Ал ырларга
Обон кошуп ырдаса карындашы…

“Келгин куштар” байма-бай… Күн батканы
Кээси кызга келишет ырдатканы.
Келет сүрөт тарттырып, ыр окушуп,
Көр сүйүүнүн жарасын ырбатканы.

Обончу кыз чыгарып үнүн аяр,
Обон созот жок дебей күлүп аяр…
Үнү даяр ырдоого боз торгойдун
Келгин куштун торгойго “гүлү” даяр…

Эки агасы жактырбай келгиндерди…
Ээн баштарбы? Жакшы ойдо келгендерби?
Эшик ачпай коюуга бирок шарт жок…
Эстеп кечээ түн бою көргөндөрдү…

Алаканды калп эле каккылашып,
Агаларын далыга чапкылашып…
“Карындаштын ыры үчүн, келгиле!” деп
Ката келген арактан “аткылашып”…

Сүрөп “куштун” карасы, агы дагы,
“Созуп койчу ырыңан дагы-дагы”…
Ала-күүгө келгени ырсалаңдайт:
“Азаматсың, жарайсың, бали-бали”.

Бөтөлкөнүн түбүнө бөлө түшүп,
Түгөнгөндө башкага жөнөтүшүп…
Коркуп турган “байкуштар” кызыганда
Чочуганын унутуп, көнө түшүп.

Алгач акын опкоолжуп турат мастан,
Анан баштайт ыр төгүп курап дастан…
Созолонгон обончу карындашы
Созо баштайт куштарды суратпастан.

Түн бир оокум… Качкансып уйку дагы…
Келгин куштун амалкөй курчураагы:
“Барбы арагыӊ? Мас болбой жатат досум,
Байкелерге толтура куйчу дагы”.

Ыр түгөнөт, келгенсийт уйку маалы,
Ыр жаӊырган тар бөлмө тунжурады…
Капилеттен жаӊыртат тар бөлмөнү
Карындаштан сөз чыгып: “Куйчу дагы”!

Караӊгыны каткырык жарык кылып,
Караӊ жандын кулагын жарып чыгып…
Төрт дубалдан башкасы баары тең мас,
Жаӊы гана келгенсип жарыкчылык.

Бөтөлкөлөр үйүлүп додо болуп,
Эки агасы өөдө ылдый томолонуп…
“Соолбос сууга” киринген ырчы сулуу
Созуп турат торгойчо созолонуп…

Тешилгенче кулагы… Угуп ырын,
Түртүп алып ырчынын чыгырыгын…
Бирөө кетет сулуунун кулагына,
Оозун такап агызып шыбыр үнүн…

Бөлүп турат бир эшик улаганы,
Бөгүп турган ал эргул улам аны…
Төрт дөӊгөлөк астекин жылган сайын
Узап барат ырчы кыз улам ары…

Төркү үй жакты кылчайып карабастан,
Төркү үйдөгү мастарды санабастан…
Жылып кетет ырдаган бойдон ырчы
Түртпө деген “бир сөзгө” жарабастан…

Келгиндердин суугунан ысыгы көп,
Маӊдайыма жазылган кушу го деп…
Кете берет ким түртсө чыгырыкты
Бул жашоонун жыргалы ушу го деп…

*       *       *

…Канатына калкалап калары жок,
Ата-энеден ажырап…. Багары жок!
Үч майыпты төрт дубал курчап турат,
Үмүт үзгүр жашоодон кабары жок.

Жаман эмне, жакшы эмне? Сабагы жок,
Билимдүүсүн  билгизген “барагы” жок…
Сүрөт тарткан, ыр жазган, обон созгон…
Андан башка жашоодо жарагы жок.

Таттуу көрсө талашып желкелешип,
Там-туң, бири-бирине эркелешип.
Майып болуп туулганы аз келгенсип,
Ата-энеден ажырап эртелешип.

Жаза басып жашоого келгени бир,
Жаӊырбаган, жуулбаган. Көйнөгү кир…
Жеӊил болсун заарасы дешсе керек,
Кабат үйдөн беришкен бөлмөнү бир.

Кезек сурап, аярлуу кыӊыр үнү,
Минип алса көӊүлдүү чыгып ыры…
Үч майыптын “менчик” төрт дөӊгөлөктүү
Үлүлгө окшош бар жалгыз чыгырыгы…

Канатындай карт тооктун тыбыраган,
Ал чыгырык кыйчылдап, кыбыраган…
Аны минсе кайкалай калат байкуш,
Бараткансып чоӊ жолдо зымыраган.

Атасынан алгансып жорго сурап,
Чыгырыкчан кыялдуу жолго чыгат.
Бою менен теӊ келген жолду кезип,
Босогонун оозуна зорго чыгат.

Чокусунда шатынын туруп алып,
“Ким түшүрөт” деп моюн буруп алып…
Төрт кабаттын башында турат көпкө
Көп убакта үмүттөр куру калып.

Боору назик адам көп болсо кана,
Оӊой эле түшүрө койсо кана!
Ошол түйшүк артынан не келерин
Ошолор бир түшүнө койсо кана!

Түшүп алып суктанып куттууларга,
Түгөл сандуу, кол-буту жуптууларга…
Түбүӊ түшкүр… Айласыз суранат ко,
Түртүп кой деп жалбарып буттууларга.

Түшүп алып кыялдын кемесине,
Түшүү жеӊил сезимдин сересине…
Төрт кабаттан шар эле түшүү кыял…
Жөргөмүштүн жармашып желесине!

Чегип алып кош канат денесине,
Жетүү жеӊил кыялдын белесине…
Жатагына кечинде жетүү кыял…
Жаа атылса жармашып жебесине!

Колкоо кылып кээ бири жеткиргенин,
Кээси сүйрөп чыгырык тептиргенин…
Туулбай калгыр келгин куш туураланып,
Турат сурап ырчы кыз өптүргөнүн.

Жаӊы гана сезгенсип жетилгенин,
Жыргал сезип ырчынын өптүргөнүн…
Куйрук кыпчып, эл көрүп калбасын деп,
Куштар турат самашып кеч киргенин…

Өйдө төмөн куштардын чуусу менен,
Өзөк үзгүр! Өрттөнбөс суусу менен…
Соо жанда жок таланттар соолукпастан
Соолуп барат куштардын уусу менен.

“Дем бербейби мүчөнү ченегиче”,
Дегиӊ келет тагдырга эрегише…
Кемип барат андан да ого бетер,
Кемтик болуп жаралган дене, мүчө…

Жылуулугу бар бир аз муздун дедим,
Таттуулугун тил билет туздун дедим!
Келгиндерди кечинде конуп жорткон
Келбейт менин куш эмес кузгун дегим…

06-12.06.2017

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.